СДЕЛАЙТЕ СВОИ УРОКИ ЕЩЁ ЭФФЕКТИВНЕЕ, А ЖИЗНЬ СВОБОДНЕЕ
Благодаря готовым учебным материалам для работы в классе и дистанционно
Скидки до 50 % на комплекты
только до
Готовые ключевые этапы урока всегда будут у вас под рукой
Организационный момент
Проверка знаний
Объяснение материала
Закрепление изученного
Итоги урока
1-сабак
Числосу 6-классы
Текшерген: окуу бөлүмүнүн башчысы: ___________
Сабактын темасы: Коопсуздук техникасы жана жумушчу орунду уюштуруу. Курчаган чөйрөнүн объекттери
Сабактын максаты:
предметтик – компьютердин негизги түзүлүштөрү жана алардын аткарган функциялары боюнча системалаштырылган түшүнүктөрдү алышат;
метапредметтик – информацияны иштетүүчү уни-версалдуу түзүлүш катары компьютер тууралуу жалпылаган түшүнүктөрдү билишет;
жеке инсандык – азыркы замандагы адамдын турму-шундагы компьютердин ролун түшүнүп; компьютердин негизги мүмунчүлүктөрү тууралуу билимдерин өзүнүн турмуштук тажрыйбасы менен байланыштыра алат; эсептөө техникасынын тарыхына байланыштуу суроолорго кызыгуу.
Чечилүүчү окуу маселелери:
А. компьютердин маңызын универсалдуу (1) электрондук (2) программалык-башкаруу (3) түзулүштөр катары түшүнүшөт;
Б. компьютердин негизги түзүлүштөрү тууралуу түшүнүктөрдү анын аткарган кызматтары көз карашында жалпылап; адам менен компьютерди салыштырууну жүргүзүшөт;
В. компьютердин негизги мүнөздөмөлөрүн билишет; компьютердеги информациялык агымдардын схемасын көрүшөт.
Негизги түшүнүктөр: компьютер; процессор; эс; информацияны киргизүү түзүлүштөрү; информацияны чыгаруу түзүлүштөрү.
Сабакта колдонулуучу ИКТ каражаттары:
- мугалимдин персонал компьютери (ПК), мультимедиалык проектор, экран, окуучулардын ПК.
Сабактын мазмунун баяндоонун өзгөчөлүктөрү
Сабактын башталышында «Компьютердин негизги компоненттери жана алардын аткарган функциялары» презентацияны колдонуу менен жаңы информация берилет. Презентациянын жүрүшүндө “Компьютер жана анын аткарган кызматы” анимациясын көрсөтүү керек. Информациялык агымдардын схемасын кароодо “Санариптик ЭЭМдин түзүмү-магистраль (шина)” анимациясын колдонобуз. Алынган информацияны бекемдөө максатында “Компьютердин түзүлүшү-1” программа-тренажёрун колдонуп, окуучулардын жеке ишин уюштуруу же тапшырманы фронталдык чоң экранда аткартуу.
Үй тапшырмасы. § 1, 1–11-суроолор жана тапшырмалар.
Компьютердик практикум
1-иш. Компьютерди башкаруунун ыкмалары.
2-сабак
Числосу__________________ 6- классы
Текшерген: окуу бөлүмүнүн башчысы: ___________
Сабактын темасы: Персонал компьютер
Сабактын максаты:
предметтик – компьютердин негизги түзүлүштөрүн жана алардын актуалдуу мүнөздөмөлөрүн билишет;
метапредметтик – персонал компьютердин негизги түзүлүштөрүнүн аткарган кызматтарын түшүнүшөт;
жеке инсандык – азыркы замандагы адамдын турмушун-дагы компьютердин ролун түшүнүшөт; компьютердин негизги мүмкүнчүлүктөрү тууралуу билимдерин өзүнүн турмуштук тажрыйбасы менен байланыштыра алышат.
Чечилүүчү окуу маселелери:
А. окуучулардын персонал компьютер жөнүндөгү билимдери систематизацияланат;
Б. персонал компьютердин түзүлүштөрүн негизги сапаттык жана сандык мүнөздөмөлөрү менен таанышышат (учурдагы абалдары боюнча);
В. компьютерди Интернетке чыгуунун аспабы катарында кароо түшүнүктөрүн билишет ; компьютердик түйүндөр тууралуу жалпы түшүнүктөрдү калыптандырышат, маалыматтарды берүү ылдамдыгы түшүнүктөрүн билишет.
Сабакта карала турган негизги түшүнүктөр: персонал компьютер; системдик блок: башкы плата; борбордук процессор;оперативдик эс; катуу диск; сырткы түзүлүштөр: клавиатура, маус, монитор, принтер, акустикалык колонкалар; компьютердик түйүн; сервердик компьютер, жумушчу компьютер.
Сабакта колдонулуучу ИКТ каражаттары: мугалимдин персонал компьютери, мультимедиалык компьютер, экран; окуучулардын персонал компьютерлери.
Сабактын мазмунун баяндоонун өзгөчөлүктөрү Сабактын башталышында төмөндөгүлөр аткарылат:
1.§ 1 карата окулуп үйрөнгөн суроо, тапшырмаларды текшерүү;
2.үйгө берилген тапшырмаларды (прак. тапшырмалардан) көз жүгүртүп текшерүү;
3.компьютердин ички ЭСи жөнүндө бир окуучунун айтып берүүсүн жалпы класс менен угуу.
Сабактын андан аркы жүрүшүн «Персонал компьютер» презентациясын колдонуу аркылуу улантуу керек. Кошумча материал катарында «Системалык блоктун бєөлүктөрү», «Системалык блок (артынан көрүнүшү)», «ЭЭМдин ачык архитектурасы» анимацияларын колдонуу сунуш кылынат. Бул окуу материалдарын берүү убагында №6,№12 тапшырмаларын аткаруу менен жыйынтыктарын талкуулоо сунуш кылынат.
Сабактын практикалык бөлүгүндө тексттик процессордо компьютердик практикумду аткарууну уюштурса болот.
Үй тапшырмасы. § 1 ылайык 1–11-суроолор жана тапшырмалар каралат.
Компьютердик практикум
1-иш. Компьютерди башкаруунун ыкмалары.
3-сабак
Числосу__________________ 6- классы
Текшерген: окуу бөлүмүнүн башчысы: ___________
Сабактын темасы: Персонал компьютердин программалык жабдылышы. Системалык программалык жабдылыш
Сабактын максаты:
А.предметтик – персонал компьютердин программалык жабдылышы жана анын негизги топтору тууралу билишет;
Б.метапредметтик – персонал компьютердин системдик программалык жабдылышынын аткарган кызматтарын түшүнүшөт;
В.жеке инсандык – азыркы замандагы адам баласынын жашоосундагы компьютердин ролун түшүнүү; информациялык коопсуздуктун маанилүү багыты катарында вирустан коргонуунун маанисин түшүнүшөт.
Чечилүүчү окуу маселелери:
А.персонал компьютердин программалык жабдылышы тууралуу окуучулар маалымат алышат;
Б.системалык программалык жабдылыштардын түрдүү категориялары тууралуу түшүнүктөрдү системдештирет;
В.операциялык системаларды жана алардын аткарган функциялар менен таанышышат.
Сабакта карала турган негизги түшүнүктөр: программа;
программалык жабдуулар (ПЖ); системалык ПЖ; операциялык система; архиватор; антивирустук программа.
Сабакта колдонулуучу ИКТ каражаттары: мугалимдин персонал компьютери, мультимедиалык компьютер, экран; окуучулардын ПК.
Сабактын мазмунун баяндоо өзгөчөлүктөрү
Сабактын башталышында төмөндөгүлөр аткарылат:
1.§ 2 суроолору боюнча өтүлгөн материалдарды кайталоо;
2.үйгө берилген тапшырмаларды көз жүгүртүп текшерүү. Сабактын материалын «Компьютердин программалык жабдылышы» презентациясын колдонуу менен берсе болот (электрондук тиркемеде). Толуктоо максатында «Персонал компьютердин программалык жабдылышынын структурасы», «Системдик программалык жабдылыш», «Операциялык система» презентацияларын колдонгон ылайык.
Сабактын практикалык бөлүгүндө кандай антивирустук программа мектепте колдонулса ошол программа менен иштөөнүн төмөндөгү планын колдонуу сунуш кылынат:
1.антивирустук программаны жүктөө;
2.программа жүктөлгөндөн кийин негизги мүмунчүлүктөрү менен таанышуу;
3.антивирустун базасын жаңылоо функциясын ишке чегүү;
4.локалдык дискти, флешканы же тандалып алынган папканы сканерлөө жумуштарын аткаруу.
Үй тапшырмасы. § 2 параграфындагы 1–11-суроолорду жана тапшырмаларды аткаруу.
Компьютердик практикум
2-иш. Файлдарды түзөбүз жана сактайбыз.
4-сабак
Числосу__________________ 6- классы
Текшерген: окуу бөлүмүнүн башчысы: ___________
Сабактын темасы: Колдонмо программалык камсыздоо
Сабактын максаты:
предметтик – программалоо тууралуу түшүнүктү профессионалдык ишмердүүлүктүн бир сферасы катары билишет; башка ишмердүүлүктөрдө компьютерди колдонуунун мүмкүнчүлүктөрү туурасындагы түшүнүктөрдү алышат;
метапредметтик – персонал компьютердин программалык жабдылышынын аткарган кызматын түшүнүшөт;
жеке инсандык – программалык жабдылыштардын колдонуунун укуктун нормаларын түшүнүп; колдонулуп жаткан программалык жабдылышка жоопкерчилик менен мамиле жасоону үйрөнүшөт.
Чечилүүчү окуу маселелери:
окуучулардын программалоо ишмердүүлүгү жөнүндөгү түшүнүктөрүн өнүктүрүү;
прикладдык программалык жабдылыш түшүнүктөрүн
системалаштыруу;
программалык жабдылыштарды колдонуунун укуктук нормаларын кароо.
Сабакта карала турган негизги түшүнүктөр: программалык камсыздоо (ПК); колдонмо ПК; программалоочу система; жалпы максаттагы тиркемелер; атайын максатка ылайыкталган тиркемелер; ПКнын укуктук статусу.
Сабакта колдонулуучу ИКТ каражаттары: мугалимдин персонал компьютери, мультимедиалык компьютер, экран; окуучулардын персонал компьютерлери.
Сабактын мазмунун баяндоонун өзгөчөлүктөрү: Сабактын башталышында төмөндөгүлөр аткарылат:
§ 3 суроолору боюнча өтүлгөн материалдарды кайталоо;
үйгө берилген тапшырмаларды көз жүгүртүп текшерүү;
Толуктоо иретиндеги берилген тапшырмаларды текшерүү. Сабактын материалын «Компьютердин программалык камсыздоосу» презентациясын колдонуу ылайык (электрондук тиркемеде). Толуктоо максатында «Программалоо системалары», «Прикладдык программалык камсыздоо» презентацияларын колдонсо болот.
