СДЕЛАЙТЕ СВОИ УРОКИ ЕЩЁ ЭФФЕКТИВНЕЕ, А ЖИЗНЬ СВОБОДНЕЕ

Благодаря готовым учебным материалам для работы в классе и дистанционно

Скидки до 50 % на комплекты
только до

Готовые ключевые этапы урока всегда будут у вас под рукой

Организационный момент

Проверка знаний

Объяснение материала

Закрепление изученного

Итоги урока

Принтер жонундо

Категория: Информатика

Нажмите, чтобы узнать подробности

Принтер жонундо

Просмотр содержимого документа
«Принтер жонундо»

Принтер жонундо








HD 1340×1023


Usersmanuals1.com

EPSON COLOR INK-JET PRINTER EPSON Stylus Color 600 SERVICE MANUAL SEIKO EPS...





Принтер (англ. printer) — документти кагазга басып чыгаруучу түзүлүш. Тамгаларды документке чыгаруу ыкмасы боюнча (1) контактуу (урма) жана (2) контаксыз болуп, эки түргө бөлүнөт. Контактуу принтерлерде сүрөт-төлүштөрдү документке ба-суучу механизм тамга менен тасманы бирге басат. Контактуу принтерлердин көпчүлүгү үзүлтүксүз барактуу документ-терди басып чыгарууда колдонулат. Контактуу принтерлердин айрымдары кагаз барактарын деле пайдаланышат. Матрицалуу басып чыгаруучу түзүлүштөр тасманы калемчелер (ийнелер) менен басуу аркылуу сүрөттөлүштөрдү чыгарат. Чоң машинелерде колдонулган матрица принтерлери бир учурда бүтүндөй бир сапты басып чыгарышат. Тасмалуу басып чыгаруучу түзүлүш-төр чоң компьютердик системдерде көлөмдүү басылмаларды чыгарууда колдонулат. Тасмалуу басып чыгаруучу түзүлүштөрдө сандарды, ариптерди жана атайын тамгаларды камтыган горизонталдуу айлануучу вал колдонулат. Алмаштырылуучу ариптүү валдар тасманы басып чыгаруучу түзүлүштөрдө колдонулат. Мындай басып чыгаруучу тү-зүлүштөр алтыга чейинки көчүрмөлөрдү басып чыгара алат, басылманын сапаты жакшы, жогорку даражада ишенимдүү болот жана принтердин моделине жараша минутуна 600дөн 2 000ге чейин сап басып чыгарат. Контаксыз басып чыгаруу деп, кагаз бетине механизмсиз басып чыгарууну уюштурууну айтабыз. Мында электрграфияны, жылуу температураны же басымды колдонуп, документке пастаны (сыяны) чачыратуу менен тамгалар чыгарылат. Контаксыз басып чыгаргыч түзүлүштөр кичине жана чоң компьютердик системдерде колдонулат. Контаксыз басып чыгаргыч тү-зүлүштөр катары агым (сыя), лазер принтерлери жана термо басып чыгаргыч түзүлүш-төр колдонулат. Орточо жана тез ылдамдыкта иштөөчү лазер принтерлери мини, универсал жана супер компьютерлерде колдонулат. Агым принтерлер суюлтулган пастаны (сыяны) документке бүркөт. Агым принтеринин бөркү 50дөн бир нече жүзгө чейинки көзөнөкчөлөрдөн турат. Матрица принтерлеринин ийнелеринин комбинациялары сыяктуу көзөнөкчөлөрдөн дагы тиешлүү түспөл түзүлүп жогорку температура же басым аркылуу паста өтүп тамгалардын сүрөттөлүштө-рүн документке чыгарат. Агым принтерлери жогорку сапаттагы графикти жана текстти үнсүз басып чыгарууну уюштурат. Агым принтерлери түстүү документтерди чыгара алгандыгы жана баасы арзан болушу менен кеңири таралууда. Лазер принтери контаксыз басып чыгаруучу түзүлүш болуп саналат, ал көчүргүч машине сыяктуу иштейт. Лазердик принтер компьютерден чыккан берилиштерге карата лазер нурун өзгөртөт. Ал нур оң заряддалып, автоматтык түрдө калыбына келген жана айланып турган күзгүлүү барабанга багытталат. Нур жанып өткөн барабандын ар бир абалы терс заряддалып калат жана порошокту өзүнө тартат. Порошоктолгон барабан жогорку температура жана басым менен текстти же сүрөттө-лүштү документке чыгарып берет. Бардык лазердик принтер менен текст жана график жогорку сапатта басып чыгарылат.