Максаты: Окуучулар адамдын 5 негизги сезими (көрүү, угуу, жыттоо, даамдоо, сезүү) жөнүндө түшүнүк алышат.
Өнүктүрүүчүлүк: Сезим органдарын таанып, алардын иштешин түшүнүүгө жардам берет. STEM мамилеси аркылуу байкоо жана эксперимент жүргүзүү жөндөмүн өстүрөт.
Тарбиялык: Ден-соолукка кам көрүү, сезим органдарын баалоо маанилүүлүгүн түшүнүүгө тарбиялоо.
Сүрөттөр (адамдын бетиндеги сезим органдары менен).
Ар кандай буюмдар (лимон, кант, туз, суу, коңгуроо, атыр, самын, жүн, таш, желим).
"Сезим карталары" (ар бир сезим үчүн сүрөттүү карточкалар).
Окуу китеби, жумушчу дептери
| Этап | Мугалимдин иш-аракеттери | Окуучулардын иш-аракеттери | Убакыт |
| Кызыктыруу | Мугалим сабакты "Тапчы?" оюнун ойноо менен баштайт. Атайын даярдалган буюмдарды ( лимон, атыр, оюнчук, жүн, кагаз өңдүү) мисалы: кармалашат, жытташат, эмне экенин табышат. Бул буюмдарды биз кайсы сезимдерибиз менен сезе алдык? деген суроо менен теманы ачып берет. Окуучулар болжолдоп, теманы табат. Суроо берилет: "Биз кандай жол менен айлана-чөйрөбүздү билебиз?" .Тактада илинген кулак, көз, мурун, тил, тери көрсөтүлгөн сүрөт) Ар бир сезим органдын сүрөтүн көрсөтөт. | Окуучулар оюн аркылуу буюмдарды таап, аларды кайсы сезим аркылуу табышкандыгы тууралуу айтып беришет. | 5 мүнөт |
| Изилдөө | Мугалим топко бөлүнүп алууну сунуштай. Поровоздун үнү чыгат, окуучулар мугалимдин аркасына басып классты аралап, алган билетине жараша станцияга токтоп, отурушат. 5 топко бөлүнүшөт. Ар бир топ бир сезимге байланыштуу станцияда иштешет. Көрүү станциясы: геометриялуу фигуралардын санын такташат, өңү жана көлөмү боюнча топтоштурушат. Кайсы сезим аркылуу топтоштура алыты айтып беришет. (математика) Угуу станциясы: көздөрүн жумүп кагаз, коңгуроо, телефон (канаттуунун үнү) айырмалап табышат. Жыйынтыгында кайсы сезимдин жардамы аркылуу айырмалай алышты айтып беришет. (технология) Жыттоо станциясы: көздөрүн жумүп атыр, пияз, лимон, апельсин жыттап айырмалап табышат. Жыйынтыгында кайсы сезимдин жардамы аркылуу айырмалай алышты айтып беришет. (инженерия) Даамдоо станциясы: 3 окшош идиштеги сууга тузду, лимонду, кантты аралаштырып даярдап алып, көздөрүн жумуп мугалим идиштердин ордун алмаштырат, даамдап табышат (таттуу, кычкыл, туздуу). Жыйынтыгында даамдарды түрүн кайсы сезим аркылуу тапкандыгы тууралуу айтып беришет. (илим) Сезүү станциясы: жүн, таш, оюнчук, мууз буюмдардын арасынан ашыгын таабышат ашыгын таап, жыйынтыгында кайсы орган аркылуу тапкандыгы тууралуу айтып беришет. (көркөм өнөр) | Окуучулар байкоо жүргүзүп, аткарган тапшырмаларында кайсы сезимдерин колдонгону тууралуу жыйык чыгарышат. Калган буюмдар тууралуу айтып беришет. | 10 мүнөт |
| Түшүндүрүү | Мугалим ар бир сезим органдын ролун (Окуу китебинин 19-бетиндеги көрсөтүлгөн сүрөт) жардамы менен түшүндүрөт. Мисалы, көз менен түстөрдү, кулак менен үндөрдү, мурун менен жыттарды, тил менен даамдарды, тери менен температураны жана басымды сезебиз деп түшүндүрөт. | Окуучулар көз менен түстөрдү, кулак менен үндөрдү, мурун менен жыттарды, тил менен даамдарды, тери менен температураны жана басымды сезе тургандыгын түшүнүп, мисалдарды кайталашат. | 10 мүнөт |
| Колдонуу | Мугалим окуучуларга таркатма материалдарды таратып берет. Ошол эле тапшырманы тактада иштешет. Калган окуучулар жасаган иштеринин тууралыгын текшеришет. Бир окуучунун көзүн таңып, кийинки окуучу ага калем салгычын табууга багыт берип турат. Божомолдоо менен изилдөө жүргүзүп жыйынтык чыгарышат. Таркатма материалдар менен иштешет. | Окуучулар тапшырманы аткарып, 5 сезимдер тууралуу билимдерин бышыкташат. | 15 мүнөт |
| Жыйынтыктоо/ Баалоо | Мугалим сабакты “Кайсы сезимге туура келет ата?” оюну менен бышыктап, жыйынтыктайт. . | Окуучулар көрсөтүлөн сүрөттөрдү сезимдер менен байланыштырып атап беришет. | 5 мүнөт |