Просмотр содержимого документа
«Презентация Жарнама кыргыз тилинде»
Жарнама
Тагаева Рахима
Группа: АСОИиУ 1-18
Жарнама(реклама) латын тилинен алынып-кыйкырып жатам дегенди түшүндүрөт.
Жарнама – КР мыйзамдары боюнча жеке адамдар же юридикалык жактар, товарлар, идеялар жана жаңы башталыштар жөнүндө кандай гана каражаттардын жардамы менен болбосун таратышкан, адамдардын чектелбеген чөйрөсүнө арналган маалыматтар. Ошол эле адамдарга жана юридикалык жактарга, товарларга, идеяларга жана жаңы башталыштарга кызыгууларды жаратууга жана калыптандырууга багытталган, ошондой эле товардын, идеялардын жана жаңы башталыштардын сатылып кетүүсүнө, ишке ашуусуна өбөлгө болгон маалыматтар. Жанр (французча genre – түр) – көркөм сүрөт искусствосунда – белгилүү бир темалардын айланасында чектелген көркөм өнөр тармагын мүнөздөөчү түшүнүк.
Байыркы Грецияда жана Римде жыгач тактайларында,таштардын боорунда чегилип,ошол кездин адабиятын жана искусствосун даңазалап турган. Ал эми жарнамалык бизнес расмий түрүндө 1841-жылы Филадельфия шаарында биринчи жолу Волни Палмер тарабынан башталган.
ө
Талаптагыдай эмес жарнама - мазмунуна, таратылуучу убактысына, ордуна жана ыкмасына карата Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген бузулушуна жол берилген жазгырмалуу,анык эмес ,этикага жат,көз көрунөө жалган жана башка жарнама;
Жарнама беруучу – жарнаманы чыгаруу,жайгаштыруу, кийин таратуу учун жарнамалык маалыматтын булагы саналган жекек жана юридикалык жактар;
Жарнама чыгаруучу- жарнамалык маалыматты таратуу учун толук же жарым жартылай турго келтирууну жузого ашыруучу жеке жана юридикалык жактар;
Жарнама таратуучу- мулкту, анын ичинде радио беруунун, теле беруунун техникалык каражаттарын, ошондой эле байланыш каналдарын, обого чыгуу убактысын беруу жана пайдалануу жолу менен же башка ыкмалар менен жарнамалык маалыматты жайгаштырууну жана таратууну жузого ашыруучу жеке жана юридикалык жактар;
Жарнама керектоочулор – маалымдалган же маалымдалышы болгон жеке жана юридикалык жактар,анын натыйжасында аларга жарнама тийиштуу таасир этет .
Жарнама акциялары – керектоочулордун конулун буруу максатында жарнамалоонун ар турдуу таримздерин, каражаттарын жана ыкмларын пайдалануу менен жарнамалана турган продукцияларды бекер тартып беруу же сатуу менен коштолгон акциялар.
Саясий жарнаманын аныктамаларынын көп түрдүүлүгүнө карабай, анын бардыгында бир жалпы нерсе бар – саясий жарнама адамдарга саясий субъект же объектке тиешелүү мамилесине таасир кылууну максаттаган, массалык маалымат каражаттары жана башка байланыш каражаттарынын жардамы менен коммуникация түзүүнү түшүндүрөт. Саясий жарнама – шайлоо учурундагы саясий коммуникациянын бир түрү болуп, шайлоочу топтордун эсинде оңой каларлык, оригиналдуу, кыска-нуска түрдөгү даректүү таасир кылуунун бир формасы катары саналат. Саясий жарнама белгилүү саясий күчтөрдүн саясий пайдубалынын өзөгүн чагылдырат, шайлоочуларды алардын колдоого алынышына үгүттөйт, массалык аң-сезимде ушул саясий күчтөрдүн мүнөзү жөнүндө белгилүү элес жаратат жана аны орнотот, шайлоо үчүн кааланган психологиялык багыт жаратат.
Социалдык жарнама – жарнаманын өзгөчө түрү,ал коомдук жана мамлекеттик мүдөөлөрдү көздөйт жана кайрымдуулук максаттарына жетишүүгө багытталат. С.ж-да коммерциялык уюмдар жана жеке ишкерлер, алардын товарларынын дайындуу үлгүлөрү (моделдери, артикулдары, ошондой эле коммерциялык эмес уюмдардын ишкердик иш-аракетинин жыйынтыгы болуп саналган товарлардын үлгүлөрү (моделдери, артикулдары) көргөзүлбөөгө (эске салынбоого) тийиш