Предметтик компетентүүлүктөр, компетенциялар, мазмундук тилкелер, күтүлүүчү натыйжалар, күтүлүүчү натыйжалардын индикаторлору
5 - сессия
Ушул сессиянын аягында угуучулар:
- компетенттүүлүк, предметтик компетенттүүлүк түшүнүктөрүн, негизги жана предметтик компетенттүүлүктѳрдүн байланышын, алардын өнүгүү деңгээлдерин баяндашат ;
- мазмундук тилкелерди, алардын логикалык жайланышын, өнүгүүсүн, бирин бирине өтүчүлүгүн айтып бере алышат;
- стандарттын негизинде сабактын максаттарын туура коюу боюнча негизги кадамдарды жана анын өзгөчөлүктөрүн баяндашат;
- к үтүлүүчү натыйжаларды, күтүлүүчү натыйжалардын индикаторлорун стандарттын негизинде аныкташат.
Окутуунун максаты
Математика илимдин системасында ээлеген орду тууралуу
түшүнүктѳрдү, анын методологиялык маанисин,
жалпы маданиятты калыптандырууда ролун,
математикалык каражаттар менен кубулуштар,
болмуш жараяндарынын изилденишин жана баяндалышын
аңдап-түшүнүүсүн калыптандыруу.
- Логикалык ой-жүгүртүүсүн өстүрүү.
- Күнүмдүк турмушта керектүү математикалык билимдин системасын,
билгичтиктерди жана көндүмдѳрдү калыптандыруу.
- Башка предметтерди үйрөнүү келечектеги кесиптик ишмердүүлүгүнө билим алууну улантуу үчүн окуучуларды даярдоо.
Математиканы окутуунун милдетте ри
- Когнитивдик милдет : окуучулар математика курсунун түзүлүшүнүн мыйзам ченемдүүлүктѳрүн түшүнүшөт: жөнөкөйдөн татаалга өтүү, түрдүү бөлүмдөрдүн ортосундагы логикалык байланыш жана математикалык тилди таанып-билүүнүн, изилдөөнүн жана баарлашуунун куралы катары пайдаланышат;
- Жүрүм-турумдук милдет : окуучулар практикалык ишмердүүлүктө аларды колдонуу үчүн, башка предметтерди окуп-үйрѳнүү үчүн, ошондой эле кийинки класстарда математикалык билим алууну улантуу үчүн керектүү математикалык билимдерге, билгичтиктерге жана компетенцияларга ээ.
- Баалуулук милдет: окуучулар эсептөө, логикалык жана башка сапаттарга ээ болууда ѳзүнүн математикалык таанып-билүүсүн өркүндөтүүнү каалашат, талдоого, өзүнүн жыйынтыгына баа берүүгѳ жөндөмдүү, жана математикалык ченөөлөрдүн каталарын аңдап-түшүнүшѳт.
Билим берүү стандарт тар ы
- Компетенттүүлүктөр
- К омпетенци ялар
- Окуучуларды окутуунун күтүлүүчү натыйжалары ( баскычтар жана класс т а р боюнча )
- Көрсѳткүчтөр (и ндикатор лор)
Компетенттүүлүк жана компетенция: окшоштук жана айырмалык
- Негизги компетенттүүлүк – окуучунун социалдык тажрыйбасына негизделип жана окуу предметтеринин негизинде жүзөгө ашырылган көп функциялуулукка ээ болгон предметтен жогору турган коомдук, мамлекеттик, кесиптик заказдарга ылайык аныкталган, ченелүүчү билим берүүнүн натыйжасы.
- Компетенттүүлүк – инсандын интегралдык мүнөздөмөсү,албилимди, окуу жана турмуштук тажрыйбасын, шыктуулугун жана баалуулуктарын пайдалануу менен реалдуу турмуш кырдаалдарында пайда болгон маселелерди жана көйгөйлөрдү чече билүү жөндөмдүүлүгүн аныктайт.
