СДЕЛАЙТЕ СВОИ УРОКИ ЕЩЁ ЭФФЕКТИВНЕЕ, А ЖИЗНЬ СВОБОДНЕЕ

Благодаря готовым учебным материалам для работы в классе и дистанционно

Скидки до 50 % на комплекты
только до

Готовые ключевые этапы урока всегда будут у вас под рукой

Организационный момент

Проверка знаний

Объяснение материала

Закрепление изученного

Итоги урока

ПИЗА боюнча тест

Категория: Всем учителям

Нажмите, чтобы узнать подробности

Окуучулардын сабаттуулугун жогорулатуу

 

 

Просмотр содержимого документа
«ПИЗА боюнча тест»

Математика

Тапшырма 1

Суроо 1. Дамир пирогтун бөлүгүн, Сабина пирогдун бөлүгүн жеди. Экөө биригип пирогдун канча бөлүгүн жешти?

(А) (Б) (В) (Г)

Суроо 2. Теңдемени чыгаргыла: 𝑘𝑘: 3 = 21

(А)7 (Б) 18 (В) 24 (Г) 63

Суроо 3. Аянттары барабар болгон фигураларды көрсөткүлө.

(А) А жана В (Б) А жана Б

(В) Аянттары барабар болгон фигуралар жок (Г) Б жана В

Суроо 4. Китеп 280 сом турат. 15%ке кымбаттагандан кийинки китептин баасын

тапкыла.

(А)322 с. (Б) 42 с. (В) 238 с. (Г) 295 с.

Тапшырма 2

ЖАШЫЛ ЧЕГИРТКЕ

Текстти окуп чыгып, суроолорго жооп бергиле. Актан чегирткелердин жашоосу менен кызыгат. Ал чегирткелердин жашоо чөйрөсү, жашоо шарттары, тамактануусу, жүрүм-турумунун өзгөчөлүктөрү жөнүндө маалымат чогултат. Ал китептерден билгендей, биздин өлкөдө кеңири жайылган жашыл чегирткенин жашоосу жерде, болжол менен 6 см тереңдикте, пайда болот. Жашыл чегирткенин ургаачысы күзүндө салган жумурткалардан болжолдуу ондон бир бөлүгү личинка болуп жердин үстүнө жетет. Алардын ар биринин өлчөмү 5 мм жакын. Чоң чегирткенин өзгөчөлүктөрүнүн бири – денесинин узундугуна салыштырмалуу алыс аралыкка секирүү. Жашыл чегиртке өзүнүн денесинин узундугунан 20 эсе көбүрөөк аралыкка секире алат.

Тапшырма 2 / 1

Жашыл чегирткенин ургаачысы 70 жумуртка салды. Чегирткенин болжол менен канча личинкасы жазында жердин үстүнө жете алат?

Жооптун бир туура варианттын белгилегиле.

(А)70 (Б) 63 (В)10 (Г) 7

Тапшырма 2 / 2

Актан жашыл чегиртке жөнүндө маалыматты таблицада көрсөтүүнү чечти. Таблицадагы бош калган жерлерди толтургула.

Жашыл чегиртке

Мүнөздөмө

Орточо мааниси

Чегирткенин личинкасынын туулгандагы узундугу

____мм

Чоңойгон чегирткенин денесинин узундугу

28 мм

Секирүү узундугу

____ мм

Учуу ылдамдыгы

30 м/мүн



Тапшырма 2 / 3

Актан жашыл чегиртке жөнүндо маалыматты таблицада көрсөтүүнү чечти.

Жашыл чегиртке

Мүнөздөмө

Орто мааниси

Чоңойгон чегирткенин денесинин узундугу

29 мм

Учуу ылдамдыгы

30 м/мүн



Журналдагы макаладан Актан саранчалардын күн карама өскөн талаага болгон жортуулу жөнүндө окуду. Макалада саранчалардын учуу ылдамдыгы 15 км/с түзгөнү көрсөтүлгөн.

Саранчанын учуу ылдамдыгы чегирткенин учушунун орто ылдамдыгынан аз болгону туурабы?

1) Туура 2) Туура эмес

Жообуңарды түшүндүрүп жазгыла. ______________________________________________________________________________________________________________________________________________



Окуу жана түшүнүү

6 тапшырмадан турат

Текстти окуп, суроолорго жооп бергиле.



«АКЫЛДУУ» ЖАНА АКЫЛДУУ ИТТЕР

Б ирок, бул кайсы «акылдуу иттер»?

