Просмотр содержимого документа
«Проценттер жөнүндө түшүнүк»
ПРОЦЕНТТЕР
Математика, 5-класс
САБАКТЫН МАКСАТЫ:
- «Процент» жөнүндө кеңири түшүнүк алышат, аларды окуй алышат
- Ондук бөлчөктөрдү процент түрүндө жаза алышат, сандын проценттерин тапканды үйрөнүшөт;
- Окуучулардын ой жүгүртүүлөрү өркүндөйт, өз алдынча маселени чече билет.
ПРОЦЕНТ ДЕГЕН ЭМНЕ ?
- «процент» сөзү латын сөзү « pro centum » - «жүздүн бир бөлүгү» деген сөздү түшүндүрөт.
- Процент - бул сандын жүздөн бир бөлүгү.
1%=0,01
- Процент түшүнүгү эң биринчилерден болуп Байыркы Римде колдонула баштаган. Карыз алган адам карызын кайтарып бергенде, ар бир жүз акча бирдигине бир акча бирдиктерин кошуп беришкен
- Римдиктер колдонгон «процент» түшүнүгү бүткүл Европага тараган.
- Европада биринчилерден болуп, бельгиялык окумуштуу Симон Стевин (1584 -ж) процент таблицасын киргизген.
-бул белги пайда болгучакты, адамдар процент белгисин төмөнкүчө белгилеп келген
1685-жылы Париждеги басмаканалардын биринде чыккан китептердин биринде
белгисинин ордуна % белгиси ката басылып калган. Ошол кезден баштап биз процентти % белгиси менен белгилейбиз
Проценттерди мындай окуйбуз
5% (беш процент)
10% (он процент)
100% (жүз процент)
Проценттер жашоодо кереги барбы ?
Процент менен эки чоңдуктун катышын билсек болот: бүтүн жана анын бөлүгүн.
Мисалы , процент менен кыямдын составындагы шекердин үлүшүн , көлдөрдөгү туздун үлүшүн, басып өткөн жолдун үлүшүн ж.б
Биз эмнеге бир бүтүн нерсени 100% деп алабыз, а эмнеге 60% же 50% эмес???
Процент – бул жүздүн бир бөлүгү .
Демек 1% - бул жүздүн бир бөлүгү болгондуктан, бир бүтүн нерсе 100% болот.
1% = 0,01
100% = 1
ЖАШООБУЗДА КЕЗДЕШКЕН ПРОЦЕНТТЕР
- Ашканадагы проценттер
- Дарыканадагы проценттер
- Банктагы проценттер
- Айлык акыдагы проценттер
- Пенсионерлер жана процент
- Шайлоо жана проценттер
0 1 2 3 4 5 6 7 8 9 10 11 12 13 14 15 16 17 18 19 20 21 22 23 24
это 100%
20см
КӨНҮГҮҮ ИШТӨӨ №1
1 . Процент түрүндө жазгыла: а) 0,29 б) 71,2 в) 0,3
Чыгаруу
1=100% болгондуктан, санды процент түрүндө жазыш үчүн, аны 100гө көбөйтүп процент белгисин коюу керек
а) 0,29*100=29%
б) 71,2*100=7120%
в) 0,3*100=30%
2. Сан түрүндө жазгыла: а) 77% б) 520% в) 0,06%
Чыгаруу
1%=0,01 болгондуктан, процентти сан түрүндө жазыш үчүн 100гө бөлүп, процент белгисин алып коюш керек
а) 77% : 100=0,77
б)520% : 100=5,2
в) 0,06% : 100=0,0006
.
КӨНҮГҮҮ ИШТӨӨ №2
ООЗЕКИ ИШТЕЙЛИ. ПРОЦЕНТТИ ЖӨНӨКӨЙ БӨЛЧӨККӨ АЙЛАНДЫРУУ МЕНЕН, ТӨМӨНКҮ ТАБЛИЦАНЫ ТОЛТУРГУЛА
1%
5%
10%
12,5%
20%
25%
50%
75%
100%
200%
ҮЙ ТАПШЫРМА
Математика 5-класс авторлор: С.К. Кыдыралиев, А.Б. Урдалетова, Г.М. Дайырбекова 208-бет №500 , №501
ӨТҮЛГӨН ТЕМА БОЮНЧА СУРООЛОР БОЛСО