Просмотр содержимого документа
«PhpPSI4qJ_ovaya-prezentaciya.pptx»
Улуу Ата Мекендик согуш
1941- жылдын каргашалуу 22 - июнунда фашисттик Германия биздин өлкөбүз, азыркы Кыргыз Республикасы курамына кирген, мурдагы СССРге капысынан кол салды.
Душмандар бир мезгилде Баренцев
деңизинен Кара деңизге чейинки чек араны бузуп, күтүлбөгөн жерден кирип келишти. Өлкө коркунучта калды.
Фашисттер башка элдерди кырып, жок кылып, таза кандуу деп эсептелген
немецтерди тейлей турган аз гана
элди калтырууну каалашкан.
Немец генералдары чагылган-
дай тез “Барбарос” согуш
планын түзүп, ал боюнча согуш эки гана айга созулмак. Душман ырыйымсыз жана күчтүү эле. СССРге кол салганга чейин ал Европанын көптөгөн өлкөлөрүн басып алып, ал өлкөлөрдөгү бардык завод- фабрикаларды, танка, самолёт, курал- жарактарды ээлеп алган.
Бүт Совет эли Мекенди коргоого
көтөрүлүштү. Миңдеген адамдар
өз эрки менен Кызыл Армиянын катары-
на, партизандык отряддарга, элдик кошуун-
га биригишип, өлкө бирдиктүү согуш лагери-не айланды.
Завод менен фабрикалардагы станокторду
башкарган эркектер фронтко кетишип, алардын
ордуна аялдар, өспүрүмдөр, карылар иштеп ка-
лышты. Колхоздор армияны нан жана азык түлүк менен камсыз кылып турган. Жүз миңдеген адамдар тылдын баатырлары болду.
Улуу Ата Мекендик согушка
Кыргызстандан 360 миңден ашуун
адам аттанган. Алардын ичинде миң-
ге чукул аял болгон. 160 миңден ашуун
жоокер согушта курман болгон.
Советтер Союзунун Баатыры наа-
мын алган биринчи кыргыз -
Дүйшөнкул Шопоков