3.Жаңы теманы өтүү | 5-7мин | Мугалим окуучулардын билимин текшерип кыскача суроо-жооп жүргүзөт.Окуучулардын оюн угуп,тема боюнча түшүндурмө берет.Тустүү сүрөттөр, таблицалар,видео материал колдонулат. Мугалим төмөнкүлөр боюнча кыскача айтып берет: Маданий өсүмдүктөр (агромаданияты) — айыл чарбада тамак-аш, даары-дармек, малга тойут даярдоодо же башка бир максатта адам өстүргөн өсүмдүктөр айтылат.Өстүрүлүп Жаткан Өсүмдүктөрдүн Номенклатуралык Эл аралык Кодуна таянсак азыркы учурда маданий өсүмдүктөр үч категорияга бөлүнөт. Алар: түр, грекс (бир гана орхидея сымалдарга тийиштүү), жана топ.[1]Маданий өсүмдүктөр аргындоо (гибридтөө), ылгоо (селекциялоо), ген инженерия жолдору менен алынган. Жапайы өсүмдүктөрдү маданий өсүмдүкө айлантуу максатында изделип жатып, маданий өсүмдүктөрдү изилдөө, пайдалануу борборлору пайда болгон. Вавилов Н. И 1926—1939 жылдары чогулган билиминде жети маданий өсүмдүктөрдүн пайда болгон борборлорун тактап кеткен. Кооздук өсүмдүктөр түрүнөн айырмаланып, маданий өсүмдүктөрдүн табигый аймагы жок. Маданий өсүмдүктөрдүн классификациясы: -Кооздук ( роза ); -Дан өсүмдүктөрү ( күрүч, буудай, жүгөрү); -Буурчак (фасоль, соя); -Крахмалдуулар (батата, картөшкө); -Шекрлүүлөр (кант кызылча); -Майлуулар (күн карама); -Буулалулар; -Бакчалыктар (дарбыз, коон); -Жашылча-жемиштер (помидор, бадыраң, укроп); -Мөмө-жемиш өсүмдүктөрү (ананас, кокос); -Стимулдаштыруучу (чай, кофе, апийим). | Өсүмдүк биргелештиктери жана маданий өсүмдүктөрдүн келип чыгышы жөнүндө кантип үйрөнүү керек жана алардын окуп үйрөнүүнүн мааниси чоң экендиги жөнүндө айтып беришет. Теманын үстүнөн талкууларга активдүү катышышат. Түшунбөгөн жерлерин мугалимден сурашат. Мугалимге суроо берүүнү,оз оюн кенен айтууга үйрөнушөт Чанактуулар тукуму жөнүндө кантип окуп үйрөнүү керек экендигин айтып беришет. | | | |
4.Жаңы теманы бышыктоо | 15 мин. | Мугалим өсүмдүк биргелештиктери жана маданий өсүмдүктөрдүн келип чыгышынын маанисин видео тасма аркылуу көрсөтүп берет. 1 .Өсүмдүк биргелештиги деген эмне? 2.Биргелештиктерге мисал келтиргиле? 3.Кайсы өсүмдүктөр чөлдө өсөт? 4.Токойдогу өсүмдүктөрдү кабаттуулукка жайгаштыр? | Окуучулар өсүмдүк биргелештиктери жана маданий өсүмдүктөрдүн келип чыгышы жөнүндө видео тасма боюнча ой пикирлерин талкуу кылышат жана керектүү болгон каражаттарды ажыратып, таанышат. | | | |
5.Талкуу | 10 мин | Мугалим өсүмдүк биргелештиктери жана маданий өсүмдүктөрдүн келип чыгышы талкуулоо үчун каражаттарды таркатат. Терминдер: биргелештик,кабаттуулук. | Алдындагы каражат,буюмдарды кандай учурда,эмнеге ,каерде пайдаланса болоорун айтып беришет. | | | |