Мисалы, Лумпи, саатка карап, саат канча экенин «айта алат", бөлмөдө канча адам бар, алардын канчасы эркек, канчасы аял экенине «жооп берет», кагаз бетиндеги чекиттердин жана штрихтердин санын санай алат. Ал туура жоопту таманы менен таптап, жыйынтыгын карап тургандарга билдирген. Бирок, биологдор бул жөндөмдүүлүктөрүн тажрыйба аркылуу сынап көрүүнү чечишет, мисалы, ээсине караган тарабына он беш сызыкча, ит карап турган экинчи жагынын бетинен жарыктан беш гана сызыкча көрүнүп тургандай куулук менен карточканы көрсөтүшүп ... коюшкан, Лумпи (тактап айтканда, кожойкесин) мындай алаксытууга он беш деген «жоопту берген». Машыктыруучу ошончо сызыкча көргөн, иттин өзү эмес. Так ошол машыктыруучу көргөн: анткени «акылдуу иттер» санай да, окуй да албайт. Адамдарга байкалбаган, сезилерсезилмексен белгилер боюнча каалаган жооп берилгенден кийин, иттер үргөнүн же таманы менен таптаганын токтотушат.

Мындай «акылдууларды» биз цирктен көргөнбүз....

Ошол эле учурда, ит чынында эле акылдуу. Ал эми белгилүү бир деңгээлде ал адамдын кебин түшүнөт деп айта алабыз. Кептин интонациясы гана эмес, сөздүн тыбыштык курамын, ал тургай сүйлөмдүн сөздүк курамын да түшүнөт. Кайдыгер, текши үн менен, иттин атын атабай туруп: «Мен муну сейилдетишим керек»- деп айтып көрүңүз. Ал сөзсүз дээрлик кубанычтуу туруп, эшикти көздөй ишенимдүү басат. Ушул эле үн менен, мисалга мындай бир сүйлөмдү, (эгерде бул сиз үчүн ушуга окшош жагдайда болсо): «Аны менен сейилдесекпи же кереги жокпу?» - деп айтып көрсөңүз. Үнүңүз ишенимсиз болсо да, биринчисине караганда көбүрөөк кызыгуу менен ит баары бир тура калат, секирип, бардык кебетеси менен сизди сейилдөөгө чакырат. «Жок, мен аны чыгарбайм» дейсиз, ал көңүлсүз башын жерге салып калат.

Эмне үчүн ал түшүнөт? Анткени ал сиздин интонацияңызды да, тааныш сөздөрүңүздү да, тагыраагы, сүйлөмдөрдүн курулушун (ал ар бир адам үчүн жекече) жана адатта белгилүү бир сүйлөмдөн кийинки кыймыл-аракетти эң сонун эстеп калат.









Тапшырма 1

Тексттин авторунун ою боюнча, иттер санаганды билишеби?

Бир туура жоопту белгилегиле.

(А) Ооба, бирок баары эмес, "акылдуу" иттер гана машыктыруу курсунан кийин.

(Б) Жок, “акылдуу” иттер да, жөнөкөй акылдуу иттер да санай алышпайт.

(В) Ооба, бирок үйрөтүлгөн "акылдуу" иттер эмес, акылдуу ээлери бар жөнөкөй иттер.

(Г) Жок, бүгүнкү күндө иттер санай албайт, бул жөндөм байыркы заманда жашаган иттерде гана болгон.

Тапшырма 2

Лумпи көрүүчүлөргө өзүнүн жообун кантип билдирген.

Жообун жазгыла.

_______________________________________________________________

____________________________________________________________________

__________________________________________________________________________________________________________________________________________

Тапшырма 3

«Акылдуу» жана акылдуу иттер» текстин окугула.

Текстте мындай деп айтылат: "Аны алаксытып бурмалап (тактап айтканда, анын кожойкесин) койгондо ...". Бул алаксытып бурмалоонун маңызы эмнеде болгонун жазгыла.

Жообуңарды жазгыла.

_____________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________

Тапшырма 4

Төмөнкү келтирилген ырастоолор туурабы?

Ар бир ырастоонун"Туура" же "Туура эмес" экенин белгилегиле.

Ушул ырастоолор туурабы же туура эмеспи?

Туура

Туура эмес

Лумпи машыктыруучунун билинер-билинмексен болгон белгилерине жооп берип жатып качан токтоорун түшүнгөн.

Иттер үндүн кыраатын, сөздүн тыбыштык курамын гана эмес, ал тургай сүйлөмдүн сөздүк курамын да түшүнөт деп ырастоого болобу?

Иттер кожоюндарынын маанайын түшүнө алышпайт.

«Жок, мен аны чыгарбайм» деген кожоюнунун сөздөрүнө ит андан дагы көбүрөөк кызыгуу менен секирип, бардык кебетеси менен сейилдөөгө чакырат.

Автор иттерди акылдуу жандыктар деп эсептейт.



Тапшырма 5

Итке ээсинин сөзүн түшүнүүгө эмне жардам берет?

