PISAда эмнелер текшерилет?
Окурмандык сабаттуулук (мектептин окутуу тилинде текшерилет: орус, кыргыз)
Математикалык сабаттуулук
Табигый-илимдер боюнча сабаттуулук
Финансылык (каржылык) сабаттуулук
Көйгөйлөрдү чече билүү компетенттүүлүгү
Глобалдык компетенттүүлүк
Креативдик ой жүгүртүү
Мисалы: Интернет-дүкөндөн белек сатып алуу
Майрам кичинекей инисинин туулган күнүнө жүк ташыгыч оюнчук машина белек кылгысы келди. Ал керектүү моделди интернет-дүкөндөн тапты. 1-кошумча баракта Майрам тандаган оюнчук машина тууралуу интернет-дүкөндүн кардарлары калтырган сын пикир маалыматтар камтылган.
Майрам комментарийлер жазылган бардык сын пикирлерди (төрт упай жана андан төмөн упай койгондорду) чогултту, оюнчукка коюлган доолордун түрү боюнча аларды үч топко бөлдү. Майрам түзгөн таблица 2-кошумча баракта берилген.
| Интернет-дүкөндөн белек сатып алуу | 1-кошумча барак. Сын пикирлер тууралуу маалымат | 2-кошумча барак. Коюлган доолорду топторго бөлүштүрүү |
| Интернет-дүкөндөн белек сатып алуу | 1-кошумча барак. Сын пикирлер тууралуу маалымат | 2-кошумча барак. Коюлган доолорду топторго бөлүштүрүү |
| Товарга кардарлар тарабынан коюлган дооматтар | Дооматтар саны |
| товардын сапатына дооматтар (күзгүсү сынган, бампер үзүлүп калган, эшиги жакшы ачылбайт, кузову көтөрүлбөйт ж.б.) | 6 |
| Ороочуна дооматтар (бырышкан, айрылган, кир ж.б.) | 7 |
| Жеткирип берүү мөөнөтүнө дооматтар | 9 |
1-тапшырма.
https://www.desmos.com/scientific. шилтемеси менен кирип online калькулятор колдонгула. Оюнчук сатып алган кардарлардын "4" деген упай койгон сын пикирлери канча? Санын жазгыла. ______________
2-тапшырма. https://www.desmos.com/scientific. шилтемеси менен кирип online калькулятор колдонгула.
Берилген статистиканын негизинде, Майрам тандаган оюнчукту сатып алуу "5 упай" менен бааланышынын ыктымалдыгын эсептеңиз.
Жообуңузду ондук бөлчөк түрүндө жазыңыз. _____________
3-тапшырма. https://www.desmos.com/scientific. шилтемеси менен кирип online калькулятор колдонгула.
Майрам инисине белекке оюнчук машинаны күн мурунтан сатып алгандыктан, жеткирүү убактысы тууралуу дооматтар ал үчүн маанилүү эмес деп эсептейт. Майрамдын товар сатып алууга болгон талаптарын эске алып, алган товарын "5" деген упай менен баалоо мүмкүнчүлүгүн табыңыз.
Жообуңузду сан менен жазыңыз. _____________
5-тапшырма. Өз жоопторуңарды таблица менен салыштыргыла.
| 1-ТАПШЫРМАГА МҮНӨЗДӨМӨ: • мазмун: сан • Блумдун таксономиясы боюнча деңгээл: колдонуу • Контекст: коомдук • Татаалдык деңгээли: төмөн • Жооптун форматы: бир нече кыска жооптор • Күтүлүүчү натыйжа: диаграммаларды түшүнүп окуйт, сандын пайызын таап чыгарат • Максималдуу упай: 1 упай |
| Баалоо системасы: |
| Критерийдин мазмуну | упай |
| 11 же 12 деп жооп берсе, туура жооп берген | 1 |
| Башка варианттар же жооп жок болсо | 0 |
| 2-ТАПШЫРМАНЫН МҮНӨЗДӨМӨСҮ: • мазмун: белгисиздик жана берилиштер • Блумдун таксономиясы боюнча деңгээл: интерпретациялоо • Контекст: коомдук • Татаалдык деңгээли: төмөн • Жооптун форматы: кыска жооп • Күтүлүүчү натыйжа: капыстык окуялардын ыктымалдыгын эсептеп чыгат • Максималдуу упай: 1 упай |
| Баалоо системасы: |
| Критерийдин мазмуну | упай |
| 0,8 деп жооп берсе, туура жооп берген | 1 |
| Башка варианттар же жооп жок болсо | 0 |
