Просмотр содержимого документа
«Презентация "Асман телолору"»
Астрономия
05.12.18
Тема: Асман телолору
Асман телолоруна
- Жылдыздар
- Планеталар жана алардын жандоочулары
- Астероиддер
- Метеориттер
- Кометалар кирет
Астероиттер грек тилинен которгондо «жылдызга окшош» дегенди билдирет. Аларды кичине планета деп аташат.
Астероид - диаметри 1–1000 км чейин келген кичине планета, Күн дүн тегерегинде эллипс орбита сы бонча айланган космостук телолор.
Өлчөмү 1 кмден кичине өтө майда кичине планета ларды ири телескоп тун жардамы менен сүрөткө тартууга болот. 1801-ж. 1-январда Пиацци биринчи жолу Астероидди ачкан. Өтө чоң астероид – Церера кичине планетасы. Анын диаметри 1003 км. Андан кийин ачылган кичине планетанын катарына диаметри 608 км болгон Паллада кирет. Азыркы убакта 2000ден ашык кичине планеталардын орбиталары так эсептелген.
Метеориттер
Метеориттер – Күн системасындагы майда планеталардын өз ара кагылышуусунда пайда болуп, Жерге түшкөн темир жана таш сыныктары, метеор тулкуларынын атмосферага киргенде, толук талкаланбай жер бетине түшкөн калдыктары.
1920-жылы эн чон Гоба темир метеорити Туштук-Батыш Африкадагы Гобабис шаарынын жанынан табылган. СССРде 180 метеориттер табылган.
Метеориттер химиялык курамы жана тузулушу боюнча 3 топко болунот.
- Таштуу (92%)
- темир таштуу (2%)
- темирлуу(4%)
таштуу
темирлуу
Темир таштуу
Кометалар
Коме́та (грек. κομήτης, komḗtēs — чачтуу) — туман менен коштолгон, Күндүн тегерегинде созулган орбита ларда айланган чоң эмес асман телосу.
Кометалар – Күн дүн алыскы мейкиндигинен орун алган, борборунда ядросу бар, асман сферасына жакын келгенде гана байкалган күн системасы нын мүчөлөрү. Алардын көпчүлүгү белгилүү орбита менен өтө созулган эллипс бонча кыймылдашат.
Англис илимпозу Э.Галлей (1656–1742) мурда ачылган 24 кометанын орбиталарынын элементтерин изилдеп, анын ичинен 1531-, 1607- жана 1682 ж-дагы көрүнгөн кометаларды ар түрдүү комета эмес, ал Күнгө мезгил-мезгили менен кайталанып келүүчү бир эле комета деп түшүндүрүп, анын кезектеги кайталанышы 1758-ж. болорун алдын ала айткан.
Галлей кометасы (1986).
Чынында эле, комета Э. Галлей өлгөндөн 16 жыл өткөндөн кийин асман сферасынан көрүнгөн, ошондуктан ал Галлей кометасы деп аталып, кийинки кайрылып келүүсү 1835-, 1910-, 1986-жылдары болорун кийинки муундагы астрономдор күтүшкөн. Ушул жылдарда комета кайталанып көрүнгөн. Акыркы жолку 1986 жылы көрүнгөндө кометанын ядросу экиге ажыроого жиктелип калгандыгы байкалган.
Жылдыздар
Жылдыздар - табияты боюнча Күнгө окшош, ысык газдан турган жарык чыгаруучу асман нерселери. Алар Ааламдагы негизги объект, көрүнгөн асман телолорунун 90% ин түзөт.