СДЕЛАЙТЕ СВОИ УРОКИ ЕЩЁ ЭФФЕКТИВНЕЕ, А ЖИЗНЬ СВОБОДНЕЕ

Благодаря готовым учебным материалам для работы в классе и дистанционно

Скидки до 50 % на комплекты
только до

Готовые ключевые этапы урока всегда будут у вас под рукой

Организационный момент

Проверка знаний

Объяснение материала

Закрепление изученного

Итоги урока

План конспект Темасы: Аянттын чен бирдиктери.761-766-мисал-маселелер

Нажмите, чтобы узнать подробности

Башталгыч класс мугалимдери үчун усулдук колдонмо. Математика сабагы боюнча 4-класста өтүлгөн жаңы усул боюнча түзүлгөн сабактын иштелмеси

Просмотр содержимого документа
«План конспект Темасы: Аянттын чен бирдиктери.761-766-мисал-маселелер»

Сабагы: Математика 4-класс

Сабактын темасы: 761-766-мисал-маселелер.


Компетенттүүлүктөр :

Сабактын максаты:

1

Маалыматтык-компетенттүүлүк

Аянттын чен бирдиктерин аташат

Билим берүүчүлүк:Окуучулар аянттын чен бирдиктери жөнүндөгү билимдерин бышыкташат.


2


Социалдык-коммунникациялык

Чен биртиктердин байланыштарын мисалдарда колдонушат

Өнүктүрүүчүлүк: Аянттын чен бирдиктерин ирилетүү жана майдалоо жолун пайдаланып мисал-маселелер иштөө көндүмдөрүн өнүктүрүшөт,көп орундуу сандарды 1,2 орундуу сандарга бөлүү жана көбөйтүүнү мамыча түрүндө жазып мисалдарды,теңдемелерди иштөөгө машыгышат.

3

Өзүн-өзү башкаруу,көйгөйдү чечүү

Жердин аянтын туура эсептөөнү үйрөнүшөт

Тарбия берүүчүлүк:Окуучулар тактыкка жана өз ишин берилип иштөөгө тарбияланышат.

Сабактын тиби: алган билимди бышыктоо

Сабактын формасы: топто иштөө

Сабактын усулу:интерактивдүү усул,аңгемелешүү,жеке,топто иштөө

Сабактын жабдылышы:интерактивдүү доска,Ах4 барактары,баалоо каражаттары,геометриялык фигуралар,плакаттар.

Сабактын жүрүшү


Сабактын баскычтары

Мугалимдин ишмердүүлүгү

Окуучулардын ишмердүүлүктөрү

Баалоо

1

Уюштуруу

Жагымдуу маанай түзүү

Жагымдуу манай түзүүгө катышат


2

Өтүлгөн материалды кайталоо

-Аянттын чен бирдиктерин атагыла.

Слайд№1

-Чен бирдиктерди ирилеткиле жана майдалагыла.Слайд№2

2 топ чен бирдиктерди майдалап жана ирилетип, жоопторун доскага илишет

“жер тилкесин” берүү

3

Мээ чабуулу

-Гектар чен бирдигин качан пайдаланабыз? Силердин талаада канча жер үлүшүңөр бар экенин айтып бере аласыңарбы? Ал жерге эмне өстүрөсүңөр?

-Бир жагы 45м,экинчи жагы 65м болгон тик бурчтук формасындагы жердин аянтын кантип табабыз?.

Суроолорго жооп беришет, 2 топ жердин аянтын эсептеп табышат:

45х65=2925 м2

“помидор,

капуста”

берүү,

калып.

баалоо

4

Сабактын темасын аныктоо,макстын болжолдоп түзүү

-Бүгүнкү сабак эмне жөнүндө болот деп ойлоп жатасыңар? Сабактын максатын кандай түзөлү? Слайд№3,№4

Сабактын темасын аныктап, максатын чогуу түзгөнгө катышат

Калыпт.

баалоо

5

Практикалык иштер

№761. Үч бурчтук жана тик бурчтук формасындагы талаанын жалпы аянтын тапкыла. Слайд№5,№6,№7

В 55 м ге узун С


А



D

К D




2 топ 2 фигуранын аянтын табышат:

Берилди:

АВС үч б.,ВСКD тик б.

ВК=105м, ВС=55 м ге узун-?

S1 =?

S2=(S1 : 2)-?

S=?

Чыгаруу:

ВС=105+55=160(м2)

S1 =105х160=16800м2

S2 =16800:2=8400м2

S =16800+8400 =25 200 м2

25 200 м2 :10 000 =2 га 52 м2

Жообу : 2 га 52 м2

“помидор,

капуста”

берүү,

калып.

баалоо

6

Эс алуу

Бак тигели”

Ырды айтып ,кыймыл жасашат


7

Практикалык иштер(улантуу)

  1. Слайд №8.

762. Маселени чыгаргыла:

I – 1680 : 21 сом -?

II – 1680 : (21+3)сом -?


  1. 763.Теңдемени чыгаргыла.










  1. Слайд №9

764. Көбөйтүүнүн касиеттерин айтып бергиле.


  1. Амалдарды аткаргыла

1-топ 2-топ

8235:27 2688:84

217х505 913х27

1)Маселени чыгарышат:

1680 :21 = 80 (сом)

1680:(21+3)=1680:24=70(сом)

Жообу: 80 сом, 70 сом


2) теңдемени чыгарышат:

1-топ 2-топ

104хХ=52х2 180:к=1000:100

104хХ=104 180:к=10

Х=104:104 к=180:10

Х=1 к=18

104х1=52х2 180:18=1000:100

104=104 10=10



3)Көбөйтүүнүн касиеттерин айтып беришет.


4)Амалдарды аткарышат:

1-топ 8235:27=305

217х505=109585

2-топ

2688:84=32

913х27=24651





“помидор,

капуста”

берүү,

калып.

Баалоо










8

Жыйынтыктоо

-Бүгүнкү сабакта эмнени билдиңер?

-Эмне түшүнүксүз болду?

Сабак жөнүндө өз ойлорун айтышат


9

Үйгө тапшырма

766

Үй тапшырмасын белгилешет


10

Баалоо

Топтогон “помидор менен капустанын” санын эсептегилечи. Кимди кандай баалайбыз?

Топто өз ара бири-бирин баалашат,топтогон“помидор менен капустанын” саны боюнча бааланышат.