| 3-ТАПШЫРМАНЫН МҮНӨЗДӨМӨСҮ: • Мазмун: белгисиздик жана берилиштер • Блумдун таксономиясы боюнча деңгээл: формулировкалоо • Контекст: коомдук • Татаалдык деңгээли: орто • Жооптун форматы: кыска жооп • Күтүлүүчү натыйжа: капыстык окуялардын ыктымалдыгын эсептеп чыгат Максималдуу упай: 2 упай |
| Баалоо системасы: |
| Критерийдин мазмуну | упай |
| 0,9 ЖЕ 90% деп жооп берсе, туура жооп берген болот. (Комментарий: себеби терс натыйжалардын саны: 6 + 7 = 13; жакпай калуу мүмкүнчүлүгү: 13 / 126 = 0,10; жагып калуу мүмкүнчүлүгү: 1 – 0,1 = 0,9). | 2 |
| Жооп: 0,95 (Комментарий: себеби терс натыйжалардын саны: 6; жакпай калуу мүмкүнчүлүгү: 6 / 126 = 0,05; жагып калуу мүмкүнчүлүгү: 1 – 0,05 = 0,95). Кутусунун ороочунун сапаты эске алынган эмес. | 1 |
| Башка варианттар же жооп жок болсо | 0 |
(Математикалык сабаттуулук. Санарип платформасында тапшырмалардын ачык банкын колдонуу менен 5-9-класстын окуучуларынын математикалык сабаттуулугун калыптандыруу боюнча методикалык сунуштар. Авторлордун коллективи: Рослова Лариса Олеговна (багыттын жетекчиси), Рыдзе Оксана Анатольевна, Квитко Елена Сергеевна, Краснянская Клара Алексеевна, Карамова Ирина Игоревна, Ковалева Галина Сергеевна (долбоордун жетекчиси), Колачев Никита Игоревич (багыттын тестологу) Г.С. Ковалева, Л.О. Рослованын редакциясы алдында. Москва, 2021. 23-24-беттер.)
Депозиттер боюнча тапшырмалар
Албетте, адамдар акчаны банкка салганда, колу ачыктыгынан салышпайт. Депозиттер пайда алуу максатында ачылат. Банк төмөнкүлөрдү сунуштайт: белгилүү бир сумманы банкка белгилүү бир мөөнөткө саласыз.
Мисалы, бир жылга саласыз. Жыл ичинде сиз өз акчаңызды колдоно албай каласыз (банк аны колдонот), бирок банк бул үчүн сизге пайыз төлөп берет, бир жылдан кийин сиз салган сумманы гана эмес, үстүнө сыйлык акчаны да кошо берет.
Сыйлыктын суммасы кандай болот?
Аны табуу үчүн банк жылдык пайызын белгилейт. Депозитиңиздин суммасын жылдык пайызга көбөйтсөңүз, банк сиздин аманатыңызга кандай сыйлык кошо турганын табасыз.
Тапшырма. Бул темалар боюнча сунушталган тапшырмаларды карап көрөлү.
10-11-класстар үчүн маселени талдайлы.
Келгиле, банктагы депозитти эсептөө маселесин талдап көрөлү.
Аманатчы банкка 1200 сом салган. Банк жылына 4% киреше кошсо, депозит бир жылда канчага айланат?
Чечим:
Келгиле, банк аманатчыга кандай сыйлык берерин карап көрөлү. Бул үчүн, 1200 сомду жылдык 4%га көбөйтүү керек.
4% = 0,04
1200 · 0, 04 = 48 сом – мындай сый акы банк тарабынан аманатчыга бир жылдан кийин билдирилет.
Эми бир жылда ала турган жалпы сумманы табалы. 1200 + 48 = 1248 с. – салым бир жылдын ичинде ушундай суммага айланат. Жообу: 1248 с. - салым бир жылдын ичинде ушундай суммага айланат.
Арзандатуу боюнча тапшырмалар Арзандатуу – бул товардын же кызматтын баасын төмөндөтүү. Көбүнчө, арзандатуу пайыз менен көрсөтүлөт. Ошондуктан, буюмдун баасы канча сомго азайганын табуу үчүн, товардын баасын арзандатуу пайызына көбөйтүү керек. Мисалды талдоо Буюмдун баасы 5000 сомду түзөт. Товар 10% арзандатуу менен сунушталат. Арзандатылган товардын баасын табыңыз. Чечим: Арзандатууну табуу
10% = 0,1
5000 · 0,1 = 500 сомго арзандайт
Эми арзандатууну эске алуу менен товардын баасын табалы. 5000 − 500 = 4500 с. - арзандатууну кошкондо буюмдун баасы.
Жообу: 4500 с. – арзандатылган товардын баасы.
math-prosto@mail.ru © 2011–2022 : https://math-prosto.ru