СДЕЛАЙТЕ СВОИ УРОКИ ЕЩЁ ЭФФЕКТИВНЕЕ, А ЖИЗНЬ СВОБОДНЕЕ

Благодаря готовым учебным материалам для работы в классе и дистанционно

Скидки до 50 % на комплекты
только до

Готовые ключевые этапы урока всегда будут у вас под рукой

Организационный момент

Проверка знаний

Объяснение материала

Закрепление изученного

Итоги урока

ПЛАН 1. Кыргыз Республикасынын президенти 2. Ант берүү 3. Президенттин штандарты 4. Президентинин штандартынын баяндамасы. 5. Президенттин белгиси 6. Кыргыз Республикасынын Президентинин белгисинин баяндамасы 7. Президенттин ыйгарым укуктары.

Нажмите, чтобы узнать подробности

Просмотр содержимого документа
«ПЛАН 1. Кыргыз Республикасынын президенти 2. Ант берүү 3. Президенттин штандарты 4. Президентинин штандартынын баяндамасы. 5. Президенттин белгиси 6. Кыргыз Республикасынын Президентинин белгисинин баяндамасы 7. Президенттин ыйгарым укуктары.»


ПЛАН

  1. Кыргыз Республикасынын президенти

  2. Ант берүү

  3. Президенттин штандарты

  4. Президентинин штандартынын баяндамасы.

  5. Президенттин белгиси

  6. Кыргыз Республикасынын Президентинин белгисинин баяндамасы

  7. Президенттин ыйгарым укуктары.





































  1. Кыргыз Республикасынын президенти.

Кыргыз Республикасынын президенти – мамлекет башчысы жана куралдуу күчтөрдүн башкы кол башчысы болуп саналат. Президент элдин жана мамлекеттик бийликтин биримдигин көрсөтүп турат. Президент Кыргыз Республикасынын жарандары тарабынан 5 жылга шайланат. Бир эле адам эки мөөнөттөн ашык Президент болуп шайлана албайт. Кыргыз Республикасынын Президенти болуп 35 жашка толгон, мамлекеттик тилди билген жана республикада жалпысынан 15 жылдан кем эмес жашаган Кыргыз Республикасынын жараны шайлана алат. Президенттин кызмат ордуна талапкерлердин саны чектелбейт. Жалпы мамлекеттик өнүгүү программасын сунуштаган жана 30 миңден кем эмес шайлоочунун кол тамгасын топтогон адам Президенттикке талапкер болуп каттала алат. Президентти шайлоо тартиби конституциялык мыйзам менен аныкталат. Президент кызматка киришинде Кыргыз Республикасынын элине ант берет.



  1. Ант берүү.

Мен, (аты-жөнү), Кыргыз Республикасынын Президентинин кызматына киришип жатып, өз элимдин алдында жана Ала-Тоо ыйык Ата, мен ант Кыргыз Республикасынын Башмыйзамынын сыйлоого жана коргоого жана анын мыйзамдарын, Кыргыз Республикасынын мамлекеттик, урмат-сый эгемендигин жана көз карандысыздыгын коргоого жана урмат-сый менен Кыргыз Республикасынын бардык жарандарынын эркиндиги менен укуктарын камсыз кылуу жана талыкпай жогорку милдеттерин жүзөгө ашыруу үчүн Кыргыз Республикасынын президенти, бүткүл эл ишенип мага жүктөгөн! Кудай бизди коргой берсин!





  1. Президенттин штандарты.



Республикасынын Президентинин штандарты Кыргыз Республикасындагы Президенттик бийликтин айырма белгиси жана символу болуп саналат.

Кыргыз Республикасынын Президентинин штандарты Кыргыз Республикасынын Президенти кызматка киришкенде тапшырылат. Кыргыз Республикасынын Президентинин штандартынын түп нускасынын турган жери Кыргыз Республикасынын борбор шаары – Бишкек шаарында Кыргыз Республикасынын Президентинин резиденциясындагы кызматтык кабинет болуп саналат.

Кыргыз Республикасынын Президентинин штандартынын дубликаты республиканын борбор шаарындагы Кыргыз Республикасынын Президентинин резиденциясынын үстүнө, Кыргыз Республикасынын Президенти аларда болгон убакта башка резиденциялардын үстүнө, Кыргыз Республикасынын Президентинин транспорт каражаттарына Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик желеги менен катар орнотулат; Мамлекет башчысынын катышуусу менен болгон салтанаттуу жана башка аземдерде Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик желеги менен катар орнотулушу мүмкүн.




Кыргыз Республикасынын Президентинин штандарты



  1. Кыргыз Республикасынын Президентинин штандартынын баяндамасы.



