СДЕЛАЙТЕ СВОИ УРОКИ ЕЩЁ ЭФФЕКТИВНЕЕ, А ЖИЗНЬ СВОБОДНЕЕ

Благодаря готовым учебным материалам для работы в классе и дистанционно

Скидки до 50 % на комплекты
только до

Готовые ключевые этапы урока всегда будут у вас под рукой

Организационный момент

Проверка знаний

Объяснение материала

Закрепление изученного

Итоги урока

План конспект Паскаль тили менен таанышуу

Категория: Информатика

Нажмите, чтобы узнать подробности

Просмотр содержимого документа
«План конспект Паскаль тили менен таанышуу»

Класс: 8а,

Дата:

Сабактын темасы: Паскаль тили менен таанышуу. ТР программалоо системасы менен таанышуу жана иштөө

Сабактын максаты:

  • билим берүүчүлүк – окуучулардын Паскаль тили, программанын жалпы структурасы, негизги командалары боюнча билим алуусуна көмөктөшүү;

  • тарбия-берүүчүлүк- окуучулардын жаңы теманы өздөштүрүүгө карата аң сезимдүү кабыл алуусуна, жоопкерчиликке тарбиялоого көмөктөшүү

  • өнүктүрүүчүлүк – окуучулардын предметтик маалымдуулугун, алгоритмикалык ой жүгүртүүсүн, предметке болгон кызыгуусун арттырууга көмөктөшүү;

Сабактын милдети:

Окуучу төмөнкүлөрдү билиши керек:

  • Паскаль тили качан пайда болгон жана анын автору

  • Паскаль тилинде программанын структурасын

  • Маалыматты киргизүү жана чыгаруу операторлору

  • Паскаль тилинде арифметикалык операциялар

Окуучу төмөнкүлөрдү аткара алышы керек:

  • ТР программалоо системасында иштөөнү

  • Маселени компьютерде чыгаруунун этаптарын

  • Сызыктуу алгоритмдерди түзүунү

Сабактын методу: сөздүк, практикалык, демонстрациялык

Сабактын тиби: аралаш

Сабактын жабдылышы: проектор, компьютер, “Алгоритм и Программирование” программасы, окуу китеби (1), (2), (3), доска, маркер

Сабактын жүрүшү:

  1. Үй тапшырманы текшерүү

Суроолор:

  1. Жаңы теманы түшүндүрүү

Азыркы учурдагы программалоо тилдеринин арасынан эң белгилүүсү болуп Паскаль тили эсептелет. Бул тил 1971 жылы иштелип чыгып, француз окумуштуусу, механикалык эсептөө машинасынын ойлоп табуучусу Блез Паскалдын ысмынан аталган. Паскаль тилинин автору – швейцариялык профессор Никлаус Вирт.


Паскаль тилинде программанын структурасы


Program missal;

Var a,b: integer;

S: iteger;

Begin

Readln(a,b);

S:=a*b;

Witeln(‘s=’,s);

End.


program программанын аты;

var өзгөрмөлөр: өзгөрмөлөр тиби;

begin

Программанын телосу;

End.

Var- (variables- өзгөрмөлөр) сөзү менен башталат. Өзгөрмөлөрдүн тиби integer (бүтүн), real (бөлчөк).

Клавиатура аркылуу маалыматтарды киргизүү

Read(өзгөрмөлөр тизмеси);

Readln(өзгөрмөлөр тизмеси);

Натыйжаны чыгаруу

Write(чыгаруу тизмеси)

Writeln(чыгаруу тизмеси)

Арифметикалык ыйгаруу оператору

Сандык өзгөрмө:=аримтетикалык туюнтма


Негизги арифметикалык амалдар

  1. Практикалык иш

Маселелер жыйнагы №1 [2]

  1. Сабакты жыйынтыктоо

148 бет №1,2,3,4,5,6,7 [1]

  1. Үй тапшырма

§11 145 бет окуу [1]

[2] #2, #3

6. баалоо баа коюу