СДЕЛАЙТЕ СВОИ УРОКИ ЕЩЁ ЭФФЕКТИВНЕЕ, А ЖИЗНЬ СВОБОДНЕЕ

Благодаря готовым учебным материалам для работы в классе и дистанционно

Скидки до 50 % на комплекты
только до

Готовые ключевые этапы урока всегда будут у вас под рукой

Организационный момент

Проверка знаний

Объяснение материала

Закрепление изученного

Итоги урока

План-конспект Темасы: Муун жана ташымал

Нажмите, чтобы узнать подробности

Башталгыч класстар үчүн усулдук колдонмо. 4-класстардын кыргыз тили сабагы боюнча жаңы усулда өтүлгөн сабактын иштелмеси

Просмотр содержимого документа
«План-конспект Темасы: Муун жана ташымал»

Сабагы: Кыргыз тили 4-класс

Сабактын темасы: Муун жана ташымал.


Сабактын максаты:

Компетенттүүлүктөр:

1

Билим берүүчүлүк: Окуучулар муун жана анын түрлөрү,ташымал жөнүндө түшүнүктөрүн толук ташат. Ч.Айтматовдун өмүрү жана чыгармачылы гы жөнүндөгү билимдерин кеңейтишет

Маалыматтык-компетенттүүлүк: Муундун түрлөрүн аташат,сөздөрдү туура ташымалдоо эрежелерин билишет.Ч.Айтматов жөнүндө тексттин мазмуну боюнча өз оюн айтып беришет

2

Өнүктүрүүчүлүк: Сөздөрдү муунга туура ажыра- та алышат,муундун түрлөрүн аныктай алышат, муунга карай сөздөрдү туура ташымалдоо көн дүмдөрүн өнүктүрүшөт,текстти окуп изилдей алышат.

Социалдык-коммуникациялык:Тексттеги 4-сүйлөм дөгү сөздөрдү муунга ажыратып түрүн аныктай алышат, ташымалдоого мүмкүн болбогон сөздөрдү айтышат,тексттеги 1-2-сүйлөмдөрдү туура,сулуу жазууга машыгышат

3

Тарбия берүүчүлүк: Улуу адамдардан өрнөк алууга,алардын эмгектерин баалоого тарбияла- нышат

Тарбия берүүчүлүк:Ч.Айтматовдун чыгармаларын атап беришет,анын чыгармачылыгындагы ийгилик терине баа бере алышат

Сабактын тиби: жаңы билимди окуп-үйрөнүү,калыптандыруу сабагы

Сабактын усулу: түшүндүрүү,аңгемелешүү,интерактивдүү усулу,топто,жеке иштөө

Сабактын жабдылышы: слайддар,карточкалар,баалоо каражаттары,Ах4 барактары,маркерлер

Сабактын жүрүшү


Сабактын этаптары

Мугалимдин ишмердүүлүгү

Окуучулардын ишмердүүлүгү

Баалоо

1

Уюштуруу

Жагымдуу маанай түзүү.

-Букеттин ичинен тандап алган кагазда жазылган жакшы каалоо-тилек сөздөрдү кимге айтат элең?

Бири-бирине каалоо-тилек айтышат

Ыраазычылык

билдирүү

2

Өтүлгөн материалды кайталоо

Доскада жазылган сөздөрдүн үстүндө коюлган сан боюнча муундарды кураштырсаңар катылган сөздү табасыңар. Слайд№1 Жаратылыш1, казуу2,обончу3

Катылган сөздү табышат:

жазуучу

Мактоо

3

Мээ чабуулу

-Жазуучу деген ким? Ал эмне иш кылат?Жазуучулардан кимдерди билесиңер? Быйыл кайсы жазуучу нун 90 жылдыгы белгиленет? Ал жөнүндө эмне билесиңер?