- Компетенция – окуучулардын математикалык даярдыгына коюлуучу, натыйжалуу жемиштүү окуу жана кесиптик ишмердүүлүк үчүн зарыл болуп эсептелган социалдык талап (норма, стандарттын тизмеси).
Негизги компетенттүүлүктөр
Сессия 2.1.
Предметтик компетенттүүлүктѳр
Предметтик компетенттүүлүктѳр
1
Предметтик компетенттүүлүктѳрдү баяндоо
Эсептөө
2
3
Аналитикалык -функционалдык
- Сандарды айырмалай билет;
- Сандар менен арифметикалык жана алгебралык операцияларды жүргүзѳт;
- Ар түрдүү туюнтмалардын сандык маанисин чыгара алат.
- Негизги функцияларды жана туюнтмаларды аныктай алат, алардын касиеттерин билет; негизги функционалдык көз карандылыктардын ортосундагы айырмачылыкты түшүнѳт;
- Негизги математикалык туюнтмалар менен арифметикалык жана алгебралык операцияларды жүргүзѳт;
- Теңдемелерди, барабарсыздыктарды жана алардын системаларын чыгара алат;
- Теңдештикти далилдей алат. .
Көрсөтмөлүү- образдуу
4
- Негизги геометриялык фигураларды жана алардын элементтерин билет.
- Негизги функциялардын графиктерин өзгөртүүдөгү жѳнѳкѳй усулдарга ээ.
- Айлана-чөйрөдөгү кубулуштарды талдоо үчүн графиктерди колдонот.
- Аналитикалык туюнтмалардын график түшүнүгүн пайдаланат.
Статистикалык -ыктымалдык
- Аныкталган жана аныкталбаган жараяндар жөнүндө түшүнүккѳ ээ, аларды айырмалай алат;
- Көптүктөр менен операцияларды жүргүзѳ алат;
- Статистикалык маалыматтардын жѳнѳкѳй кайра иштетүү усулдарына ээ;
- Ыктымалдыктын негизги касиетин билет жана аны айлана-чөйрө чындыгы менен байланышкан маселелерди чыгаруу үчүн пайдалана алат.
Негизги жана предметтик компетенттүүлүктѳрдүн байланышы
- 1 - деңгээл – репродуктивдүү.
- 2 – деңгээл – продуктивдүү.
- 3 – деңгээл – креативдүү.
Маалыматтык
Эсептөө
Күнүмдүк ишмердүүлүктѳ жана келечекти пландаштырууда
болуп өткөн окуяны талдоо үчүн сандык маалыматты кабыл алат жана кайра иштете алат.
Социалдык- коммуникативдик
Өзүн-өзү уюштуруу жана кѳйгѳйдү чече билүү
Социалдык тармакта чечим кабыл алуу үчүн коммуникацияны орнотууда сандык маалыматты пайдаланат.
Жеке тармакта: үй-бүлө бюджети, чыгымды эсептөө, кирешени пландаштыруу
чечимин кабыл алуу үчүн сандык маалыматты пайдаланат.
«Математика» предметинин мазмундук тилкелери:
- Сандар жана туюнтмалар.
- Функциялар, теңдемелер жана барабарсыздыктар.
- Мейкиндик жана формалар.
- Статистиканын жана ыктымалдыктар теориясынын элементтери.
Мазмундук тилке жана компетенттүүлүктѳргѳ ылайык окутуунун натыйжалары
Мазмундук тилкелер
Компетенттүүлүктѳр
Сандар жана туюнтмалар
Класстар боюнча окутуунун натыйжалары
Эсептөө
Аналитикалык -функционалдык
Статистиканын жана ыктымалдыктар теориясынын элементтери.
- 10.1.1.4. Көрсөткүчтүү жана логарифмалык туюнтмалардын маанисин эсептей алат.
Көрсөтмөлүү- образдуу
- 10.1.2.9. Көрсөткүчтүү жана логарифмалык туюнтмалар ортосундагы байланышты түшүнѳт жана пайдаланат.
