СДЕЛАЙТЕ СВОИ УРОКИ ЕЩЁ ЭФФЕКТИВНЕЕ, А ЖИЗНЬ СВОБОДНЕЕ

Благодаря готовым учебным материалам для работы в классе и дистанционно

Скидки до 50 % на комплекты
только до

Готовые ключевые этапы урока всегда будут у вас под рукой

Организационный момент

Проверка знаний

Объяснение материала

Закрепление изученного

Итоги урока

Пиза тест 9класс

Нажмите, чтобы узнать подробности

Пиза боюнча тесттер

Просмотр содержимого документа
«Пиза тест 9класс»

PISA-2025

9-класс

Окуу жана түшүнүү 1 – сабак

Кыргыз комузу

1. Дүйнөдө ар өлкөнүн, элдин башкалардан айырмаланган туусу, эмблемасы бар. А биздин Ата Журттун эмблемасы – комуз. 2. Комуз кыргыз элинин чертме кылдуу музыкалык аспабы. Түрк элдеринде байыртадан тартма, чертме жана кылдуу аспаптарынын кобуз, кумуз, кобус деп аталышы кездешет. Бул комуздун эң байыркы аспап экендигин далилдейт. 3. Комуздун келип чыгышынын кыскача тарыхы төмөнкүдөй; Камбар деген мергенчи киши аң уулап жүрүп, токойдон адаттан тыш үндү угат. Караса, жыгачтан жыгачка секирген маймылдын ичегиси эки карагайга, тартылып калыптыр. 4. Ал эми шамал, жел болгондо кургаган ичегиден ажайып күү чыгып жаткан экен. 5. Мына ушул окуядан кийин комуз жаралат. Бара –бара ал алып жүрүүгө ыңгайлаштырылып чабылып, азыркы абалына келет. 6. Комуз карагай, алмурут, өрүк, арча сыяктуу жыгачтардан алмурут формасында чабылып, моюну ичке жана узун, келип аягы сүйрүлөнүп кетет.

7. Жалбырактары күбүлгөн жана мөмөсү бышкан кезде кыйылган жыгачты кесип, жерди казып, ат тезегин салып, ага жыгачты көөмп, үстүнө тезекти үйө берет. Андан соң жыгачтын чайырын чыгаруу үчүн сууга кайнатат. Кургак кыкта алты айча жаткан жана кайнатылып, кайра кургатылган жыгач как кургайт. Мындай комуздун жыгачы бекем жана добушу бийик болот. 8. Комуздун узундугу 75 смге жетет. Анын кылы койдун ичегисинен жасалат. Муздак сууга салынган ичегини сыдыргы менен тазалап, ийик менен оңго ичкертип ийрет да, анан керип коюшат. 9. Залкар комузчулар кылды добушуна карата өтө кылдаттык менен тандашат. 10. Кээ бир койдун ичегисинен бир гана кыл жасалган. Кийинки кезде кылды жасалма тарамыштан да жасап жүрүшөт. 11. Бар болгону жыгачтан гана жасалган жөнөкөй кыргыз комузу эл көргөн күндү тең көрүп, миңдеген жылдар ой-тоону безеп шаңкылдап, сууга акпай, чокко күйбөй, эли менен бирге жашап, колунан түшпөй, улуттук өнөр аспабы катары таанылып келе жатат. 12. Ошондуктан кыргыз комузу элинин өзүнө окшоп, жөпжөнөкөй, салмактуу жана таланттуу делинет, эл оозунда. Ошол комузга байланышкан окуялардан баяндайлы 13. Бул окуя эч бир кагаз бетинде жазылган эмес. Бул окуя менин чоң атамдын жүрөгүнөн чыкпай калган кыйкырык.

