Датасы:______________ 1-2-3-группа
Датасы: ______________ 4-5--группа
Датасы: ______________ 6-7-группа
Сабактын темасы: Майкрософт Ворд программасынын артыкчылыктары.
Оглавление (калкыма) мастери
Сабактын тиби: Жаны тема түшүндүрүү, билимдерди бышыктоо, билгичтиктерди жана көндүмдөрдү калыптандыруу сабагы;
Сабактын максаты:
Билим берүүчүлүк- Окуучулар Miсrosoft Word дун командалары жөнүндө маалымат алышат, билимин, билгичтигин калыптандырышат.
Өнүктүрүүчүлүк- программа менен иштөөгө көнүгүшөт, ой жүгүртүүсүн өстүрүшөт;
Тарбия берүүчүлүк- Берилген тапшырмалар аркылуу тапкычтыкка, шамдагайлыкка, өз алдынча иштөөгө, тартынбастыккачычкан менен иштөөгө. Сабакта тынч отурууга жана көңүл бөлүүгө, сылыктыкка, ынтымакка, бирин-бири угууга тарбияланышат.
Окутуу каражаттары: методикалык адабияттар, «Компьютер боюнча практикум»
Ж.Исманалиев, К. Мурзакулов. Исфана 2010-ж.
Интернет булактары.
Жабдылыштар: компьютер, Miсrosoft Word программасы , көнүгүүлөр, доска, маркер,
Сабактын методу: Иновациялык түшүндүрүү,
Сабактын формасы: компьютердик сабак
Предмет аралык байланыш: кыргыз тили, англис тили,
Сабактын планы:
Уюштуруучулук.
Мотивация.
Сабактын жүрүшү: Уюштуруу-Окуучулар менен жылуу маанайда учурашып, журналга белгилөө
Бүгүнкү сабакта биз
Өткөн теманы кайталоо, бышыктоо;
Жаны тема боюнча маалымат алышат;
Бышыктоо үчүн көнүгүүлөрдү аткарышат;
Баалоо, үй тапшырма берүү, жыйынтык;
Окуучулардан күтүлүүчү натыйжалар: (окуучулар бул сабактын соңунда кандай деңгээлди көрсөтүш керек?)
| Компетенциялар/ Деңгээлдер | Маалыматтык | Социалдык-коммуникативдик | Өзүн-өзү уюштуруу жана маселелерди чечүү |
| Репродуктивдүү | Окуучу Miсrosoft Word прог билишет | Окуучулар аталган теманы талкуулашат, ой бөлүшөт | Окуучулар Miсrosoft Word терезесин үйрөнүшөт |
| Продуктивдүү | Окуучулар Miсrosoft Word мүмкүнчүлүгүн үйрөнүшөт | Окуучулар бири-биринен үйрөнүшөт жана талкуулайт | Miсrosoft Word дун иштерин, элементтерин билишет |
| Креативдүү | Окуучулар Miсrosoft Word командаларын айырмалай алышат | Окуучулар Miсrosoft Word командалары менен иштегенди билишет | Окуучулар Miсrosoft Wordду турмушта колдоно алышат |
Билимин калыптандыруу: (кайталоо)
Ворд программасынын Главная менюсунун АБЗАЦ бөлүгүндө кандай командалар жайгашкан?
Отступ командасы эмне үчүн колдонулат?
Интервал эмне үчүн колдонулат?
Балдар эми силер менен вставка менюсун үйрөнөбүз. Вставка менюсу бул документке сүрөт, картинка, фигура, диаграмма, ар кандай символдорду коюу үчүн ошондой эле таблица түзүү үчүн колдонулат. Мындан тышкары документтин барактарына номер коюу үчүн да негизги ролду аткарат.
Вставка менюсун ачып көрөбүз, кандай командалар жайгашыптыр?
Вставка менюсунун командалары менен таанышабыз:
Страницы-мында документтин барактарынын титулдарын (башкы беттеринин түрлөрүн) колдонсо болот.