Статистикалык -ыктымалдык
- 10.4.2.30. Капыстык чоңдуктун ыктымалдыгын бөлүштүрүү таблицасын түзө алат.
- 10.4.4.34. Күнүмдүк жашоодо кездешкен фактыларды пайдалануу менен, биномиалдык ыктымалдыктарды эсептөөгө тапшырма түзөт.
Күтүлүүчү натыйжалар, аларга жетишүүнүн кѳрсѳткүчтө рү
Кѳрсѳткүчтөр
Күтүлүүчү натыйжа
Репродуктивдүү
11.1.2.2 . Жөнөкөй жана ондук бөлчөктөрдүн ортосундагы сандык байланышты түшүнөт.
Продуктивдүү
Натыйжага жетишет, эгерде окуучу:
5/8 жөнөкөй бөлчөгүн ондук бөлчөк түрүндө, ал эми 5,84 ондук бөлчөгүн жөнөкөй бөлчөккө айландырса .
Креативдүү
Натыйжага жетишет, эгерде окуучу:
5/11 жөнөкөй бөлчөгүн мезгилдүү ондук бөлчөккө, 5/11 жөнөкөй бөлчөгүн мезгилдүү ондук бөлчөккө айландырып, аны миңдикке чейин тегеректей билсе.
Натыйжага жетишет, эгерде окуучу:
5,(81) мезгилдүү ондук бөлчөгүн жөнөкөй бөлчөккө айландыра алса.
“ Баш катырма ”
- ??? Сандар жана туюнтмалар
- ??? Эсептөө
- ??? Көрсөткүчтүү жана логарифмалык туюнтмалардын маанисин эсептей алат ;
- ??? Негизги функциялардын касиеттерин пайдалануу менен, сандык туюнтмалардын маанисин эсептейт.
биринчи сан – окутуу классы ;
экинчи сан – мазмундук тилкенин номуру ;
үчүнчү сан – компетенттүүлүктүн номуру ;
төртүнчү сан – окутуунун натыйжасынын номуру .
Окуучуларды окутуунун күтүлүүчү натыйжалары
Мазмундук тилкелер
Компетенттүүлүктөр
Сандар жана туюнтмалар
Күтүлүүчү натыйжалар
Эсептөө
Эсептөө
10.1.1.4. Көрсөткүчтүү жана логарифмалык туюнтмалардын маанисин эсептей алат.
11.1.1.5. Негизги функциялардын касиеттерин пайдалануу менен, сандык туюнтмалардын маанисин эсептейт.
Предметтик стандарт жана сабактын планы, алардын байланышы – предметтик компетентүүлүк, мазмундук тилкелер, күтүлүүчү натыйжалар
6 - сессия
6 - сессиянын максаты
- Сабактарды натыйжалуу пландаштыруунун мүнѳздѳмѳлѳрүн аныктоо .
Сабакты пландаштыруу : максаты
- *…« окутуу натыйжалуу болушу үчүн окуучуларды уюштуруу, мейкиндик, убакыт жана материалдарды камсыз кылуу» ” *
- Эки негизги максаттар ...
- Окуучулардын класстагы бардык сабактарда кызматташуусуна ѳбѳлгѳ түзүү.
- Маанилүү жана продуктивдүү жумушчу чѳйрѳсүн тузүү.
- * “ Первые Дни Школы ” , Вонг .
Сабакты пландаштыруу : Негизги суроолор
- Сабактын аягында окуучулар эмнени билип жана жасай алышы керек?
- Бул окутууну чакыруу үчүн эмне кылам?
- Бул окутууну жеӊилдетүү үчүн окуучулар эмне кылышат?
- Бул окутуунун ишке ашкандыгын кантип баалайм?
- Баа берүүнүн натыйжасы менен ѳтпѳй калгандар менен кандай иш–аракеттерди кылам?
