PISA программасы
Билим берүүнүн сапатын жакшыртуу максатында Кыргызстан түрдүү эл аралык TIMSS, PIRLS, PISA жана башка изилдөөлөргө катышып келет.
- - Окуучулардын математика жана табигый илимдер боюнча өздөштүрүүсүн баалоо программасы (Trends in International Mathematics and Science Study - TIMSS);
- - башталгыч класстын окуучуларынын окуп түшүнүү деңгээлин баалоо боюнча эл аралык программа (Progress in International Reading and Literacy Study - PIRLS);
- - окуучулардын жетишкендиктерин баалоо боюнча эл аралык программа (Programme for International Student Assessment - PISA).
PISA деген эмне?
Мастер-класстын максаты:
PISA окуучулардын билим жетишкендиктерин баалоонун эл аралык программасы – бул жалпы билим берүүнүн сапатын мониторингдик изилдөө, ал «15- жаштагы жалпы билим алган окуучулар, азыркы коомдо толук кандуу жашоого, башкача айтканда адам ишмердүүлүгүнүн, баарлашуунун жана социалдык мамиленин ар түрдүү сферасынын кеӊири диапазонун чечүү үчүн кандай билим жана билгичтиктер керектелет?» деген суроого жооп берет. PISA окуучулардын алган билимдерин кайра чагылдырып көрсөтүү гана эмес, алардын жаңы жагдайларда өз компетенцияларын колдонуу, өз алдынча маселелерди чече билүү жөндөмүн баалайт. Бул программа Экономикалык кызматташуу жана өнүгүү уюму аркылуу ишке ашырылат
- PISA окуучулардын билим жетишкендиктерин баалоонун эл аралык программасы – бул жалпы билим берүүнүн сапатын мониторингдик изилдөө, ал «15- жаштагы жалпы билим алган окуучулар, азыркы коомдо толук кандуу жашоого, башкача айтканда адам ишмердүүлүгүнүн, баарлашуунун жана социалдык мамиленин ар түрдүү сферасынын кеӊири диапазонун чечүү үчүн кандай билим жана билгичтиктер керектелет?» деген суроого жооп берет. PISA окуучулардын алган билимдерин кайра чагылдырып көрсөтүү гана эмес, алардын жаңы жагдайларда өз компетенцияларын колдонуу, өз алдынча маселелерди чече билүү жөндөмүн баалайт. Бул программа Экономикалык кызматташуу жана өнүгүү уюму аркылуу ишке ашырылат.
PISA эмнени баалайт?
Үч жылдык цикл менен өткөрүлгөн бул изилдөө 2000-жылдан бери жүргүзүлөт (2000, 2003, 2006, 2009, 2012, 2015, 2018, 2021, 2025).
- PISAдагы окуучулардын өз билимин практика жүзүндө колдонуу жөндөмүн баалоо алардын окуу программасына жана классына байланышкан эмес. PISA 15 жаштагы ( 15 жаш 3 айдан 16 жаш 2 айга чейин ) балдардын мектептен алган маалыматтын практикада кандай колдоно алаарын башкача айтканда функционалдык сабаттуулугун ( бул адамдын азыркы шарттарга жакшылап көнүүсүнө, өмүр бою үйрөнүүсүнө мүмкүндүк берүүчү билимдер менен көнүгүүлөрдүн жыйындысы болуп эсептелет ) үч багытта изилдейт:
1. Окуу сабаттуулук – адамдын жазма тексттерди түшүнүү жана колдонуу, алар жөнүндө ой жүгүртүү жана өз максатына жетүү, билимин жана мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүү, коомдук турмушка катышуу үчүн окууга тартуу жөндөмдүүлүгү.
2. Математикалык сабаттуулук - бул инсандын математиканы ар кандай контексттерде туюндуруу (формулировкалоо), колдонуу жана чечмелөө жөндөмү. Ал математикалык ой жүгүртүүнү, кубулуштарды сүрөттөө, түшүндүрүү жана божомолдоо үчүн математикалык түшүнүктөрдү, процедураларды, фактыларды жана куралдарды колдонууну камтыйт. Бул адамдарга математиканын дүйнөдөгү ролун түшүнүүгө, өзүнүн тастыкталган ой-жүгүртүүсүн айтууга жана конструктивдүү, активдүү, ойчул жарандар катары чечим кабыл алууга жардам берет.
3. Табыгый илимдер боюнча сабаттуулук – табигый илимдерге байланыштуу маселелерде активдүү жарандык позицияны ээлөө жөндөмү жана табигый илимдер идеяларына кызыгууга даярдыгы. Табигый илимдер боюнча сабаттуу адам табигый илимдер жана технологияларга тиешелүү маселелерди далилдер менен талкуулоого умтулат; мында төмөнкү компетенттүүлүктөр талап кылынат: кубулушту илимий жол аркылуу түшүндүрүү, баалоо жана илимий изилдөөлөрдү пландаштыруу, маалыматтарды жана далилдерди илимий түрдө интерпретациялоо.
