Жалал-Абад областы, Базар-Коргон району, Акман айылы.
Тешебай Исак уулу атындагы №35 жалпы билим берүүчү орто мектеби мекемесинин математика
Кыргызбаева Назгүлдүн иш тажрыйбасы.
| Сабактын максаты: | Көрсөткүчтөр: |
| Окуучулар потенциалдык энергия боюнча түшүнүк алышат,аныктамаларды жана формулаларды жатка билишет. | Окуучулар потенциалдык энергия боюнча түшүнүк алышса,көнүгүүлөрдү иштөөдө алган билимдерин колдоно алышса. |
| Формула боюнча мисалдарды иштей алышат. Энергияны турмушта пайдалануу менен физика сабагына болгон кызыгуусу жогорулайт. | Берилген көнүгүлөрдү так иштей алышса, энергияны турмушта колдоноорун билишсе. |
| Логикалык ой жүгүртүүсүн өстүрө алышат,активдүү боло алышат,топтордо иштешет. | Активдүү болушса ,топтордо иштей алышса. |
| Сабактын тиби: Жаңы теманы түшүндүрүү. |
| Сабактын ыкмасы: Билимдерди комплекстүү колдонуу |
| Сабактын формасы: Топтор менен иштөө |
| Сабактын жабдылышы: Китеп,сүрөттөр, резина, топ,пружина,сызгыч,ватман,маркер. |
| Сабактар аралык байланыш: Математика,астрономия,география,геометрия. |
| Сабактын жүрүшү: уюштуруу |
| Саламдашып ,сабакка келбеген окуучуларды аныктап,окуучулардын сабакка болгон даярдыгын текшеремин. | Саламдашып,окуу куралдарын алышып,сабакка даярданышат.Катышуу жөнүндө маалымат алышат. |
| Үй тапшырмасын суроо:Энергия.Механикалык энергия. |
| Энергия деген термин грек сөзүнөн алынган.Бизче “Ишкердик ”, “Иштөөчү күч” дегенди түшүндүрөт. Энергиянын да,жумуштун да бирдиги 1 джоуль(Дж). Энергия- нерсенин кандай жумуш аткара ала тургандыгын мүнөздөөчү физикалык чоңдук.Нерсе канчалык чоң жумуш аткарса,анын энергиясы да ошончолук көп болот. Нерсенин кыймылы учурундагы же алардын өз ара жайгашуусу боюнча аныкталуучу энергия механикалык энергия деп аталат. Механикалык энергия эки түрго бөлүнөт: 1.потенциалдык энергия 2. кинетикалык энергия. |
| Жаңы темага өбөлгө түзүү: Геометриялык фигуралар сүйлөшөт. |
| Мугалимдин иш аракети | Окуучунун иш аракети. |
| Энергия деген эмне? кайсы терминден алынган? | Энергия – нерсенин кандай жумуш аткара ала тургандыгын мүноздөөчү физикалык чоңдук.грек тилинен “ишкердик”, “иштөөчү күч”. |
| Механикалык жумуш деген эмне? | Механикалык жумуштун чоңдугу нерсеге аракет эткен күчтү өтүлгөн жолдун узундугуна көбөйткөнгө барабар. |
| Кубаттуулук деген эмне? | Кубаттуулук-жумуш аткаруунун тездигин мүнөздөөчү физикалык чоңдук. |
| 10кДж канча Джга барабар? | 10000 Дж |
| 1кВт канча Втга барабар? | 1000Вт |
| Архимед кандай закондорду ачкан? | Архимед суюктук тең салмактуулугунун закондорун,рычагдын эрежелерин ачкан. |
| Барометр кайсы тилден алынган,мааниси кандай? | Барометр –грек сөзү,барос-оордук,метрео-өлчөйм. |
| Сүрөт менен иштөө: Жаа аткан баланын сүрөтү, сууга секирген адам, топ, пружина. Анда эмесе балдар бул сүрөттөрдү сабактын жүрүшүндө колдонобуз. |
