СДЕЛАЙТЕ СВОИ УРОКИ ЕЩЁ ЭФФЕКТИВНЕЕ, А ЖИЗНЬ СВОБОДНЕЕ

Благодаря готовым учебным материалам для работы в классе и дистанционно

Скидки до 50 % на комплекты
только до

Готовые ключевые этапы урока всегда будут у вас под рукой

Организационный момент

Проверка знаний

Объяснение материала

Закрепление изученного

Итоги урока

PhpWh6dfg_Strategiya-Sandyk-katar.docx

Нажмите, чтобы узнать подробности

Просмотр содержимого документа
«PhpWh6dfg_Strategiya-Sandyk-katar.docx»

3.Сандык катарды окуучулар тараптан өздөштүрүү үчүн балдар адабиятын пайдалануу стратегиясы

Курчаган дүйнөнү математикалык таанып-билүү үчүн зарыл мейкиндиктик жана ырааттуу байланыштар (түзүү, баяндоо, моделдештирүү билгичтиктери жана сандык жана мейкиндик мамилелерин түшүндүрүү) катышкан балдар адабиятынын чыгармаларын окуу. Бул окуялар окуучуларга математикалык маселени чечүү же сандарды салыштыруу үчүн сандык катарды, сандык нур1 боюнча кыймылды жакшыраак түшүнүүгө жардам берет.

  • Дифференциация:окуу чөйрөсү

  • Окутуу үчүн универсалдуу долбоорлоо: Окутуунун натыйжаларын көрсөтүү жана билдирүүнүн ар түрдүү ыкмалары.

Окутуу максаттары

  • Окуучулар чейин жана кийин, артка жана алдыга, кийинкиси эмне түшүнүктөрүн өнүктүрүшөт.

  • Окуучулар сандык катардагы сандар кантип жайгашканы жөнүндө түшүнүккө ээ болушу үчүн китептеги окуялардын бири-биринен канчалык алыс экендигинин өз түшүнүүсүн пайдаланышат.

Күтүлүүчү натыйжалар

Окуучулар

  • ырааттуулукту (чейин жана кийин, артка жана алдыга, кийинкиси) аныктоонун математикалык түшүнүгүн пайдаланышат;

  • маселелерди чечүү, сандарды салыштыруу, сандардын айырмасын түшүнүүгө сандык нур (катар) боюнча кыймылынын багытын аныктоо үчүн мейкиндиктик элестетүүсүн пайдаланышат.

Окутуу класс (тар): 1-класстын экинчи жарымынан баштап 4-класска чейин.

Керектүү материалдар: окуяларды ырааттуу баяндоо менен көркөм жана илимий-популярдуу чыгармалар; окуучулардын ар бир тобу үчүн (мугалим класста окуучулардын канча кичи топторун түзсө, ошончо топтомдору болушу керек) чыгармада болуп жаткан окуяларды чагылдырган карточкалардын топтому.

Класстагы ишти уюштуруунун формасы: жалпы класс, кичи топтордо иштөө.

Стратегияны колдонуу жол-жобосунун баяндалышы

Стратегияны колдонгонго чейин

Мугалим төмөнкүлөрдү даярдашы керек:

  • Окуялардын ыраатуулугу менен көркөм чыгармалардын жана илимий-популярдуу балдар адабиятынын чыгармаларынын топтомун.

  • Окуучулардын ар бир тобу үчүн чыгармаларда болуп жаткан окуяларды чагылдырган карточкалардын топтомун.

  • Ырааттуулукту (биринчиден, экинчиден, аягында, чейин, кийин) жана мейкиндикти (алдыда, ортосунда, артында) кароону камтыган бир катар суроолорду.

  • Тактадагы сандардын катарынын сүрөтүн.

Стратегияны колдонуу учурунда:

Жалпы класс

  • 1-кадам. Окуучуларга ал текстти/китепти үн чыгарып окуп жаткан кезде, тарыхта болгон окуяларга жана алардын ырааттуулугуна (башында эмне болгон, андан кийин, экинчи окуя эмне болгон, үчүнчү ж.б.) кылдаттык менен байкоо жүргүзүү керектигин эскертиӊиз.

  • 2-кадам. Интерактивдүү/диалогдук окууну пайдалануу менен, мезгил-мезгили менен тыным жасап, окуучуларга кандай окуя болуп өткөндүгү жөнүндө суроолорун бериӊиз. Эгерде чыгармада ырааттуулук же мейкиндик тили пайдаланбаса, анда окуучулар менен чыгармадагы окуяны же ойду талкуулоо аркылуу бул тилди пайдаланыӊыз.

  • 3-кадам. Чыгарманы окуп чыккандан кийин, окуучуларга алардын көңүлүн окуялардын ырааттуулугуна буруу менен суроолорду бериӊиз: «Башында эмне болгон? Андан кийин?». Ушул жерде окуяларга чейин жана андан кийин эмне болгонуна көңүл буруу керек.

Кичи топтордо иштөө

  • 4-кадам. 2-4 кишиден турган кичи топтордогу окуучуларга карточкалардын топтомун таратыӊыз жана «Окуя поездин» курууну сураныӊыз. Андагы окуялардан (карточкалардан) турган сызык чыгармада алар кабыл алган тартипте болот. Окуучуларга окуялар сандык катар сыяктуу солдон оңго карай тизилерин эскертип коюуӊуз.

Жалпы класс

  • 5-кадам. Окуучулардан чыгармада канча окуя болгонун жана алардын бири-биринен кандайча орун алганын аташын сураныӊыз. Керек болгондо, тапшырманы өзүӊүз баштаӊыз (а), окуучулар бул тапшырманы кантип аткаруу керектигин түшүнүшү үчүн, анын аткарылышын тактага жазыӊыз, аягына чыгарыӊыз.

  • Чыгармада болгон биринчи окуянын сүрөтү бар карточка биринчи номерине коюлат, андан кийин окуучулардан сураӊыз: «Андан кийин эмне болду? Кайсы окуя үчүнчү болуп эсептелет? Жетиден мурун кандай окуя болгон? Эгер сегизинчи окуядан биринчи орунга кайрадан келсек, биз кайда барабыз (артка кайрылуу)? Төртүнчү жана тогузунчу окуялар бири-биринен канчалык алыс?

Стратегияны колдонгондон кийин

Үй тапшырмасы: «Окуя поездинин» негизинде болуп өткөн окуяларды негиз кылып, чыгарманын баянын даярдагыла.

Баалоо: окуялардын ырааттуулугу жана мейкиндиктик мамилелери жөнүндө суроолорду кээ бир окуучуларга бергиле. Суроолор жалпы класс менен талкуулоо учурунда сунушталган суроолорго дал келиши керек.

Баалоонун варианттары

  • Окуу көндүмдөрү калыптанбаганын көрсөткөн окуучулар: окуучуларды кичи топко уюштуруу жана алар менен чыгармада жүрүп жаткан сандык катар жана окуялардын айкалышы боюнча өзүнчө иштөө.

  • Окуу көндүмдөрү калыптанганын көрсөткөн окуучулар: бул стратегияны эми өз алдынча башка чыгарма менен пайдаланууну сунуш кылуу («Окуялар поездин» түзүү), же сандык катарды (оозеки же жазуу түрүндө) пайдалануу менен конкреттүү окуялардан турган, өзүнүн жеке аӊгемесин жаратууну сунуштоо.

1 Сандык нур - бул терс эмес сандардын нур түрүндөгү графикалык сүрөттөлүшү.


2