Өзгөчө колдонулуп жаткан программалык камсыздоолордун укуктук нормаларына көңүл буруу зарыл. Сабактын практикалык бөлүгүндө окуучулардын иштөөсүн Интернет ресурстарын колдонуу менен уюштурган туура:
1.Интернетте Gimp программасынын мүмкүнчүлүктөрү жөнүндөгү маалыматтарды жана бул программанын лицензиялык макулдашуу баракчасын табуу;
2.Интернетте Adobe Photoshop программасынын мүмунчүлүктөрү жөнүндөгү маалыматтарды жана бул программанын лицензиялык макулдашуу баракчасын табуу;
3.Бул эки программанын мүмунчүлүктөрүн салыштыруу;
4.Бул эки программанын колдонуунун шарттарын салыштыруу (лицензия тексттери боюнча);
5.Кайсы программаны колдоно турганыңарды айтып бергиле.
Үй тапшырмасы. § 2 параграфындагы 1–11-суроолорду жана тапшырмаларды аткаруу.
Компьютердик практикум
2-иш. Файлдарды түзөбүз жана сактайбыз.
5-сабак
Числосу__________________ 6- классы
Текшерген: окуу бөлүмүнүн башчысы: ___________
Сабактын темасы:Алгоритмдештирүүнүн негиздери. Турмуштук маселелер. Алгоритм деген эмне?
Сабактын максаты:
А. предметтик – информатиканын негизги түшүнүктөрүнүн бири болгон алгоритм түшүнүгүн алышат;
Б. метапредметтик – коюлган максатка жетүүнүн жолдорун өз алдынча пландап билип; өзүнүн жасаган иштерин пландалган жыйынтыктар менен салыштыра алышат, өзүнүн ишмердүүлүгүн текшерип, берилген шарттарга ылайык жасалуучу аракет-ердин ыкмаларын аныктай алышат, өзгөрүлгөн абалга жараша өзүнүн аракетин ылайыктап; окуу тапшырмаларынын аткарылышынын тууралыгын баамдай алышат;
В. жеке инсандык – окуу материалынын мазмунун өзүнүн жеке турмушундагы тажрыйбалар менен байланыштыра алышат, азыркы заманга ылайык адамдын алгоритмдик ой жүгүртүүсүнүн маанисин түшүнүшөт.
Чечилүүчү окуу маселелери:
схемалар жана алардын түрлөрү тууралуу түшүнүктөрдү бекемдөө
күнүгө ар бир адам чече турган турмуштук тапшырмалардын алкагын аныктоо;
көптөгөн тапшырмаларды чече ала турган инструмент катары алгоритм жөнүндө түшүнүк берүү;
Сабакта карала турган негизги түшүнүктөр: маселелердин коюлушу; баштапкы маалыматтар; жыйынтык; алгоритм.
Сабакта колдонулуучу ИКТ каражаттары: мугалимдин персонал компьютери, мультимедиалык компьютер, экран; окуучулардын ПК.
Окуу материалына берилген электрондук тиркеме:
«Алгоритм деген эмне?» презентациясы.
Сабактын мазмунун баяндоонун өзгөчөлүктөрү:
Өтүлгөн окуу материалын актуалдаштыруунун жана текшерүүнүн төмөндөгүдөй удаалаштыгы сунушталат:
1.Үй тапшырмасын текшерүү жана талкуулоо;
2. § 4 ылайык теориялык материалды берүү. № 3 тапшырманы класста аткаруу.
Сабактын практикалык бөлүгүнн окуу материалындагы № 4 тапшырманын негизинде уюштурса болот.
Үй тапшырмасы: § 3; № 1, № 2, № 3, № 4, № 5
Компьютердик практикум
4-иш. Кайталануучу фигураларды тартуу. Тапшырмаларды чыгаруудагы жооптор жана көрсөтмөлөр.
Окуу китебиндеги тапшырмалар:
3. Эгиз бир туугандар – Б1 жана Б2, энеси – Э, атасы – А болсун дейли. Бир жээктен экинчи жээкке өтүүнүн планы төмөнудөй болушу мүмкүн:
1) Б1 жана Б2; 2) Б1; 3) Э; 4) Б2; 5) Б1 жана Б2; 6) Б1; 7) А;8)Б2.
6-сабак
Числосу__________________ 6-классы
Текшерген: окуу бөлүмүнүн башчысы: ___________
Сабактын темасы:Алгоритмдер жана аткаруучулар. Аткаруучулардын түрдүүлүгү. Формалдык аткаруучу жана автоматташтыруу
Сабактын максаты:
А.предметтик – алгоритмди аткаруучу тууралуу түшүнүк алышат;
Б.метапредметтик – коюлган максатка жетүүнүн жолдорун өз алдынча пландап билүү менен өзүнүн аракеттерин текшерип турушат, сунуш кылынган шарттын аймагында жасалуучу иштин ыкмаларын аныктап, өзгөрүп кеткен абалдарга ылайык жасалуучу аракеттерге түзүүлөрдү киригизе алышат,
В. жеке инсандык – окуу материалынын мазмунун өзүнүн жеке турмушундагы тажрыйбалар менен байланыштырып, азыркы заманга ылайык адамдын алгоритмдик ой жүгүртүүсүнүн маанисин түшүнүшөт.
Чечилүүчү окуу маселелери:
алгоритмдер жөнүндөгү түшүнүктөрдү бышыктоо;
аткаруучулар жөнүндөгү түшүнүктөрдү системалаштыруу;
формалдуу аткаруучу жана анын мүнөздөмөлөрү жөнүндөгү түшүнүктөрдү калыптандыруу;
адамдар, компьютерлер тарабынан жана алгоритмди аткаруучулар тарабынан аткарган функциялар жөнүндөгү жалпы түшүнүктөрдү калыптандыруу.
Сабакта карала турган негизги түшүнүктөр: алгоритм; аткаруучу; аткаруучунун командалар системасы; формалдуу аткаруучу; автоматташтыруу.
Сабакта колдонулуучу ИКТ каражаттары: мугалимдин персонал компьютери, мультимедиалык компьютер, экран; окуучулардын ПК.
Окуу материалына берилген электрондук тиркеме:
1) «Алгоритмдер жана аткаруучулар» презентациясы; Программалык жабдылыш (лицензия талап кылбаган)
2) КуМир (http://www.niisi.ru/kumir/) системасындагы Кузнечик аткаруучу.
Сабактын мазмунун баяндоонун өзгөчөлүктөрү:
Өтүлгөн окуу материалын актуалдаштыруу жана текшерүү этабында практикалык тапшырмалардын аткарылгандыгын көз жүгүртүп текшерип коюу жетиштүү болот.
Бул сабактын тематикасы практикалык тапшырмаларда кеңири берилген.
Үй тапшырмасы: § 4, № 1–№ 9.
3-иш. Абсолюттук жылышуу командасы менен параллелограммды чийүү.
Көрсөтмөлөр, комментарий, жооптор жана чыгаруулар:
Окуу китебиндеги тапшырмалар:
3. 1) Оркестр дирижёрдун көрсөтмөлөрүн аткаруучу формалдык аткаруучу болуш керек. 2) Окуучу – формалдуу эмес аткаруучу. 3) Фармацевт – формалдуу аткаруучу. 4) Врач – формалдуу эмес аткаруучу. 5) Конвейердеги автомат – формалдуу аткаруучу. 6) компьютердеги программа – формалдуу аткаруучу, ошондуктан ал колдонуучуга сөздү алмаштыруунун варианттарын сунуштайт.
7-сабак
Числосу__________________ 6-классы
Текшерген: окуу бөлүмүнүн башчысы: ___________
Сабактын темасы: Алгоритмдин жазылыш формалары
Сабактын максаты:
А. предметтик – түрдүү алгоритмдердин жазылыш формалары жөнүндө түшүнүк алышат;
Б. метапредметтик – коюлган максатка жетүүнүн жолдорун өз алдынча пландай билшет; өзүнүн аракеттерин текшерип туруушат, сунуш кылынган шарттын аймагында жасалуучу иш-тердин ыкмаларын аныктап, өзгөрүпп кеткен абалдарга ылайык жасалуучу аракеттерге түзүүлөрдү киргизишет; окуу тапшыр-маларынын туура аткарылгандыгын баалоо; информациялык моделдөөнү билишет.
В. жеке инсандык – окуу материалынын мазмунун өзүнүн жеке турмушундагы тажрыйбалар менен байланыштыра алышат, азыркы заманга ылайык адамдын алгоритмдик ой жүгүртүүсүнүн маанисин түшүнүшөт.
Чечилүүчү окуу маселелери:
- алгоритмдер жана аткаруучулар жөнүндөгү түшүнүктөрдү бышыктоо;
- окуучулардагы алгоритмдин жазылыш формалары тууралуу түшүнүктөрдү системалаштыруу;
- алгоритмди жазылыш формасы катарында блок-схема түшүнүгүн киргизүү.
Сабакта карала турган негизги түшүнүктөр: алгоритм; аткаруучу; блок-схема.
Сабакта колдонулуучу ИКТ каражаттары: мугалимдин персонал компьютери, мультимедиалык компьютер, экран; окуучулардын ПК. Окуу материалына берилген электрондук тиркеме:
«Алгоритмдер жана аткаруучулар» презентациясы; Программалык жабдылыш (лицензия талап кылбаган)
КуМир (http://www.niisi.ru/kumir/) системасындагы Кузнечик алгоритм аткаруучу.
Сабактын мазмунун баяндоонун өзгөчөлүктөрү:
Өтүлгөн окуу материалын актуалдаштыруунун жана текшерүүнүн төмөндөгүдөй удаалаштыгы сунушталат:
1.Окуучулар окуу материалдагы суроолорго жооп беришет;
2.Практикалык тапшырмалардагы аткарылуучу маселелерди көз жүгүтүп текшерүү жана талкуулоо жүрөт;
Жаңы материалды берүүдө окуучулардын көңүлүн алго-ритмдердин жазылыш формаларынын кээ бири аларга жакшы тааныш экендигин баса белгилеп (мисалы, тизмектелип же таблица түрүндө берилиши), алгоритмдин блок-схема түрүндө берилишине убакытты көбүрөөк бөлүү керек.
Окуу материалын бышыктоо 1–4-тапшырмаларды кароо менен жүргүзөт.
Үй тапшырмасы: § 5 окуу китеби, № 1–№ 4.
Компьютердик практикум
5-иш. Тексттик редактордун графикалык мүмкүнчүлүктөрү менен таанышабыз.
Тапшырмаларды чыгаруудагы жооптор жана көрсөтмөлөр:
Окуу китебиндеги тапшырмалар
№2. Төмөндөгү аракеттер менен маселени чечсе болот:
1) 9 литрдик чаканы сууга толтуруу керек;
2) 9 литрдик чакадан 5 литрдик чакага толтуруу керек;
3) 5 литрдик чакадагы сууну төгүп таштоо керек;
4) 5 литрдик чакага 9 литрдик чакада калган 4 литр сууну куюп алуу керек;
литрдик чаканы сууга толтуруу керек;
литрдик чакадан 5 литрдик чакага толуктап куюш керек;
литрдик чакадагы сууну төгүп таштоо керек;
литрдик чакадан 5 литрдик чакага толтуруу керек;
литрдик чакадан сууну төгүп таштоо керек;
11)үйгө 9 литрдик чакадагы калган сууну алып баруу керек.
№ 4. Бул алгоритм аткарылгандан кийин Чегиртке 4 санынын үстүндө болуп калат.