14. Ыраматылык чоң атам айтып калчу: -Улуу Үркүндө бир өрөон айыл, эл менен кошо үркүп баратып, өздөрү кедей, жарыбаган, чоочун элге туш келдик. Ал жерге жеткиче эле элдин жарымы ачкачылыктан жолдо кырылган. 15. Ал эми баргандагы турмушубузду пенде укпасын. Турмуш оор болду. Адам деген баарына чыдайт экен. Кудайым, тирүү пендеге ал жашоону бербесин. 16. Колубуздагы мүлкүбүздү тонотуп коколой башыбыз ар кайсы жерде тентип калдык. Кишинин кунунан бир ууч талкан жогору турду. Шордуу кыздарыбызды тирүүлөй талканга саттык. 17. Элден-жерден безип, өз жерден топурак буюрбай калат го, деген санаадан жашоо чырагыбыз, үмүттүн шамы биротоло өчүп калды. 18. Өлүм менен тирүүлүктүн чегин ажырата албадык. Күн менен түндү бирдей көрдүк. Ак шишик тартып, суудан башка наар албай, оору-сыркоодон кары-жашыбыз бирдей баш көтөрбөй, тумтак кырылмай болдук. 19. Бир күнү Сулайман деген абышка арчадан комуз чаап алыптыр. Сулайман комузун кылдыратып калса, араңжан жатканыбызга карабай, кыбырап баш көтөрүп калабыз. 20. Улам комуздун үнүн уккубуз келет. Ошол ар кайсы жерде тентип, жан багып жүрсөк да кечинде комузчунун үйүнө чогулабыз. 21. Комуз ошончо чарчап-чаалыккан, ач-жылаңач, шайсыз адамдарга кадимкидей дем берди. Элге жан кирип, ачка болсо да дем-күч байлап, кубат алып калышты. 22. Комуздан чыккан кыргыз күү-обону дагы бир күн кечке дейре комуз үчүн жашачудай күч берер эле. Ал эми ошол күн канчалык оор болсо да, комуздун күүсүн укканда дагы бир күнгө чыйралчубуз. 23. Бара – бара күн менен түндү ажырата баштадык. Булутка чагылган күндүн нурун тааныдык, талаадагы торгойдун үнүн уктук. 24. Ошентип комуздун кубатынан улам киши кейпибизге келгенбиз. 25. Сулаймандын комузу бизди тойгузуп коюучу. Оорубуздан да комуздун күүсү айыктырды. 26. Акыры Ата Журтка жаңы заман келиптир деп уктук. Өлбөгөндөрүбүз жапырт кетебиз деп дурбөдүк. 27. Сулайман комузчунун оорусу өтүшүп кетиптир. Эл аны таштап кете албай күбүр-шыбыр. 28. Кээси Сулаймандын жалгыз карманганы ушул комуз эле. Анысынан ажыратпай комузу менен бирге калтыралы»- деди. 29. Кишини кирпигинен билген комузчу элдин айың сөзүн укканбы? Ата Журтка кетчү элди чакырып, өлөр алдында өбөктөп тура калып, комузун чертип муну айтты: 30.- Жер сагынган элим, айтар керээзим ушул. Аттиң, Ата-Журтка жетпедим. Мен бул жерде калайын. Мобу комузум силер менен кетсин! 31. Сулайман эртеси каза болду.

32. Комузчу менен кош айтыштык. Анын комузун көздүн карегиндей сактап, Ата-Журтка алып келдик.

33. Комузга байланышкан дагы бир уламыш эске түшөт: Бул комуздун күүсү 13- кылымда чыккан. Күүнү кыргыздар «КетБука» деп атаган. 34. Бука деген кыргызды эзген монгол-дордун ханы болуптур. Кыргыздар ага оор салык төлөгөн.

