Сабак пресс-конференция
Тема: Азыркы коомдун глобалдуу масштабында жана Кыргыз Республикасынын Ош областындагы айрым экологиялык проблемалар.
Сабактын жабдылышы:
Экология, биология боюнча чыгарылган дубал газеталар, плакаттар, сүрөттөр «Экологянын тазалыгы, ден соолуктун тазалыгы», «Табият менен таттуу мамиледе бололу», «Кызыл жаандар», «Парник эффектиси», «Озон экранынын жукарышы». Кыргызстан өнөр жайынын картасы.
Сабакка эколог окумуштуулардын ролун аткарган окуучулар жана түрдүү өлкөлөрдүн прессаларынан келген корреспонденттердин ролун аткарган окуучулар катышат.
Прессконференцияда төмөндөгү маселелер каралат:
Кычкыл жаандар
Озон экрандары жана озон тешиктеринин пайда болушу
Парник эффектиси
Кыргызстандын экологиялык проблемасы. Жалал-Абад областындагы айрым экологиялык проблемалар.
Мутациялар ж.б. экологиялык проблемалар.
Пресс-конференциянын максаты:
Азыркы учурда жер жүзүндө жашаган адамзаттын келечегине, жалпы эле жаратылыш дүйнөсүнө, коркунуч пайда болгондугун б.а. экологиялык абал өтө начарлап бара жаткандыгы, ушул конференциянын максаты, коомдук экологиялык глобалдуу проблемалары талкууланып, бүткүл дүйнөнүн элине жана Кыргызстандыктарга кайрылуу б.а. жалпыбыздын үйүбүз болгон жер планетасынын, экологиясын сактап калуу керектигин айтабыз. Анда эмесе эколог окумуштууларга сөз берилет.
1-маселе: «Кычкыл жаандар» проблемасы боюнча сөз Германиядан келген өкүлгө берилет.
Кычкыл жаандардан жапа чегип куураган токойлордун фото сүрөттөрүн плакаттарын көрсөтүп, отургандарга айтып түшүндүрөт. Кычкылдар уулуу газдар завод фабрикалардын жылчыктарынан бөлүнүп чыгып шамал менен атмосферада жамгыр суусу менен реакцияланышып кычкыл жаандарды пайда кылууда.
М
. SO2+H2O H2SO3 : 2SO2+2SO3
S
O3+H2O H2SO4: күкүрт кычкылдыгы
С
О2+Н2О Н2СО3Ж көмүр кислотасы
2
NO2+H2O HNO3+HNO2: азот кислоталары.
Кычкыл жаандардын жаашы өсүмдүктөр дүйнөсүнө гана терс таасирин тийгизүү менен эле океандын, деңиздин көлдөрдүн аларда жашаган суу жаныбарлардын бардык тирүү организмдердин азыктануу тизмеги бузулат. Кычкыл жаандар чек араны билбейт, ошондуктан кошуна өлкөлөрдүн делегаттары, өз жерлериндеги экологиялык коопсуздукту сактоого чакырып кетели деп сөзүн аяктайт.
2. Экинчи сөз. Скандинавия, Канада ж.б. өлкөлөрдөн келген эколог делегаттарга берилет. Кычкыл жаандардан көп жапа чегип жаткандыктары жөнүндө айтып, кычкыл газдарды атмосферага чыгарууну контролдоосу жана уулуу газдарды кармап калуучу аппараттарды орнотуу керектигин айтышат.
3. Кыргызстандын экологу 1994-жылы Жалал-Абад областынын аймагында кычкыл жаандар жаагандыгы, ал жамгырдан өсүмдүктөрдүн жалбырагы, гүлдөрү куурап түшкөндүгүн, ошол жылы түшүм төмөн алынгандыгы жөнүндө айтып берди. Сузак, Базар-Коргон, Ноокен, Ала-Бука, Аксы райондорунда жашаган калк көп кыйналышты. Өпкө, бронхит, жүрөк, көз ж.б. оорулары менен врачтарга көрүнүп даарыланышты. Бул кычкыл жаан кандайча пайда болгонуна токтолуп кетели. 1994 жылдын май айында кошуна Өзбекстандын Наманган районунда нефти газдары кычкыл жаандарды пайда кылган. Бул боюнча эки өлкөнүн экологдору министирликтери сүйлөшүп, ошондон бери кычкыл жаандары жаай элек ж.б. деп, кошуна өлкөлөрдөн келген делегаттарга экологияны таза сактоого чакырып кетти. Журналисттер эколог делегаттарга экологиялык темадагы суроолорду беришип, жоопторун угуп, пресс-конференция активдүү формада өтүп жатты.