8-сабак
Числосу__________________ 6-классы
Текшерген: окуу бөлүмүнүн башчысы: ___________
Сабактын темасы: Сызыктуу алгоритмдер
Сабактын максаты:
А. предметтик – сызыктуу алгоритмдер тууралуу түшүнүктөрдү алышат;
Б. метапредметтик – коюлган максатка жетүүнүн жолдорун өз алдынча пландоону билишет; өзүнүн аракеттерин текшерип турушат, сунуш кылынган шарттын аймагында жасалуучу жу-муштун ыкмаларын аныктап, өзгөрүп кеткен абалдарга ылайык жасалуучу аракеттерге түзөтүүлөрдү киргизишет; окуу тапшырмаларынын туура аткарылгандыгын баалоо; ИКТ-компетентүүлүк (сызыктуу презентацияларды түзүшөт);
В. жеке инсандык – окуу материалынын мазмунун өзүнүн жеке турмушундагы тажрыйбалар менен байланыштыра алышат, азыркы заманга ылайык адамдын алгоритмдик ой жүгүртүүсүнүн маанисин түшүнүшөт.
Чечилүүчү окуу маселелери:
-сызыктуу алгоритм түшүнүгүн калыптандыруу;
-формалдуу аткаруучулар үчүн берилген командалар системасы аркылуу сызыктуу алгоритмдерди түзүүнү үйрөтүү;
-графикалык сүрөттөлүштөрдү вектордук графиканын каражаттары менен түзүүнү билүүнү актуалдаштыруу;
-бир нече слайддан турган презентацияны түзүүнү билүүнү актуалдаштыруу.
Сабакта карала турган негизги түшүнүктөр: алгоритм; блок-схема; сызыктуу алгоритм.
Сабакта колдонулуучу ИКТ каражаттары: мугалимдин персонал компьютери, мультимедиалык компьютер, экран, окуучулардын ПК.
Окуу материалына берилген электрондук тиркеме: 1) «Алгоритмдердин типтери» презентациясы.
Сабактын мазмунун баяндоонун өзгөчөлүктөрү:
Өтүлгөн окуу материалын актуалдаштыруунун төмөндөгүдөй удаалаштыгы сунушталат: Төмөндөгү суроолор талкууланат: - 1.Алгоритм деген эмне?
2.Мектепте кандай алгоритмдерди окуп үйрөндүңөр?
3.Алгоритмдерди аткаруучулар деген ким же эмне?
4.Силерге алгоритмдин кандай жазылыш формалары белгилүү?
5.Блок-схема түзүүдө кандай геометриялык фигуралар кол-донулат жана алар кандай аракеттерди түшүндүрөт?
6.Практикалык тапшырмалар текшерилет.
Мындан кийин сызыктуу алгоритм түшүнүгү боюнча тапшырмалар аткарылат.
Сабактын 2-бөлүгүндө окуучулар «Сызыктуу презента-цияны түзөбүз» ишин аткарууга киришет. Мында «Саат» деген темада түзүшөт. Тапшырманы берүү алдында даярдалган үлгүнү көрсөтүү. Презентациядагы слайддар базалык баштапкы сүрөтүнүн негизинде түзүлөт. PowerPoint презентация редакто-рунда вектордук графиканын жардамы менен түзүлөт.
Үй тапшырмасы: § 7 № 1–№ 8.
Компьютердик практикум
6-иш. Даяр фигуралар менен иштөө Тапшырмалардын жооптору жана көрсөтмөлөр
Окуу китебиндеги тапшырмалар № 2
| Программа | Программанын аткарылыш протоколу |
|
|
|
| Кошуу 1 | Баштапкы мааниси: 0. |
| Көбөйтүү 2 | 1 |
| Кошуу 1 | 2 |
| Көбөйтүү 2 | 3 |
| Көбөйтүү 2 | 6 |
| Көбөйтүү 2 | 12 |
| Кошуу 1 | 24 |
| Көбөйтүү 2 | 25 |
|
| 50 |
|
| Жыйынтык: 50. |
|
|
|
9-сабак
Числосу__________________ 6- классы
Текшерген окуу бөлүмүнүн башчысы ________
Сабактын темасы: Тармактуу алгоритмдер
Сабактын максаты:
А. предметтик – тармактануу алгоритмдер түшүнүгүн алышат;
Б. метапредметтик – коюлган максатка жетүүнүн жолдорун өз алдынча пландоону билишет; өзүнүн аракеттерин текшерип турушат, сунуш кылынган шарттын аймагында жасалуучу иштин ыкмаларын аныктоо, өзгөрүп кеткен абалдарга ылайык жасалуучу аракеттерге түзөтүүлөрдү киригзе алышат, окуу тапшырмаларынын аткарылгандыгын баалап, ИКТ компетенттүүлүк (гипершилтемелер менен презентация түзө алышат)
В. жеке инсандык – окуу материалынын мазмунун өзүнүн жеке турмушундагы тажрыйбалар менен байланыштырып, азыркы заманга ылайык адамдын алгоритмдик ой жүгүртүүсүнүн маанисин түшүнүшөт.
Чечилүүчү окуу маселелери:
-окуучулардын алгоритм түшүнүгүн өстүрүү;
-тармактануу алгоритмдер түшүнүгүн калыптандыруу;
-түрдүү кырдаалдарда тармактанууну көрө билгенге үйрөтүү; ---блок-схемалардын жардамы менен тармактануу алгоритмдерин аткарууну үйрөтүү
-тармактануу алгоритмдерин иштеп чыгуунун көндүмдөрүн иштеп чыгуу;
- бир нече слайддардан презентация түзүүнү билүүнү бышыктоо;
-гипершилтемелер менен презентацияларды түзүүнү үйрөтүү.
Сабакта карала турган негизги түшүнүктөр: алгоритм; алгоритмдин типтери; сызыктуу алгоритм; шарты; тармактануу; гипершилтеме.
Сабакта колдонулуучу ИКТ каражаттары: мугалимдин персонал компьютери, мультимедиалык компьютер, экран; окуучулардын персонал компьютерлери;
Окуу материалына берилген электрондук тиркеме: 1.«Алгоритмдердин типтери» презентациясы.
Сабактын мазмунун баяндоонун өзгөчөлүктөрү:
Өтүлгөн окуу материалын актуалдаштыруунун жана текшерүүнүн төмөндөгүдөй удаалаштыгы сунушталат:
1.практикалык тапшырмаларды аткарууну текшерүү жана тапшырманын толук аткарылышын талкуулоо;
2.төмөндөгү суроолор талкууланат:
-Алгоритм деген эмне?
-Кандай алгоритмдер сызыктуу деп аталышат?
-Сызыктуу алгоритмге кандай мисалдарды келтире аласыңар?
-Силерге белгилүү болгон алгоритмдердин бардыгын сызыктуу алгоритм десек болобу?
Тармактануу алгоритм түшүнүгүн киргизгенден кийин окуу материалынын негизинде түзүлгөн практикалык тапшырмалардан ушул типтеги алгоритмдер каралат (мугалим тандайт).
Сабактын экинчи бөлүгүндө окуучулар № 16 «Гипершилте-ме менен презентация түзөбүз» тапшырмасын («Жыл мезгилде-ри») аткарууга киришет. Тапшырманы берүүнүн алдында мурун даярдалган үлгүнү көрсөтсө кызыктуурак болот. Презентациядагы слайддар базалык баштапкы сүрөттүн негизинде түзүлөт. Түзүлө турган 5 слайддын ичинде окуучулар гипершилтеме менен иштөөнү үйрөнүшү керек.
Үй тапшырмасы: § 7, № 4, № 5, № 6.
Компьютердик практикум
7-иш. Компьютердик документтерди даярдайбыз Окуу китебиндеги тапшырмалар:
№ 4. Эки жолу таразага тартуу керек болот.
1- кадам. Монеталарды үч үймөккө бөлөбүз: 3 + 3 + 3.
2-кадам.Тандалып алынган эки үймөктү салыштырабыз. Эгерде алардын салмактары бирдей болсо, анда жасалма монета үчүнчү үймөктө болот, болбосо үймөктүн эң жеңилинде.
3-кадам. Эки тандалып алынган монетаны салыштырабыз. Эгерде алардын салмактары бирдей болсо, анда үчүнчү монета жасалма болот, анын салмагы эң жеңил.
10–1-сабак
Числосу__________________ 6- классы
Текшерген окуу бөлүмүнүн башчысы ________
Сабактын темасы: Аткаруучу ГРАТ (Чиймечи).
Алгоритмдик башкаруунун мисалы ГРАТ (Чиймечи)
Сабактын максаты:
А. предметтик – аткаруучуну башкаруу үчүн алгоритмдерди түзүү билгичтиги калыптанат;
Б. метапредметтик – коюлган максатка жетүүнүн жолдорун өз алдынча пландоону билишет; өзүнүн аракеттерин текшерип турушат, сунуш кылынган шарттын алкагында жасалуучу иштин ыкмаларын аныктап, өзгөрүп кеткен абалдарга ылайык жасалуучу аракеттерге түзөтүүлөрдү киргизишет; окуу тапшырмаларынын туура аткарылгандыгын баалоо; аткаруучуга түзүлгөн алгоритмдин жардамы менен башкаруунун жана чечим кабыл алуунун тажрыйбаларын арттырышат
В. жеке инсандык – окуу материалынын мазмунун өзүнүн
жеке турмушундагы тажрыйбалар менен байланыштыра алышат, азыркы заманга ылайык адамдын алгоритмдик ой жүгүртүүсүнүн маанисин түшүнүшөт.
Чечилүүчү окуу маселелери:
-окуучуларда аткаруучулар тууралуу түшүнүгүн өнүктүрүү
- алгоритм тууралуу аткаруучунун ишмердүүлүгүнүн модели экендиги түшүнүгүн калыптандыруу;
-чиймечи аткаруучу менен (чөйрө, чечилүүчү тапшырмалардын чөйрөсү, АКС, иштөө режимдери, иштебей калуу (отказ) тааныштыруу.
Сабакта карала турган негизги түшүнүктөр: алгоритм; аткаруучу; формалдуу аткаруучу; аткарыла турган тапшырмалардын алкагы; аткаруучунун чөйрөсү; аткаруучунун командалар системасы (АКС); аткаруучунун иштебей калган учурлардагы системасы (отказ); аткаруучунун иштөө режимдери (түздөн-түз, программалык); башкаруу; салыштырма жылуу; абсолюттук жылуу.
Сабакта колдонулуучу ИКТ каражаттары: мугалимдин персонал компьютери, мультимедиалык компьютер, экран; окуучулардын персонал компьютерлери;
Окуу материалына берилген электрондук тиркеме:
1.«Чиймечи аткаруучусун башкаруу» презентациясы. Программалык жабдылыш (лицензия талап кылбаган)
2.КуМир (http://www.niisi.ru/kumir/) системасындагы Чиймечи алгоритм аткаруучу.
Сабактын мазмунун баяндоонун өзгөчөлүктөрү: Сабактын башталышында үй тапшырмасын текшерип жана окуучулардын көңүлүн төмөндөгү суроолорго буруу зарыл:
-Алгоритм деген эмне?
-Кандай алгоритмдер сызыктуу деп аталышат?
-Аракеттердин кандай уюштурулушу тармактануу деп аталат?