35. Монголдор шаарларды кара жерге теңеген, эркек аттууну аскан, аялдарына кара кийгизген. 36. Эл азаптуу кордукта күн кечирет. Монголдорго акарат кылган кыргыздын башы кесилген. 37. Тең-тайлашар күч болбогондуктан эл баскынчылар менен күрөшө алган эмес. Найза, ок менен, күч менен кыргыздар душманга теңеше албайт эле. 38. Ошондо эл комуз менен күрөшкө чыкты. Монголдорго каршы күү чыгарды. Чыгарылган күү монголдордун аскериндеги мыкаачы жол башчысын арбаган күү, элибиздин жат душманга болгон каргышы, жек көрүүсү, күрөшү эле. 39. Ал элдик күүдө комузчу зордукчу хандын баласынын өлгөндүгүн, акылмандары, увазирлери угуза албаганда, комуздун үнү менен жеткирет. 40. Карыя суук кабарды угузуп эле тим болбостон, элдин ага болгон каргышын, жек көрүүсүн баяндайт. Эч ким анын өкүмүнө каршы чыгып сөз айтпаган каардуу хан, комуздун тилине түшүнүп таң калат. Элдин жек көрүүсүн комуз тили, күүсү аркылуу угат. 41. Бирок, зордугу башынан ашкан, ал буга ынанып, макул болуп калбайт. Жинденген хан эң оболу комузга, анан комузчунун кулагына коргошун эритип куйдурган. 42. Бул күүнү эч ким чертпесин, бул комузчуну эч ким эскербесин деген жарлык чыгарат. Бирок муну менен ал элдин жек көрүүсүн баса албады. 43. Комуздун чагылгандай үнү, комуз мукам тили ой-тоого тарады, элге-журтка жайылды. 44. Бүтүндөй калк комуз үнү аркылуу Бука хандын зомбулугуна каршы бир ууч болуп, биримдешип, уюмдашып, кийин аны Ата Журттан кууп чыгышты. 45. Демек, кыргыздын бардык тагдыр-турмушу, арман, азабы, жек-көрүү, сүйүүсү, үмүт-кыялы, ж.б. комуз аркылуу сыртка чыгып, ал аркылуу тараган. 46. Анда, ал аркылуу чыккан күү-обондордо кыргызымдын кылымдардан берки оош-кыйыш жашоосу, тарыхый тагдыры, көз караш, маданияты, салты, үрп-адаты жатат. Кичинекей бир жыгачтан жана ичегиден жасалган бул укмуштуу, уникалдуу аспап ичине жогоркудай бай мазмунду чөгөргөн.







1. Текст боюнча кыргыз элинин өзгөчөлүгү эмне?

А) тили Б) ата журту В) комузу Г) жаратылышы

2. Ар бир мамлекеттин айырмаланган ……

А) байрагы бар Б) комузу бар

В) кооздугу бар Г) комузчусу бар

3. Комуздун эң байыркы аспап экендигин кантип билебиз?

А) түрлөрү боюнча Б) аталышы боюнча В) жасалышы боюнча Г) колдонулушу боюнча

4. Кылдуу аспаптар кайсыл элде өнүккөн?

А) ногой элдеринде Б) кыргыз элдеринде В) түрк элдеринде Г) алтай элдеринде

5. Комуз кандай аспап?

А) баалуу аспап Б) касиеттүү аспап

В) байыркы аспап Г) кылдуу аспап

6. Кыргыз элинде комуздун дагы кандай аталышы бар?

А) тартмак Б) чермек В) кумуз Г) кобус



7. Кайсы варианттагы сөз эл ичинде көп айтылат?

А) « Комузду чапкан – Камбаркан »

Б) « Күүнү черткен – Камбаркан »

В) « Комуз жүрөгү – Камбаркан »

Г) « Күүнүн башы – Камбаркан »

8. Камбар мергенчи туш келген окуя:

А) айтып бүткүс кооз Б) аябагандай мыкты В) өтө эле кызык Г) не бир шумдук

9. Ичегиден чыккан күү ………

А) коркунучтуу эле Б) таңкаларлык сонун эле

В) сыйкырлуу эле Г) чыйылдаган укмуш эле

10. Комуздун үнү жакшы чыгыш үчүн ……

А) жыгачтын жалбырагына карап тандайт

Б) жыгачты күнгө кургатат

В) жыгачты сууга кайнатат

Г) бекем жыгачтан жасайт

11. Комуз чабуу үчүн жыгачты кайсы мезгилде тандашат?