Бардык туура жооп варианттарын белгилегиле.

(А) ит үндүн кыраатын жана сүйлөмдүн түзүмүн эстеп калат

(Б) ит көп уккан сүйлөмдөрдү жана алардан кийинки аракеттерди байланыштырат

(В) ал өзүнүн атына гана жооп кайтарат

(Г) белгилүү бир кыймыл-аракетти коштогон өзгөчө кыймылдарга, мимикаларга, жаңсоолорго жооп кайтарат

(Д) ал жөн гана озүнұн ээсин абдан жакшы көрөт

(Е) ал циркте машыгуудан өтүп жатат


Тапшырма 6

Эмне үчүн автор тексттин биринчи бөлүгүндө тырмакчаны көп колдонот?

Жообуңарды жазгыла.

_______________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________




Табият таануу

СУРОО 1. Айгерим туз жана суу менен эксперимент жүргүзгөн. Анын эксперименттеринин натыйжалары таблицада берилген.

Эриген туздун көлөмү

Суунун көлөмү

Суунун температурасы

Аралашма аралаштырылдыбы?

15 г.

50 мл

25°С

Ооба

30 г.

100 мл

25°С

Ооба

45 г.

150 мл

25°С

Ооба

60 г.

200 мл

25°С

Ооба

Айгерим экспериментинде эмнени изилдеген?

(А) ар кандай көлөмдөгү сууда канча туз эрийт

(Б) суунун ар кандай температурасында канча туз эрийт

(Б) аралаштыруу ылдамдаса, туз канчалык тез эрийт

(Г) аралаштыруу жайласа, туз канчалык тез эрийт.

СУРОО 2. Жер шарынын көп жерлеринде ичүүчү суу жетишсиз. Адамдардын сууну ысырап пайдалануусун кантип азайтса болот.

Мисалдарды келтиргиле.

___________________________________________________________________

______________________________________________________________________

_______________________________________________________________________

БИЗ ЭМНЕ МЕНЕН ДЕМ АЛАБЫЗ?

Текстти окугула.

Силердин ата-энеңер, чоң апаңар жана чоң атаңар, балким, аба жөнүндө көп сүйлөшүшөт. Паркта же токойдо сейилдеп жүрүп, алар абаны ырахат менен дем алышат жана анын тазалыгы менен суктанышат. Шаардык батирде же транспортто алар тескерисинче, аба кандайдыр бир оор экендигине арызданышы мүмкүн. Чындыгында, аба жөнүндө айтып жатканда, ар кандай сөздөр пайдаланылат, мисалы, «таза», «тунук», «нымдуу», «оор», «зыяндуу». Бул эмнени билдирет?

Жердин атмосферасын көп учурда «аба» деген бир сөз менен аташат, бирок чындыгында – бул ар кандай газдардын аралашмасы. Абанын негизги газдарынын – азот жана кычкылтектин – курамы көп убакыт бою атмосферада туруктуу болуп турат.

Жаратылыш кубулуштары жана адамдардын ишкердиги абадагы башка газдардын составына таасир бере алышат. Аларга кѳмүр кычкыл газы, суунун буусу, суутек, инерттик газдар – аргон жана гелий, дагы ар кандай кирдеткич – газдар: метан (жаратылыш газ), күкүрттүн жана азоттун кошундулары кирет.

Текст 1

Текстти окуп, суроолорго жооп бергиле.

А тмосфералык аба – бул адамдын, жаныбарлардын жана өсүмдүктөрдүн дем алуу булагы. Дем алуу процессинде жандуу организмге атмосфералык абанын кирүүсү жана иштелип чыккан газдардын жана буулардын дем чыгаруусу жүрөт.

Тапшырма 1

Атмосферадагы кайсы газдар жандуу организмдердин дем алуу процесстеринде катышышат?

Жооптун эки туура варианттын белгилегиле.

(А) Азот (Б) Кѳмүр кычкыл газы (В) Кычкылтек (Г) Суутек (Д) Гелий

Текст 2

Текстти окуп, суроолорго жооп бергиле.

Каныкей класстагы абанын составы жөнүндө доклад жасады. Ал адам дем чыгарып жаткан абада дайыма суунун буусу бар экенин айтты. Бирок ишенбеген Акыл айтылган нерсеге шектенип, бул ырастоону далилдеп берүүнү суранды.

Тапшырма 2

Ырастоосун далилдөө үчүн Каныкей кандай тажрыйбаны жүргүзүүнү сунуштады?

Жообуңарды жазгыла. ______________________________________________________________________________________________




Скачать

Рекомендуем курсы ПК и ППК для учителей

Вебинар для учителей

Свидетельство об участии БЕСПЛАТНО!