| I Уюштуруу: Класстын сабакка даярдыгын текшерүү.Иш орунун уюштуруу. II Жаңы тема: Кайталоо (тест) 1.Эмнелерди жазуу булактары деп аташат? а) Башкаруучулардын көрсөтмөлөрү, буйруктар,бардык иш-кагаздар,каттар б) Эмгек куралдар, тиричилик буюмдар,кийим,куралдар в) Уламыштар,оозеки түрүндө берилген жомоктор г) Каттар,уламыштар,ар кандай иш-кагаздар,тиричилик буюмдар 2. Мүчөл деген эмне? А) Кишинин өң келбетин билүү Б) Кишинин жашын эсептөө В) Кишинин ден соолугун кароо 3.Мүчөл канча жылда бир кайталанат А) 13 Б) 12 В) 15 4. Фольклор кайсы тилден алынган? А) анг. Тилинен “акылмандуулук” Б) немец тилинен “дастан” В) грек “изилдөө” 5. “Оп майда ыры кайсы учурда ырдалган? А) короо кайтарганда Б) жылкы кайтарган учрда В) дыйкандардын эгин бастырган ачурда 6. “Бекбекей” аттуу ыр кандай убакта ырдалган? А) түнкүсүн кой короосун кузөткөн кыз-келиндер ырдашкан Б) жылкы кайтарган жигиттер ырдашкан В) эгин бастырганда дыйкандар ырдашкан 7. Манасчыларды белгилегиле А) С.Каралаев, Ч. Валиханов, Чоюке Б) Тыныбек, С.Чокморов, Чоңбаш, Келдибек В) Келдибек, Балык, С.Орозбак уулу, С.Каралаев 8.Эпос-кайсы тилден которгондо “Соз баян дегенди билдирет А) англис Б) грек В) немец 9. Дидактикалык чыгармаларга кайсылар кирет? А) кошок, акыйнек, терме ырлары Б) миф, легенда, эпос, жомок В) макал-лакаптар, табышмактар, терме ырлар Бышыктоо: Силерге кайсы суроо оор болду? Билимдерин баалоо Yйгө тапшырма берүү |