А) кышында Б) жайында В) жазында

Г) күзүндө

12. Комуздун жыгачы бекем болушу үчүн эмне кылуу керек?

А) жыгачты жерге көөмп, суу куюу керек

Б) отту чоң жагып, жыгачты кактоо керек

В) чуңкурчага кык төгүп, жыгачты көөмп коюу керек

Г) тобурчак, арча түтөтүп, жыгачты ыштоо керек

13. Комуздун кылы кантип жасалат?

А) ичегини ийрип катырат, жумшартат

Б) ичегини кургатып тазалайт

В) ичегини ийрип, тазалап, кургатат

Г) ичегини тазалап, ийрип, кургатат

14. Жасалма тарамыш деген ……

А) балык кармоочу «Леска» кылы

Б) балык кармоочу торчо

В) балык кармоочу жип

Г) балык кармоочу «жем»

15. Бул аспаптын кылымдар бою келе жатканынын сыры эмнеде?

А) той-аш комузу жок көрксүз болгондуктан

Б) элдик өнөрдүн чексиз баалангандыгында

В) элдин ыр-күүнү сүйгөндүгүндө

Г) комуз ар бир кыргызга мода экендиктен

16. Комуздун жаны –

А) суу жана кыл Б) тарамыш жана үн В) жыгач жана кыл Г) ичеги жана кык

17. Адамды сүйлөткөн тил болсо, комузду сүйлөткөн …….

А) добушу Б) күүсү В) жыгачы Г) кылы

18. Кагаз бетинде жазылбаган окуя эмне жөнүндө?

А) Үркүн жөнүндө Б) оору жөнүндө В) комуз жөнүндө Г) комузчу жөнүндө

19. Жеринен оогон эл кыйналды, бирок…….. .

А) кыйынчылыктарга моюн бербеди

Б) чоочун эл жардам берди

В) жашоосун оңдоп алды

Г) кыйынчылыкка маани бербеди

20. Сулайман карыя комуз чертип, элге …… ………. .

А) кайрат айтты Б) тамак-аш берди

В) күлкү тартуулады Г) күч-кубат берди



21. Комузчунун ишине кайсыл макал тура келет?

А) Өсөр өзүн сыйлайт, өспөс жатын сыйлайт

Б) Өрдөк жокто чулдук бий

В) Өнөрлүү өлбөйт, өлөрман көнбөйт

Г) Өнөр алды- кызыл тил

22. Төмөнкү туруктуу сөз айкашынын мааниси эмнени билдерет? Кирпигинен билген

А) көңүл буруп, назар салган, кылдат

Б) бир нерсени тез туйган, баамчыл

В) алды-артына карап иш кылган, сак

Г) жакшы-жаманды ылгаган, сергек

23. көздүн карегиндей сактоо

А) бир нерсени жактыруу Б) бирөөнүн айтканынан чыкпоо

В) өтө ыйык туту Г) күз алдында байкоо

24. Сулайман комузчу эмне үчүн комузун калтыргысы келген жок?

А) комузду черткиси келбегендиктен

Б) өзү ооруп калгандыктан

В) Ата Журтун абдан сагынгандыктан

Г) касиеттүү комуз бөтөн жерде калбасын деген ойдон

25. «Керээз» деген сөздүн мааниси

А) жакын адамына даттануу сөзү

Б) жакын адамына жалбаруу сөзү

В) жакын адамына кайрылган өтүнүүсү

Г) жакын адамына айтылган аманат сөзү

26. Эл душманга каршы кандай күч колдонду?

А) чыгарма менен сүйүүсүн түшүндүрдү

Б) күү менен жек көрүүсүн билдирди

В) ыр менен өкүнүчүн айтты

Г) обон менен кошоматтанды

27. Карыя черткен күүнүн мазмуну …..

