Мамлекеттик жана предметтик стандарттардын алкагында күнүмдүк сабактын план-структурасынын модели\этабы.
Сабактын структурасы:
максаттары
тиби
формасы
методу
керектүү каражаттары
Күтүлүүчү натыйжалардын негизинде окуучуларга тапшырмалардын түрлөрүн деңээлдер менен иштеп чыгуу
Окуу процессинде окуучулардын компетенттүүлүктөрдүн (негизги, предметтик) кайсынысына жетип жатканын байкоо
Мамлекеттик жана предметтик стандарттардын компоненттерин ордуна жайгаштыруу (№1 таблица)
Баалоо
диагностикалык
калыптандыруучу (аралык)
суммативдик
Үй тапшырма:
мам.предметтик компетенттүүлүктөрдүн негизинде иштеп чыгуу
9- класс.
Тема: Түрдүн пайда болушунун экологиялык жолу
Сабактын максаттары:
Билим берүүчүлүк (когнитивдик),(эгерде окуучулар буга чейин өтүп жаткан тема боюнча маалымат бар болгон болсо (түр, түрдүн критерийлери, мисалдар), анда мугалим ошол маалыматтар боюнча окуучуларга суроолор менен кайрылат, эстерине салууларын сунуштайт. Ошондуктан бериле турган сабактын тиби –өнүктүрүүчүлүк):
Өнүктүрүүчүлүк (жүрүм-турумдук), (бул берилген темада окучулар мугалим түзгөн так максаттар менен иштешет, б.а. окуучулар темадагы негизги мыйзам ченемдүүлүктөрдү-тапшырмалардын ар кандай түрлөрү менен иштешип максаттагы көрсөтүлгөн биологиялык түшүнүктөрдү, мыйзам ченемдүүлүктөрдү аныкташат, баяндашат, баалашат, сунушташат (Блумдун таксономиясы), андан бир жыйынтыкка келишет):1.бадар, эколог.крит.муноздойсунор.2.балдар, силер турдун экологиялык жол менен пайда блцшцнцн мисалдарын келтирип коргулочу.3.экологиял.критери.генетикалык жана физиолог. Критери отот байл.
Тарбия берүүчүлүк (баалуулук),(биринчиден- сабактын тарбия берүүчүлүк же баалуулук максаты -өтүлүп жаткан темага гана байланыштуу болушу керек; экинчиден- мугалим бул темада окуучулар эмнелерди баалуулук катары белгилеши керек экендигин алдын –ала өзүнүн дептерине белгилеп жазып коюу керек; эгерде окучулар темадагы баалуулуктарды аныктай албаган учурда, мугалим суроолорду алдын ала даярдап коюуусу зарыл,мисалы: эгерде окуучулар ак илбирстин попул айтып беришсе ):
Милдеттери: а) сабактын милдеттери, сабактын максатына эмнелер аркылуу жетүүнүн жолдору;
б) эгерде сабактын максаты так, өлчөмдүү, ишке ашууга багытталып коюлса милдеттерди жазуунун кереги жок.