Суроолорго ой жүгүртүп жооп беришет

Жылдызча

берүү

4

Сабактын темасын аныктоо,максатын түзүү

-Сабакта эмне жөнүндө сөз болот деп ойлойсуңар? Сабакка кандай максаткоёлу?Слайд№2,№3”Сабактын темасы”,”Сабактын максаты”

Сабактын темасын айтып, максатын чогуу түзүүгө катышат

Ыраазычылык

билдирүү

5

Жаңы теманы түшүндүрүү

1)Эреже менен тааныштыруу.

Слайд№4 “Сөздө канча үндүү болсо,ошончо муун болот”

Слайд№5 “Муундун түрлөрү”

2)Текстти изилдөө

Слайд №6 Ч.Айтматовдун сүрөтү

Слайд №7 “Чыңгыз Айтматов” деген текстти абзац боюнча окуп суроо берүү менен мазмунун түшүндүрүү

3)Ч.Айтматов жөнүндөгү сүрөттөр менен иштөө:Слайд №8 “Шекер айылы”

Слайд №9“Ч.Айтматовдун атасы,апасы”

Слайд №10 “Чыгармалары”

Эрежени угуп түшүнөт,

кайра айтып беришет



Слайд боюнча текстти угуп мазмунун түшүнөт, суроолорго жооп бере алышат




Слайддагы сүрөт боюнча өз ойлорун баяндап беришет


6

Практикалык иштер

1)Дептерге жазуу.1-көнүгүү

Акыркы сүйлөмүн муунга бөлүп жазгыла

2)Карточкадагы суроолорго жооп бергиле.

-Ч.Айтматов качан жана кайсы жерде төрөлгөн?

-Анын ата-энеси кимдер болгон?

-Ч.Айтматов согуш учурунда ким болуп иштеген?

-Анын эң алгачкы чыгармасы кайсы?


Сүйлөмдү муунга бөлүп жазышат



4 топ 1ден суроого ой жүгүртүп жооп берет







Жылдызча берүү

7

Эс алуу

Мектепте” ыры

Ырды айтып кыймыл жасашат


8

Практикалык иштер(улантуу)

3)Дептерге жазуу. 3-көнүгүү

Тексттин 1-3-сүйлөмдөрүн көчүрүп жазгыла.Ташымалдоого болбой турган муун барбы?Байкагыла.

4)Оозеки иш. 4-көнүгүү.Тексттин 4-сүйлөмүндөгү сөздөрдү муунга ажыраткыла.Муундун түрүн аныктагыла. Слайд№11

5) 5-көнүгүү.Ч.Айтматовдун кандай чыгармаларын билесиңер?Аларды үлгүгө карап муунга бөлүп жазгыла.

Тексттеги 1-3- сүйлөмдү жазып байкагандары боюнча айтып берет



Сөздөрдү муунга ажыратып, кайсы түрдө экенин айтып беришет


Мактоо,

Жылдызча берүү

9

Бышыктоо

Сүйлөмдөгү туура эмес муунга ажыратылган сөздөрдү тапкыла:

Мек-ен де-ген а-лп сөз-дүн кут түш-көн о-чо-гу сы-як-туу, а-ла-кан-дай бор-бо-ру бо-лот э-мес-пи. Ме-нин ме-ке-ним-Ше-кер а-йы-лы”Слайд№12

Суроо: Бул фраза кимге таандык?

Тапшырманы топ менен аткарышат,презентациялашат

Мактоо,

Жылдызча

берүү

10

Жыйынтыктоо

-Сабакта эмне жөнүндө билди- ңер? Эмне түшүнүксүз болду?

Сабак сага жактыбы?

Сабак жөнүндө өз ойлорун билдиришет


11

Үйгө тапшырма

6-көнүгүү.Ч.Айтматов жана анын чыгармачылыгы тууралуу китепче жасагыла

Үй тапшырмасын белгилешет


12

Баалоо

-Бүгүнкү сабакта кимдерди кантип баалайбыз? Топтогон жылдызча- ңарды санагыла.

Топтогон жылдызчаларын санашат,топто бири-бирин баалашат







Скачать

Рекомендуем курсы ПК и ППК для учителей

Вебинар для учителей

Свидетельство об участии БЕСПЛАТНО!