А) өтө жан кейиткен абалды билдирген

Б) кубанычтын шаңдуулугун көрсөткөн

В) кыйынчылыктан кутулууга аракетин билдирген

Г) кайгыдан адамдын өкүнгөндүгүн баяндаган





28. Кандын жарлыгы ……..

А) элге жакты Б) аткарылган жок В) аткарылды Г) эч кимге жакпады

29. Комуздун мукам үнү деген ……. .

А) кулакка көрктөнүп угулган үн

Б) кулакка салмактуу угулган үн

В) кулакка жагымдуу угулган үн

Г) кулакка кулпунуп угулган үн

30. Баарын ичине чөгөргөн комузга кандай аталыш туура келет?

А) жыгачтагы тарых Б) жыгачтагы үн

В) жыгачтагы сыйкыр Г) жыгачтагы керемет

31. Тексттин айта турган ойдун төмөнкүлөрдүн кайсынысы толук чагылдырып турат?

А) Комуз-Ата журттун эмблемасы ( 1.)

Б) Комуз- жыгачы бекем жана добушу бийик улуттук өнөр аспабы ( 7 )

В) Комуз- адамга күч-кубат берер, үмүт шамы.

Г) Комуз- элдин жашоо тарыхын жана маданиятын көрсөткөн музыкалык аспап

1. «Шандан журок» аттуу ырдын автору ким?

А)К.Баялинов б) М.Элебаев

В)С.Карачев г)К.Тыныстанов



2. «Ажар» повестиндеги баш каарман Ажардын апасынын аты ким?

А) Батма б) Айша в) Зуура г) Батый



3. А.Токомбаевдин «Мезгил учат» повестинин каармандарынын биринин аты ким?

А) Ашымахун б)Турдахун

В) Иманахун г) Зуннахун



4. «Ажар» повестинде кайсы тарыхый учур чагылдырылган?

А )тонкоруш учуру

б) улуттук-боштондук которулуш учуру

в) согуш учуру

г) согуштан кийинки учур



5. «Манас кумбозу» деген ырдын автору ким?

А) М.Элебаев б) А.Токомбаев

В) С.Карачев г) К.Тыныстанов



6. К.Тыныстановго кайсыл жылы профессордук наам берилген?

А)1932-ж б)1933-ж в) 1934-ж г) 1935-ж д) 1936-ж



7. «Мариям менен кол боюнда» ангемесин ким жазган?

А) С.Карачев б) К.Тыныстанов

В)Ж.Боконбаев г) М.Элебаев









8. Томонку куплет кимдин калемине таандык?

«Адашкан эл –журтунан мен бир безген,

Илим деп эл-жеринен эчак кеткен.

Мойнуна эл милдетин артып алып,

Туйшукко нур жылдарым,жаштык откон…»

А) К.Маликов б) С.Карачев

В) А.Токомбаев г) К.Тыныстанов



9. «Мезгил учат» повестиндеги Жапардын образы кайсы художниктин прототиби?

А) С.Чуйков б) Ж.Кожокметов

В) Г.Айтиев г) С.Асылбеков



10. Томонку узунду кайсы чыгармадан. К.Баялинов.

«Жакыпбек жигиттери менен абышка-кемпирди моокуму канганча аябай урду да,кылчайбастан,оз жолу менен журуп кете берди…»

А) «Ал эми жетим эмес» б) «Мурат»

В) «Ажар» г) «Кол боюнда»



11. К.Жантошевдин «Курманбек» драмасы кайсыл жылы жарыкка чыккан?

А)1938-ж б)1940-ж

в) 1942-ж г) 1945-ж



12. М.Элебаевдин «Кыйын кезен» чыгармасындагы орус малайдын аты ким ?

А)Сергей б) Андрей

в) Алексей г) Степан



13. «Курманбек» драмасында башкы каарман Курманбек кимдин колунан жарадар болот?

