СДЕЛАЙТЕ СВОИ УРОКИ ЕЩЁ ЭФФЕКТИВНЕЕ, А ЖИЗНЬ СВОБОДНЕЕ

Благодаря готовым учебным материалам для работы в классе и дистанционно

Скидки до 50 % на комплекты
только до

Готовые ключевые этапы урока всегда будут у вас под рукой

Организационный момент

Проверка знаний

Объяснение материала

Закрепление изученного

Итоги урока

PhplR9e8Q_2019-ZHyl-mugalimi-ZHobo-1.doc

Категория: Внеурочка

Нажмите, чтобы узнать подробности

Просмотр содержимого документа
«PhplR9e8Q_2019-ZHyl-mugalimi-ZHobo-1.doc»



«2019-жылдын мугалими» кароо-сынагынын

ЖОБОСУ


Райондук «2019-жылдын мугалими» кароо-сынагы Баткен райондук билим берүү бөлүмү жана Билим берүү кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин Баткен райондук комитети тарабынан өткөрүлөт.


I. СЫНАКТЫН МАКСАТЫ:


    • Алдынкы тажрыйбаны жайылтуу

    • Мугалимдин ишмердүүлүгүн баалоо

    • Мыкты педагогикалык ойлорду, идеяларды, табуу жана жайылтуу

    • Мугалимдин усулдук чеберчилигин далилдөө

    • Жылдын мыкты мугалимин аныктоо

    • Мугалимдерде активдүү педагогикалык позицияны калыптандыруу

    • Мугалимдик иштин баалуулугун даназалоо.



II. СЫНАКТЫ УЮШТУРУУ:


Сынак мектептик, аймактык жана райондук денгээлде өткөрүлөт. Сынактын мектептик туру 2019-жылдын 1-мартына, аймактык туру 2019-жылдын 15-мартына чейин өткөрүлүп бүтүп, ар бир аймактын бирден женүүчүсү райондук сынакка катышууга укук алат. Алардын документтерин мектеп жетекчилери 2019-жылдын 15-апрелине чейин райондук билим берүү бөлүмүнө тапшырышат.

Сынактын катышуучусу атайын педагогикалык орто же жогорку билимге, 3 жылдан кем эмес педагогикалык иш стажына жана өз адистиги боюнча квалификациялык категорияга ээ болуусу зарыл.



III. ТАЛАПКЕРЛЕРДИ КӨРСӨТҮҮ ТАРТИБИ:


Сынактын райондук этабына аймактык сынактардын женүүчүлөрү (I орун) катышышат.

Райондук сынакка катышуу үчүн талапкерлер уюштуруу комитетине төмөндөгү иш кагаздарын тапшырышат:

    • аймактык калыстар тобунун чечими жана сынакка катышууга макулдук берген резюме

    • 2 даана 9х12 өлчөмүндөгү сүрөт;

    • талапкерлердин ишмердүүлүгү жөнүндө ата-энелердин, мектептин педагогикалык кеңешинин, кесиптик бирлик уюмунун мүчөлүрүнүн пикири;

    • иш тажрыйбасынан кыскача баяндама (компьютерде басылган 2-3 беттик аннотацияны мектептин усулдук кенеши жана мектеп жетекчилери даярдашат);

    • райондук, шаардык, облустук газеталарга жана башка мезгилдүү маалымат каражаттарына басылган эмгектери (иш тажрыйбалары, усулдук сунуштар, доклад, илимий эмгек ж.б.);

    • «Мен-компетенттүү мугалиммин!» деген темада эссе (эссе үч барактан ашпаган жана өз оюн ачык билдирүүсү керек);

    • мугалимдин тандап алган проблемасынын алкагындагы портфолиосу;

    • бир сабактын жана бир класстан тышкаркы иштеринин иштелмеси.












IV. СЫНАКТЫ ӨТКӨРҮҮ:


Райондук сынак 2019-жылдын апрель айында II этап менен өткөрүлөт. (Кароо-сынактын зоналдык жана райондук турларында класстар, сабактар мугалимдин каалоосу менен тандалат.)


I этап

1. Чыгармачыл сабак (ачык сабак) - 45 мүнөт

2. Педагогика-психология жана предмет боюнча Тест сыноосу - 20 мүнөт

3. Эссе - 45 мүнөт

4. ИКТ менен иштөө жөндөмдүүлүгү - 10 мүнөт

5. Иш кагаздар менен иштөө жөндөмдүүлүгү - 15 мүнөт



II этап


1. Портфолиону баалоо - 10 мүнөт

2. Өзүн-өзү тааныштыруу - 7 мүнөт

3. Жеке кызыгуусу (Хобби) - 5 мүнөт

4. Педагогикалык кырдаал - 5 мүнөт

V. СЫНАКТЫ БААЛОО КРИТЕРИЙЛЕРИ

Ар бир турдун сыноолорун баалоо критерийлери уюштуруу комитети тарабынан иштелип чыгылат. Уюштуруу комитети сынак болуп жаткан учурда калыстар тобунун санын жана курамын аныктайт.


VI. ЖЕҢҮҮЧҮЛӨРДҮ АНЫКТОО ЖАНА СЫЙЛОО


Финалда эң көп упай топтоп, биринчи орунду ээлеген талапкер «Жылдын мыкты мугалими» деп аталат жана райондук мамлекеттик администрациясынын диплому, уюштуруу комитетинин баалуу сыйлыктары менен сыйланат. Финалда экинчи жана үчүнчү орунду ээлеген талапкерлер да райондук мамлекеттик администрациясынын дипломдору, уюштуруу комитетинин баалуу сыйлыктары менен сыйланат.

Сынакта «Эң мыкты сабактын автору», «Келечегинен көптү үмүттөндүргөн мугалим», “Мугалим эрудит” номинацияларындагы сыйлыктар уюштурулуп, татыктууларга уюштуруу комитетинин Ардак грамоталары жана баалуу сыйлыктары ыйгарылат.

Мындан тышкары уюштуруу комитети тарабынан сынактын активдүү катышуучулары райондук билим берүү бөлүмүнүн Ардак грамоталары жана РПКнын баалуу сыйлыктары менен сыйланат.

Финалдын жыйынтыгы боюнча 1-орунду ээлеген мугалим облустук сынакка катышууга жолдомо алат. Райондук турдун бардык катышуучулары үчүн кесиптик бирликтин райондук комитети тарабынан Кыргызстандын кооз жерлерине экскурсия уюштурулат.




УЮШТУРУУ ТОБУ