2-маселе: «Озон экрандары жана озон тешиктери» деген проблема боюнча Шотландиядан келген эколог окумуштуу доклад окуду. Жер бетинен 15-60 км бийиктикте стратосферанын төмөнкү бөлүгүн озоносфера – озон көшөгөсү (экраны) каптап турат, ал кабык жер бетиндеги тирүү жаратылышты 0,2 мкм узун толкундагы күндүн куйкалап курутуучу ультра көгүлтүр нурларын өткөрбөй каршы тургандыгын окумуштуулар лабораторияда далилдегендигин айтып берди. Азыркы кезде химиялык өнөр жайлар тез өнүгүп,космосту өздөштүрүп турган заманда экологиялык катастрофалар проблемалар курчуду. Атап айтканда химиялык өндүрүштөрдөн хлорфтор,карбондору б.а. фреон деп аталган газдар атмосферада күндүн узун толкундагы нурлары менен бөлүнүп бузулуп, эркин хлордун, фтордун молекуласын пайда кылат, бул газдар озон катмарындагы Озон газы менен реакцияланышып озон экраны жукарып, озон тешиги пайда болот.
O3+3CL2 – 3CL2O
N2O5+H2O – 2HNO3
CL2O+H2O – 2HCLO
Суу буусу, хлор сыяктуу кислота ж.б. фреондор суудан бузулбайт, бирок ысык температурада бузула тургандыгы аныкталды ошондой эле атыр (духи), дезодоранттар, чачка сыйпоочу лактар, балончиктер дагы озон экраны үчүн экологиялык жактан коркунучтуу нерселер болуп саналат., алар эртеби кечпи озон тешигине зыян кылат. Фрондор атмосферада жүз жылга чейин кармала тургандыгын лабораторияда аныкташты.
Журналист суроо берет.
Суроо: Кыргызстандын эколог окумуштуулары озон экранынын жукарып бара жатышына кандай иш чараларды жүргүзүп жатышат?
Кыргызстандын экология жана өзгөчө кырдаалдар министиринин орун басары жооп берет. 1998-жылы биздин өлкөбүз Европанын өнөр жайлары өнүккөн Германия, Франция, Англия, Швейцария, Швеция ж.б. өлкөлөрдүн межрегионалдык макулдашуусуна кошулуп, он жыл ичинде озон көшөгөсүн бүлүндүрүүчү заттарды, анын ичинде фреонду жана хлор фтору бар көмүр суутектерди 50%ке кыскартууга милдеттенме кабыл алынгандыгын айтып берди. Алып баруучу. Суроолор барбы? Суроолор жок болсо 3-маселени талкулоого өтөлү.
3-масел: Азыркы убактагы глобалдык экологиялык проблемалардын бири «Парник эффектиси» жана «Парниктик натыйжа». Бул глобалдуу проблема боюнча сөз АКШнын «Лос Анджелес» штатынан келген эколог окумуштууга сөз берилет.
