Сабактын иштелмеси
Темасы:
Информатика мугалими:
Сабактын темасы: Маалымат кылмыштуулугу
Сабактын максаты:
Билим- берүүчүлүк – окуучулардын маалымат кылмыштуулугу, кылмыштуулуктун түрлөрү боюнча билим алуусуна көмөктөшүү
Тарбия- берүүчүлүк – окуучулардын жаңы теманы өздөштүрүүгө карата аң- сзимдүү кабыл алуусуна, жоопкерчиликке тарбиялоого көмөктөшүү
өнүктүүрүчүлүк – окуучулардын предметтик маалымдуулугун, алган билимдерин турмушта колдоно алуусун арттырууга көмөктөшүү
Сабактын милдети:
Окуучу төмөнкүлөрдү билиши керек:
Информациялык кылмыштуулук деген эмне? Аны пайда болуу себептерин
Информациялык кылмыштардын түрлөрүн
Интеллектуалдык чөйрөдөгү информациялык кылмыштар
Компьютердик кылмыштуулук, негизги типтерин, максатын
Информациялык кылмыштуулук менен күрөшүүнүн негизги методдорун
Окуучу төмөнкүлөрдү аткара алышы керек:
Информациялык кылмыштуулуктун түрлөрүн айырмалайт
Кыргыз Республикасынын Конституциясындагы информациялык коопсуздукка байланышкан беренелерди турмушта пайдаланат
Информациялык кылмыштуулукка мисал, фактыларды келтирет
Сабактын методу:
сөздүк
демонстрациялык
проблемдик - изилдөө
дисскусия
Сабактын жүрүшү:
Өтүлгөн темаларды кайталоо
Үй тапшырма кичи топтордо презентация даярдоо темасы “Маалыматтык Коом”. Окуучулардын иштеринин презентациясынын негизинде теманы кайталап кетелик.
Суроолор:
Информациялык коомду силер кандай түшүнөсүнөр?
Биз жашаган коомду информациялык коом деп атоого болобу? Жообуңардарды негиздегиле.
Информациялык коомдун белгилерин айта кетелик
Информациялык резурстар
Информациялык коопсуздук
Информациялык коркунуч?
Маалыматтык маданият Убакыт – 10 мин
Жаңы тема
Бүгүнкү сабактын темасы Маалымат кылмыштуулугу (слайд 1)
Темадан биз кылмыштуулуктун пайда болуу себептерин, информациялык кылмыштуулуктун түрлөрү менен таанышабыз.
Коомду маалыматташтыруу процесси өтө ылдам өнүгүп жатат. Укук бузуунун жаңы түрү Маалымат кылмыштуулугу пайда болду. Маалымат кылмыштуулугу – бул маалымат менен байланышкан ар кандай кылмыштар.
Бул теманы түшүнүү үчун баардыгыбыз иштейлик.
Класстын 3 кичи топко бөлүү.
группа: Депутат, адвокат, юрист, прокурорлор
группа Банкирлер, экономистер
Фирмалардын ээлери
1- тапшырма (Слайд -3)
Убакыт 5 мин. 1) өз алдынча 2) группада 3) класста талкуулайлык. Жыйынтыктоо Слайд 4
2- тапшырма
1)Бул себептерге макулсуңарбы?
2)Турмуштан мисал келтиргиле?.
3) Кандай кылмыштардын түрлөрү келип чыгууда? Жооптору доскага жазылыт.
Окуучулардын жоопторун жыйынтыктап Слайд 5.
Статистикалык маалыматтарга таянсак дүйнөдөгү компьютердик ири кылмыштардын 2/3 бөлүгүнө жакыны өз таламын коздөгөн кылмыштар, 20%ке чукулу саясий себептерге байланыштуу ( шпионаж, терроризм ж.б.), калган бөлугү - өч алуу үчүн, шоктонуудан, кээде таанып – билүү максатында жасалат.
Мындай кылмыштарды жасаган адамдар шарттуу түрдө төмөнкүдөй 3 категорияга бөлүнүшү мүмкүн:
фирмалардын же телөө мекемелеринин маалымат техникасы менен иштеп, кызмат абалын кыянаттык менен пайдаланган кызматкерлер
уюмдардын жооптуу кызмат орундарын ээлегендиктен, эсептөө системаларынын маалымат ресурстарын пайдаланууга кеңири укуктары бар кызматкерлер
Малымат –телекоммуникация системаларынын иштеп четтелген кызматкерлер.
Эң кеңири тараган компьютердик кылмыштарга төмөнкүлөр кирет:
Ар түрдүү тыңшоочу, жазуучу ж.б. системалардын жардамы аркылуу маалымат уурдоо
Автоматташтырылган маалымат системаларынын маалымат ресурстарына колдонуучунун же кошулган терминалдардын жана бул системада кабыл алынган паролдордун жардамы менен түздөн-түз санкциясыз кирүү
Мисалы: Компьютердик кылмыштар 20 кылымдын 70 жылдары пайда боло баштаган. Алдыңкы орунда АКШ турган. 2000 жылдын январь айында Россиянын Новоуральск шаарынын банкынан 11 миллион ашук рублди уурдап алышкан. Изилдөөнүн негизинде мурда иштеп кеткен кызматкерлердин тобу – хакерлер аныкталган. Мыйзам боюнча аларга кылмыш үчүн 5 жылдан 10 жылга чейин эреинен ажыратуу каралган.
3 тапшырма
Маалымат кылмыштуулугу менен күрөшүүнүн методдорун сунуштап көрөлүк: (убакыт 3 минута) Ар бир группа өзүнөрдүн иштөө сфераңар боюнча
кичи топто - топто талкуулайлык. Окуучулардын жоопторунан кийин Слайд көрсөтүү
Сабакты жыйынтыктоо
Бүгүнкү сабактан биз эмнени үйрөндүк?
Баалуу маалымат алдыңарбы? Жообуңду негиздеп бер.
Келечекте ушундай кесипке ээ болуп калсак маалымат кылмыштуулукка каршы күрөшөт белең? Кантип?
5. Үй тапшырма: §6 330 бет,
Интернет тармагынан Хакелер боюнча видео көрүп келгиле.
“Что умеет хакеры?”, “Последнее преступление хакеров”
6. Баалоо. Баа коюу. .
1. Окуучунун теманы түшүнүүсү 2. Өз оюн эркин айта алуусу
3. Мисалдарда факт келтирип, жообун аргументтей алышы