СДЕЛАЙТЕ СВОИ УРОКИ ЕЩЁ ЭФФЕКТИВНЕЕ, А ЖИЗНЬ СВОБОДНЕЕ

Благодаря готовым учебным материалам для работы в классе и дистанционно

Скидки до 50 % на комплекты
только до

Готовые ключевые этапы урока всегда будут у вас под рукой

Организационный момент

Проверка знаний

Объяснение материала

Закрепление изученного

Итоги урока

План конспект информатика

Категория: Информатика

Нажмите, чтобы узнать подробности

Просмотр содержимого документа
«План конспект информатика»

Сабактын темасы:

Информатика курсун окутуунун максаттары. Жумушчу орунду уюштуруу жана техникалык коопсуздук. Курчап турган дүйнөнүн объекттери




1


Компетенттүүлүктөр


Окутуунун натыйжасы

Негизги

Маалыматтык

Предметтик

Маалымат жана маалыматтык процесстер

5.1.1.1. предметтик – информатика курсун окутуунун максаттары боюнча жалпы түшүнүктөр; курчап турган дүйнөнүн объекттери жана алардын белгилери туурасында жалпы түшүнүктөр; метапредметтик – окуу китеби менен иштей билүү; окуу китебине кошумча берилген электрондук тиркемелерди колдоно билүү; курчап турган чыныгы объекттердин белгилерин (касиеттерин, аракетин, абалын) көрсөтүү менен анализдей билүү; жеке инсандык – компьютердик класста өзүн коопсуз алып жүрүүнүн көндүмдөрү.


2

Күтүлүүчү натыйжа

5.1.1.1.

Натыйжага жетишет,эгерде окуучу:

информатика курсун окутуунун максаттары боюнча жалпы түшүнүктөр; курчап турган дүйнөнүн объекттери жана алардын белгилери туурасында жалпы түшүнүктөр

окуу китеби менен иштей билүү; окуу китебине кошумча берилген электрондук тиркемелерди колдоно билүү; курчап турган чыныгы объекттердин белгилерин (касиеттерин, аракетин, абалын) көрсөтүү менен анализдей билүү

компьютердик класста өзүн коопсуз алып жүрүүнүн көндүмдөрү.


3

Сабактын тиби: Жаңы теманы өздөштүрүү

Сабактын ресурстары: маалымат булактары, интерактивдүү доска,быйтыкчалар,маркер,ватман

Предмет аралык байланыш: математика, физика,биология,технология

Сабактын сүрөттөлүшү:

4

Сабактын этабы


Мугалимдин иш-аракети

Окуучунун иш-аракети

5

Уюштуруу :

Сабакка өбөлгө түзүү

Сабакка окуучулардын көңүлүн бурдурат. Жагымдуу маанай түзүп берет.

Сабакка көңүлдөрүн бурушат,мугалимдин айтканын жасашат.

6

Үй тапшырмасын текшерүү

Өтүлгөн тема боюнча суроо жана тапшырма текшерүү.(слайд аркылуу)

Баалоонун критерийлерин киргизүү:

Слайдагы суроолорго жооп беришет жана түшүндүрүп беришет

Баалоонун критерийлери боюнча окуучулар өздөрүнүн ойлорун киргизешет


7

Жаңы теманы өздөштүрүү


Сабакта каралуучу негизги түшүнүктөр: объект, көптүк, жалпы аталыштар, жекелик аталыштар, өздүк аталыштар, объекттин касиеттери, объекттин аракети, объекттин жүрүмү, объекттин абалы, коопсуздук техникасы.

окуучуларга 5-класста информатика курсун окуунун максаттарын түшүндүрүп айтып берүү; 2) компьютердик класста жумушчу орундарда иштөөдөгү техникалык коопсуздук эрежелерин кайталоо; 3) окуу китебинин структурасын, окуу китебинин электрондук тиркемесине колдонуунун ыкмаларын жана билим берүүнүн электрондук ресурстарын кантип колдонуу боюнча окуучулардын билимин актуалдаштыруу; 4) окуучулардын курчап турган дүйнөнүн объекттери (көптөгөн объекттер) жана алардын аталыштары туурасындагы билимдерин жалпылап жана системалаштыруу; 5) окуучуларда информатика сабагындагы окула турган объекттер туурасындагы түшүнүктөрдү калыптандыруу; 6) окуучуларда объекттердин белгилери туурасындагы түшүнүктөрдү калыптандыруу (алардын касиеттерин, аракеттерин, жүрүмүн, абалдарын).

5-класста өтүлө турган биринчи сабакта окуучуларга окуу китебинин структурасы (параграфтардын номурланышшы, Компьютердик практикумдун номурланышы) жана шарттуу белгилер тууралуу айтып берүү зарыл. Окуучулар менен иштөөнү төмөнкү план боюнча уюштурулат: 1) информатика кабинетиндеги коопсуздук техникасынын эрежелери; 2) информатика илим катарында компьютердин жардамы менен информацияны сактоо ыкмаларын, иштетүүнү жана берүүнү (курчап турган объекттер туурасында) чечмелеп берет (кайталоо); 3) Объект түшүнүгүн жана атын конкреттештирүү (§ 1 боюнча «Курчап турган дүйнөнүн объекттери» презентациясы колдонуу аркылуу); темага туура келген слайддарды чогуу коллективдүү көрүп чыгуу жана § 1деги окуу материалына ылайык түзүлгөн суроолорго (§ 1де 12 суроолор жана тапшырмалар бар) жоопторду берүү менен коштолот; 4) Окуучулар группалар менен № 3, 4, 9, 10 тапшырмаларын аткарышат; бул тапшырмалардын жыйынтыктары жалпы класс менен талкууланат; Убакыт жетсе биринчи сабакта ар бир окуучуга компьютердик класстагы жумушчу орундарды бекитип берүү жана клавиатуралык тренажёр менен иштөөнү камсыздоо керек.

Окуучулар топтору менен биргеликте иштешет.

Көңул бурушат.

8

Бышыктоо



9

Жыйынтыктоо




Баалоо:

Үй тапшырмасы: § 1, № 1, № 2, № 3, № 4, № 5, № 6.

Компьютердик практикум: 1-иш. Компьютерди кантип туура күйгүзүү/єчүрүү керек.



Үйгө тапшырма: