СДЕЛАЙТЕ СВОИ УРОКИ ЕЩЁ ЭФФЕКТИВНЕЕ, А ЖИЗНЬ СВОБОДНЕЕ

Благодаря готовым учебным материалам для работы в классе и дистанционно

Скидки до 50 % на комплекты
только до

Готовые ключевые этапы урока всегда будут у вас под рукой

Организационный момент

Проверка знаний

Объяснение материала

Закрепление изученного

Итоги урока

Прощальный вечер

Нажмите, чтобы узнать подробности

Просмотр содержимого документа
«Прощальный вечер»



Саламатсыздарбы урматтуу меймандар, мугалимдер жана ата – энелер! Бүгүнкү салтанаттуу күндө тарбия башаты ак мектебибиз келечек муундары менен коштошкону турат. Шаршенбай атындагы орто мектебинин 2016 – 2017 – окуу жылын аяктап жаткан 11 – класстын бүтүрүүчүлөрүнө арналган коштошуу салтанатын ачык деп жарыялайбыз.

Убакыт күтпөй тез жетти,

Кыйланы кыял дегдетти.

Оңойбу курбум калтыруу,

Окуган он бир жыл мектепти.

Өмүргө өткүн жамгырлап,

Турмуштук татаал миң суроо.

Бир гана өттү шыңгырап,

Сыйкырлуу соңку коңгуроо.

Билимге кенен жол ачып,

Бийикке чыгаар кыясың,

Бастырган кезден жетилтип,

Учурган алтын уямсың.

Кош болгун сүйкүм мектебим,

Балдарың чыкты жарышка.

Чакырат турмуш сапары,

Максаттар сүрөп алыска.



Анда эмесе бүтүрүүчүлөрүбүздү чакырып алсак:





Жакшылык.

Көздөрү аяр өзгөчө,

Катылып көп сыр жаткандай.

Мүнөзү сонун келишкен,

Аруу, тунук ак таңдай.

Алтынай.

Кыздан чыккан кыраандай,

Айдай сулуу Алтынай.

Айтканын так аткарган,

Акылдуу,эстүү жансың ай.

Иманбай.

Максатты коюп алдына,

Талпынганы талпынган,

Адептүү жигит экен деп,

Айтып бир жүрчү асыл жан.

Алина.

Эр мүноз элдин кызы,

Сабалап учкан канатын.

Саяпкер таптаган күлүктөй,

Өркүндөтсөм дейт талантын.

Мукай.

Жаркылдап күлүп мээримдүү,

Күлкүсү анын башкача,

Булуттан чыккан ай сымал,

Ойлору айкын,таптаза.

Айтолкун.

Көркөмү сулуу келишкен,

Көп окуп,көптү көрүшкөн.

Көйкөлө басып келатса,

Кимдин кызы дегизген.

Абдымомун.

Достукка бекем бул өзү,

Жайдары шайыр мүнөзү.

Элинин эрке баласы,

Керегине жарасын.

Айдана.

Ачыла элек сандыкта,

Бычыла элек кундуз бар.

Бекилип аруу максаттары,

Айдана ошол кундуздай.

Дамир.

Шоктугу анын жанда жок,

Жигиттин гүлү Дамирбек.

Кандай инсан болорун,

Келечек турат далилдеп.





Бегимай.

Башынан эле шок кызым,

Жамандык ою жок кызым.

Улуусу болсо үйүндө,

Класста кичүүсү топ кыздын.

Нургазы.

Токтоо мүнөз бир азамат,

Сүйлөгөн сөзү орундуу.

Ата-энеге бел болор,

Асыл чыгат болумдуу.

Жылдыз.

Илбиреңки, эң назик,

Ошондой анын жүрүшү.

Келечеги түз болсо дейт,

Алтындай эне үмүтү.

Бекназар.

Күн нурундай чачырап,

Күлүп жүрөт ар канчан.

Ичинде такыр кири жок,

Болбос аны айтпасам.

Алия.

Илимпоз болчу түрү бар,

Саресеп салып баарына.

Анда да суусап тургансыйт,

Алсам деп билим дагы да.





Бектур.

Илимге бек умтулуп,

Көптү билсем деп самайт.

Жакшылыктын баарысын,

Эли журтуна каалайт.

Диана.

Акылга акыл кошчу кыз,

Арыштап алга озчу кыз.

Камын жеп калың журтунун,

Калкалап аны тозчу кыз.

Апсамат.

Кесибине берилген,

Адис болот Апсамат.

Аяктаса окуусун,

Зор дүйнөгө аттанат.

Диана.

Өзү тыкан,сөзгө бек,

Кыз сайкалдай жүргөнү.

Окууда да,иште да,

Калкым деп согот жүрөгү.

Кылымбек.

Атына заты жарашкан,

Арабызда Кылымбек.

Атуулу болуп мекендин,

Айтса бүтпөс кылым кеп.

Айпери.

Созулганы өзгөчө,

Ойлору да тизилген.

Кызмат кылат калкына,

Суурулуп кыргыз ичинен.

Нуржигит.

Тарбиялуу эр жигит,

Талыкпай изденип келет.

Намысты бек карманып,

Досунун да кадырын билет.

Элиза.

Күнү түнү окууга,

Арнап койгон сааттарын.

Эмгектенип талбастан,

Толуктап илим катарын.

Жаныбек.

Апасынын тиреги,

Көп жүктү өзү көтөрүп.

Өмүрү узун болсо экен,

Арчадай дайым көгөрүп.













Саламдашуу

Сизсиз менин жашоодогу тирегим,

Сизди дайым кубантсам деп тилеймин.

Кандай гана ийгиликке жетсем да,

Себепчиси сизсиз алтын мугалим. Сөздү мектеп директору Донбаева Нурайым Чыныбековнага берсек.

Оюн: Саноо кыргызча, англисче, орусча (Жакшылык, Алия, Мукай)

Ыр:

ОББ болуп эмгектенип келесиз,

Сиз балдарга билимиңизди бересиз.

Келечектин уулдары, кыздары,

Акыл эстүү болсо деген тилегиңиз. Сөз окуу бөлүм башчысы (ОББ) Жузупбекова Индира Сейитжапаровнага берилет.

Оюн: 4М оюну (Айтолкун, Кылымбек, Элиза)

Менин биринчи класстагы окуям

Мен мектептен үйрөндүм

Мектептеги кызыктуу күн

Мектептеги эң оор күн

Тамаша:

А” тамгасын бизге жаңы сүйлөткөн,

Билим берип көп нерсеге үйрөткөн.

Асыл тумары жан адамым мугалим,

Орун алып сиз өчпөйсүз жүрөктөн. Демекчи сөздү Сапаралиева Бактыгүл Нурдиновнага берсек.

Оюн: Сүрөт аркылуу ыр табуу (Дамир, Диана, Апсамат)

Бий:

Ата – энем бар бул жашоодо мен бармын,

Атакем бар толуп турат асманым.

Апакем бар жарык менин көңүлүм,

Ар убакта бактылуумун мен дайым. Сөз ата – энелерге берилет.

Оюн: Мурду менен ата – энеге жакшы сезим айтуу (Нургазы, Айдана, Бегимай, Нуржигит)

Ыр:

Окуучулук күндөрүм

Эсимде эң алгачкы билим күнү,

Ээрчишип апам менен бирге баргам.

Балапан балдар элек биз ал кезде,

Классташтар мен ошондо сени тапкам.

Билим менен бийиктикти багынт”, - деп,

Эже – агайдын аткандары эсимде.

Унутулгус окуучулук күндөрүм,

Жашай берет тунук таза сезимде.

Слайд: Окуучулук күндөрүм

Оюн: Кыймыл аракети менен ырды көрсөтүү (Иманбай, Момун, Алина)

Алпештеп өмүр шамым мугалим,

Алдым өзүңүздөн мен билим.

Кулак төшөп бардык айткан сөзүңүзгө,

Чарчабай билим бердиңиз өзүбүзгө.

Сөз Жусупбаева Жылдыз Кубанычбековнага берилет

Оюн: Ийин менен сан жазуу (Алтынай, Бекназар, Жаныбек, Айпери)

Тамаша:

Бизди өстүрүп, эрезеге жеткирген,

Маңдайга күйгөн шам ата – эне.

Ардактуу ата – энеден болушсун,

Ар убак болуп биз менен. Сөз ата – энелерге берилет.

Оюн: Тамга менен башталган ыр (Бектур, Жылдыз, Бексултан)

Бий:

Мугалимсиз сыймыктанар кесибиңиз,

Балдарга аруу, таза сезимиңиз.

Талап кылган талыкпаган эмгекти,

Ушул сиздин тагдыр берген кесибиңиз.

Сөз Жантай кызы Миргүлгө берилет

Оюн: Сөз табуу

Бар бол, мектеп, бар бол билим бешигим,

Сиз мектепте эмгектене бериңиз.

Кыйынчылык, түйшүктөрдүн бардыгын,

Талыкпаган эмгек менен жеңиңиз.

Аттестаттарды тапшыруу үчүн (ОРТ жыйынтыгы) сөздү мектеп директору Донбаева Нурайым Чыныбековнага жана окуу бөлүм башчысы Жузупбекова Индира Сейитжапаровнага берсек.



Келечекке кадам таштай баратат,

Ишке ашсын алдыдагы максаттар.

11 жыл чогуу окууган классташтар,

Жолугушуп бир кездерде табышаар.

Ушуну менен сиздерге арналган коштошуу салтанатын аяктайбыз.