Күтүлүүчү натыйжаларга жетишүү
Күтүлүүчү натыйжала р
Предметтик компетенттүүлүк
Кѳрсѳткүчтѳр(индикатор)
Мазмундук
тилке
Жаӊы стандарттын негизинде сабактын пландары : кайтарым дизайн
- Айрым маанилүү сабактарды пландаштырууда кайарым дизайн методу пайдалуу методдордун бири болуп саналат. Мында биринчи кезекте натыйжага ѳзгѳчѳ кѳӊүл бурулат :
- Күтүлүүчү натыйжаларды аныктагыла.
- Окуучулардын окуп жаткандыгынын далилин аныктагыла.
- Иш – аракеттерди аныктагыла ( максатка жетүү үчүн кандай аракет кылуу керек).
- Окуу мазмунун (контент) аныктагыла.
- Сабактын планын иштеп чыккыла.
Шыктандыруучу окутуу чөйрө
«
Шыктандыруучу физикалык чөйрөнү түзүү:
Физикалык
(мейкиндиктик) чөйрө
канчалык ыӊгайлуу
уюштурулса, ошончолук
инсандын
интеллектуалдык
жана инсандык өнүгүүсүнүн,
анын тарбиялануусунун
деӊгээли,
эмоционалдык
абалынын көрсөткүчтөрү
көз каранды экендигин
изилдөөлөр көрсөтөт.
Шыктандыруучу физикалык чөйрөнү түзүү:
- Классты кооздоодо (жасалгалоодо) түстөрдүн окуучулардын психологиялык, физикалык абалына таасирин эске алуу керек.
Бул жерден төмөнкү педагогикалык шарттарга көӊүл буруу керек:
А) окуучулардын курагы;
Б) түстү кабыл алуу мыйзамдары;
В) маани (мазмундук) жүктөм
Шыктандыруучу психологиялык чөйрө түзүү:
Сабактагы психологиялык коопсуздуктун керектүү шарттары болуп:
- бири - бирине (мугалим - окуучу, окуучу - окуучу) ишенимдүү мамиле;
- сыйлоо жана кунт койгон өз ара мамиле эсептеле т.
Коопсуз психологиялык чөйрөнү түзүүдөгү маанилүү принциптер:
- өнүктүрүүчү окутууга таянуу;
- психологиялык коргоо
жана колдоо;
талдоонун жана чечимди кабыл алуунун өз алдынчалуулугун тарбиялоо жана калыптандыруу .
Шыктандыруучу академиялык билим берүүчү чөйрө:
- Сабактарда инсанга багытталган окутуу технологияларын пайдалануу менен шыктандыруучу академиялык билим берүүчү чөйрөнү түзүү мүмкүн болот.
- Эгер баланы кызыктуу сабак же оюн түрүндө окутса, анда окуган жеӊил болот. Адатта окуучулар окутуунун көнүлсүз (суз), кызыксыз методдорунан тез тажашат жана алар окууга кызыгууну жоготушат.
- Өнүктүрүүчү окутуу методдорун пайдалануу менен, силер окутууга кызыгууну пайда кыласыӊар жана баланы көп жана тереӊ шыктандыра аласыӊар.
Шыктандыруучу академиялык билим берүүчү чөйрө:
- Окуучулар (мугалимдер) үчүн жеткиликтүү максаттарды коюу жөн гана жакынкы келечекте жетише турган абалды ачык гана көрсөтпөстөн, кийинчерээк жетишкендиктерди ченөөгө жардам берет.
- Максаттарды ишке ашыруу окуучуларга канааттануу жана ишенимдүү сезимин пайда кылат жана аларга жаӊы максаттарга жетишүүгө шыктандырат.
Академиялык чөйрөнү түзүүдөгү баалуулуктар:
- Окутуунун мааниси
- Окутууда демилгелөө, жардам берүү, колдоо
- Мактоо жана колдоо
- Мугалимдин инсандыгы
Жумушчу окутуу чөйрөсү
- Жакшы жумушчу, оптималдуу чөйрө окутууга шарт түзөт.