3. Табыгый илимдер боюнча сабаттуулук – табигый илимдерге байланыштуу маселелерде активдүү жарандык позицияны ээлөө жөндөмү жана табигый илимдер идеяларына кызыгууга даярдыгы. Табигый илимдер боюнча сабаттуу адам табигый илимдер жана технологияларга тиешелүү маселелерди далилдер менен талкуулоого умтулат; мында төмөнкү компетенттүүлүктөр талап кылынат: кубулушту илимий жол аркылуу түшүндүрүү, баалоо жана илимий изилдөөлөрдү пландаштыруу, маалыматтарды жана далилдерди илимий түрдө интерпретациялоо.
PISA изилдөөсү төмөнкүдөй өзгөчөлүктөргө ээ:
- билим берүү тармагындагы ири, масштабдуу эл аралык мониторинг изилдөөлөрдүн бири болуп эсептелет;
- изилдөөгө жалпы орто билим берүү уюмдарында окуган 15 жаштагы (15 жаш 3 айдан 16 жаш 2 айга чейин) окуучулар катышат;
- окуучулардын “жашоого даярдыгынын” деңгээли башкача айтканда алар мектептен алган билимдерин жана көндүмдөрүн турмушта кездешүүсү мүмкүн болгон көйгөйлөрдү чечүү үчүн канчалык деңгээлде колдоно алаары бааланат;
- окуучулардын математика, окуу (текстти түшүнүү), табигый илимдер жана глобалдык маселелерди чечүү боюнча функционалдык сабаттуулугу бааланат;
- изилдөөгө катышуучу өлкөлөрдүн билим берүү системасынын өзгөчөлүгү жөнүндө маалымат алууга мүмкүндүк берүүчү контексттик маалымат чогултулат.
Кыргызстандын PISA изилдөөсүнө катышуусу төмөнкүлөргө мүмкүндүк берет:
- жалпы билим берүүчү мектептердин бүтүрүүчүлөрүнүн окуусун улантууга даярдыгын аныктоо;
- өлкөдө жалпы орто билим берүүнү жакшыртуу багыттарын аныктоо;
- окуучулардын билим алуу жетишкендиктери, ошондой эле ар түрдүү өлкөлөрдүн билим берүү системалары жөнүндө салыштырылган маалыматтарды алуу.
Негизги изилдөө учурунда колдоно турган тесттерди алдын алууга болбойт. Колдоно турган тапшырмалар конфеденциалдуу жана алар окуучулар менен мугалимдерге тестирлөө күнү гана берилет. PISA га катыша турган окуучуларды гана алдын ала даярдоого болбойт. Эл аралык баалоо прграммасына катыша турган окуучулардын тизмесин Кыргыз Республикасынын билим берүү министрлиги тарабынан берилген мектептер боюнча расмий маалыматтардын негизинде өз алдынча жүргүзүлөт. Экономикалык кызматташтык жана өнүктүрүү уюму PISA эл аралык баалоо программасы тарабынан өлкөгө тандап алуунун жыйынтыктарын негизги тестке 1 ай калганда гана кабарлайт. Тестирлөө орус жана кыргыз тилинде жүргүзүлөт.
АЙЛАНМА ЭШИК
Айлануучу эшик - тегерек аймактын ичинде айлануучу айнектен
жасалган үч тосмодон турган эшик. Бул тегерек айлананын ички
диаметри 2 метр (200 сантиметр). Бул үч тосмо тегерек айлананы
үч бирдей бөлүккө бөлөт. Төмөндө айнектен жасалган тосмолордун
жогорудан алынган үч түрдүү сүрөтү берилген.
1-СУРОО
Эшиктин эки тосмосунун ортосундагы градусу канчага барабар?
Эшиктин кирүү бөлүгү
Тосмолор
1-СУРОО
Эшиктин эки тосмосунун ортосундагы градусу канчага барабар?
1-суроо боюнча маалымат
Суроонун сүрөттөлүшү: борбордук бурчту эсептөө Математика мазмуну: мейкиндик жана форма.
Контекст: илимий.
Илимий ишмердүүлүктүн түрү: колдонуу.
1-суроонун баалоо критерийи
Төмөнкүдөй жооп берилсе, жооп толугу менен кабыл алынат:
Туура жооп: 120 [ Сырткы бурч 240 0 градус деген жооп да кабыл алынсын ]
Төмөнкүдөй жооптор болсо, жооптор кабыл алынбайт:
► башка жооптор болсо;
► жооп жок болсо.
2-СУРОО
Бул эшик 1 мүнөт ичинде 4 жолу айланат. Эшиктин үч секторунун ар бири эки кишини батыра алат.
30 мүнөттүн ичинде эң көп дегенде бул эшиктен канча адам имаратка кире алат?
A) 60
Б) 180
В) 240
Г) 720
2-с уроо боюнча маалымат
Суроонун сүрөттөлүшү: маселени чыгарууда өлчөмгө байланыштуу модел түзүү жана маалыматты аныктоо Математика мазмуну: өлчөмдөр.
Контекст: илимий.
Илимий ишмердүүлүктүн түрү: ой жүгүртүү.
