СДЕЛАЙТЕ СВОИ УРОКИ ЕЩЁ ЭФФЕКТИВНЕЕ, А ЖИЗНЬ СВОБОДНЕЕ

Благодаря готовым учебным материалам для работы в классе и дистанционно

Скидки до 50 % на комплекты
только до

Готовые ключевые этапы урока всегда будут у вас под рукой

Организационный момент

Проверка знаний

Объяснение материала

Закрепление изученного

Итоги урока

Психикалык онугуу жана окутуу.

Категория: Психологу

Нажмите, чтобы узнать подробности

Просмотр содержимого документа
«Психикалык онугуу жана окутуу.»

лекциялык сабак

Тема:Психикалык өнүгүү жана окутуу.

План: 1.Баланын өнгүүсүндөгү кыймылдаткыч күч.

2.Психикалык өнүгүү менен окутуу түшүнүктөрүнүн ортосундагы байланыш.

Колдонулган адабияттар:

1.К.Минбаев. А.Закиров. Курак жана педагогикалык психология. Ош 1995 24-28;31-32, 36беттер

2.Ж.Жумалиева Жаш курак психологиясы Бишкек 1999

Тм 1.Баланын өнгүүсүндөгү кыймылдаткыч күч.Баланын психикалык өнүгүүсундө тукум куучулук,чөйрө негизги орунду ээлейт,бирок булар өнүгүүнүн негизги чечүүчү күчү эмес.Баланын жашоосунда анын бир тепкичтен экинчи тепкичке көтөрүлүшүнө мүмкүндүк берүүчү ички кыймылдаткыч күч жашайт.Булжаны менен эскинин ортосундагы карама-каршылык болуп саналат.

Эски-баланын тигил же бул жаш курагын бир этабында керектөөсүн канааттандырууга мүмкүндүк берген айлана чөйрөдөн алган ык,машыгуулары.Бул ык,машыгуулар бала өнүгүүнүн жаңы тепкичине өткөндө,анын иш аракетине тоскоолдук кылышы да мүмкүн.

Жаңы-баланын өнүгүүнүн кийинки тепкичине көтөрүлүшү менен пайда болгон жаңы иш-аракеттерди аткарууга мүмкүндүк берүүчү ык,машыгууларга ээ болуучу.Ошентип баланын өнүгүүсүндө кыймылдаткыч күч болуп эски ык,машыгуулардын ортосундагы карама-каршылык санала.Карама-каршылык баланын тышкы чөйрө менен болгон карым-катышынан пайда болот.Мындай карама- каршылык иш-аракеттердин түрдүү сферасынан клип чыгат.

  • Окуучунун жаңы,татаал маселени чечүүгө жасаган аракети менен анын үйрөнгөн эски ык,машыгуулары аркылуу чечүүгө жасаган аракетинин ортосунда карама-каршылык пайда болот.Бул каршылыкты жеңүү окуучуга жаңы маселени чечүүгө мүмкүндүк берет.

  • Окуучунун сабакта тартипти сактоого жасаган аракети менен анын мурда калыптанган жүрүш-турушунун ортосунда карама-каршылык келип чыгат.Бул карама-каршылыкты жаңы талапка жараша чечүү баланын тартипке үйрөнүүсүнө түрткү берет.

Мындай өз ара таасир этүүлөр,карама-каршылыктар турмуштун түрдүү жагдайында кездешет:

  • Физиологиялык(курсагы ачкандык,чарчоо эңсөө) карама-каршылык.Бул адамдын физиологиялык(курсакты тойгузуу) керектөөсү менен аны канааттандырууга мүмкүнчүлүгүнүн ортосундагы күрөш.

  • Когнитивдик (таануу,маалымат) карама-каршылык маселелерди чыгарууда керек болуучу маалыматтардын,ык-машыгуулардын формаларынын өзгөрүүсүнөн пайда болот.

  • Эрктик карама-каршылык мотивдердин (мидет,каалоо)күрөшү.

  • Социалдык 0психологиялык карама-каршылык мүнөздүн белгилеринде (эгоизм,боорукердик)орун алат.

Тм 2 Психикалык өнүгүү менен окутуу түшүнүктөрүнүн ортосундагы байланыш.