А)Тейитбек б) Корун

в) Чагыр г) Додон д) Эдил



14. «Академиялык кечелер» деген ат менен чыккан пьесалар кайсы жылы жарыкка чыккан?

А)1925-ж б) 1927-ж

в) 1931-ж г) 1933-ж д) 1935-ж



15. Мукай Элебаевдин алгачкы чыгармасы кайсы?

А. “Зарыгам” б. “Узак жол”

В. “Энеме” г. “Жер алган кедейлерге”



16. Жоомарт Боконбаевдин жашаган жылдарын белгиле.

А. 1909-1939 б 1910-1944

В. 1912-1942 г. 1910-1954



17. “Ажал менен Ар Намыс” поэмасындагы башкы каармандын аты.

А. Осетин б. Жапар

В. Табылды г. Ажал



18. “Каракчынын трагедиясындагы” курман болгон жоокердин аты?

А. Макс б. Фрида в. Ганс г. жок



19. “Энеме” поэмасы кимдин калемине таандык?

А. Ж.Боконбаев б. Ж.Турусбеков

В. М.Элебаев г. К.Тыныстанов



20. “Алардын арасынан бир кайраттуу,

Берлинге кабак буркоп,муштум туйот” .Бул ыр саптары кимдин,кайсы чыгармасына таандык?

А. Ж.Боконбаев “Ажал менен ар намыс”

Б. М.Элебаев “Кыйын кезен”

В. Ж.Турусбеков “Каракчынын трагедиясы”

Г. С.Карачев “Шандан журок”

PISA деген эмне? Окуучулардын жетишкендиктерин баалоо эл аралык программа -дүйнөнүн ар кайсы өлкөлөрүндө окуучулардын сабаттуулугун жана билимин практикада колдонуу билгичтигин баалоочу тест. Үч жылда бир жолу өтөт. Тестке 15 жаштагы өспүрүмдөр катышат.

Окуучулардын билим жетишкендиктерин изилдөө негизи 3 багытта жүргүзүлөт:

Окуу сабаттуулугу (кыргыз тили, орус тили, чет тили)

Математикалык сабаттуулук ( алгебра, геометрия, информатика)

Табигый илимдер боюнча сабаттулук (физика, химия, биология, тарых, география)

















Бекитемин:

Директор: ___________



№________________________________________ орто мектебинин PISA программасында аткарылуучу иштер


Аткарылуучу иштер

Мөөнөтүү

Жооптуулар

1

PISA програмасы боюнча семинар өтүү

Октябрь



2

PISA програмасы боюнча атайын район жетекчилири менен биргеликте семинар уюштуруу

Октябрь

Мектеп администрациясы

3

PISA програмасы боюнча предмет мугалимдери окуучулардын билим сапатын турмушта пайдалана билүүсү боюнча план түзүү

Октябрь

Предмет мугалимдери

4

Бир айда аткарылган иштин жыйынтыгын анализдөө усулдук жетекчилер

Октябрь



5

Аткарылган иштин жыйынтыгы педсоветте кароо

Ноябрь

Мектеп администрация


Түзгөн: ____________________________________























9-класс. ОКУРМАНДЫК САБАТТУУЛУК

Өз максатына жетүү, өз билимин, потенциалын өнүктүрүү, ошондой эле коомдун турмушуна катышуу үчүн жана алар менен карым-катнаш жүргүзүү үчүн тексттерди түшүнүү, колдонуу, баалоо, ойлонуу.

Окуунун таанып-билүү компетенцияларынын спектри

– базалык декоддоштуруудан…

– сөздөрдү, грамматиканы жана чоӊураак тилдик жана тексттик структураны жана өзгөчөлүктөрдү билүүгө…

– дүйнөнү таанууга…

– метакогнитивдик компетенцияларга: таанып-билүүгө жана ар түрдүү тиешелүү стратегияларды колдонуу жөндөмү

Тексттин форматы

– үзгүлтүксүз тексттер (абзацтар)

– үзүлгөн тексттер (матрица форматы, тизмеси, …)

– аралаш тексттер

– комплекстүү тексттер (бири-биринен көз карандысыз).

