Практикалык сабактын темасы: Окуучулардын билимин текшерүү жана анын мааниси
Практикалык сабактын максаты | Практикалык сабакта аткарылуучу тапшырмалар |
Окуу процессинде математика боюнча окуучулардын билимдерин текшерүүнүн түрлөрүн аныкташат. Текшерүүнүн түрлөрүнө кластер түзүшөт. Мугалимдин эмгегинин эффективдүү натыйжалуулугу үчүн өз алдынча иштердин аткарылышына таблица түзүшөт. | Окуу процессинде математика боюнча окуучулардын билимдерин текшерүүнүн түрлөрүн аныктоо (30мин) кластер түзүү (15мин) Мугалимдин эмгегинин эффективдүү натыйжалуулугу үчүн өз алдынча иштердин аткарылышына карата таблица түзүү (25мин) |
1-тапшырма.
Окуу процессинде математика боюнча окуучулардын билимдерин текшерүүнүн түрлөрүн аныктоо (30мин)
кластер түзүү (15мин)
Мугалимдин эмгегинин эффективдүү натыйжалуулугу үчүн өз алдынча иштердин аткарылышына карата таблица түзүү (25мин)
Мээ чабуулу: ребусту чечкиле
100үм `отуз ``коон
Кайтарым байланыштын куралдарына төмөнкүлөр кирет:
Жазуу түрүндөгү комментарийлер
Байкоо жүргүзүүлөр
Чагылган сурамжылоолор
Фронталдуу сурамжылоо
Суроолор
Кайтарым байланыш күндөлүктөрү,
Өзүн-өзү көзөмөлдөө дептерлери жана башкалар.
«Кайтарым байланыш күндөлүктөрүн» колдонуу аркылуу кайтарым байланыш жүргүзүү.
Сабактын аягында мугалим окуучуларга төмөнкү эки суроого жооп жазууну сунуштайт:
Мен сабакта баарын жакшы түшүндүм жана ________________________аткара алам;
Эмнелерди билиши керек | Билем | Баа | Менин кыйынчылыктарым | Мугалимдин сунуштары |
Менин баам | Класс-ташым-дын баасы | Мугалим- дин баасы |
Алгоритмди билүү Туура жазуу Эске тутуу технологиясын билүү | Бирдиктин алдына бирдикти, ... жазууну Мамыча түрүндө көбөйтүү алгоритмин | 4 | 4 | | | |
Мен _______________түшүнгөн жокмун. Мен үчүн _______________________эң татаал.
Окуучулар суроолорго жооп бергенден кийин, мугалим «Кайтарым байланыш күндөлүктөрүн» чогултуп алат. Окуучулардын жооптору менен мугалим сабактан кийин таанышып чыгат. Алынганмаалыматты мугалим кийинки сабактарды пландаштырууда колдонот. Окуучуларга тема боюнчакөйгөйлөрдү жеңүүгө жардам берүүгө көңүл бурат. Мугалим ар бир сабактын максаттарын окуучулардын аракеттери аркылуу аныктаганда, ар бир окуучуга өз билимдеринин жана билгичтиктеринин калыптануу деңгээлин баалоого жана өзүнүн өздөштүрүү процессине эмнелерди жана кантип оңдоо керектигин чечүүгө мүмкүнчүлүк алат. Бул үчүн мугалим төмөндө сунушталган «өзүн-өзү көзөмөлдөө дептеринин» формасын колдонсо болот. Мындай дептерди толтуруп жүрүү, практика көрсөткөндөй, окуучулардын окуудагы кыйынчылыктарынын себептерин аныктоого жана алардагы кемчиликтерди жоюуга көмөктөшөт.
«Өзүн-өзү көзөмөлдөө дептеринин» формасы (болжолдуу)
Мөөнөтү _______________________
Сабактын темасы: үч орундуу санды эки орундуу санга көбөйтүү
КАЙТАРЫМ БАЙЛАНЫШ
Кайтарым байланыш күндөлүгү, өзүн-өзү көзөмөлдөө дептери окуучуга өздөштүрүлүп жаткан тема боюнча өз натыйжаларын көрүүгө жана өз мүмкүнчүлүктөрүнө жараша окуу-таанып билүү ишмердигин өз алдынча уюштурууга жардам берет.
3.1. Жазуу түрүндөгү кайтарым байланыш
Жазуу түрүндөгү кайтарым байланыш – мугалимдин окуучуга комментарийлерди жазуу түрүндө берүүсү. Жазуу түрүндөгү кайтарым байланыш математика сабагында окуучулардын жазуу иштерин: үй ишин, өз алдынча ишти, текшерүү ишти, портфолиону текшерүүдө колдонулат.
