Сабактын темасы: §1. Объекттер жана алардын аталышы. Объекттердин белгилери: касиети, аракети, жүрүм-туруму, абалы. Объекттердин мамилелери .
Окутуунун натыйжасы: 5.1.1.1Маалыматты коддоо жана коддон чыгаруу ыкмаларын билет; 5.1.1.1.Курчап турган чындыктын обьектилерин анализдөөнү билет, алардын касиеттерин,иш-аракеттерин,жүрүм-турумун,абалдарын көрсөтө алат. Күтүлүүчү натыйжа: Натыйжага жетишет,эгерде окуучу: Маалыматы коддоо жана коддон чыгаруу ыкмаларын билсе Обьектилерди анализдөөнү, алардын касеттерин билсе Обьектилердин жүрү-турумун, абалдарын көрсөтө алса
Сабактын тиби: Жаңы теманы өздөштүрүү Сабактын ресурстары: маалымат булактары, интерактивдүү доска,быйтыкчалар,маркер,ватман Предмет аралык байланыш: биология,тарых, кыргыз тил,география,технология,
Маанилүү терминдер: объект, көптүк, жалпы аталышы, жеке аталышы, өздүк аталышы, объекттердин касиеттери, объекттин аракеттери, объекттин жүрүш-турушу, объекттин абалы. Объект – бул курчап турган реалдуулуктун (предмет, процесс, кубулуш) адам тарабынан бир бүтүн катары кабыл алына турган каалагандай бөлүгү. Объект деп – адамдын көңүлү бурулгандын бардыгын атоо кабыл алынган. Телефон, стол, китеп, мышык – предметтер-объекттеринин мисалдары болуп эсептелишет. Каникулдар, мектепте окуу, китеп окуу, жол жүрүү – процесстер-объекттеринин мисалы болот. Чагылгандын чартылдашы, Күндүн тутулушу, кардын жаа шы – кубулуштар-объект теринин мисалдары болот. Көптүк – бул объекттердин жыйындысы, топтому, коллекциясы. Бул көптүктөрдү түзүүчү объекттер анын элементтери деп аталат. Көптүк өзү айрым учурда үч, эки, бир элементтен же бош болушу мүмкүн (мисалы, класстагы эң жакшы окуган окуучулардын көптүгү). Көптүк чектүү болушу мүмкүн (мисалы, цифралардын көптүгү, кыргыз алфавитиндеги тамгалардын көптүгү). Көптүк чексиз болушу мүмкүн (мисалы, натуралдык сандардын көптүгү).
Ар бир объект өзүнчө аталышка ээ. Бул аны башка объекттерден айырмалоого мүмкүндүк берет. Адам объекттин атын «бул эмне?» же «бул ким?» деген суроого жооп берип атайт. Адамдар пикир алмашууда объекттердин аттарын – тилдеги сөздөр менен белгилеп, бири-бирине реалдуу жана ойдон чыгарылган объект тер тууралуу ар түрдүү маалыматтарды беришет. Бирок, ар кандай абалда бир эле объект ар түрдүү аталышка ээ болушу мүмкүн. Мисалы, ит – бул чыныгы дүйнөнүн объекти. Итти Кумайык, үй жаныбары же жөн эле жаныбар деп да атаса болот. Бул аталыштар бири-биринен эмнеси менен айырмаланат жана тиги же бул аталышты тандоо эмнеге жараша болот? Эгерде объекттердин көптүгүн бир аталыш менен атасак жалпы аталышка ээ болот, эгерде кандайдыр бир көптүктө конкреттүү объект ти белгилесек – жеке аталышка ээ болот.
Жалпы аталышты тандаганда ал: 1) көптүктөгү ар бир объектке туура келиши керек; 2) каралып жаткан көптүк кыйла так сыпатталышы керек. Мисалы, Бишкек, Ош, Каракол шаарларына мындай жалпы аталыштарды ыйгарса болот: «шаар», «Кыргызстандагы шаар», «ортоазиялык шаар». Бул учурда тагыраак аталышы «Кыргызстандагы шаар» болот. Ал эми Бишкек, Дүйшөмбе, Ташкент жана Ашхабад шаарлары үчүн «ортоазиялык борбор шаар» аталышы тагыраак болот. Бул жерде айтылган бардык шаарлар «ортоазиялык шаар» аталышына ээ болгон көптүктү түзөт. Кайсы бир көптүктөгү конкреттүү объекттин аталышын (объекттин жеке аталышын) тандоодо – көптүктүн объекттеринин аталыштары ар түрдүү болушу керек деген эрежени сактоо керек. Мисалы, эгерде үйдүн короосунда жалгыз кайың өсүп турса, анда үйдүн жашоочулары «кайың» деген жеке атты колдонушат. Анткени алар дүйнөдөгү бүтүндөй өсүмдүктөрдүн көптүгүн карашкан жок. Короодогу бир гана даракты карап жатышат.