| Жаңы тема: ПОТЕНЦИАЛДЫК ЭНЕРГИЯ. |
| Нерселердин же алардын бөлуктөрүнүн өз ара абалдары менен аныкталуучу энергия потенциалдык энергия деп аталат. Потенция латын созү кыргызча “мүмкүндүк” дегенди түшүндүрот. Потенциалдык энергияга ээ болгон мисалдарга токтололу: Жер бетинен көтөрүлгөн нерсе . Кысылган же чоюлган пружина. Ийилген болот сызгыч. Жаанын чоюлган жиби. Кол сааттын иштеши. Өзү жүрүүчү оюнчук машиналар. Топ . Ошондуктан деформацияланган серпилгичтүү нерселер потенциалдык энергияга ээ болот.Жерден бийиктикке көтөрүлгөн нерсенин потенциалдык энергиясынын чоңдугу анын жерге жакын же алыс жайкашканына көз каранды.Ошол үчүн нерсе канча жогоруу көтөрүлсө анын потенциалдык энергиясы ошончолук чоң болот. 104-сүрөт.ар бир чекитте топтун потенциалдык энергиясы ар башка. Жерден өйдө көтөрүлгөн нерсенин потенциалдык энергиясы нерсе жерге түшкөндө аткарылуучу жумушка барабар. А=F h A-жумуш, F-күч, h-бийиктик Бизде F=P барабар ал эми, F Ньютондун 2-закону боюнча F=mg экенин билебиз. Ошондуктан бул учурда потенциалдык энергия болот.биз потенциалдык энергиянын формуласына ээ болдук. Мында Еп-потенциалдык энергия, m-масса, h-бийиктик g-эркин түшүүнүн ылдамдыгы мааниси (g≈9,8 м/с2 ) Эми балдар потенциалдык энергиянын бирдигин карайлы: [ кг м/с2 м] = [ Н м ]= Дж кг м/с2 =Н ал эми Н м=Дж болот. Потенциалдык энергиянын бирдиги Дж. Формуланын келтүрүүсүн карап көрөлү. Eп= mgh бул формуладан m жана h табууга болот. М: mди табуу үчүн m= Eп/ gh формуласы колдонулат. hты табуу үчүн h= Eп/g m формуласы колдонулат. Демек балдар биз потенциалдык энергиянын формуласын жана бирдигин билдик –эми мен силерге бир маселе түшүндүрөюн. |
| Сабакты бышыктоо: |
| Маселе: Массасы 50кг бала 5метр бийиктикке көтөрүлсө анын жерге карата поетнциалдык энергиясы эмнеге барабар? |
| Берилди: m=50кг h=5м g≈10м/с2 | Формула: Eп= mgh | Чыгаруу: Eп=50кг×5м×10м/с2= =2500Дж Жообу: 2500 Дж |
| Eп-? |
| Биз нерсе жогорулаган сайын энергиясы чоң болоорун билдик. Мисалы: Гидроэлектростанцияларда электр энергиясын алуу үчүн суунун потенциалдык энергиясы колдонулат.Ал үчүн дарыяларга плотиналарды куруп суунун деңгээлин жогору көтөрүшөт,андан түшкөн суу станциядагы чоң трубиналарды кыймылга келтирип жумуш аткарат натыйжада электр тогу алынат. |
| Бышыктоо үчүн суроолор: классты эки топко бөлөбүз. “Айга конуу ” оюнун ойнойбуз. |
| 1-топ : ПАСКАЛЬ тобу. Эмне үчүн Паскалды тандадыңар балдар? Суюктуктарга жана газдарга жасалган басым жөнүндө Паскаль законунан окуганбыз. Анык:суюктуктарга жана газдарга жасалган басым алардын ар бир чекитине бардык багыт боюнча бирдей берилет. | 2-топ:НЬЮТОН тобу. Эмне үчүн Ньютонду тандадыңар балдар? Ньютондун 1-закону. Нерсеге башка нерселер аракет кылбаса,ал тынч абалда же бир калыпта туз сызыктуу кыймылда болот. Ньютондун 2-закону. Нерсенин ылдамдануусу аракет жасаган күчкө түз жана массасына тескери пропорциялаш. F=mg Ньютондун 3-закону. Эки нерсенин өз ара аракеттенишкен күчтөрү чоңдугу боюнча барабар,багыттары боюнча карама-каршы болот. F= -F |