1-мисал.
Биз «стандарттуу», мугалимдердин практикасында кабыл алынган окуучулардын иштерин текшерүү ишмердигин көрүп турабыз. Окуучунун иши текшерилди, мугалим бааны койду. Мугалим дароо баа койгон текшерүүнүн түрү окуучуларга жетишкендиктерин жакшыртууга жардам бербейт, тескерисинче, мындай жагдай аларды окууга бейкапар мамиле жасоого үйрөтөт. Кээ бир учурларда ийгиликтүү окуучу теманы, предметти окуп-үйрөнүүгө кызыкчылыгын жоготуп, ийгиликсиз окуучуга айланышы да мүмкүн.
Калыптандыруучу баалоону колдонгон мугалим окуучулардын иштерин текшерүүнүн жыйынтыгында төмөнкүлөрдү бөлүп көрсөтөт:
иштин туура жерлерин (баалоо критерийлеринин талаптарына жооп берген). Окуучуга мактоо жазуу сунушталат. «Азаматсың. Тапшырманы туура аткарыптырсың» ж.б.;
окуучу ката кетирген учурларда мугалим аларды оңдоо боюнча сунуштарды берет.
Төмөндө мисалдар аркылуу мындай кеңештердин айрым түрлөрү берилген.
2-мисал.
Берилген мисалда окуучуга жазуу түрүндөгү натыйжалуу кайтарым байланыш берүүнүн бир ыкмасы
көрсөтүлгөн. Мугалим окуучуга ишти жакшыртуу үчүн конкреттүү сунуштарды берди. Мугалим ишти жакшыртуу үчүн өз комментарийлерин, алгоритм (кадамдар) түрүндө берген кайтарым байланышы окуучуга тапшырманы аткарууга жардам берет. Ошентип, мугалим окуучуга өз каталарын түшүнүп
оңдоо үчүн мүмкүнчүлүк бергени көрүнүп турат.
КАЙТАРЫМ БАЙЛАНЫШ
БУЛ МААНИЛүү!
1. Бир ишке көп комментарий берүүнүн кереги жок;
2. Комментарийлер окуучуну окуп-үйрөнүү максаттарына жараша кандай иште-
гендиги тууралуу жана андан ары ишин кантип жакшыртуу керектиги жөнүндө
маалымат менен камсыздашы керек.
3. Комментарийлер баалоо критерийлерине ылайык берилиши керек.
Комментарийлерди берүүдө кайтарым байланыштын үч түрүн колдонсо болот:
1. Эске салуу.
2. Баскычтар боюнча жардам берүү. Мындай жардам төмөнкү аракеттер аркылуу
ишке ашат:
а) суроолор аркылуу;
б) сүрөттөө;
в) толук эмес сүйлөмдөр.
3. үлгү берүү
Мисалы:
1. Эске салуу.
Мында мугалимдин комментарийинде тийиштүү эреже эске салынып, кайрадан иштелип чыгуу талап кылынган маселелер көрсөтүлгөн.
2. Баскычтар боюнча жардам берүү:
. суроолор аркылуу
Мисалы: Эмне үчүн түз сызыкта жатпаган чекит аркылуу берилген түз сызыкка паралелдүү бир гана түз сызыкты чийсе болот?
. сүрөттөө аркылуу
Мисалы: Циркульдун жардамы менен бурчтун биссектрисасынын түзүлүшүнүн схемасын
сүрөттөгүлө.
. толук эмес сүйлөмдөр аркылуу
Мисалы: Сүйлөмдү толукта: эгерде ________ бөлчөк нөлгө барабар болот.
3. үлгү берүү
Мисалы, окуучулар ондук бөлчөктөрдү салыштыруу боюнча тапшырманы аткара албай коюшту
Көпчүлүк мугалимдер иштеги бардык каталарды аныктап чыгуу керек деп эсептешет. Бул туура, бирок, ар бир катаны ал милдетүү түрдө оңдоп чыгышы керек дегенди билдирбейт. Анткени мындай жагдайда окуучу каталарды табуу жана аларды оңдоо процессинде пассивдүү катышуучунун ролун гана аткарып калат. Калыптандыруучу баалоонун максаты окуучуларды өз алдынча же мугалимдин жетектөөсү менен каталарды табууга жана аларды оңдоо билгичтигине үйрөтүү.
Кээ бир мугалимдер комментарийде сунуштарды жазууда ар кандай белгилерди же түстөрдү колдонушат, мындай жагдай да аларга өз алдынча үйрөнүүгө түрткү берет.