СДЕЛАЙТЕ СВОИ УРОКИ ЕЩЁ ЭФФЕКТИВНЕЕ, А ЖИЗНЬ СВОБОДНЕЕ

Благодаря готовым учебным материалам для работы в классе и дистанционно

Скидки до 50 % на комплекты
только до

Готовые ключевые этапы урока всегда будут у вас под рукой

Организационный момент

Проверка знаний

Объяснение материала

Закрепление изученного

Итоги урока

Практикум №5 лаб

Категория: Информатика

Нажмите, чтобы узнать подробности

Просмотр содержимого документа
«Практикум №5 лаб»

  1. Жуманын күндөрүнүн иреттүү номери берилген, анын аталышын экранга чыгаргыла.

Мисал:

using System;

namespace Hello

{

class Program

{

static void Main()

{

Console.Write("n=");

byte n = byte.Parse(Console.ReadLine());

switch (n)

{

case 1: Console.WriteLine("дүйшөмбү"); break;

case 2: Console.WriteLine("шейшемби"); break;

case 3: Console.WriteLine("шаршемби"); break;

case 4: Console.WriteLine("бейшемби"); break;

case 5: Console.WriteLine("жума"); break;

case 6: Console.WriteLine("ишемби"); break;

case 7: Console.WriteLine("жекшемби"); break;

default: Console.WriteLine("СИЗ АДАШТЫҢЫЗ"); break;

}

}

}

}


  1. Айдын иреттүү номери берилген, экранга жылдын аягына чейин калган айлардын санын чыгаргыла.

  2. Айдын күнүнүн иреттүү номери берилген, экранга айдын аягына чейин калган күндөрүнүн санын чыгаргыла.

  3. Мастанын номери берилген m (1  m  4), мастанын аталышын аныктагыла. Масталар: «кыш» - 1, «карга» - 2, «алма» - 3, «чыр» - 4.

  4. Картанын номери берилген k (6  k  14), картанын наркын аныктагыла. Нарктар төмөнкү эреже боюнча аныкталат: «туз» - 14, «король» - 13, «дама» - 12, «валет» - 11, «ондук» - 10, …, «алтылык» - 6.

  5. Мастанын номери m (1  m  4) жана картанын наркынын номери k (6  k  14) берилген. Дал келүүчү картанын толук аталышын «дама алма», «шестерка чыр» ж.б.у.с. көрүнүшүндө аныктагыла.

  6. 1990-жылдын 1-январынан кандайдыр бир күнгө чейин n күн өттү, учурдагы айдын аталышын аныктагыла.

  7. 1990-жылдын 1-январынан кандайдыр бир күнгө чейин m ай өттү, учурдагы айдын аталышын аныктагыла.

  8. Кандайдыр бир датадан бүгүнкү күнгө чейин m ай өттү, белгисиз датанын айынын аталышын аныктагыла.

  9. Кандайдыр бир датадан бүгүнкү күнгө чейин m ай өттү, белгисиз датаны тапкыла.

  10. Кандайдыр бир датадан бүгүнкү күнгө чейин n күн өттү, белгисиз датаны тапкыла.

  11. 1990-жылдын 1-январынан кандайдыр бир күнгө чейин m ай жана n күн өттү, учурдагы айдын аталышын аныктагыла.

  12. Врачтын кабыл алуучу сааттарынын жадыбалы берилген. Экранга жуманын берилген күнүндө врачтын кабыл алуу саатын чыгаргыла (жадыбалды өз алдынча ойлонгула).

  13. 0 дөн 100 гө чейинки бүтүн баллда бааланган тест өткөрүлгөн. Экранга алган баллынын санынан көз каранды тестирленген бааны чыгаргыла: 90 дон 100 гө чейин – «эң жакшы», 70 тен 89 га чейин – «жакшы», 50 дөн 69 га чейин – «канааттандырарлык», 50 дөн кеми – «канааттандырарлык эмес».

  14. Жыл берилген. Экранга чыгыш календары боюнча берилген жылды символдоштурган жаныбардын аталышын чыгаргыла.

  15. Эркек жыныстагы адамдын жашы жыл түрүндө берилген. Экранга жаштык категориясын: 1 жылга чейин – «бөбөк», 1 жаштан 11 жашка чейин – «бала», 12 ден 15 жашка чейин – «өспүрүм», 16 дан 25 жашка чейин – «жаш жигит», 26 дан 70 жашка чейин – «эркек киши», 70 жаштан ашканын – «карыя» деп чыгаргыла.

  16. Адамдын жынысы : э – эркек киши, а – аял деп берилген. Экранга кийирилген жыныстан көз каранды мүмкүн болгон аялдын же эркектин аттарын чыгаргыла.

  17. Транспорттук каражаттын белгилери берилген: a – автомобиль, в – велосипед, м - мотоцикл, с – самолет, п – поезд. Экранга кийирилген белгиден көз каранды транспорттук каражаттын максималдуу ылдамдыгын чыгаргыла.

  18. Телевизиондук каналдын номери берилген. Экранга берилген каналдын бир топ популярдуу программасын чыгаргыла.

  19. Геометриялык фигуралардын белгилери тегиздикте берилген: а – айлана, т – тик бурчтук, ү - үч бурчтук. Экранга берилген фигуранын периметрин жана аянтын чыгаргыла (эсептөө үчүн керектүү берилгендер колдонуучудан суралат).