| Демек балдар топторубузга аттарды коюп алдык,эми “айга ким биринчи конот” оюнун ойнойбуз.Кайсы топ суроолорго туура жооп берсе,ошол топ айга биринчи коно алат.Ал топ жеңүүчү болот. |
| 1.Потенциалдык энергия деген эмне? | Нерселердин же алардын бөлуктөрүнүн өз ара абалдары менен аныкталуучу энергия потенциалдык энергия деп аталат. |
| 2. Кайсы тилден алынган мааниси кандай? | Потенция латын созү кыргызча “мүмкүндүк” дегенди түшүндүрот. |
| 3.формуласын жана бирдигин жаз? | Eп= mgh, Дж |
| 4.Кайсы учурда нерсенин потенциалдык энергиясы нөлгө барабар деп айтабыз? | Жер бетинде турган нерсенин потенциалдык энергиясы нөлгө барабар. |
| 5.Потенциалдык энергияга мисал келтир? | Жер бетинен көтөрүлгөн нерсе Кысылган же чоюлган пружина. Ийилген болот сызгыч. Жаанын чоюлган жиби. Кол сааттын иштеши. Өзү жүрүүчү оюнчук машиналар. Топ . |
| 6.жердин бетинен жогору көтөрүлгөн нерсенин энергиясы кандай болот? | жердин бетинен жогору көтөрүлгөн нерсенин энергиясы ошончолук чоң болот. |
| 7.жерден өйдө көтөрүлгөн нерсенин потенциалдык энергиясы эмнеге барабар? | жерден өйдө көтөрүлгөн нерсенин потенциалдык энергиясы ,ал нерсе жерге түшкөндө аткарылуучу жумушка барабар. |
| 8. F=mg эмнени билдирет? | Нерсенин ылдамдануусу аракет жасаган күчкө түз жана массасына тескери пропорциялаш. F=mg |
| 9.курулушка арналган массасы 1000кг болгон блок жердин бетинен 15м бийик турат.Блоктун потенциалдык энергиясын тапкыла. | Берилди: m=1000кг h=15м | Формула: Eп= mgh | Чыгаруу: Eп=1000кг×15м ×10м/с2=150000Дж= =150кДж Жообу:150кДж |
| Eп-? |
| 10.Массасы 0,25кг нерсени,10м бийиктикке ыргытышыты.Анын потенциалдык энергиясын тапкыла? | Берилди: m=0,25кг h=10м | Формула: Eп= mgh | Чыгаруу: Eп=0,25кг×10м× ×10м/с2=25Дж |
| Eп-? |
| Кана эмесе балдар оюн ойнойлу:Бизге математикалык сандар жардамга келет.баарыбыз тегерек болуп турабыз , мурдубуз менен 1ден 9га чейинки сандарды жазабыз. Азаматсыңар кичине болсо да эс алдык .эми сабагыбызды жыйынтыктайлы. Сабакты жыйынтыктоо: | Билем | Билдим | Билгим келет. | | Ньютондун 3 законун, энергиядан жумуш аткарылаарын,механикалык энергия жөнүндө билет болчум. | Бүгүнкү сабакта потенциалдык энергия жөнундө кеңири түшүнүк алдым.Жаанын чоюлган жиби,ийилген болот сызгыч,кол сааттын иштеши,кысылган же чоюлган пружина. | Гидроэлектростанцияны барып көргүм келет,электрик болуп иштегим келет.кантип электр тогу алынаарын көргүм келет. | |
| Үйгө тапшырма берүү: Потенциалдык энергияны окуп келүү,гидроэлектростанциянын сүрөтүн тартып келүү. |
| Окуучуларды баалоо: Сабактын жүрүшүндө берилген смайликтер менен айтылган жоопторуна жараша 5,4,3 баллдык системада баалоо. |