- Ызы-чуу, туура эмес уюштуруу балдардын көнүл буруусун төмөндөтөт жана окутууда кыйынчылыктарды туудурат
Сабактагы академиялык чөйрөнүн эмпирикалык көрсөткүчтөрү Эмпирикалык - тажрыйбанын негизинде практикалык гана ишмердүүлүккө негизделген билимдер Эмоционалдык фондун көрсөткүчү: Вербалдык: окуучулар менен өз ара аракеттенүү процессине оптимистик багыт алууну сөз менен көрсөтүү; Вербалдык эмес: жылуу жылмаюу, күлүү, ша ш паган жана позитивдүү тон.
Сабактагы академиялык чөйрөнүн эмпирикалык көрсөткүчтөрү 2. Кызматташууга жөндөмдүүлүктүн көрсөткүчү: Вербалдык: окуучуларга тактоочу суроолор менен кайрылуу (Сен кантип ойлойсуӊ? Бул сага жагабы?), башкалардын оюна жана пикирине кызыгууну билдирүү Вербалдык эмес: көӊүл коюп угууну көрсөтүү
Сабактагы академиялык чөйрөнүн эмпирикалык көрсөткүчтөрү 3. Өз ара аракеттенүүнүн натыйжалуулугунун көрсөткүчү: Вербалдык: маселелерди чыгаруунун сөз менен тастыкталышы, жыйынтык менен канааттануу; Вербалдык эмес: аткарган иштен анын жыйынтыгын чыгарууда, канааттануу алганды көрсөткөн жандоолор.
Суроолор, суроолор
- Кандай суроолор бар?
- Кандай комментарийлер бар?
- Эмне үчүн билим берүү чөйрөнү түзүүнүн гендердик жана инклюзивдик аспектилерин эске алуу маанилүү?
- Алган маалыматты өзүңүздөрдүн практикаңызда кантип колдоно аласыз? Практикадан мисал келтириңиз?
Жыныс жана гендер
- Жыныс - адамдын биологиялык мүнөздөмөсү
- Гендер тигил же бул жыныстын өкүлдөрүнүн белгилүү маданиятта кабыл алган коомдук мүнөздөмөсүнүн жыйындысы катары
- Гендердик мүнөздөмөлөр тукум куучулук болуп эсептелбейт же биологиялык шартталган эмес. Алар тарыхый калыптанат, олутуу болуп жаткан саясий жана экономикалык кырдаалдан көз каранды. Мына ошентип, бул мүнөздөмөлөр эмгекти бөлүштүрүү жана салттык жазуулар менен байланышкан коомдо кабыл алынган коомдук ролдордун жыйынтыгы катары көрсөтүлөт (Мисалы, орто кылымдагы, СССР жана азыркы күндөгү аял тууралуу түшүнүктөр).
Укук суроолору
- Эркек үчүн дагы, аял үчүн дагы карьераны жана жашоо образын тандоо үчүн, ошондой эле инсандык жана кесипкөлүк өсүү үчүн теӊ укуктар жана мүмкүнчүлүктөр камсыз кылынышы керек.
- ЖАШЫРЫЛГАН КУРРИКУЛУМ (СТАНДАРТ)
- (ПЛАН ЖАНА ПРОГРАММА)
- Жыныстык жана үй-бүлөлүк ролдорго мамиле эмнеден көз каранды?
Инклюзивдик чөйрө
Социалдык адилеттүүлүк теӊчилик түшүнүгү жөнөкөй каралбайт, ал өзүнө төрөлгөн жери, жынысы, расасы, этникасы жана башка адамдын өзүнө көз каранды эмес факторлор менен байланышкан шарттарды жана турмуштук кырдаалдардын болгон көп түрдүүлүгүн камтыйт, мамлекеттин жана башка коомдук институттардын жардамы менен коомдук ресурстарды бөлүштүрүүнү талап кыларын түшүндүрөт.
