Просмотр содержимого документа
«План конспект Компьютердик техника»
Сабактын темасы: Компьютердик технология
Сабактын максаты:
А) Билим берүүчүлүк
Б) Өнүктүрүүчүлүк
Компьютер жөнүндө түшүнүк . Компьютерде отуруунун эрежесин үйрөнүшөт. Компьютер бөлүктөрү менен танышышат.
В) Тарбия берүүчүлүк
Эки бөлүмдүү күндөлүк толтуруу жана логикалык суроолорду берүү менен окуучулардын ой жүгүртүүсүн өнүктүрүү. Алган билимин практикада колдонууга үйрөтүү.
Топ менен иштей алышат. Окуучулар өз алдынча иштөөдө тартиптүүлүккө, тыкандыкка, чечкиндүүлүккө, биримдикке жана ынтымакка, маданияттуулукка тарбияланышат.
Сабактын тиби: Сабактын формасы: Сабактын жабдылышы: Сабакта колдонулган метод:
Сабактын жүрүшү. Уюштуруу:компьютер-ангилс тилиндеги «to compute» -эсептеп чыгаруу деген сөзүнөн алынган. Компьютер электроникадан туруучу, малыматы кайра универсалдык прибор. Компьютерге берилиштерди киргизүү, аларды иштетүү, алынган маалыматтарды чыгаруу жана сактоо атаыйн жабдуулар (түзүлүштөр) менен аткарылат, булар компьютер жабдуулары () деп аталат. Эгерде ,компьютер курамына көз жүгүртүп көрсөк, анда ал төмөнкү бөлүктөрдөн тургандыгын байкайбыз:
Компьютер
Системалык биримдик
Монитор
Эл чычкан
Клавиатура
Калгандары: принтер, сканер, плоттер, модем,динамиктер ж.б. Перифердик (компьютердин айланасындагы деген мааниде) түзүлүштөргө киришет.
Компьютерде тура отуруунун эрежеси
Компьютерге олтуруу эрежелери: -Отургучка жөлөнүп олтуруу. -Күндүн нуру дисплейге чагылбоо болуу керек. -Экрандан 50-60 см алыс болуу керек. -Буттарды бирдей полго же атайын тактайчага койгон оң. -Чыканак, жамбаш, тизе сөоктөрдүн муундары дайыма 90 градустук бурч менен бүгүлүшү керек. - Класстын температурасы 20 да туруш керек. -Монитордун экранын борбору көздүн бийиктигинен 10-15 см төмөн болуу керек, экранга карап эңилүү 15-20 градустан кем болбосун. -Монитордун жака белинде жалтыраган, чагылдыруучу предмет болбосун. -Экрандын бети таза болсун.
Иш үстүндөгү зарылдыктар: -Эркин терең ритмикалуу дем алуу. -Көздү тез-тез ирмеп, алысты тигиле кароо. -Көздүн чарчоосу байкалса 2,3 минута класска көз чаптырып, ар кайсыпредметтерди карап, терезеден алысты тиктөө жана чыкыйды ушалоо көздү тегеретүү көнүгүүлөрүн жасоо.
Монитор (дисплей )-маалыматты чыгаруучу түзүлүш болуп негизинен компьютердин системдик биримдиги менен бирге сатылып, бүгүнкү күндө үч түрдүү стандартта чыгарылат: UGA (Uideo Graphic Array), SUGA (Super UGA), LCD (Liguid Crystallic Display). Алар компьютердеги (системалык блокту) видеоадаптерлердин (adapter-көндүрүүчү, жөнгө салуучу) жөндөмдүүлүктөрүнө жараша 4 түс (640х480 чекит), 16 түс (1024х768) жана 32 млн.түс брүү мүмкүнчүлүктөрүнө ээ. LCD (суюк кристаллдык дисплей) Note Book (чөнтөк дептерчеси) деп аталуучу чакан компьютерлерде колдонулат.
Клавиатура -бул бүгүнкү күндө маалыматты компьютерге киргизүүнүн эң негизги каражаты болуп эсептелет. Буюм катарында карап көрсөк клавиатура металдан же пластмассадан жасалган жалпак кутуча- бетинде 103-110 гочейин жеткен бармакчалар (клавишалар) жайгашкан түзүлүш. Клавишаларды басуу аркылууборбордук процессорго белгилүү сигналдарды жиберебиз.
Чычкан (мышь )-бул түзүлүш клавиатурага жардамчы болуп колдонуучунун ишин жеңилдетүүгө арналган, ал экрандагы курсорду (Курсор-клавиатурадан киргизилүүчү тесттин, сүрөттүн же таблицанынжайгашуучу ордун көрсөтүүчү монитордун экранында өчүп-күйүп турган белги.) башкарат,ал эки баскычтан жана бир седепчеден турат. чычкандын сол баскычын файлды ачууда эки ирет керек, ал эми белгилөөдө бир басуу жетиштүү, оң баскычы контекстик меню,седепчетүрүү, өткөрүү, жаюуу, жогорулатуу жана башка учурларда талапка жараша колдонулат.
Үн чыгаруучу түзүлүштөр-адамдын кебин синтездейт,атайын сигналдарды, музыканы чыгарат. Бул түзүлүштор тил үйрөнүүдө, мультимедияда ж.б.мүмкүнчүлүккө жараша кеңири колдонулууда.
Системалык блок- компьютердин эң негизги бөлүгү. Компьютердин бул бөлүгү негизги болүк болгондуктан кийинки темаларда кеңири токтолобуз.