-Кандай алгоритмдерди циклдык алгоритмдер деп аташат?
-Алгоритмди аткаруучулар жөнүндө эмнелерди билесиңер?
-Формалдуу аткаруучу эмне менен мүнөздөлөт?
Сабактын теориялык бөлүгүн айтып берүү «Чиймечи аткаруучусун башкаруу» презентациясы менен коштолот. Окуу материалы окуучулар менен бирдикте активдүү талкуунун негизинде ирети менен берилет, себеби кайсы бир алгоритмдер туурасында окуучулар өздөрүнүн турмуштук тажрыйбасынан билишет.
Бул теманы ачып көрсөтүүдө ушул сабакта жана кийинки эки сабакта КуМир программалык чөйрөсүндө компьютердик практикумдарды уюштуруу зарыл.
Чиймечи программасы менен таанышууну § 7 окуу материа лынын негизинде өтүү сунушталат. Окуучуларга түшүндүрүү убагында параграфка киргизилген суроолордун тексттерин эске алуу керек. Чиймечи программасын башкарууну теориялык түрдө эмес, иштөө процессинде көрсөтүү керек.
Үй тапшырмасы: § 7, № 1, № 2, № 3. Компьютердик практикум 8-иш. Графикалык моделдерди түзөбүз
10–2-сабак
Числосу ____________________ 6- классы
Текшерген окуу бөлүмүнүн башчысы _____________
Сабактын темасы: Жардамчы алгоритмдерди колдонуу
Сабактын максаты:
А. предметтик – аткаруучуну башкаруу үчүн алгоритмди иштеп чыгуу билгичтиги;
Б. метапредметтик – коюлган максатка жетүүнүн жолдорун өз алдынча пландоону билишет; өзүнүн аракеттерин текшерип турушат, сунуш кылынган шарттын аймагында жасалуучу жу-муштун ыкмаларын аныктап, өзгөрүп кеткен абалдарга ылайык жасалуучу аракеттерге түзүтүүлөрдү киргизишет; окуу тапшырмаларынын туура аткарылгандыгын баалоо; аткаруучуга түзүлгөн алгоритмдин жардамы менен башкаруунун жана чечим кабыл алуунун тажрыйбасы.
В. жеке инсандык – окуу материалынын мазмунун өзүнүн жеке турмушундагы тажрыйбалар менен байланыштыруу жөндөмдүүлүгүн, азыркы заманга ылайык адамдын алгоритмдик ой жүгүртүүсүнүн маанисин түшүнүшөт.
Чечилүүчү окуу маселелери:
- окуучуларда аткаруучулар түшүнүгүн өнүктүрүү;
- алгоритм тууралуу аткаруучунун ишмердүүлүгүнүн модели экендиги түшүнүгүн калыптандыруу;
- жардамчы алгоритмдер менен тааныштыруу;
- Чиймечи аткаруучу башкаруунун көндумдөрүн бышыктоо. Сабакта карала турган негизги түшүнүктөр: алгоритм; аткаруучу; формалдуу аткаруучу; аткарыла турган тапшыр-малардын алкагы; аткаруучунун чөйрөсү; аткаруучунун ко-мандалар системасы (АКС); аткаруучунун иштебей калган учурлардагы системасы (отказ); аткаруучунун иштөө режим-дери (түздөн-түз, программалык); башкаруу; негизги алго-ритм; жардамчы алгоритм.
Сабакта колдонулуучу ИКТ каражаттары: мугалимдин персонал компьютери, мультимедиалык компьютер, экран; окуучулардын персонал компьютерлери;
Окуу материалына берилген электрондук тиркеме:
1.«Чиймечи аткаруучусун башкаруу» презентациясы. Программалык жабдылыш (лицензия талап кылбаган)
2.КуМир (http://www.niisi.ru/kumir/) системасындагы Чиймечи аткаруучу.
Сабактын мазмунун баяндоонун өзгөчөлүктөрү: Окуу материалдары кандай деңгээлде өздөштүрүлгөнүн жана алган билимдерин актуалдаштыруу үчүн төмөндөгүдөй удаалаштыктагы жумуштарды аткаруу сунуш кылынат:
1.негизги аныктамаларды кандай өздөштүргөндүктөрүн билүү максатында блиц-сурамжылоо: аткаруучу, формалдуу ат-каруучу, формалдуу эмес аткаруучу;
2.окуучулар формалдуу жана формалдуу эмес аткаруучуларга мисалдарды келтирет;
3.үй тапшырмаларын текшерүү жана талкуулоо. Сабактын кийинки этабында жардамчы алгоритм түшүнүгү киргизилет. Окуу материалында келтирилген почта индексин жазуу мисалы каралат. Чиймечи аткаруучу программасынын жардамы менен 2 практикалык мисал каралат.
Үй тапшырмасы: § 7, № 1, № 2, № 3.
Компьютердик практикум 8-иш
Графикалык моделдерди түзөбүз.
Окуу китебиндеги тапшырмаларга көрсөтмөлөр, коммен-тарийлер, жооптору жана чыгарылыштары башка параграф-тан айырмаланып, окуу китебиндеги мисалдар менен берилген. Себеби, ал тапшырмалар компьютерде практикалык жумуш-тар менен аткарылат.
10–3-сабак
Числосу _______________ 6-классы
Текшерген окуу бөлүмүнүн башчысы _________________
Сабактын темасы: ГРАТ (Чиймечи) аткаруучу үчүн кайталануучу алгоритмдер
Сабактын максаты:
А. предметтик – аткаруучуну башкаруу үчүн алгоритмдерди иштеп чыгуу билгичтиги калыптанат;
Б. метапредметтик – коюлган максатка жетүүнүн жолдорун өз алдынча пландоону билишет; өзүнүн аракеттерин текшерип, сунуш кылынган шарттын аймагында жасалуучу иштин ыкмаларын аныктай алышат, өзгөрүп кеткен абалдарга ылайык жасалуучу аракеттерге тузөтүүлөрдү киргизишет; окуу тапшырмаларынын туура аткарылгандыгын баалоо; аткаруучуга түзүлгөн алгоритмдин жардамы менен башкаруунун жана чечим кабыл алуунун тажрыйбасы.
В.жеке инсандык – окуу материалынын мазмунун өзүнүн жеке турмушундагы тажрыйбалар менен байланыштыруу жөндөмдүүлүгү, азыркы заманга ылайык адамдын алгоритмдик ой жүгүртүүсүнүн маанисин түшүнүшөт.
Чечилүүчү окуу маселелери:
- окуучуларда алгоритмди аткаруучулар түшүнүгүн өнүктүрүү;
- алгоритм аткаруучунун ишмердүүлүгүнүн модели катары экендиги түшүнүгүн калыптандыруу;
- жардамчы алгоритмдер менен тааныштыруу;
- Чиймечи аткаруучуга циклдик (кайталануучу) алгоритмдин формасы менен тааныштыруу.
Сабакта карала турган негизги түшүнүктөр: алгоритм; аткаруучу; башкаруу; негизги алгоритм; жардамчы алгоритм, циклдык алгоритм.
Сабакта колдонулуучу ИКТ каражаттары: мугалимдин персонал компьютери (ПК), мультимедиалык компьютер, экран; окуучулардын персонал компьютерлери;
Окуу материалына берилген электрондук тиркеме:
1.«Чиймечи аткаруучусун башкаруу» презентациясы. Программалык жабдылыш (лицензия талап кылбаган)
2.КуМир (http://www.niisi.ru/kumir/) системасындагы Чиймечи алгоритм аткаруучу.
Сабактын мазмунун баяндоонун өзгөчөлүктөрү: Окуу материалдары кандай деңгээлде өздөштүрүлгөндүгүн жана алган билимдерин актуалдаштыруу үчүн төмөндөгудөй удаалаштыктагы жумуштарды аткаруу сунуш кылынат:
1.негизги аныктамаларды кандай өздөштүргөндүктөрүн билүү максатында блиц-сурамжылоо: аткаруучу, формалдуу аткаруучу, формалдуу эмес аткаруучу;
2.окуучулар формалдуу жана формалдуу эмес аткаруучуларга мисалдарды келтирет;
3.үй тапшырмаларын текшерүү жана талкуулоо. Сабактын кийинки этабында алгоритмди жазуунун кайталоочу конструкциясы берилет. Окуу материалында келтирилген ромбду чийүү мисалы каралат.
Чиймечи аткаруучу программасынын жардамы менен 2–3 практикалык мисалдар каралат.
Үй тапшырмасы: § 7, № 1, № 2, № 3:
Компьютердик практикум
9-иш. Сөз моделдерин түзөбүз.
Көрсөтмө, комментарий, жооптор жана чыгарылыштар.
Окуу китебиндеги тапшырмалар Программалардын мүмкүн болгон варианттары: усулдук колдонмодо
10–4-сабак
Числосу _____________________ 6-классы
Текшерген окуу бөлүмүнүн башчысы ________________
Сабактын темасы: «Алгоритм» темасы боюнча үйрөнгөн окуу материалдарын жалпылоо жана систематизациялоо
Сабактын максаты:
А. предметтик – «алгоритм», «аткаруучу» түшүнүктөрүнө ээ болушат; базалык алгоритмдик структураларды билишет;
Б. метапредметтик – коюлган максатка жетүүнүн жолдорун өз алдынча пландоону билишет; өзүнүн аракеттерин текшерип турушат, сунуш кылынган шарттын аймагында жасалуучу иштин ыкмаларын аныктап, өзгөрүп кеткен абалдарга ылайык жасалуучу аракеттерге түзөтүүлөрдү киргизишет; окуу тапшырмаларынын туура аткарылгандыгын баалоо; аткаруучуга түзүлгөн алгоритмдин жардамы менен башкаруунун жана чечим кабыл алуунун тажрыйбасы.
В. жеке инсандык – окуу материалынын мазмунун өзүнүн жеке турмушундагы тажрыйбалар менен байланыштыруу жөндөмдүулүгү, азыркы заманга ылайык адамдын алгоритмдик ой жүгүртүүсүнүн маанисин түшүнүшөт.
Чечилүүчү окуу маселелери:
- окуучуларда алгоритмди аткаруучулар түшүнүктөрүн жалпылап толуктап жана системалаштыруу;
- формалдуу аткаруучулар үчүн жөнөкөй алгоритмдерди түзүп жана аткара билүүсүн бышыктоо;
- жыйынтыктоочу проектиге коюлган милдеттерди аткаруу. Сабакта карала турган негизги түшүнүктөр: алгоритм; аткаруучу; башкаруу; сызыктуу алгоритм, тармактуу алгоритм, циклдык алгоритм, негизги алгоритм; жардамчы алгоритм.
Сабакта колдонулуучу ИКТ каражаттары: мугалимдин персонал компьютери, мультимедиалык компьютер, экран; окуучулардын персонал компьютерлери.
Окуу материалына берилген электрондук тиркеме:
1.«Алгоритм жана аткаруучулар» презентациясы;
2.«Башкаруу жана аткаруучулар» презентациясы;
3.«Аткаруучу» презентациясы. Программалык жабдылыш (лицензия талап кылбаган)
4.КуМир (http://www.niisi.ru/kumir/) системасындагы Чиймечи аткаруучу.
