СДЕЛАЙТЕ СВОИ УРОКИ ЕЩЁ ЭФФЕКТИВНЕЕ, А ЖИЗНЬ СВОБОДНЕЕ

Благодаря готовым учебным материалам для работы в классе и дистанционно

Скидки до 50 % на комплекты
только до

Готовые ключевые этапы урока всегда будут у вас под рукой

Организационный момент

Проверка знаний

Объяснение материала

Закрепление изученного

Итоги урока

PowerPoint программасында демонстрациялык слайддарды даярдоо

Категория: Информатика

Нажмите, чтобы узнать подробности

Максаты: Презентациялык слайд даярдоо жана демонстрация кылуу көнүмүштөрүнө ээ болуу.

Просмотр содержимого документа
«PowerPoint программасында демонстрациялык слайддарды даярдоо»

PowerPoint программасында демонстрациялык слайддарды даярдоо

Максаты: Презентациялык слайд даярдоо жана демонстрация кылуу көнүмүштөрүнө ээ болуу.

Пуск \ Программы \ Microsoft Office \ Microsoft PowerPoint маршруту аркылуу программа ишке кийирилет.

1. Презентацияларды түзүү. Программаны ишке киргизерибиз менен окнонун жогору жагындагы Главная менюсу ачылып, жаңы слайд түзүлө турган бет ишке даяр болот. Ал эми башка жаңы слайд түзүү үчүн Файл\Создать маршруту менен барып Новая презентация\Создать командасын пайдаланабыз. Главная, вставка, дизайн, анимация, показ слайдов, рецензирование, вид, формат бөлүктөрүнөн турган менюдагы керектүү инструменттерди зарылдыгына карай пайдаланып, презентацияларды даярдоого болот. Даяр шаблондордон керектүүсүн тандап алып, түстөр схемасын, анимация эффектилерин берүүгө болот.

2. Текст коюу

Microsoft PowerPoint программасынын окносунун Вид менюсунун сол жактагы бөлүгүндө обычное представление, режим сортировщика слайдов, показ слайдов деген слайддарды башкаруу кнопкалары жайгашкан.

Слайдга текстти кийирүүнүн эң жөнөкөй ыкмасы – текстти Заголовок слайда, Подзаголовок слайда бөлүктөрүнө түздөн-түз кийирүү. Алардан сыртта жайгашкан бөлүктөргө текст кийирүү үчүн Вставка менюсундагы Надпись пайдаланылат. Слайдга коюлган автофигурага текст жазуу үчүн контексттик менюдагы Добавить текстовую строку бөлүгүн колдонобуз. Автофигураны бөлүп алгандан кийин контексттик менюдагы Эффекты анимации бөлүгүн пайдаланып, ага түрдүү кыймылдарды берүүгө болот.

3. Текстке жана объекттерге анимация

Слайддагы текстке, графикага, үнгө, клипке жана башка объекттерге кошумчаланган анимация слайддын мазмунунун түрдүү аспектилерин бөлүп көрсөтүүгө, маалыматтардын тобун башкарууга, ошондой эле презентациянын көрүмдүү (привлекательный) болушуна мүмкүнчүлүк берет. Ар бир пункттун же объектинин слайдда көрүнүү тартибин берүүгө болот; мисалы, солдон же оңдон “учуп чыгуу”, ошондой эле жаңы элемент кошулганда пункттардын жана обьектилердин өзгөрүү тартиби, мисалы түстүн өзгөрүүсү. Анимациялык элементтердин убактысы жана тартибин өзгөртүүгө болот, ал эми “мышь”ты колдонбоо максатында слайдды көрсөтүүнү автоматташтырып койсо болот. Текст жана обьектилердин анимациясын даярдоо, алдын ала көрүү үчүн меню жолчосунда Анимация \ Настройка анимации буйругун тандагыла.

Анимация \ Настройка анимации буйругунун жардамы менен слайдга бардык анимациялык эффектилерди берүүгө болот. Мисалы, тектсттин тамгаларын, сөздөрүн, абзацтарын ирети менен бирден чыгарууну камсыз кылууга болот.