Информатикадагы окуп үйрөнүү объекттери Ар бир илим ар түрдүү объекттерди же бир эле объектти ар тараптан изилдеп, үйрөнөт. Мисалы, астрономия сабагында космос телолору, физикалык географияда – жер кыртышы, биология сабагында – өсүмдүктөр жана жаныбарлар дүйнөсү, тарых сабагында – адам баласынын басып өткөн жолу, технология жана физика сабактарында – айрым техникалык түзүлүштөрдүн иштөө принциптери, математика сабагында – мейкиндиктеги формалар жана сандык катыштар туурасында окуп-үйрөнүлөт. Информатика – бул жаратылыштагы, коомдогу, техникадагы информацияларды берүү, сактоо жана кайра иштетүү процесстеринин жүрүшүнүн мыйзам ченемдүүлүктөрүн, ошондой эле компьютердин жардамы менен бул процесстерди автоматташтыруу ыкмаларын окутуп-үйрөтүүчү илим. Информатикада окуп-үйрөнүүнүн объекттери болуп информация, информациялык процесс, алгоритм, аткаруучу, компьютер, анын аппараттык жана программалык жабдылышы ж. б. саналат
Объекттердин белгилери Адамдар пикир алмашууда объекттердин аттарын сөздөр менен белгилеп, бири-бирине реалдуу жана ойдон чыгарылган объект тер тууралуу ар түрдүү маалыматтарды беришет. Аталыштан тышкары объект тууралуу билдиришлерде адам анын белгилерин: касиеттерин, аракеттерин, жүрүш турушун, абалын толугураак сыпаттап бере алат. Объекттердин касиеттери төмөнкү суроолорго жооп берет: «Бир объект экинчисинен эмнеси менен айырмаланышы мүмкүн?», «Аракет аткарылганда объекттин эмнеси өзгөрүшү мүмкүн?» Мисалы, иттер бири-биринен түсү менен айырмаланышы мүмкүн, шаарлар – калкынын саны, дарыялар – узундугу; документти редакциялаганда анын көлөмү азайышы мүмкүн, сууну ысытканда анын температурасы жогорулайт. Ар бир касиет кандайдыр бир чоңдук жана ал ээ боло турган мааниси менен аныкталат. Чоңдуктардын мисалы: түс, материал, форма, узундук. Маанилердин мисалы: кызыл, темир, тик бурчтуу, 2 м. 1-таблицада объекттер, алардын касиеттери, ошондой эле объекттердин касиеттерине туура келген чоңдуктар жана чоңдуктардын маанилери келтирилген.
Объект
Касиети
Адам
Чоңдук
Көк көздүү
Адам
Үй
Чоңдуктун мааниси
Көзүнүн түсү
Узун бойлуу
Кыш менен салынган
Көгүлтүр
Үй
Бою
Үй
Беш терезелүү
180см
Материалы
Үй
Кыш менен
Терезенин саны
Жашыл чатырлуу
Файл
Меши бар
5
Чатырдын түсү
Файл
Меши бар экендиги
Эски
Жашыл
Файл
Түзүлгөн датасы
Чоң көлөмдүү
Бар
Өлчөмү
Графиктик
23-март, 2012-ж.
Тиби
34,6 Мбай
BMP сүрөтү
Объекттин мүмкүнчүлүктөрү «Ал эмне жасай алат?» (активдүү аракет) же «Аны эмне кылса болот?» (пассивдүү аракет) деген суроолорго жооп берүүчү аракеттердин аталыштары менен белгиленет. Башкача айтканда, аракеттердин аттары аркылуу объект менен боло турган процесстер белгиленет. Мисалы , ит чуркайт, операциялык система компьютердин иштешин башкарат, аба шарына жел толтурса болот, файлдын – аты өзгөртүлөт, мазмуну иштетилет, өчүрүлөт ж. б. Объекттин жүрүш-турушун сыпаттаганда бир гана аракеттердин аталыштарын эле жазбастан, ушул объекттин касиетине тиешелүү болгон ар бир аракет жөнүндө жазылат. Ансыз объект туу ралуу информация толук болбой калат. Өзүңөргө белгилүү бир эле аталыштагы аракет ар түрдүү объекттерде ар башкача аткарылышы мүмкүн. Мисалы , чымчыктар, аарылар, аба шарлары, тик учактар ар башкача учушат. Ал эми үйлөрдү, көпүрөлөрдү жана туннелдерди «куруу» аракеттерин адамдар ар башкача аткарат.