Сабактын мазмунун баяндоонун өзгөчөлүктөрү: Сабактын башталышында фронталдык режимде (класстын бардык окуучулары менен бирдикте) мугалим берген кроссвордду чечмелөө сунуш кылынат. Андан ары окуучуларга алган билимдерин текшерүү максатында компьютердик тестке жооп берүү сунуш кылынат. Убакыт жетип калса «Чиймечи» аткаруучусуна алгоритмдерди түзүп аткаруу керек.
Калган убакытта окуучуларга жыйынтыктоочу долбоорго даярданууга шарттарды түзүү менен өз алдынча даярданууга багыт берүү керек.
Үй тапшырмасы: Жыйынтыктоочу долбоордун темаларын тандоо жана аларга материалдарды даярдоо.
Компьютердик практикум 11-иш. Таблицалык моделдерди түзөбүз
11-сабак
Числосу _____________________ 6-классы
Текшерген окуу бөлүмүнүн башчысы ________________
Сабактын темасы: Моделдөө таанып-билүүнүн методу катары
Сабактын максаты:
А. предметтик – моделдер жана моделдөө тууралуу түшүнүтөрдү алышат;
Б. метапредметтик – белги-символдук аракеттерге ээ болушат;
В. жеке инсандык – окуу материалдарынын мазмунун жеке турмуштук тажрыйбалар менен байланыштыра алышат, курчап турган дүйнөнү таанып-билүүнүн методу катары информациялык моделдөөнүн маанисин түшүнүшөт.
Чечилүүчү окуу маселелери:
- моделдер жана анын колдонулуш максаттары, моделдөө түшүнүктөрүн калыптандыруу;
- моделдердин көп түрдүүлүгү жөнүндөгү түшүнүктү калыптандыруу;
- окуучуларга информациялык жана натуралык моделдерди айырмалоого үйрөтүү;
- графикалык редакторду колдонуп, образдуу (графикалык) информациялык моделдерди түзүүнун мисалдарын берүү.
Сабакта карала турган негизги түшүнүктөр: объект- оригинал;модель; моделдөө; натуралык модель; информациялык модель.
Сабакта колдонулуучу ИКТ каражаттары: мугалимдин персонал компьютери, мультимедиалык компьютер, экран; окуучулардын персонал компьютерлери.
Окуу материалына берилген электрондук тиркеме: 1.«Информациялык моделдөө» презентациясы;
Сабактын мазмунун баяндоо өзгөчөлүктөрү: Окуу материалдары кандай деңгээлде өздөштүргөндүгүн жана алган билимдерин актуалдаштыруу үчүн төмөндөгүдөй удаалаштыктагы иштерди аткаруу сунуш кылынат:
1.төмөндөгү суроолор менен мини-дискуссия өткөрүү:
- Курчап турган дүйнөнүн объекттери деп эмнени түшүнөсүңөр?
- Система деген эмне?
- Эмненин жардамы менен каалаган объектти сыпаттап көрсөтүүгө болот?
- Объекттин кандай белгилери маанилүү болуп саналат? Жаңы окуу материалын тїүшүндүрүүнү «Информациялык моделдөө» презентациясын демонстрациялоо менен ангемелешүү формасында уюштурса эффективдүү болот. Андан кийин прак-тикалык тапшырмаларды кошо кароо сунуш кылынат.
«Графикалык моделдерди түзөбүз» практикалык ишинде 2 тапшырманы аткаруу талап кылынат («Директордун кабине-ти», «Информатика кабинетинин планы»). 3-практикалык иш толуктоо мүнөзүнө ээ.
Үй тапшырмасы: § 8, № 1, № 2–№ 8. Компьютердик практикум 11-иш. Таблицалык моделдерди түзөбүз 10-иш. Көп деңгээлдүү тизме түзөбүз
Көрсөтмөлөр, комментарий, жооптор жана чыгарылыштар.
Окуу китебиндеги тапшырмалар:№ 6.
а) өйдө учуруп жана учууга байкоо жүргүзүү;
б) кандай күрмө керек экендигин түшүнүү керек;
в) эмеректин жайгашуусу туурасында ойлонуу керек;
г) текчеге коюу.
№ 8. Информациялык моделдердин түрлөрү.
Информациялык
моделдер
|
|
|
|
|
|
|
|
| ||||
|
|
|
|
|
|
|
|
| ||||
| Образдуу |
| Аралаш |
| Белгилер | |||||||
|
|
|
|
|
|
|
|
| ||||
12-сабак
Числосу _______________________ 6-классы
Текшерген окуу бөлүмүнүн башчысы _____________________
Сабактын темасы: Белги менен туюнтулган информациялык моделдер. Сөз менен (илимий жана көркөм) сыпаттоолор
Сабактын максаты:
А. предметтик – белги менен туюнтулган информациялык моделдер жөнүндө түшүнүк алышат;
Б. метапредметтик – белги-символдор аркылуу сыпаттоонун көндүмдөрүнө ээ болушат; эркин жана ойлонуп, оозеки жана жазуу түрүндө сөз сүйлөй билишет;
В. жеке инсандык – окуу материалдарынын мазмунун жеке турмуштук тажрыйба менен байланыштыра билишет, курчап турган дүйнөнү таанып-билүүнүн методу катары информациялык моделдөөнүн маанисин түшүнүшөт.
Чечилүүчү окуу маселелери:
- моделдер жана анын колдонулуш максаттары, моделдөө түшүнүтөрүн кеңейтүү;
- информациялык моделдердеги сөз менен сыпаттоо түшүнүгүн калыптандыруу;
- илимий жана көркөм сыпаттоолордогу айырмачылыкты билүү;
- окуучуларга сөз менен сыпаттоону үйрөтүү.
Сабакта карала турган негизги түшүнүктөр: объект-оригинал; модель; моделдөө; информациялык модель; белги менен туюнтулган информациялык модель; сөз менен сыпаттоо: илимий сыпаттоо; көркөм сыпаттоо.
Сабакта колдонулуучу ИКТ каражаттары: мугалимдин персонал компьютери (ПК), мультимедиалык компьютер, экран; окуучулардын персонал компьютерлери.
Окуу материалына берилген электрондук тиркеме: 1) «Информациялык моделдөө» презентациясы.
Сабактын мазмунун баяндоонун өзгөчөлүктөрү: Окуу материалдары кандай деңгээлде өздөштүрүлгөндүгүн жана алган билимдерин актуалдаштыруу үчүн төмөнкү удаа-лаштыкта иштерди аткаруу сунуш кылынат:
1.окуу китебиндеги 1–6-суроолор менен мини-дискуссия өткөрүү;
2.практикалык тапшырмаларды текшерүү жана талкуулоо.
Жаңы окуу материалын түшүндүрүүнү «Белгилер менен туюнтулган информациялык моделдер» презентациясын де-монстрациялоо менен ангемелешүү формасында уюштурулат. Сөз менен берилген информациялык моделди белги менен туюнтулган информациялык моделдин ичине камтылган деп түшүндүрүү керек. Сөз менен берилген сыпаттоолор ар түрдүү стилде аткарыларын окуучуларга түшүндүрүү керек. Биринчи пикир алмашуу жана китептик стилдер деп айырмалашат. Китептик стиль төмөнкү түрлөрдө болот: илимий, официалдуу ишке ылайык, публицистикалык, көркөм сөз.
Илимий стиль илимий так информацияны берүүдө колдонулат. Илимий стилдин эң башкы сапаты материалдын так жана логикалык түрдө берилиши болуп саналат. Илимий стилдеги тексттерде көп сандаган тигил же бул багыттагы илимдер боюнча профессионалдык сөздөр кездешет. Көркөм сөз стили – бул көркөм адабияттын стили. Анын негизги максаты окурманга образдуу көркөм сөздөр менен таасир берүү болуп саналат (салыштыруу, метафоралар, эпитеттер ж. б.). Окуу материалынын § 9нан 2–3 практикалык мисалдарды кароо сунушталат. Мындан кийин сөз менен берилген информациялык моделдердеги окулган материалдарга (тарых, биология, география көркөм адабияттар боюнча сыпаттоолордо) окуучулар терең ойлонуп мамиле жасоочу талаптар коюуларын айтып түшүндүрүү керек
Үй тапшырмасы: § 9, № 1, № 2–№ 6.
Компьютердик практикум
12-иш. Тексттик процессордо эсептөөчү таблицаны түзүү
13-сабак
Числосу ____________________ 6- классы
Текшерген окуу бөлүмүнүн башчысы _______________
Сабактын темасы: Математикалык моделдер
Сабактын максаты:
А. предметтик – информациялык моделдердин бири катары математикалык моделдер тууралуу түшүнүк алышат;
Б. метапредметтик – белги-символдор аркылуу сыпаттоонун көндүмдөрүнө ээ болушат; түзүлгөн абалдардан чыгуу жол-дорун билишет жана объекттин негизги мүнөздөмөлөрү бөлүнүп көрсөтүлө тургандай сезимдик элестөө формаларынан моделге өзгөртүп түзүшөт;
В. жеке инсандык – окуу материалдарынын мазмунун жеке турмуштук тажрыйба менен байланыштыра билишет, курчап турган дүйнөнү таанып-билүүнүн методу катары информациялык моделдөөнүн маанисин түшүнүшөт.
Чечилүүчү окуу маселелери:
- моделдер жана моделдөө түшүнүктөрүн кеңейтүү;
- информациялык моделдердин бирөө катары математикалык моделдер жөнүндө түшүнүктөрүн калыптандыруу;
- бир моделдин жардамы менен сыртынан караганда түрдүү маселелерди чечсе болорун көрсөтүү;
- көп деңгээлдеги тизмекти түзүү технологиясы татаал системанын модели катарында болору менен тааныштыруу.
Сабакта карала турган негизги түшүнүктөр: объект-оригинал; модель; моделдөө; информациялык модель; белги менен туюнтулган информациялык модель; сөз менен сыпаттоо; көп деңгээлдеги тизмек; математикалык модель.
Сабакта колдонулуучу ИКТ каражаттары: мугалимдин персонал компьютери (ПК), мультимедиалык компьютер, экран; окуучулардын персонал компьютерлери.
Окуу материалына берилген электрондук тиркеме: «Информациялык моделдөө» презентациясы; Түзүлүштөр.dос, Кыргызстандын жаратылышы.dос, Суу системалары.dос файлдарынын даярдалышы. Бул файлдарды мугалим алдын-ала даярдап алат.
Сабактын мазмунун баяндоонун өзгөчөлүктөрү: Окуу материалдары кандай деңгээлде өздөштүрүлгөндүгүн жана алган билимдерин актуалдаштыруу үчүн төмөндөгудөй удаалаштыктагы иштерди аткаруу сунуш кылынат: 1.Келтирилген суроолорду талкуулоо:
- Модель деген эмне?
- Моделдөө деген эмне?
- Кандай моделдерди информациялык моделдер деп аташат?
- Информациялык моделдердин кандай түрлөрү силерге белгилүү?
- Адамдар ортосунда пикир алмашууда кандай информациялык моделдер кеңири тараган?
- Илимий сыпаттоо эмне менен мүнөздөлөт?
- Көркөмдөп сыпаттоо эмне менен мүнөздөлөт?