Азыркы кезде эколог окумуштуулардын байкоолорунун натыйжасында космос мейкиндигиндеги Жер атмосферасында көмүр кычкыл газы (СО2), метан, азоттун кычкылы, фреондор (хлор, фтор, көмүртек газдары) сыяктуу газдардын топтолушу парниктик көшөгөнү б.а. парниктик эффектисин пайда кылып, келечек жашообузга чоң коркунуч туудурууда. «Парник көшөгөсү» күндөн-күнгө көбөйүп бара жатат. Парник көшөгөсү өнөр-жайлардан, транспорттордон, отун жагуудан ж.б. бөлүнүп чыккан жылуулукту космос мейкиндигине чыгып таралышына тоскоолдук келтиргендиктен, жер бетиндеги температуранын жогорулашына б.а. Жер планетасында глобалдык жылууланууну пайда кыла тургандыгын эскертип кетти. Жакын арадагы он жылдыктарда «Парник эффектисине» дүйнөлүк океандын деңгээлин 25тен 140 смге чейин көтөрүлүшүн пайда кылып, ушунун натыйжасында жапыз жайгашкан шаарлар менен айыл чарба райондору суу астында калышы мүмкүн деген коркунуч айтты. Экологи окумуштуулардын берген натыйжаларынан кийин деп белгилеп, эколог окумуштуу өз өлкөсүндөгү экономикалык өнөр жайлары андагы проблемалар жана парник эффектисине каршы жүргүзүлүп жаткан иш чараларга токтолуп кетти. Урматтуу экологдор өз өлкөңөрдөгү өнөр жай тармактарынан, отун жагуудан, электростанциялардан, транспорттордон ж.б. бөлүнүп чыгуучу газдардын көлөмүн азайтып, токойлорду, бак-дарактарды көбөйтүүгө чакырып кетейин деп – сөзүн аяктады.
Алып баруучу. Докладчыга сурооңор барбы? Журналист өзүн тааныштырып суроо берет.
Суроо. Кыргызстанда «Парник эффектиси» пайда болушу мүмкүнбү?
- Кыргызстандын эколог окумуштуусу жогорудагы суроого мындай деп жооп берди. – «Парник эффектиси» борбор шаарыбыз Бишкекте болушу мүмкүн. Себеби, өнөр жайлар анын айланасында орношкон. Мындан кийин дагы өнөр жай ишканалары Россия, Америка, Кытай, Корея, Япония ж.б. өлкөлөр менен биргеликте куруу боюнча токтомдорго кол коюлду. Шаарда анын айланасында элдер көбөйдү, күндөн-күнгө бак-дарактар кыйылып азайып бара жатат деп, мисалдарды келтирди.
- Бул проблемалар экологдордун тынчын алууда. Экология жана өзгөчө кырдаалдар министирлиги республиканын региондорунун экологдорун чогултуп, экологиялык проблемаларды талкуулап «Парник эффектиси», «Озон көшөгөсү», «Кычкыл жаандар» жана «Озон тешиги» ж.б. экологиялык проблемалардын алдын алуу боюнча иш чараларды уюштуруп жаткандыгын айтып кетти.
Алып баруучу. Суроолор барбы? Кытайдан келген журналист өзүн тааныштырып суроо берет.
Жалал-Абад шаарынын экологиялык абалы кандай жана таза экологияны сактоо үчүн кандай иш чараларды жүргүзүп жатат? Бул суроого Жалал-Абад шаарынын экологу жооп берди. – Шаарыбызда экология уюму иштейт. Шаарыбыздын айлана-чөйрөсү экологиясы таза болсун үчүн шаардын экологдору күн сайын өздөрүнө бөлүнгөн микрорайондордо (Спутник, СМУ, Кугарт, Базарларда, шаардын борбордук бөлүгүндө жана Курорт – санаторийдин айланасында) көзөмөлдөө иштерин жүргүзүп турушат, Шаардык коммуналдык чарбасында шаарды тазалоочу жумушчулар иштешет. Мусор жүктөөчү техникалар,мусоршиктер көчөлөрдөгү мусорлорду акыр-чикирлерди жүктөп барып, мусор таштоочу жайларга таштап турушат. Жазында, жайында жана күзүндө шаардын бардык жеринде жума сайын ишембиликтер өткөрүлүп турат. Микрорайондордогу эколог лаборанттар абанын, суунун булганышын анализдеп жыйынтыгын экологиялык лабораториядан чыгарып, алгылыктуу иштерди жүргүзүп жатышат. Шаардын ичиндеги жана шаардын айланасындагы куураган бак-дарактардын ордун жаңылоо, жаш көчөттөрдү отургузуу иштери жазында башталат, арык бойлоруна, эс алуучу жайларга Биосфера институтунан көчөттөрдү алып жумушчулар керектүү болгон жерлерге отургузушат. Жазында мектеп айланасына окуучулар көчөттөрдү, кооздук үчүн роза гүлдүү бадалдарды отургузушат. Шаардагы завод, фабрикаларда, кичи ишканалардын морлоруна уулуу газдарды кармап калуучу аппараттар орнотулган. Жалал-Абад шаары тазалыгы боюнча Республикада алдыңкы орундарда турат. Абасы таза, суусу дары, шаардын чыгыш тарабында СНГга белгилөө курорт-санаторийи жайгашкан. Бул жерге келип, дарыланып эс алып кетиңиздер. Урматтуу экологдор сиздердин ишиңиздерге ийгиликтерди каалаймын. Баарыңыздарды Жер эненин чөйрөсүн таза сактоого, жаратылышты коргоого чакырып кетейин. Рахмат.
