Уюштуруу (12 мин) | Окуучулардын сабака даярдыгы, окуу куралдары текшерилет | Окуу куралдары: китеп, дептер, калем сап жана башка окуу куралдарын даярдашат | Сабака даяр болушат. |
Жаны теманы түшүндүрүү (14 мин) | Маанилүү терминдер: презентация ,компьютердик презентация ,анимация, гипершилтеме, гипертекст, гипермедиа. Презентация (англис тилинде “presentation”-көрсөтүү) бул информацияны көпчүлүккө көрсөтмөлүү жана натыйжалуу көрсөтүүнүн жолу. Компьютердик презентация- текстерди сүрөттөрдү,фотографияларды, анимацияны,видео жана үн серияларын камтыган слайддарды бир графикалык стилде жасалгаланган ыраттуулун көрсөтүүчү мультимедиа продукт. Презентациянын слайды- көп катмарлуу структура:тандалган фонготекстти, сүрөттөлүштү ж.б объекттерди катмарлап жайгаштырат. Катмарларды бири-бирине салыштырмалуу жылдырып, объекттердин жайгашуусуна ылайыктуу вариант тандап алса болот.Ошондой эле слайддын ар бир объектине анын слайдда пайда болуу жолун анимация эффектисин:пайда болушун учуп чыгуусун, жылып чыгуусун ж.б тандаса болот.Слайддардын алмашуусу маусту чыкылдатуу же автоматтуу түрдө убакыттын берилген аралыгы аркылуу пайда болот.Ал ар кандай үн жана ар кандай анимациялык эффектер менен коштолушу мүмкүн. Слайддарда ар кандай информациялык обьекттер (текттер , схемалар,таблицалар, фотографиялар ж.б)гипершилтемелер презентациянын башка слайддарындагы башка файлдардагы жана интернет тармагындагы информациялык обьекттерге өтүүнү камсыз кылуучу шилтемелер да жайгаштырылышы мүмкүн.Гипершилтемелер болуп слайддарда жайгаштырыла турган презентациянын слайддары боюнча навигацияны(жылыштыруу) камсыз кыла турган башкаруу кнопкалары да эсептелет. Гипершилтемелер катары тексттик объекттер эле чыкса бул технология гипертекст деп аталат. Графикалык жана үн объекттери чыкса бул технология гипермедиа деп аталат. “PowerPoint”слайддарында таблицаларды, диаграммаларды жана башка объекттерди жайгаштырсак болот. “PowerPoint” программасы ишке киргизилгенден кийин анын терезеси ачылат. Анын негизги элементтерин жана диаграммаларды, графикаларды түзүүнүн жолдорун проектрдагы сүрөттөлүштөн көрсөтүлгөн.Ошондой эле бул программанын жардамында жаңы материалды баяндоодо, конференцияларда доклад менен чыгуу процессинде пайдалансак болот. | Топтордо иштей алат. Бири-бирине жардам беришет жана бири-бирин пикирин баалай алышат. |
Топтордо иштөө (9-мин) | Тапшырмалар берилет. Окуучулар билим денгээлине жараша жуптарда иштөө сунушталат. | Окуучулар бири бири менен жуптарда иштешет. | Окуучулар жуптарда топтордо жана өз алдынча иштей алышат |
Жыйынтыктоо (3мин) | Өтүлгөн темага байланыштуу суроолор берилет. Жаңы теманы суроо жооп аркылуу бышыктоо. | Өтүлгөн теманы түшүнүшөт. Берилген суроолорго жооп бере алышат. | Темага байланыштуу суроолорго жооп бере алат. |
Үй тапшырма түшүндүрүлөт (2 мин) | Окуучуларга үй тапшырма берилет жана түшүндүрүлөт. | Үйгө берилген тапшырмалар боюнча суроолорду беришет. | Үй тапшырмасы боюнча суроо бере алат. |
Комментарийлен- ген баалоо(1 мин) | Окуучулардын жуптарда иштөөсүнө жана аракеттерине жараша бааларды комментарийлеп, сабака активдүү катышканына карап жана жооп бергенине жараша баалайт. Күндөлүгүнө окуучунун иш аракетине жараша баа коюп берет. | Баага ынанбагандар суроолорун бере алышат. Күндөлүктөрүнө баа койдурушат. | Үй тапшырмасы боюнча түшүнбөгөн суроолорду беришет. |