2 -суроонун баалоо критерийи
Төмөнкүдөй жооп берилсе, жооп толугу менен кабыл алынат:
Туура жооп: Г) 720;
Төмөнкүдөй жооптор болсо, жооптор кабыл алынбайт:
► башка жооптор болсо;
► жооп жок болсо.
КАЙСЫ МАШИНА?
Карина жакында айдоочулук күбөлүгүн алды. Эми ал өзүнө машина
сатып алмакчы. Төмөнкү таблицада машина сатуучу сунуштап жаткан
төрт түрдүү машина жөнүндө маалымат берилген.
Машинанын модели
Иштеп чыгарылган жылы
Альфа
Баасы (зед менен)
Бетта
2003
Басып өткөн аралыгы
4800
2000
Гамма
2001
Кыймылдаткычынын көлөмү (литр менен)
105 000
4450
Дельта
4250
1999
115 000
1,79
3990
128 000
1,796
109 000
1,82
1,782
Машинанын модели
Альфа
Иштеп чыгарылган жылы
2003
Баасы (зед менен)
Бетта
Басып өткөн аралыгы
2000
4800
Гамма
Дельта
2001
105 000
Кыймылдаткычынын көлөмү (литр менен)
4450
1999
1,79
4250
115 000
1,796
3990
128 000
1,82
109 000
1,782
1-СУРОО
Карима төмөнкү талаптарга жооп берген унаа сатып алмакчы:
• Автоунаанын басып өткөн жолу 120 000 километрден ашпашы керек;
• Ал 2000-жылы же андан кийин чыгарылган болушу керек;
• Автоунаанын жарыяланган баасы 4500 зедден жогору болбошу керек.
Жогорудагы машиналардын кайсы бири Кариманын талаптарына толук жооп берет?
А) Альфа
Б) Бетта
В) Гамма
Д) Дельта
1-суроо боюнча маалымат
Суроонун сүрөттөлүшү: бардык төрт талапка тең туура келе турган маанини тандоо;
Математика мазмуну: маалыматтар жана белгисиздиктер.
Контекст: жеке.
Илимий ишмердүүлүктүн түрү: талдоо.
1-суроонун баалоо критерийи
Төмөнкүдөй жооп берилсе, жооп толугу менен кабыл алынат:
Туура жооп: Б) Бетта
Төмөнкүдөй жооптор болсо, жооптор кабыл алынбайт:
► башка жооптор болсо;
► жооп жок болсо.
2-суроо
Кайсы машинанын кыймылдаткычынын көлөмү эң аз?
А) Альфа
Б) Бетта
В) Гамма
Д) Дельта
Машинанын модели
Иштеп чыгарылган жылы
Альфа
Баасы (зед менен)
Бетта
2003
Басып өткөн аралыгы
4800
2000
Гамма
2001
Кыймылдаткычынын көлөмү (литр менен)
105 000
4450
Дельта
4250
1999
115 000
1,79
3990
128 000
1,796
109 000
1,82
1,782
2-суроо боюнча маалымат
Суроонун сүрөттөлүшү: берилген маалыматтардан пайдаланып, төрт түрдүү маанинин ичинен эң кичине ондук бөлчөктү табуу.
Математика мазмуну: өлчөмдөр.
Контекст: жеке.
Илимий ишмердүүлүктүн түрү: колдонуу.
2-суроонун баалоо критерийи
Төмөнкүдөй жооп берилсе, жооп толугу менен кабыл алынат:
Туура жооп: Д) Дельта
Төмөнкүдөй жооптор болсо, жооптор кабыл алынбайт:
► башка жооптор болсо;
► жооп жок болсо.
Машинанын модели
Альфа
Иштеп чыгарылган жылы
Бетта
2003
Баасы (зед менен)
4800
Гамма
2000
Басып өткөн аралыгы
Кыймылдаткычынын көлөмү (литр менен)
105 000
4450
Дельта
2001
4250
1999
115 000
1,79
3990
128 000
1,796
1,82
109 000
1,782
3-СУРОО
Карима автоунаанын жарыяланган баасынын 2,5 пайызы өлчөмүндө кошумча салык төлөөгө милдеттүү. Альфа унаасы үчүн кошумча салыктын суммасы канча болот? Кошумча салыктын суммасы (зед менен):
3-суроо боюнча маалымат
Суроонун сүрөттөлүшү: берилген маанинин 2,5%ын эсептөө .
Математика мазмуну: өлчөмдөр.
Контекст: жеке.
Илимий ишмердүүлүктүн түрү: колдонуу.
3-суроонун баалоо критерийи
Төмөнкүдөй жооп берилсе, жооп толугу менен кабыл алынат:
Туура жооп: 120
Төмөнкүдөй жооптор болсо, жооптор кабыл алынбайт:
► жооп туура эмес болсо: 4800 зеддин 2,5%ы [Жооп эсептеп берилиши керек];
► жооп жок болсо.
Тапшырмаларды аткарууда өзүӊүздөрдүн кандай билим, билгичтиктери-ӊиздерди пайдаландыӊыздар?
?
?
Сиз үчүн бүгүнкү сабакта эмне маанилүү болду?
?
?
?
?
Көӊүл бурганыӊыздар үчүн рахмат!