Адам объекттин абалы тууралуу айтып жатканда бул объекттин бардык же кээ бир касиеттеринин белгилүү маанилеринин айкалыштарын айтат же болжолдойт. Мисалы , аба ырайы жакшы дегенде абанын белгилџџ температурасы (жылуу) жөнүндө, катуу шамал жок болсо (тынч) жана жаан-чачын жок болсо күн ачык деп түшүнсө болот. Ал эми объектке аракет жасалса, анын абалы өзгөрөт. Мисалы , аба шарын «көлөмү» (литр менен), «бийиктиги» (жерден жогору метр менен) жана «бузулуш» (тешилсе) чоңдуктары менен байланыштырса болот. Аба шарын үйлөгөндө анын көлөмү өзгөрөт. Аба шары менен өйдө учса анын турган бийиктиги жогорулайт. Ал эми аба шары тешилсе, жарылса же төмөн кулап түшсө үч чоңдуктун тең маанилери өзгөрөт.
№ 1. Объекттердин аттарын атагыла: а) бакчада өскөндөрдү; б) Бишкекте жашагандарды; в) тракторду башкаруучуну; г) мектепте болгондорду. №2. Мисал келтиргиле: а) бош көптүк; бир элементтен турган көптүк; б) 10 элементтен турган көптүктөр; в) чексиз көптүктөр. №3. Объекттердин ар бир тобуна тиешелүү бир нече жалпы аттарды атагыла. Алардын кыйла тагыраагын тандагыла. Жообуңарды негиздегиле : а) Буратино, Мальвина, Пьеро, Артемон; б) «Ак кеме», «Кызыл алма», «Жамиля», «Биринчи мугалим»; в) Бишкек, Ош, Каракол; г) Ак-Буура, Көкөмерен, Кара-Дарыя, Бишкек.
№ 4 Ар бир келтирилген көптүктөрдөн бирден объектти эстегиле жана аны бул көптүктө жеке ат менен белгилегиле. а) деңизде сүзүүчү; б) математикалык мыйзам; в) формула; г) уламыш. №5. Саякат боюнча картада белгиленген объекттердин жалпы аттарын атагыла. Кыргызстан боюнча өзүңөр билген объекттердин жеке аттарын атап бергиле. №6. Төмөндө келтирилген ар бир объекттин касиеттери үчүн чоңдугун жана маанисин көрсөткүлө.
Обьект
Касиети
Адам
Чоңдук
Дарбыз
Кара чачтуу
Чыны
Чоңдуктун мааниси
Жети киллограмдык
Катуу диск
Форфордон жасалган
Чоң
Монитор
Автомобиль
Диогналы жети дюйм
Японияныкы
Бышыктоо: 1) маанилүү терминдер 2) обьект 3) көптүк дегенге кандай түшүндүңөр? 4) Информатика эмнени окуп үйрөтүүчү илим? 5) Информатикадагы окуп үйрөнүү объекттери? 6) Объекттердин касиеттери кандай суроолорго жооп берет? Баалоо: Үйгө тапшырма: 1. Суроолорго жооп бергиле: а) Кайсы чоңдуктун мааниси аркылуу чайнек «кайноо» абалына жеткендиги аныкталат? б) Эгер чыныдагы сууну төгүүгө мүмкүн болбосо, ал кандай абалда? в) Эгерде карандаш менен эч нерсе тартууга же жазууга мүмкүн болбосо, ал кандай абалда?. 2. Объекттердин ар бир тобуна кыйла тагыраак жалпы аталыш бергиле. а) Кыргызстан, Казахстан, Россия; б) Кыргызстан, Өзбекистан, Тажикстан; в) Каракол, Ош, Нарын; г) Каракол, Чолпон-Ата, Балыкчы; д) Ысык-Көл, Байкал, Балхаш; е) Ысык-Көл, Соң-Көл, Чатыр-Көл;