Таблицы- таблица түзүү үчүн колдонулат. Бул командага кененирээк кийинки сабакта токтолобуз.
Илюстрация-мында сүрөт, фото, рисунка, аркандай фигураларды, диаграммаларды документке коюуга болот.
Рисунки командасынын жардамы менен документке ар кандай сүрөттөрдү, фотолорду коюуга болот. Ал үчүн курсорду керектүү жерге коюп, рисунки командасына кирип, ачылган терезеден керектүү жердеги сүрөттү тандап, вставить командасын басабыз. Мына биз белгилеген жерге тандаган сүрөтүбүз коюлду.
Документте ар кандай фигураларды колдонсок, анда фигуры командасы колдонулат. Фигуры командасынын ичиндеги жайгашкан фигуралар менен таанышабыз. (Ар бир фигураны сызып көрүшөт.)
Колонтитул- барактын өйдө жагына, асты жагына колонтитул коюу.
Мындан тышкары баракка номер коюучу баскычтар жайгашкан.
Фигуралар баракка номер коюунун жолу көрсөтүлдү.
Текст-Word Art командасы, буквица коюучу баскычтар жайгашкан. Word Art командасы документке тексти ар кандай форматта кооздоп жазуу үчүн колдонулат.
Бул командадан текс терип документке койсок, автоматтык түрдө формат менюсу ачылат. Фомат менюсунун жардамы менен жазган тексти кооздоп, ондоп түзөп жаза алабыз.
Формат менюсунун командалары көрсөтүлгөн.
Символ- мында ар кандай символдор, тамгалар жайгашкан. Керектүүсүн документке койсок болот.
Кыргыз тамгаларын дагы усул символдун жардамы менен койсок болот
Бышыктоо: Оглавление жасаганды үйрөнөбүз. Оглавление деген бул мазмун деген мааниде. Мисалы чоң темада реферат жасай турган болсок, ошол рефераттын темасын под темаларга бөлүп ошолорду автоматтык түрдө жайгаштырууну үйрөнөбүз.
Жаңы барак ачкыла;
Вставка-страницы-разрыв страницы командаларын тандайбыз;
Пайда болгон экинчи баракка Биринчи чоң теманы жазабыз. Мисалы: 1-декабрь ВИЧ/СПИД оорусу менен күрөшүү күнү
Вставка-страницы-разрыв страницы;
Пайда болгон 3-баракка под теманы жазабыз. 1.1 ВИЧ деген эмне?; (Маалыматтар жазылуусу керек)
Вставка-страницы-разрыв страницы;
4-баракка 1.2 СПИД деген эмне?
Вставка-страницы-разрыв страницы;
5-баракка1.3 ВИЧ/СПИД кандай жолдор менен жугат?
Вставка-страницы-разрыв страницы;
6-баракка 1.4 ВИЧ кандай учурда жукпайт;
Вставка-страницы-разрыв страницы;
7-баракка 1.5 ВИЧ/СПИДден кантип сактануу керек?
Вставка-страницы-разрыв страницы;
8-баракка 1.6 ВИЧ/СПИДдин белгилери (ар бир бөлүккө толук маалыматтар жазылуусу шарт)
Эми эгерде тема боло турган болсо, ошол теманы белгилеп Главная-Стили-Заголовок1 командаларын тандап коёбуз;
Эгер под тема болсо анда под теманы белгилеп- Главная-Стили-Заголовок2 командаларын тандап коёбуз;
Эми курсорду биринчи баракка алып келип коебуз. Ссылки-Оглавление-автособираемое оглавление 1 командасын тандап коебуз.
Мына жасап көрдүңөр, страницалары менен под темалар автоматтык түрдө даяр болуп калат.
Үйгө тапшырма: өз алдынча оглавление түзүү
Билимин баалоо: Сабакка активдүү катышып, берилген суроолорго туура, ойлонуп жооп берүүсүнө, бири-бирине оригиналдуу суроолорду берүүсүнө жана берилген тапшырмаларды өз алдынча аткаруусуна жараша бааланат.