2.Компьютерде аткарылган практикалык тапшырмалардын жыйынтыктарын текшерүү жана талкуулоо. Бир нече окуучу өздөрүнүн мисалдарын окушат, калгандары толуктоолорду кир-гизишет. Андан ары аракеттердин көп деңгээлдеги тизмек формасында жазылышына мисалдарды келтирип, удаалаш номурланган, маркерленген тизмелердин айырмасын ажыратып түшүндүрүп берүү максатка ылайык. Заманбап компьютерлердин түзүлүштөрү боюнча жогору айтылгандарга мисалдарды келтирип, демонстрация кылуу менен түшүндүрүп берүү сунушталат.
Слайд 1. Заманбап компьютердин түзүлүштөрү
1.Процессор, 2. ЭС, 3. Киргизүүчү тузүлүштөр, 4.Чыгаруучу түзүлүштөр
Слайд 2. Заманбап компьютердин түзүлүштөрү
1.Процессор, 2. Эс, 2.1 Оперативдик ЭС, 2.2 Узак убакытка сактоочу ЭС, 3. Киргизүүчү түзүлүштөр, 3.1 Клавиатура, 3.2 Маус, 3.3 Сканер, 3.4 Графикалык планшет, 3.5 Санариптик камера, 3.6 Джойстик, 4. Чыгаруучу түзүлүштөр, 5. Монитор, 6. Принтер
Слайд 3. Заманбап компьютердин түзүлүштөрү
1.Процессор, 2. ЭС, 2.2. Узак убакытка сактоочу ЭС, 2.2.1 Катуу магниттик диск, 2.2.2. Дискета, 2.2.3. Флеш-ЭСи, 2.2.4.Оптикалык дисктер, 3. Киргизүүчү түзүлүштөр, 3.1. Клавиатура, 3.2 Маус, 3.3. Сканер, 3.4. Графикалык планшет, 3.5. Санариптик камера, 3.6. Микрофон, 3.7. Джойстик, 4. Чыгаруучу түзүлүш, 4.1. Монитор, 4.1.1. Суюк кристалдык монитор, 4.1.2. “Лектрондук-жарык берүүчү трубка” менен монитор, 4.2. Принтер 4.2.1. Матрицалык принтер, 4.2.2. Бүркмө принтер, 4.2.3. Лазердик принтер
Андан ары окуучулар 2-жана 3-тапшырмаларды аткары-шат. Бул тапшырмалар татаал. Көп деңгээлдеги тизмелерди даярдоо жүргүзүлөт. Үй тапшырма катары берсе дагы болот. Кийинки 4-тапшырма чыгармачылыкты талап кылат. Окуу чулар үйдө компьютерлери болсо флеш дискке жазып алып жыйынтыктарын көрсөтүшөт. Үйдө компьютери жок болсо деп-терге жазып көрсөтүшөт. Сабактын маанилүү бөлүгү – математикалык моделдер менен тааныштыруу. Буга өтүү үчүн мындай суроо талкууга алынат: «Эмне үчүн кадимки тил информациялык моделдерди түзүүдө дайыма эле жарактуу эмес?». Практикалык тапшырмалардын негизинде жооптор берилет. Андан ары § 9 деги № 4 тапшырманы кароо керек. Бизге сөз түрүндөгү моделдин математикалык моделге трансформацияланышын көрсөтүү маанилүү. Бул темада бир мисалдын негизинде анча чоң эмес презентация даярдап көрсөтүү же болбосо бир окуучуну доскага чыгарып, класс менен чогуу талкууласа болот. 5-мисалдын негизинде математикалык модель түзүлөт. № 4 тапшырмада даяр информациялык моделди колдонуунун көндүмдөрүн пайдалануу сунушталат. № 5 тапшырмада бир модель ар кандай тапшырмаларды аткарууда колдонулат деген ойду тастыктоого мисал боло алат. Эгерде мүмкүнчүлүк болсо математикалык моделдерди өзүнчө бир сабакка алып чыкса болот.
Үй тапшырмасы: § 9, № 1, № 2–№ 6.
Компьютердик практикум
13-иш. Диаграммалар жана графиктер. Информациялык моделдерди түзөбүз.
14-сабак
Числосу _____________ 6-классы
Текшерген окуу бөлүмүнүн башчысы ________________
Сабактын темасы: Таблицалык информациялык моделдер.
Таблицаны түзүүнүн эрежелери.
Сабактын максаты:
А. предметтик – информациялык моделдердин бири катары таблицалык моделдер тууралуу түшүнүк алышат;
Б. метапредметтик – түзүлгөн абалдардан чыгуу жолдорун билүү жана объекттин негизги мүнөздөрү бөлүнүп көрсөтүлө тургандай элестөө формаларынан моделге өзгөртүп түзүү; маани берип окууну үйрөнүү, керектүү информацияны бөлүп алууну үйрөнүү, негизги жана экинчи тартиптеги информацияларды ажырата билишет;
В. жеке инсандык – окуу материалдарынын мазмунун жеке турмуштук тажрыйба менен байланыштыра билишет, курчап турган дүйнөнү таанып-билүүнүн методу катары информациялык моделдөөнүн маанисин түшүнүшөт.
Чечилүүчү окуу маселелери:
- моделдер жана моделдөө түшүнүктөрүн жалпылоо;
- информациялык моделдердин бири катары таблицалык моделдер жөнүндө түшүнүгүн калыптандыруу/ системалаштыруу;
- таблицаларды түзүүнү жана модификациялоону билүүнү калыптандыруу/актуалдаштыруу.
Сабакта карала турган негизги түшүнүктөр: объект-оригинал; модель; моделдөө; информациялык модель; таблицалык информациялык модель; «объекттер–касиеттер» таблицасынын тиби; «объекттер–объекттер–бир» таблицасынын тиби.
Сабакта колдонулуучу ИКТ каражаттары: мугалимдин персонал компьютери, мультимедиалык компьютер, экран; окуучулардын персонал компьютерлери.
Окуу материалына берилген электрондук тиркеме:
1.«Таблицалык информациялык моделдер презентациясы.
Сабактын мазмунун баяндоонун өзгөчөлүктөрү: окуу материалдары кандай деңгээлде өздөштүрүлгөнүн текшерүү жана алган билимдерин актуалдаштыруу үчүн төмөнкү иштерди аткаруу сунуш кылынат: Окуу материалындагы практикалык тапшырмаларды талкуулоо. Жаңы окуу материалын түшүндүрүүнү «Таблицалык информациялык моделдер» презентациясын демонстрациялоо менен ангемелешүү формасында уюштурса эффективдүү болот. Таблицалар менен иштөөдөгү окуучулардын мурунку тажрыйбаларын оптималдуу пайдалануу жана таблицада берилген информациялар дайыма көрүнүктүү, компактуу жеңил түшүнүүгө болорун тактап айтып берүү керек. Таблицаларды жасалгалоодо эрежелерди так сактоону үйрөтүү жана дайыма эрежени сактоого үндөө керек. Сабактын практикалык бөлүгү «Таблицалык моделди түзөбүз» деген компьютердик практикумдун негизинде өтөт. Мында таблицаны түзүү жана форматтоо көндүмдөрү калыптан-дырылат. Биринчи тапшырманы аткарууда окуучулар беш ар кандай таблицаны түзбөстөн, биринчи таблицаны редакциялоо менен жолчолорду жана мамычаларды өчүрүү, киргизүү, ин-формацияны алфавиттик иргөө иштерин жасаганды үйрөнүүсүн байкап туруу керек. 3-жана 5-тапшырмада окуучулар технологиялык ыкмаларды эле колдонбостон таблицаны толтурууда документтеги маалыматтарды колдонуп иш жүргүзүшөт.
Үй тапшырмасы: § 10, № 1, № 2–№ 7. Компьютердик практикум 11-иш. Таблицалык моделдерди түзөбүз
15-сабак
Числосу ________________ __________ классы
Текшерген окуу бөлүмүнүн башчысы __________
Сабактын темасы: Эсептөөчү таблицалар. Таблицалардын
жардамы менен логикалык маселелерди чыгаруу
Сабактын максаты:
А. предметтик – информациялык моделдердин бири катары таблицалык моделдер тууралуу; эсептөө таблицалары тууралуу түшүнүк алышат.
Б. метапредметтик – түзүлгөн абалдардан чыгуу жолдорун билишет жана объекттин негизги мүнөздөрү бөлүнүп көрсөтүлө тургандай элестөө формаларынан моделге өзгөртүп түзө алышат; маани берип окууну үйрөнүшөт, керектүү информацияны бөлүп алууну билишет, негизги жана экинчи тартиптеги информацияларды ажырата билишет;
В. жеке инсандык – окуу материалдарынын мазмунун жеке турмуштук тажрыйба менен байланыштыра билишет, курчап турган дүйнөнү таанып-билүүнүн методу катары информациялык моделдөөнүн маанисин түшүнүшөт.
Чечилүүчү окуу маселелери:
- информациялык моделдердин бирөө катары таблицалык моделдер жөнүндө түшүнүктү өнүктүрүү;
- логикалык тапшырмалардын чыгарылышын таблицаларды ыкмалар менен чыгаруу түшүнүгүн кеңейтүү жана актуал-даштыруу;
- эсептөөчү таблицаларды түзүүнү билүүнү калыптандыруу.
Сабакта карала турган негизги түшүнүктөр: модель; инфор-мациялык модель; таблицалык-информациялык модель; эсеп төөчү таблица; класс; объект; бири-бирине бирдей маанилеш туура келүүчүлүк.
Сабакта колдонулуучу ИКТ каражаттары: мугалимдин персонал компьютери, мультимедиалык компьютер, экран; окуучулардын персонал компьютерлери;
Окуу материалына берилген электрондук тиркеме:
1.«Таблицалык информациялык моделдер презентациясы.
Сабактын мазмунун баяндоонун өзгөчөлүктөрү: Окуу материалдары кандай деңгээлде өздөштүрүлгөнүн текшерүү жана алган билимдерин актуалдаштыруу үчүн төмөнкү удаалаштыктагы иштерди аткаруу сунуш кылынат:
1.окуу материалындагы 1–7-суроолору боюнча мини-дискуссия жүргүзүү;
2.практикалык тапшырмалардын аткарылыш жыйынтыктарын талкуулоо;
3.окуучулар тарабынан даярдалган таблицалардын мисалдарын кароо.
Жаңы окуу материалын түшүндүрүүдө «Таблицалык инфор-мациялык моделдер» презентациясын демонстрациялап кызык-туу өтсө болот. Окуу материалында келтирилген тапшырмалар-га ылайык толуктоо иретинде кошумча слайддарды түзүп алса болот. Сабакта эсептөө таблицасы деген түшүнүк киргизилет. Андан кийин § 10, 5- жана 6-мисалдар, видеопроектор менен экранда даярдалган таблицалар көрсөтүлөт.
«Тексттик процессордо эсептөө таблицаларын түзөбүз» деген 12-иштеги 1-тапшырманы аткаруу сунуш кылынат. 2-тапшырманы үйдөн компьютерде аткарып келүүнү сунуш кылуу керек. Жалпылоо иретинде логикалык тапшырмаларды таблицалык формада чыгарууну 5-класста үстүртөдөн тааныштырып кеткенбиз. 6-класста бул темага кайрадан кайрылуу менен кандай класстагы маселелерди чечүүгө ыңгайлуу экенин көрсөтүп, айтып берип, татаал маселелерди чечүүнүн этаптарын көрсөтүп берүү керек. Класстан өз алдынча иштей ала турган окуучуларды бөлүп, жеке тапшырмаларды үйгө аткарууга берүү керек.
