Просмотр содержимого документа
«Праграммалоо тилдерине жалпы мүнөздөмө»
КИРИШ ҮҮ .
ПРОГРАММАЛОО ТИЛДЕРИНЕ ЖАЛПЫ М Ү Н Ө ЗД Ө М Ө
САБАКТЫН ПЛАНЫ:
- Программалоо тилдеринин классификациясы
- Программалоо тилдеринин жаралуу муундары
Программа -бул, программалоо тилинде жазылган алгоритм
- Программалоо – программаны түзүү процесси
Программалоо тилдеринин классификациясы
Программалоо тилдери бул, берилгендерди (информацияларды) баяндоо жана аларды ЭЭМде кайрадан иштеп чыгуучу алгоритм түзүү үчүн арналган тилдер.
Чечилүүчү маселенин коюлушуна жараша программалоо тилдери: төмөнкү деңгээлдеги жана жогорку деңгээлдеги болуп экиге бөлүнөт.
.
Эге рде программалоо тили процессордун анык бир тибине багытталса жана анын өзгөчөлуктөрүн эске алса, анда төмөнкү деңгээлдеги программалоо тили деп аталат.
- Төмөнкү деңгээлдеги тилде жазылган программаны ал түзүлгөн чөйрөдө гана пайдаланууга болот.
Жо го рку деңгээлдеги программалоо тилдери компьютерге эмес адамга көбүрөөк түшүнүктүү.
- Жогорку деңгээлдеги тилде түзүлгөн программада компьютердик системанын өзгөчөлүктөрү эске алынбайт, программаны башка платформага которуу кыйынчылыкты жаратпайт, бул тилде программа түзүү жеңил.
Жогорку деңгээлдеги алгачкы программалоо тили болуп Plancalcul компьютердик тили эсептелинет, бул тилди немец инженери Конрад Цузе 1942-1946-жылдары иштеп чыккан.
Төмөнкү деңгээлдеги программалоо тилдерине: Автокод, Ассемблер сыяктуу машиналык жана символикалык коддоо тилдери кирет. Жогорку деңгээлдеги программалоо тилдери: процедуралык (Pascal, Fortran, C, Basic, ж.б.) логикалык (Prolog), функционалдык (LISP), объектке-ориентирленген (Object Pascal, Delphi, Visual Basic, C++, ж.б.) болуп бөлүнүшөт.
- Программалоо тилдерин арналуу мазмунуна жараша төмөнкүдөй да бөлүштүрүүгө болот: функционалдык, процедуралык, вектордук, динамикалык, прототиптик, объектке-ориентирленген, рефлексивдик, логикалык, ж.б.
- Алгачкы функционалдык программалоо тили деп Лисп тилин айтууга болот, бул тил AutoCAD программасында AutoLISP аты менен колдонулат. Функционалдык программалоо тилдери: Лисп (1960, Джон Маккарти) Haskell ML Flang Erlang Prolog (1972)
- ПРОЦЕДУРАЛЫК ПРОГРАММАЛОО ТИЛДЕРИ АДА БЕЙСИК (1964, Джон Кемени, Томас Курсц) Си (1973, Деннис Ричи) КОБОЛ (1959) ФОРТРАН (Джон Бэкус, 1954) ПАСКАЛЬ (1971, Никлаус Вирт) РАПИРА АЛГОЛ FoxPro
- СТРУКТУРАЛЫК ПРОГРАММАЛОО ТИЛДЕРИ АЛГОЛ (1958) ПАСКАЛЬ (1970) Си (1972)
- ДИНАМИКАЛЫК ПРОГРАММАЛОО ТИЛДЕРИ: PYTHON PHP RUBY JAVAScript
Объектке-ориентирленген программалоо тилдери: Eiffel Simula Java C# C++ Object Pascal VB.NET PHP Python JavaScript Си—C++Java—C#
Программалоо тилдеринин муундары: 1. Компьютерлер жаңы эле пайда болгон 50-жылдардын башында түзүлгөн тилдер. Биринчи программалоо тили катары Ассемблер тилин айтууга болот, ал “бир инструкция-бир жолчо” принцибинде тузулгөн. 2. 50-жылдардын аягы 60-жылдардын башында түзүлгөн тилдер. Символикалык Ассемблер тили биринчи толук кандуу программалоо тили катары каралган. 3. 60-жылдары 3-муундагы жогорку деңгээлдеги универсалдык программалоо тилдери пайда болгон. 4. 70-жылдардын башында проблемалык-ориентирленген программалоо тилдери пайда болуп, алар атайын анык бир чөйрөгө арналып иштетилген. 5. 90-жылдардын ортосунда визуалдык каражаттардын жардамында прикладдык программаларды тузүүнүн автоматтык системаларына таандык болгон программалоо тилдери түзүлгөн. Мында программалоо боюнча түшунугү жок адистер үчүн арналган атайын ПППлар иштелип чыгылган.
Үйгө тапшырма: 1. Лекцияны окуу 2. Программалоо тилдери боюнча кластер түзүп келүү