Окутуу жана өнүгүү түшүнүтөрүнүн бири-бирине болгон байланышы,айырмасы окутуунун,тарбиялоонун негизги маселелеринин бирине кирет.Өнүгүү жана окутуу проблемаларынын ортосундагы өз ара карым-катыштын туура чечилиши психология илиминде гана эмес,педагогикада да борбордук мааниге ээ деп жазат. С.Л.Рубинштейн.Психология илиминде эки түшүнүктүн ортосундагы байланыш,айырма окумуштуулар тарабынан ар түрдүү чечилген:

-Окутуудагы сан түшүнүгү жана башка математикалык түшүнүктөр окутуунун жардамы менен пайда болбостон,өз алдынча,ички себептердин натыйжасында өнүгөт.Ойлоо өзүнүн түрдүү этаптарына окутуусуз жетип,окутуу,өнүгүү законуна баш иет деген идея Ж.Пиажеге таандык.

Окутуу өнүгүү законуна баш иет,башкача болбойт деген ой Ж.Пиаженин окуучусу Б.Инельдерге тиешелүү.У.Джемс,Э.Торндайк окутуу,өнүгүү процесстери бири-бирине көз каранды болбогон феномендер деп окутуу,өнүгүү процесстерин тең карашат.Советтик психологдор жогорудагы ой жүгүртүүлөргө каршы чыгышып,окутуу менен өнүгүү мазмуну боюнча бири-бирине дал келбесин,эки түшүнүтүн ортосунда татаал көз карандылык бар экендигин жана окутуу өнүгүү деңгээлине караганда,ар качан алдыда жүрөрүн жакташат.Балалык куракта өнүгүүнү артынан ээрчитип,жетелеп жүргөң гана окутуу натыйжалуу деп жазат Л.С.Выготский.Биздин оюбузча,жогорудагы илимий агымдар бул проблеманы жеткиликтүү эксперименталдык негизде изилдебей,кандайдыр бир курактык мезгилди же бир касиеттердин тобунун айланасында ой жүгүртүлүп түзүлгөн теориялардай сезилет.Мисалы;Выготский өз оюн экспериментке негиздебе,ага чейин топтолгон илимий фактылырды өзүнүн логикалык,философиялык мүмкүнчүлүгүнө таянып тыянактагандай туюлат.


Курак психологияда борбордук актуалдуу проблемалардын бирине курак психологиясы кирет.Илимде курак проблемасынын илимий негизинин табылышы тарбия системасын түзүүгө жардам берет.

Курак проблемасынын илимий жерпайын (фундаментин) куруу максатында сссрде (Англия,Болгария,ГДР,польша,Чехославакия,Швеция)физиологдор,морфологдор,биохи-

Миктер,педиатрлар,педагогдор,гигиенистер жана герентологдор катышып илимий-теориялык симпозиумда окумуштуулар куракты шарттуу түрдө төмөндөгүдөй мезгилдерге бөлүүгө макулдашкан.

  • Жаӊы төрөлгөн бөбөк 1 күндөн 10 күнгө чейин

  • Эмчек курагы 10күндөн 1 жылга чейин

  • Алгачкы балалык мезгил 1-2 жыл

  • Биринчи балалык мезгил 3 жаштан 7 жашка чейин

  • Экинчи балалык мезгил 8-12 жаштагы эркек балдар,8-11 кыз балдар

  • ϴспүрүмдөр 13-16 жаш эркек балдар,12-15 кыз балдар

  • Жигиттер 17 -21 жаштагы эркек балдар,16-20 кыз балдар

  • Биринчи толуу мезгили 22-35 жаш эркектер,21-35 жаштагы аялдар

  • Экинчи толуу мезгили 36-60 жаш эркектер,36-55 жаштагы аялдар

  • Улгаюу курагы 61-74 жаш эркектер,56-74 жаштагы аялдар

  • Аксакалдык курак 76-90 жаш аралыгы

  • Узак жашоочулар 90 жаштан жогору

Айрым окумуштуулар курак мезгилдеринин чектерин башкача бөлүштүрүшөт.М;жигиттик мезгил 12-17 жаш аралыгын камтыйт.Дж.Биррен.

А.Газелл 10-16 жашка чейинки аралыкты жети тепкичке бөлгөн.

Педагогикалык бай тажрыйба,психологиялык байкоолор өнүгүүнүн төмөндөгүдөй жаштык этаптарын сунуш кылыт.


  • Бөбөк курак туулгандан 1 жашка чейин

  • Эрте жаш курак 1 жылдан 3 жашка чейин

  • Мектепке чейинки курак 3 жаштан 7 жашка чейин

  • Кенже жаш курак 7 жаштан 11-12 жашка чейин

  • ϴспүрүм курак 11-12 жаштан 14-15 жашка чейин

  • Бой жеткен курак 14-15 жаштан 17-18 жашка чейин




Скачать

Рекомендуем курсы ПК и ППК для учителей

Вебинар для учителей

Свидетельство об участии БЕСПЛАТНО!