Практикалык тапшырмаларды класстан иштеп, окуу мате-риалындагы тапшырмаларды үйдөн аткарса ыңгайлуу болот.
Үй тапшырмасы: § 10, № 1, № 2–№ 7.
Компьютердик практикум
13-иш. Диаграммалар жана графиктер. Информациялык мо-делдерди түзөбүз.
16-сабак
Числосу ______________________ _______ классы
Текшерген окуу бөлүмүнүн башчысы __________
Сабактын темасы: Графиктер жана диаграмммалар.
Чоңдуктардын жана алардын катыштарынын өзгөрүү
процесстерин көрсөтүү
Сабактын максаты:
А. предметтик – информациялык моделдердин бири катары графиктер жана диаграммалар жөнүндө; эсептөө таблицалары жөнүндө түшүнүк алышат.
Б. метапредметтик – сандык маалыматтарды көрө билүүгө көнүгүшөт, жөнөкөй графиктерди жана диаграммаларды окуй билишет; ИКТ-компетенттүүлүк (жөнөкөй графиктерди жана диаграммаларды түзө алышат);
В.жеке инсандык – окуу материалдарынын мазмунун жеке турмуштук тажрыйба менен байланыштыра билишет, курчап турган дүйнөнү таанып-билүүнүн методу катары информациялык моделдөөнүн маанисин түшүнүшөт.
Чечилүүчү окуу маселелери:
- информациялык моделдер катары графиктер жана диаграммалар жөнүндө түшүнүк берүү;
- графиктер жана диаграммалар кайда колдонулары тууралуу түшүнүктү калыптандыруу;
- жөнөкөй графиктерди жана диаграммаларды түзгөндү, окуганды билүүнү калыптандыруу.
Сабакта карала турган негизги түшүнүктөр: модель; информациялык модель; график; диаграмма.
Сабакта колдонулуучу ИКТ каражаттары: мугалимдин персонал компьютери, мультимедиалык компьютер, экран; окуучулардын персонал компьютерлери.
Окуу материалына берилген электрондук тиркеме:
1.«Графиктер жана диаграммалар» презентациясы;
2. Мурдатан даярдалган файл Аба ырайы.doc.
Сабактын мазмунун баяндоонун өзгөчөлүктөрү: Окуу материалдары кандай деңгээлде өздөштүрүлгөндүгүн текшерүү жана алган билимдерин актуалдаштыруу үчүн төмөндөгүдөй удаалаштыктагы жумуштарды аткаруу сунуш кылынат:
1.Практикалык тапшырмаларды текшерүү жана талкуулоо;
2.«Дүйнөдөгү чоң көлдөр», «Эң узун дарыялар» таблицаларын демонстрациялоо менен алардын негизинде түзүлгөн диа-граммаларды көрсөтүү;
3.Тапшырманын негизинде түзүлгөн диаграмманы демонс-трациялоо.
Жаңы окуу материалын берүүдө «Графиктер жана диаграм-малар» презентациясын колдонсо болот. Эң башкысы, табли-цалык маалыматтарды окуучулар өз алдынча көрө ала турган диаграммаларга, графиктерге алып чыга алуусу, бул диаграм-маларды окуй билүүсүнө жетишүү болуп саналат. Бул үчүн «2018-жылдын май айындагы аба ырайы» таблицасы боюнча төмөндөгү суроолорго жооп берүүсүнө жетишүү:
- кайсы күндөр эң суук күндөр болот?
- кайсы күндөр эң жылуу күндөр болот?
- +15С жылуулук канча күн сакталат?
Качан гана окуучулар мындай суроолорго таблицаны карап жооп бергенге кыйын болоруна көздөрү жеткенде аларга туура келген графиктер менен колдонуп жооп изделет. Андан ары аталган суроолорго тез эле жооптор табылат. Андан ары окуучулар менен практикалык тапшырмаларды талкууга алса болот. 5-класста окуучулар диаграммаларды түзүшкөн. Милдеттүү түрдө 2-жана 4-тапшырмаларды аткаруусун талап кылуу керек. Убакыт жетип калса 3-тапшырманы аткарууну сунуштап талкууласа болот.
Үй тапшырмасы: § 10, № 1, № 2–№ 7.
Компьютердик практикум
14-иш. Диаграммалар жана графиктер. Информациялык мо-делдерди түзөбүз.
17-сабак
Число _________________ __________ классы
Текшерген окуу бөлүмүнүн башчысы _____________
Сабактын темасы: Информациялык моделдерди түзүү.
Диаграммалар
Сабактын максаты:
А. предметтик – информациялык моделдердин бири катары графиктер жана диаграммалар жөнүндө түшүнүк алышат.
Б. метапредметтик – сандык маалыматтарды билишет, жөнөкөй графиктерди жана диаграммаларды окуй алышат; ИКТ-компетенттүүлүк (жөнөкөй графиктерди жана диаграммаларды түзө алышат);
В. жеке инсандык – окуу материалдарынын мазмунун жеке турмуштук тажрыйба менен байланыштырып, курчап турган дүйнөнү таанып-билүүнүн методу катары информациялык моделдөөнүн маанисин түшүнүшөт.
Чечилүүчү окуу маселелери:
- информациялык моделдер катары графикалар жана диа-граммалар жөнүндө түшүнүк берүү;
- графиктер жана диаграммалар кайда колдонулары жөнүндө түшүнүктү калыптандыруу;
- жєнєкєй графиктерди жана диаграммаларды түзгөндү, окуганды билүүнү калыптандыруу.
Сабакта карала турган негизги түшүктөр: модель; информациялык модель; график; диаграмма.
Сабакта колдонулуучу ИКТ каражаттары: мугалимдин персонал компьютери, мультимедиалык компьютер, экран; окуучулардын персонал компьютерлери.
Окуу материалына берилген электрондук тиркеме:
«Графиктер жана диаграммалар» презентациясы.
Сабактын мазмунун баяндоонун өзгөчөлүктөрү: Окуу материалдары кандай деңгээлде өздөштүрүлгөндүгүн текшерүү жана алган билимдерин актуалдаштыруу үчүн төмөнкү удаалаштыктагы иштерди аткаруу сунуш кылынат:
Суроолорго жооп бергиле:
-Кандай жол менен бир типтүү таблицалык маалыматты көзгө көрүнгөндөй абалда түзсө болот?
- Чоңдуктардын өзгөрүү процессин эмненин жардамы менен көрүнүктүү кылып берсе болот?
- Информациялык моделдин тигил же бул түрүн тандоо эмнеге көз каранды?
2). Практикалык тапшырмаларды текшерүү жана талкуулоо; Андан ары классты үй тапшырманы ким кандай аткарган-дыгына жараша топторго бөлүп, тапшырмаларды берүү менен иштетүүгө болот. Топтор түзүлгөн диаграммаларды талкуула-шат жана жыйынтыктарын салыштырып, жетишпеген жакта-рын класс менен бирдикте толукташат.
Үй тапшырмасы: § 10, (№ 1–№ 5).
Компьютердик практикум
14-иш. Диаграммалар жана графиктер. Информациялык мо-делдерди түзөбүз.
Эгерде окуу убактысы жетишерлик болсо, анда теманы бекемдөө үчүн кошумча материалдарды мугалим өзү тандап алат.
18-сабак
Числосу _____________________ __________ классы
Текшерген окуу бөлүмүнүн башчысы _________
Сабактын темасы: Схемалардын көп түрдүүлүгү жана аларды колдонуу чөйрөлөрү
Сабактын планы:
А. предметтик – информациялык моделдердин бири катары схемалар жөнүндө түшүнүк алышат.
Б. метапредметтик – объекттердин эң негизги белгилерин жана катыштарын бөлүп көрсөтө алышат;
В. жеке инсандык – окуу материалдарынын мазмунун жеке турмуштук тажрыйба менен байланыштыра алышат, таанып-билүүнүн методу катары информациялык моделдөөнүн маанисин түшүнүшөт
Чечилүүчү окуу маселелери:
-информациялык моделдер катары схемалар жөнүндө түшүнүк берүү ;
- схемалардын колдонулуу чөйрөлөрү жөнүндө түшүнүктү кеңейтүү;
-схемаларды түзгөндү калыптандыруу.
Сабакта карала турган негизги түшүнүктөр: модель; инфор-мациялык модель; схема.
Сабакта колдонулуучу ИКТ каражаттары: мугалимдин персонал компьютери (ПК), мультимедиалык компьютер, экран, окуучулардын персонал компьютерлери.
Окуу материалына берилген электрондук тиркеме:
«Схема» презентациясы;
Даярдалган файл Саякат.doc, Күн системасы.doc.
Сабактын мазмунун баяндоо өзгөчөлүктөрү: Окуу материалдары кандай деңгээлде өздөштүрүлгөндүгүн текшерүү жана алган билимдерин актуалдаштыруу үчүн төмөнкү удаалаштыктагы иштерди аткаруу сунуш кылынат:
1) Суроолорго жооп бергиле:
- Кандай жол менен бир типтүү таблицалык маалыматты көзгө көрүнгөндөй абалда түзсө болот?
- Чоңдуктардын өзгөрүү процессин эмненин жардамы менен көрүнүктүү кылып берсе болот?
- Информациялык моделдин тигил же бул түрүн тандоо эмнеге көз каранды болот?
2)Практикалык тапшырмаларды текшерүү жана талкуулоо; Жаңы окуу материалын түшүндүрүүдө «Схемалар» презен-тациясын колдонсо түшүнүктүү болот. Сабакта тапшырмаларды окуучулар менен бирдикте аткаруу талап кылынат.
Сабактын практикалык бөлүгүндө сөзсүз түрдө § 10, № 1, №2 иш «Информациялык моделдерди түзөбүз – схемалар, графалар, бутактануулар» 1, 2 жана 3 тапшырмалар аткарылат.
Үй тапшырмасы: § 10 (№ 1–№ 3).
Эгерде окуу убактысы жетишерлик болсо, анда теманы бекемдөө үчүн кошумча материалды мугалим өзү тандап алат.
Компьютердик практикум
14-иш. Диаграммалар жана графиктер. Информациялык мо-делдерди түзөбүз.
Мугалимдерге өз алдынча иштеп чыгуучу сабактар:
19–27-сабактарга ар бир мугалим ушул колдонмодо берил-ген структурага таянып єз алдынча иштеп чыгуусун сунуш кы-лабыз.
19-сабак. «Тексттик документтер жана аларды тїзїїнїн технологиясы»
20-сабак. «Компьютерде тексттик документтерди тїзїї»
21-сабак. Тїздєн-тїз форматтоо
22-сабак. Стилдик форматтоо
23-сабак. Тексттик документтерде информацияларды струк-туралоо жана визуалдаштыруу
24-сабак. Текстти таанып-билїї жана компьютердик кото-руу системалары
25-сабак. Тексттик документтердин сандык параметрлерин баалоо
26-сабак. «Компьютердик техниканын єнїгїї тарыхы» ре-фератын жасалгалоо
27-сабак. «Тексттик информацияны иштетїї» темасынын негизги тїшїнїктєрїн жалпылоо жана системалаштыруу.