Сабактын тиби:
Сабактын формасы:
Сабакта пайдалануучу методдор:
Сабакта пайдалануучу керектүү каражаттар:
№1 таблица
9.2.1(2.3.). 1
| Мазмундук тилке | Негизги компетенттуулуктор | Предметтик компетенттүүлүктор | Күтүлүүчү натыйжалар (пр.стан.белгиленген, эгерде жок болсо иштеп чыгуу керек) | Күтүлүүчү натыйжанын көрсөткүчтөрү | Баалоо (диагностикалык, калптандыруучу-аралык, суммативдик) |
| Организмден жогорку система | 1)маалыматтык 4 | 1.илимий объектилерди таанып билүү | 1) Түрдүн экологиялык критерийин мүнөздөйт | эгерде окуучу: -экологиялык шарттарды -байырлоочу чөйрөлөрдү атап берсе | эгерде окуучу: - түрдүн экологиялык критерийин мүнөздөп, түрдүн келип чыгышы үчүн өтө маанилүүлүгүн баяндап берсе: формативдик »3» (репродуктивдик. себеби-окуу китептеги эле маалымат бер) эгерде кошумча маалымат пайдаланса »4» |
| | 2)социалдык-коммуникативдик | 2) кубулуштардын илимий баяндоо, | 2)түрдүн пайда болушу үчүн экологиялык факторлордун тийгизген таасиринин себептерин баяндайт 2а)экологиялык жол менен келип чыккан жаны турлорду мисалдар менен далилдейт | эгерде окуучу: -айрым түрлөрдүн жаңы чөйрөгө ыңгайланууларын - таралууларын,б.а. экологиялык шарттарды, жашоо үчүн күрөштү, табигый тандалууну 2а)эгерде окуучу: -курт-кумурскаларды, ж.б. мисалдарды келтирсе (өзүнүн байкоосунан мисалдарды келтирсе, ал мыйзам ченемдүүлүккө дал келсе) | 1.кийинки тапшырмалардын денгээли жогору болгондуктан баалоо ошого ылайыктуу калыптандыруучу 2. Кырдаалга карата стандарттагы белгиленген баалоонун түрлөрүн пайдалануу |
| | 3)өзүн-өзү уюштуруу жана көйгөйлөрдү чечүү | 3)илимий далилдерди пайдалануу | 3) жаратылыштагы организмдин көп түрдүүлүгүнүн себебин түшүндүрөт\баяндайт 3а) түрлөрдүн азайып, жок болуп кетүүлөрүнүн себептерин, алдын алуу жолдорун сунуштайт | эгерде окуучу: 3) экологялык шарттарды -организмдердин ыңгайланууларын -жашоо үчүн күрөштү анын формаларын -табигый тандалууну -генетикалык , биохимиялык критерий менен байланыштырып баяндап берсе эгерде окуучу: -азайып бара жаткан түрлөрдү мисалга келтирсе жана анын себебин түшүндүрсө -ак илбирс, мандалак ж.б. - түрлөрдүн азайып, жок болуп кетүүлөрүнүн алдын алуу жолун сунуштаса | |
Окуу процессинде жогорку таблицаны кантип ишке ашыруу керек?
1.Окуучуларга сабактын максаттарын тааныштыруу (тарбия беруучулук максаттан башкасын)
2.Окуучуларга тиешелуу сабактын максатын (сабактын онуктуруучу максатын ) жаздыруу керек жана аны кандай жолдор менен (тапшырмалардын ар турдуу денгээлдери) ишке ашырууну сунуштоо
3. Класстагы окуучуларды топторго, варианттарга, кичи топторго, жупта, жекечеге болуштуруп (инсандык багытка окутуунун пед. техн), тапшырмаларды ар бир топко туура болуштуу керек жана ал тапшырмалардын канча убакытта аяктаарын белгилеп кетуу керек
4.Окуучулар топтордо иштеп жаткан учурда мугалимдин иш-аракети: топторду, андагы окуучуларды байкап, эгерде жардам керек болсо толук жообун айтып койбостон, аны чечуунун багытын гана сунуштоо керек
5.Баалоо. Окуучуларды баалоо албетте, мамл.предметтик компетенттуулуктордун кайсынысына жеткендигин аныктап, баа коюу керек болот.
Уйго тапшырма: Биринчи варианттын тапшырмасы: Кыргызстандын экологиялык абалынын маалыматтары боюнча презентация даярдап келуу (репродуктивдик-маалыматтык, объектини таануу). Экинчи варианттын тапшырмасы: Кыргызстандын Кызыл китебине кирген осумдукторду атап, алардын азайып кетуу себептери боюнча презентациясын даярдоо (продуктивдик-социалдык-коммуникативдик, илимий баяндоо) Учунчу варианттын тапшырмасы: Кыргызстандын Кызыл китебине кирген жаныбарлардын турлорун аныктап, алардын жок болуп кетуусунун алдын алуу жолдорун иштеп чыгуу презентациясын даярдоо (креативдик, озун-озу уюштуруу жана койгойлорду чечуу, илимий далилдерди пайдалануу.