Кыргыз Республикасынын Президентинин штандарты (желеги) кеңдиги 50 мм алтын тасма жана алтын чачыктар менен жээктелген кызыл түстөгү (Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик желегинин түсүндөгү) кездеме болуп саналат. Кездеменин кеңдиги анын узундугунун бештен үчүн түзөт. Геометриялык борборунда алтын тегерек орун алып, анын диаметри желектин кеңдигинин бештен үчүн түзөт. Алтын тегеректин борборунда Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик гербинин стилдештирилген сүрөттөлүшү жайгаштырылат: алтын түстөгү айлананын борборунда жайгаштырылган канаттары жайылган ак шумкар жана арткы планда жайгаштырылган көл, Ала-Тоонун кыркалары жана алтын сымал түстөгү шоолалары бар чыгып келе жаткан күн. Айлананы тегерете алтын менен: «Кыргыз Республикасынын Президенти» деген жазуу жайгаштырылат. Жазуунун тамгаларынын өлчөмү алтын тегеректин диаметринин жетиден бирин түзөт. Штандарттын сабына мамлекеттик тилде Кыргыз Республикасынын Президентинин фамилиясы, ысымы жана атасынын аты менен анын шайлануу мөөнөтүн көрсөткөн дата чегип түшүрүлгөн күмүш тээк бекитилет. Штандарттын сабы найзанын учу түрүндөгү алтын түпөк менен бүтөт.





  1. Кыргыз Республикасынын Президентинин белгиси.



Кыргыз Республикасындагы Президенттик бийликтин айырма белгиси жана символу болуп саналат. Кыргыз Республикасынын Президентинин белгиси Кыргыз Республикасынын Президенти кызматка киришкенде тапшырылат. Кыргыз Республикасынын Президентинин белгисинин турган жери Кыргыз Республикасынын борбор шаары – Бишкек шаарындагы Кыргыз Республикасынын Президентинин резиденциясындагы кызматтык кабинет болуп саналат.

К
ыргыз Республикасынын Президентинин белгиси





  1. Кыргыз Республикасынын Президентинин белгисинин баяндамасы.



Президенттик бийликтин символу – Кыргыз Республикасынын Президентинин белгиси белгиден жана белгинин чынжырчасынан турат. Кыргыз Республикасынын Президентинин белгиси 7500 үлгүдөгү алтындан даярдалат жана эки элементтен турат;

Байыркы оймо шарданынан – байыркы кыргыздардын эң сыйлуу кудайларынын бири болгон Ыйык Умай Энеден – анын Ааламдын үстүнө каалгый учкан канаттуу түрүндөгү символдук сүрөттөлүшүнөн;

Кыргыз Республикасында жашаган элдердин бүтүндүгүнүн, бөлүнбөстүгүнүн жана көп түрдүүлүгүнүн символу болгон, иштетүүсү жана сапаты боюнча өзгөчө алтын сымал түстөгү цитринден (массасы 105,2 карат, диаметри 35,5 мм).

Белгинин чынжырчасы алтындан даярдалган жана бири-бирин кайталаган элементтерден туруп, алардын бир бөлүгү түндүк түрүндө, башка бөлүгү борборуна Кыргыз Республикасынын администрациялык түзүлүшүнүн символу болгон ири бермет жайгаштырылган симметриялык сегиз нурлуу алтын жылдыз түрүндө болот.

Белгинин чынжырчасынын жогорку бөлүгүндө жайгашкан пластинанын арткы жагына мамлекеттик тилде Кыргыз Республикасынын Президентинин фамилиясы, ысымы жана атасынын аты менен анын кызматка кирген убактысы чегерилип жазылат.





  1. Кыргыз Республикасынын Президентинтинин ыйгарым укуктары.



Республикасынын Президентинти Министрлер Кабинетинин түзүмүн жана курамын аныктайт. Министрлер Кабинетинин Төрагасын, анын орун басарларын жана башка мүчөлөрүн Жогорку Кеңештин макулдугу менен дайындайт. Министрлер Кабинетинин Төрагасынын, анын орун басарларынын жана башка мүчөлөрүнүн кызматтан кетирүү жөнүндө чечимди кабыл алат. Өзүнүн демилгеси же Жогорку Кенештин, Элдик Курул- тайдын сунушун эске алуу менен Министрлер Кабинетинин мучөлөрүн жана аткаруу бийлигинин башка органдарынын жетекчилерин мыйзамга ылайык кызматтан бошотот. Аткаруу бийлигинин башка органдарынын жетекчилерин кызматка дайындайт жана бошот, жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын башчыларын кызматка дайындайт жана бошотот. Президенттин Администрациясын, коопсуздук кеңешти түзөт жана жетектейт. Мамлекеттик катчыны, балдар укугу боюнча ыйгарым укуктуу өкүлдү кызматка дайындайт жана бошотот.