28-сабак
Число ___________________ ___________ классы
Текшерген окуу бөлүмүнүн башчысы ___________
Сабактын темасы: Мультимедиа технологиясы
Сабактын максаты:
А. предметтик – мультимедиа технологиясы менен байла-нышкан негизги түшүнүктөр тууралуу системалаштыра алышат; мультимедиалык объекттердин сандык параметрлерин баалоо көндүмдөрү калыптанат;
Б. метапредметтик – сыртынан ар түрдүү болгон объекттер-дин инварианттык маңызын (негизин) бөлүп алуу жөндөмдүүлүгү (көндүмү, билгичтиги); кеңейет;
В.жеке инсандык – компьютердин негизги мүмкунчулүктөрү тууралуу билимдерди өздүк жашоо тажырыйбалары менен бай-ланыштырып аткара алышат.
Чечилүүчү окуу маселелери:
-«мультимедиа технологиясы» түшүнүгүн маани-мазмуну боюнча кароо; добушту жана видеону мультимедианын компоненттери (курамы) катары кароо; мультимедиалык объекттердин сандык параметрлерине баа берүү ыкмаларын карап чыгуу;
Сабакта карала турган негизги түшүнүктөр: мультимедиа технологиясы; мультимедиалык продуктылар; добушту дискреттештирүү; добуштук карта; кыймыл эффекти.
Сабакта колдонулуучу ИКТ каражаттары: мугалимдин пер-
сонал компьютери, мультимедиалык компьютер, экран; окуучу-лардын персонал компьютерлери;
Окуу китебине электрондук тиркеме: «Мультимедиа техно-
логиясы» презентациясы
Сабактын мазмунун баяндоонун өзгөчөлүктөрү: Жаңы материалды баяндоо «Мультимедиа технологиясы» презентациясын колдонуу менен жүргүзүлөт; «Компьютерде үндү берүү», «Аналогдук-цифралык жана цифро-аналогдук өзгөртүү», «Кадрлар боюнча анимация», «Спрайт анимация» анимацияларын кошумча колдонууга болот.
Үй тапшырмасы
16, параграфтагы № 1–6-суроолор жана тапшырмалар. Ре-фераттын үстүнөн иштөө
Компьютердик практикум15-иш. Сызыктуу презентацияны түзөбүз
29-сабак
Число _________________ _______ классы
Текшерген окуу бөлүмүнүн башчысы _____________
Сабактын темасы: Компьютердик презентациялар
Сабактын максаты:
А. предметтик – компьютердик презентация менен байла-нышкан негизги түшүнүктөр тууралуу системалуу билишет;
Б. метапредметтик – практикалык маселелерди чечүү үчүн мультимедиалык презентацияларды түзүүчү инструменттерди колдонуунун негизги көндүмдөрү жана билгичтиктери;
В. жеке-инсандык – компьютердин негизги мүмкүнчүлүктөрү тууралуу билимдерди өздүк жашоо тажрыйбасы менен байла-ныштырып; компьютерлерди практикалык колдонууга байланышкан суроолорго кызыгышат.
Чечилүүчү окуу маселелери:
-«презентация», «компьютердик презентация» түшүнүктөрүнүн маани-маңызын кароо;
- мультимедиалык презентацияларды түзүүнүн негизги та-лаптарын кароо;
- “Персонал компьютер” презентациясын түзүү.
Сабакта карала турган негизги түшүнүктөр: презентация; компьютердик презентация; слайд; презентациянын шаблону; презентациянын дизайны; слайддын макети; гипершилтеме; анимациянын эффекттери.
Сабакта колдонулуучу ИКТ каражаттары: мугалимдин персонал компьютери, мультимедиалык компьютер, экран; окуучулардын персонал компьютерлери.
Окуу китебине электрондук тиркеме:
«Компьютердик презентациялар» презентациясы.
Сабактын мазмунун баяндоонун өзгөчөлүктөрү: Сабактын башында жүзөгө ашырылат:
1.§ 15 суроолору боюнча өздөштүрүлгөн материалдарды текшерүү;
2.үй тапшырмасын аткруу учурунда кыйынчылык туудурган тапшырмаларды кароо.
Жаңы материалдарды баяндоо «Компьютердик презентация лар» презентациясын колдонуу менен жүргүзүлөт.
Сабактын практикалык бөлүгүндө окуучулар окуу китебиндеги № 3, № 4 тапшырмаларды аткарышат
Үй тапшырмасы: § 16, параграфтагы № 1–8 суроолор жана тапшырмалар. Компьютердик презентациялар рефератын жазуу.
Компьютердик практикум
16-иш. Гипершилтемелүү презентацияларды түзөбүз.
30-сабак
Число __________________________ ________ классы
Текшерген окуу бөлүмүнүн башчысы _____________
Сабактын темасы: Мультимедиалык презентацияларды түзүү
Сабактын максаты:
А. предметтик – компьютердик технология менен байла-нышкан негизги түшүнүктөр тууралуу билишет;
Б, метапредметтик – практикалык маселелерди чечүү үчүн мультимедиалык презентацияларды түзүүчү инструменттерди колдонуунун негизги көндүмдөрү жана билгичтиктери жөнүндө билишет;
В. жеке-инсандык – компьютердин негизги мүмунчүлүктөрү тууралуу билимдерди өздүк жашоо тажырыйбалары менен бай-ланыштырып; компьютерлерди практикалык колдонууга байланышкан суроолорго кызыгышат.
Чечилүүчү окуу маселелери:
-мультимедиалык презентацияларды түзүүнүн негизги талаптарын кайталоо;
-«Компьютердик техниканын өнүгүү тарыхы» презентациясын түзүү.
Сабакта карала турган негизги түшүнүктөр: компьютердик презентация; презентацияны пландаштыруу; презентацияны түзүү жана редакциалоо; презентацияны монтаждоо.
Сабакта колдонулуучу ИКТ каражаттары:мугалимдин персонал компьютери, мультимедиалык компьютер, экран; окуучулардын персонал компьютерлери.
Сабактын мазмунун баяндоонун өзгөчөлүктөрү: Сабактын башында жүзөгө ашырылат:
1.§ 17 суроолору боюнча үйрөнүлгөн материалдарды текшерүү;
2.Үй тапшырмасын аткаруу учурунда кыйынчылык туудурган тапшырмаларды кароо.
3.Сабактын практикалык бөлүгүндө окуучулар Power Point презентация түзүү системасынын мүмкүнчүлүктөрү менен таа-нышат. Мугалим каалагандай тапшырманы видеопроектор менен көрсөтүп командалары менен тааныштырып, тандалып алынган мисалдын негизинде ишти кандай баштоо процессин көрсөтүп чыгат. Ар бир окуучуга өз алдынча каалаган темада презентация түзүп көрүүнү сунуштайт.
Сабактын аягында окуучулар рефераттарын (кагазга ба-сылган же электрондук түрдө) же презентацияларын мугалимге текшерүүгө тапшырышат.
Үй тапшырмасы
Окуу китебиндеги § 17, № 1–№ 8 тапшырмаларды үйдөн кайталап, аткарып келүү.
Окуучулар өз алдынча рефератты публикага көрсөтүүгө да-ярдап келишет.
Компьютердик практикум
17-иш. Циклдык презентацияны түзөбүз.
31-сабак.
Число ______________________ __________ классы
Текшерген окуу бөлүмүнүн башчысы ______________
Сабактын темасы: «Мультимедиа» главасынын негизги
түшүнүктөрүн жалпылоо жана системалаштыруу
Сабактын максаты:
А. предметтик – мультимедиа технологиясы менен байла-нышкан негизги түшүнүктөр тууралуу билишет;
Б. метапредметтик – өздөрүнүн иштеринин жыйынтыгын публикага көрсөтүү жөндөмдүүлүгү (көндүмү, билгичтиги) өсөт;
В.жеке инсандык – компьютердин негизги мүмкүнчүлүктөрү тууралуу билимдерди өздүк жашоо тажырыйбасы менен байла-ныштырып, компьютерлерди практикалык колдонууга байланышкан суроолорго кызыгышат.
Чечилүүчү окуу маселелери:
-мультимедиалык технологиялар тууралуу окуучулардын түшүнүктөрүн жалпылоо жана системалаштыруу;
-рефераттарды жана презентацияларды көрсөтүү.
Сабакта карала турган негизги түшүнүктөр: мультимедиа технологиясы; мультимедиалык продуктылар; үндү дискреттештирүү; компьютердик презентация; слайд; пре-зентациянын дизайны; гипершилтеме; анимациянын эффект тери: презентацияны пландаштыруу; презентацияны түзүү жана жана редакциалоо; презентацияны монтаждоо.
Сабакта колдонулуучу ИКТ каражаттары: мугалимдин персонал компьютери, мультимедиалык компьютер, экран; окуучулардын персонал компьютерлери;
Сабактын мазмунун баяндоонун өзгөчөлүктөрү: Сабактын башында окуу китебиндеги берилген тапшырмалардын аткарылышын окуучулар менен талкуулашат. Андан кийин мугалим 2–3 окуучуга презентация жасоону сунуштайт. Бардык окуучулар бул иштерди талкуулоого катыша алышат. Эгер убакыт болсо каалаган окуучуларга презентациялары менен айтып чыгууну сунуштаса болот.
Сабактын аягында окуучулардын рефераттарына жана пре-зентацияларына баа коюулат.
Үй тапшырмасы
Темалар боюнча (окуучунун тандоосуна жараша) билдирүү лөрдү (презентацияларды) даярдоо:
-Информацияны берүү: сигнал, белги, символ.
-Жазуулардын тарыхы.
- Тил информацияны берүүнүн жолу катары.
- Адамдын маалыматты кабылдоо, эстөө, иштетүү жана берүү өзгөчөлүктөрү.
- Биздин айланабыздагы информациялык процесстер.
- Информацияларды ташуучулар жана алардын тарыхы.
- Информацияны коддоо: өткөндөн бүгүнкү күнгө чейин.
- Информацияны берүү каражаттарынын тарыхы.
- Эсептөө жана эсептөө системаларынын тарыхы.
- Цифралык маалыматтар – цифралык техника – цифралык революция.
- Эсептөө каражаттарынын өнүгүү тарыхы.
- Компьютердик техниканын өнүгүү тарыхы.
- Компьютердик эс жана анын түрлөрү.
- Компьютерге визуалдык информацияларды берүүчү түзүлүштөр.
- Биз кремний кылымында жашайбызбы?!
- Маус жана компьютерди башкаруунун башка түзүлүштөрү.
- Принтерлер: сүрөттөлүштөрдү кагазга чыгаруудан баштап, физикалык объекттерди түзүүгө чейин.
- Компьютер жана ден соолук.
- Суперкомпьютер — бул эмне деген керемет?
- Персонал компьютерлердин операциялык системаларынын тарыхы.
- Колдонуучунун интерфейси: өнүгүү тарыхы.
- Инсандар аркылуу компьютердик техниканын тарыхы.
- Растрдык, вектордук жана фракталдык графика.
- Электрондук китеп: колдоочу жана каршы пикирлер.
- Мультимедиа жана аны колдонуу чөйрөлөрү.