Тексттердин классификациясы

– сүрөттөө

– айтып берүү

– баяндама

– негиздеме

– жетектеме/инструкциялар

– белгилөө.

Ошентип, республиканын мугалимдерине өз ишмердүүлүгүнүн жана окуучулардын ишмердүүлүгүнүн траекториясын өзгөртүү зарыл, бул балдардын логикалык ой жүгүртүүсүн, продуктивдик ишмердүүлүктү, сынчыл ойломду өнүктүрүү багытында жүрөт, аларда маалыматты түшүндүрүү, талдоо же башкаруу билгичтиктерин калыптандыруу, б.а. 2024-жылга карата биздин 15жашар балдарда компетенттүүлүктөрдүн абдан чоӊ спектри калыптануусу зарыл, анткени алар PISA эл аралык изилдөөгө катышууга даяр болуусу керек.

Төмөндө берилген тапшырмаларды окуп жана аткарып жатып, бул тапшырма кайсы компетенттүүлүктү текшерүүсү керектигине көӊүл буруу зарыл: кандайдыр бир табигый кубулуштун себеп-натыйжасын табуу, касиеттерин аныктоо жана салыштыруу, тыянактарды аргументациялоо, талдоо билгичтиги, түшүнүктөрдү жана кубулуштарды синтездөө, таблицалар, схемалар, сүрөттөр менен иштөө билгичтиги, фактыларды түшүндүрүү, татаал кырдаалдарды моделдөө.

Мугалимдин квалификациясынын жетишсиздигинен компетенттүүлүк мамилени өз ишмердүүлүгүндө ишке ашырууда, биздин мугалимдер окуучулар менен көбүнесе репродуктивдик тапшырмаларды аткарышат, ошондуктан алар өзүлөрүнүн ишмердүүлүктөрүн бул багытта өзгөртүүсү зарыл – көбүрөөк чыгармачыл продуктивдик тапшырмаларга өтүү.



Тесттик тапшырмалар жаӊы муундагы стандарттардын талабына ылайык, 3 деӊгээлдин негизинде түзүлүшү керек:


Репродуктивдик мүнөздөгү тапшырмалар.

  • Тапшырманын максаты – туура чечимди туура эмес чечимден бөлүү жөндөмү, алган билимди кайталап берүү, берилген үлгүгө карап кыймыл-аракет аткаруу;

Продуктивдик мүнөздөгү тапшырмалар.

  • Тапшырманын максаты – ишмердүүлүктүн өздөштүрүлгөн алгоритмин башка чөйрөдө, белгисиз жагдайда аткаруу;

«Чыгармачылык» (продуктивдик) мүнөздөгү тапшырмалар.

  • Тапшырманын максаты – өз ишмердүүлүгүн өз алдынча түзө алуу.

PISA изилдөөсүнүн структурасы: сабаттуулук.

Бул жерде сабаттуулук деп эмнени түшүнөбүз? Сабаттуулук – бул түшүнүүгө, баарлашууга жетишүү, керектүү пайдалуу билимдерди алуу жана басымдуу болгон маданий символдор системасын пайдалануу үчүн тил, сан, сүрөт, компьютер жана башка базалык каражаттарды колдонуу жөндөмдүүлүгү.

ОЭСР өлкөлөрүндө сабаттуулук концепциясы кеӊейип, өзүнө билимге технологиялардын жардамы менен жетүү жана татаал контексттерди баалоо көндүм-жөндөмдөрдү камтыйт.

PISA изилдөөсүндөгү сабаттуулук:

табигый илимдер

математика

окуу, түшүнүү

– кошумча бөлүм, социалдык көндүм – маселелерди чечүү