СДЕЛАЙТЕ СВОИ УРОКИ ЕЩЁ ЭФФЕКТИВНЕЕ, А ЖИЗНЬ СВОБОДНЕЕ

Благодаря готовым учебным материалам для работы в классе и дистанционно

Скидки до 50 % на комплекты
только до

Готовые ключевые этапы урока всегда будут у вас под рукой

Организационный момент

Проверка знаний

Объяснение материала

Закрепление изученного

Итоги урока

PhpKT4jNJ_Sabak1.docx

Нажмите, чтобы узнать подробности

Тамсилдер. Алкы жаман карышкыр.

Просмотр содержимого документа
«PhpKT4jNJ_Sabak1.docx»

Сабак:_________________________ Мөөнөтү:__________ Классы:________

Жаңы тема: Алкы жаман карышкыр

Сабактын максаттары:

Сабактын көрсөткүчтөрүү:

1 Билим берүүчүлүк: аудиоуктуруу аркылуу тамсилдинмазмуну аркылуу таанышышат. НК-1, ПК-1.

2 Өнүктүрүүчүлүк: балдардын өз алдынчажөндөмдүулүгүн арттыруу. НК-3, Пк-3.

3 Тарбия берүүчүлүк: топтордо иштөөдө тартипти сактоо, бири- бирин сыйлоого көнүгүшөт.НК-3, ПК-3.

  1. Окуучулар чыгарманын мазмуну менен аудиоуктуруу аркылуу таанышышса.

  2. Окуучулар угуп түшүнгөнүн айтып бере алышса.

  3. Топтордо иштөөдө тартипти сакташса, бири- бирин сыйлашса.

Күтүлүүчүү натыйжалар:

1)6.1.1.2.Чыгарманын идеясын сюжеттин логикасынан табат.

2)6.2.1.13. Каармандын мүнөзүн ачып берүүдө портреттин, тилдин, пейзаждын ролун аныктайт.

3)6.3.3.26. Түйүндүү эпизоддорду сахналаштырышат.

Сабактын тиби: Жаңы билим өздөштүрүү сабагы.

Сабактын формасы: Мелдеш сабак.

Сабактын усулу(ыкма): интерактивдүү сабак.

Сабактын жабдылышы: окуу китеби, интерактивдүү доска же ноутбук, батмандар, маркер, таза барактар.

Башка предметтер менен болгон байланышы: кыргыз тили, геометрия, адеп, сүрөт.

Окуучуга сунушталуучу интернет булактарынын даректери( сайттар):

Bizdinkg Media(ютуб), Телеканал Баластан (ютуб), Айданек(ютуб) ruheh./kg

Ospurum tamsil.

Сабактын жүрүшүү:

Мугалимдин ишмердиги:

Окуучулардын ишмердиги

Баалоо критерийлери


1-этап. Уюштуруу.



1.

- Саламатсыңарбы, балдар?

-Бүгүн биз аябай кызыктуу тамсил менен таанышабыз. Анда сабакка даярбызбы?

- Саламатсызбы?

- Ооба, даярбыз.

Окуу китеби, окуу куралдары даяр болсо, “1” упай берилет.

2.

- “Сабак чыгарма эмне берет? Деген суроо пайда болуп жатабы?

- Анда сабактын максатына көз жүгүртөбүз.

- Келгиле, эми баалоо критерийлери менен таанышабыз.

- Ооба.(Балдар доскага илинген батманга жазылган сабактын максаттарын жана баалоо критерийлерин окуп чыгышат.)

Тартипти сакташса, кунт коюп укса,”1” упай

3.

-Эми “чучук”, “улак”, “карчыга”, “эчки”, “бээ” деген сөздөрдү айтуу менен топторго бөлүнөбүз.

“Чучуктар”өзүнчө,

“улактар” өзүнчө, “карчыгалар”өзүнчө, “эчкилер” өзүнчө, “бээлер”өзүнчө топтолушат.

Тартипти сакташса, “1” упай


2- этап. Жаңы тема менен таанышуу



1.

-Анда, келгиле, тамсил менен таанышабыз. Аны үчүн бизге компьютер, интернет жардамга келет. (аудиоуктурууну коюп берем). Баарыбыз окуу китебин жаап коёбуз.НК-1, Пк- 1.

Окуучулар окуу китептерин жаап, аудиоуктурууну кунт коюп угушат.

Тартипти сакташса, кунт коюп укса, “1” упай

2.

- Рахмат, балдар. Түшүндүкпү тамсилди. Эми китебиңерди ачсаңар болот. Тема эмне экен? (Теманы доскага жазам.)

(Окуу китебин ачышат.)

-“Алкы жаман карышкыр” (Жуушчу дептерге жазышат)

Жумушчу дептерге таза, тыкан жазышса, “1” упай

3.