МЕКТЕПТИК Ч Ө ЙР Ө
- Физикалык чөйрө (дараатканалар, кийим чечүүчү жайлар ж.б.)
- Окуу процесси жана ар түрдүү предметтерди окуп - үйрөнүүгө мотивация
- Кесипкөйлүк багыт алуу
- Социалдык жана психологиялык чөйрө (гендердик стереотиптерди, дискриминацияны жок кылуу, гендердик ролдорду өзгөрүү) окуу ишмердүүлүгү жана класстан тышкаркы иш (өзүн өзү башкаруу, спорт, искусство ж. б.)
Билим берүүчүлүк стандарттар …
- Билим берүүчүлүк стандарттар, окуу китептери жана окуу материалдары социалдык, маданияттык нормаларды калыптандырууда жана алдыга жылдырууда чоӊ роль ойнойт. Андыктан, алар гендердик теӊчилик, социалдык инклюзия жана маданият аралык толеранттуулук нормаларын өзүнө камтыган чен-өлчөмдөргө жооп бериши керек.
Ой жүгүртүү үчүн суроолор
- Мектепте канчалык реалдуу өзүн өзү башкаруу өнүккөн?
- Ал жакка эркек балдар жана кыздар кантип тартылышат?
- Анда ар түрдүү кружоктор жана секциялар барбы?
- Ар башка этникадагы же ар түрдүү жыныстагы балдар үчүн бул секция жана кружоктор жеткиликтүүбү?
- Мектепте өзүнүн көйгөйүн же көйгөйлүү кырдаалды коркпой келип жана талкуулай турган адам же орган барбы?
Күтүлүүчү натыйжалар:
- катышуучулар сессиянын аягында:
- шыктандыруучу билим берүүчү чөйрөнү түзүү үчүн талаптар тууралуу билишет;
- сабактын планын ишке ашыруу үчүн керектүү убакытты жана ресурстарды көрсөтө алышат.
Сессия 6.1. Практикалык сесси
Сессия 6.1 Практикалык сессия 1- кадам
Тренер тѳмѳнкүдѳй нускама берет:
- окуу иш - чараларын даярдоо үчүн конкреттүү теманы тандагыла;
- билим, билгичтик жана жөндөмдүүлүгүн көрсөтө алган окуу ишмердүүлүгүнүн конкреттүү максатын, милдетин аныктагыла.
- окутуунун методдорун жана ыкмаларын аныктагыла (мисалы, акыл чабуулу методу, талкуулоо, ролдук оюндар, интерактивдүү презентация, кырдаалдык маселелердин сереби, маселелерди чыгаруу ж.б.);
- аудиторияга маалыматты берүү үчүн флипчарт же сүрѳттѳрдү пайдалануу менен, зарыл болгон шарттарда визуалдык ресурстарды түзгүлө (мисалы, схеманын ар түрдүү түрү, менталдык карталар, сүрөт, таблица, текст).
- ѳзүңүздүн тобуңузда ролдорду бѳлүштүргүлө (чоң топ болгон шартта) же башка тренинг катышуучуларын кошкула.
7 - сессия
C тандартка жетишүү үчүн сабакта колдонулган методдор жана ыкмалар
7 - сессия
- Метод – «окуучулардын таанып билүүчүлүк жана практикалык ишмердүүлүгүн, алар тарабынан билим берүүнүн мазмунун ѳздѳштүрүүсүн уюштурган мугалимдин максаттуу багытталган аракеттери жана … окутуунун максаттарына жетишүүсү» (Я.И. Лернер и М.Н. Скаткин).
- Ыкма – бул конкреттүү ишмердүүлүк, сабактын бир үзүндүсү.
- Стратегия – белгилүү план боюнча, белгилүү иреттүүлүктѳ, белгилүү максатка жетишүү үчүн мугалим жана окуучулар тарабынан пайдаланган окуу материал менен иштѳѳ ыкмаларынын системасы. Мугалим жана окуучунун аракеттеринин так планы.
- К өңүл бурганыӊызга чон рахмат!