Алып баруучу: Суроолор барбы?
Суроолор жок болсо 4-маселени талкулоого өтөлү.
4-маселе: Кыргыз Республикасынын түндүгүндөгү жана түштүк регионундагы айрым экологиялык проблемалары. Бул проблемалар боюнча Кыргызстандын экология жана өзгөчө кырдаалдар боюнча министиринин орун басары сөз сүйлөдү. Ал Республиканын түндүк регионундагы айрым экологиялык проблемалар жөнүндө билдирди.
Урматтуу экологдор жана делегаттар! Прессанын өкүлдөрү. Жогоруда эколог окумуштуулар айтып кеткендей эле 20-кылымдын аягында Нообиосферада техникалык, чарбалык, саясий, юридикалык, моралдык жана социалдык аспектеги татаал комплекстердин жыйындысынан турган, глобалдык, локалдык экологиялык проблемалар курчуду. Ушундай эле проблемалар Кыргызстанда дагы бар. Ушул проблемалар боюнча кыскача айтып берейин. Кыргызстан тоолуу өлкө ошондуктан минералдык сырьего бай. Убагында СССР мамлекетинин курамында бирге жашап турганыбыз жер алдындагы минералдык сырьелорду биргелешип казып алып иштетип турганбыз. Ал сырьелор эл чарбасында негизги ролду ойногон. Айрыкча улуу Ата Мекендик согуш мезгилинде десем жаңылышпайм. М: Коргошундан ок даарылары, ошондой эле уулуу ар кандай согуш каражаттары жасалып турган. Ал өндүрүштөр согуш токтогондон кийин жабылып, ордуна таштандылар сакталуучу хвосто хранилищалар калган. Азыркы күндө ошол хвосто хранилищалар Кыргызстанга жана Орто Азия аймагына радиактивдүү уулануу коркунучун пайда кылууда. М: (Б) Кара-Балта комплекси боюнча айтайын. Улуу Ата Мекендик согуш мезгилинде Чүй дарыясынын алабында коргошун казылып алынат эле. Анын 1 фунту 22 доллар баада болгон. Ар бир жасалган октун алтынчысы кыргыз коргошунунан жасалган. Согуштан кийин төрт хвостохранилища (уулу калдыктар көмүлгөн жай) калды, анын аянты 40 млн куб метрге барабар болот. Бул хвостохранилишалар биригип Кара-Балта комплекси деп аталып, дүйнөдөгү эң зор хвостохранилишаны пайда кылды. Азыркы мезгилде убакыт өтүшү менен бул хвостохранилишалар жер титирөөдөн, жер көчкүлөрдөн жана сел жүрүүдөн кийин ар кандай аварийный жаракалар пайда болуп, радиактивдүү нурларды пайда кылууда. М: торий, радон, уран элементтери саатына нурлануу дозасы 1300 микрорадионго барабар болгон нурларды чыгарууда, бул Кара-Балта шаарында жашаган 50 миңдей калкка, айыл кыштактарга, кошуна турган Казакстанга дагы коркунуч туудурууда десем жаңылышпайм. Азыркы күндө Кара-Балтада жер алдынан алынуучу булак сууларды радионуклоиддерден уулуу заттардан тазалап, фильтрациялоодон өткөргөндөн кийин гана суу түтүктөрүнө жиберилет. Бул хвостохранилишалардын дамбаларын, тосмолорун бекемдеп рекультивациялоо үчүн АКШнын 5 миллион доллары керек экендигин социалисттер эсептеп чыгышты. Ушундай эле коркунучтуу абалда Кажы-Сай жана Миң Куш комплекстери жатат.