-Тамсилди түшүнгөн болсок, азыр мазмунун ролдоштуруп айтабыз.Мен карышкыр, силер болсо тобуңардын аталышы кандай болсо, ошонун ролун аткарасыңар. Мен силерге убакыт берем. Китептен өз каарманыңардын сөзүн окуп, жаттап алганга аракет жасагыла.(1 мүнөт убакыт берем.) НК-2, ПК-1

Ар бир топ китептен өз каарманынын сөзүн окушат.



Ар бир топтон бирден окуучу туруп, өз каарманынын ролун аткарат.

Тартипти сактаса, китепти окушса, “1” упай.

Топтон ролдоштурууга катышкан өкүл каармандын образын ача алса, “3” упай, китеп сөзү менен айтып берсе,”2” упай, китептен окуп берсе,”1” упайе


3- этап. Түшүнүксүз сөздөр менен иштөө



1.

- Тамсил эми толугу менен түшүнүктүү болду деп ойлойм.Тексттин ичинен кайсы сөз силерге түшүнүксүз болуп жатат?( Окуучуларга түшүнүксүз сөздөрдүн маанисин түшүндүрөм).НК-3, ПК-2

-“Алкы жаман “көк жашык”, “желе –жорто”, “карыныңа как, жумуруңа жук болбойм”. (Түшүнүксүз сөздөрдү жумушчу дептерге жазышат.)

Дептерге топ мүчөлөрү баары жазышса, “2” упай, баары жазбаса “1” упай


4- этап. Тамсилге адабий талдоо жүргүзүү.



1.

- Азыр силер менен “Кубик” усулу аркылуу тамсилге дагы да сүңгүп киребиз. Кубиктин ар бир грандарында бирден суроо бар. Силер ошол суроолорго топ менен биргеликте жооп издешиңер керек.(Ар бир топко бирден кубик берем.) Жообуңарды мына бул барактарга жазасыңар. (Ар бир топко бирден барак таркатылат.) НК-1, ПК-1,Пк-2

Кубиктеги суроолор:

1.“ Карышкыр” деген темада а)өз тилиң менен б) китеп тили менен в) сүрөттүү кластер түзгүлө.

2. Каарманынды китептин тили менен сыпатта,мүнөздөмө бер.

3.)Карышкыр эмне үчүн бээнин таманына кат жазууга макул болду?

4. Тамсил жактыбы? Эмне үчүн?

5.Карышкырдын ордунда болгонуңда эмне кылмаксың?

6. Турмушта карышкыр сыяктуу ач көз адамдар кездешеби?

Кубик боорлорунда жазылган суроолорду топ ичинде талкуулашып, жоопторду баракка жазышат.

Топто бири- бирин сыйлап, ынтымактуу, активдүү катышса, “3” упай, топ мүчөлөрүн жарымы катышса,”2” упай, топ мүчөлөрүнөн бир экөө гана катышса, “1” упай.

2.

- Ар бир топ өздөрүнүн жазгандарын презентациялап бергиле.

Ар бир топ доскага чыгып, жазгандарын презентациялап беришет.

Ар бир туура жообуна бирден упай берилет


5- этап. Сабакты жыйынтыктоо.



1.

- Балдар, сабактын силергеэң таасир калтырган учуру?

Өз ойлорун айтышат.

Топтун канча мүчөсү жооп берсе, ошончо упай

2.

- Рахмат. Мен силерге эмне айтмакмын. Жашоодо карышкырдай ач көз, каниетсиз болбогула, кандай гана жагдай болбосун, карчыга, чучук, улак, кара эчки, чоң боз бээге окшоп акыл менен, токтоолук менен чыгууну үйрөнгүлө.




6-этап. Баалоо.



1.

- Балдар, ар бир топ топтогон упайларын эсептеп чыксын.

Топтор өздөрүнүн топтогон упайларын эсептеп чыгышат.


2.

23-19 упай алган топко”5”

19-16 упай алган топко “4”

16 упайдан томөн упай алган топко “3” деген баа коюлат.

Алган бааларын күндөлүктөрүнө койдурушат.



7- этап. Үй тапшырмасы:




1.3Ач көздүк, каниетсиздик жөнүндөгү макал-лакап тартып келүү.

2. Карышкыр менен өз каарманыңдын сүрөтүн тартыпкел( карышкыр менен карчыга, карышкыр менен карчыга, карышкыр менен эчки, карышкыр менен бир кулач чучук, карышкыр менен ак боз бээ, карышкыр менен ак улак.)

Тапшырманы жумушчудептерлери-не жазып алышат




Скачать

Рекомендуем курсы ПК и ППК для учителей

Вебинар для учителей

Свидетельство об участии БЕСПЛАТНО!