СДЕЛАЙТЕ СВОИ УРОКИ ЕЩЁ ЭФФЕКТИВНЕЕ, А ЖИЗНЬ СВОБОДНЕЕ

Благодаря готовым учебным материалам для работы в классе и дистанционно

Скидки до 50 % на комплекты
только до

Готовые ключевые этапы урока всегда будут у вас под рукой

Организационный момент

Проверка знаний

Объяснение материала

Закрепление изученного

Итоги урока

Психология предмети

Категория: Психологу

Нажмите, чтобы узнать подробности

Аң – сезим

        Аң – сезим  жана  анын  структурасы,  аң – сезимсиз  абал.  Күндөлүк  аң – сезим.

         Аң – сезим – психиканын  эң  жогорку  өнүккөн  чекити.  Ал  адам  баласына  гана  тиешелүү,  айбандарда болбойт.  Адамдык  аң – сезим  бир  жагынан  баш  мээнин  иштешине  байланыштуу,  экинчи  жактан  адамдар  менен  болгон  карым – катышты,  эмгектенүүдөн  топтолгон  иш  тажрийбаларды  үйрөнүүдө  калыптана  турган  феномен.  Адамдык  мээге  ээ  болур туруп  адам  коомунан  ажырап  калуу – аң – сезим  өнбөйт  дегендик.  Ошондуктан  марксизм,  ленинизм  классиктери  аң – сезимди  коомдук  көрүнүш  катары  баалашат.  Аң – сезимдин  мазмуну  ага  берилген  аныктамадан  да  ачык  көрүнөт.

         Аң – сезимдин  структуурасы.  Аң – сезимдин  психиканын  өнүккөн  жогорку  формасы  болгондуктан  ал  өзүнүн  мазмунунда  башка  психикалык  процесстерди  да  камтып  турат,  алардын  өнүгүшүнө  шарт  түзүү  менен,  өз  жашоо  талаасы  болуп,  ички  туруктуу  структурага  ээ.

         Аң – сезимдиндин  биринчи  структурасы – аң – сезимдин    өзү.  Адам  аң – сезими  аны  курчап  турган  дүйнө  жөнүндөгү  маалыматтардын  тобунан  турат.  Ал  маалыматтарды  таануу  процесстери  камсыз  кылат.  Таануу  процесстери  сезүү,  кабыл  алуу,  эс,  элестетүү  жана  ойлоо  сыяктуу  психикалык  кубулуштар  болуп  эсептелет.

         Аң – сезимдиндин  экинчи  структуурасына  адамдын  “мени”  жана  менин  тиешелүү  болбогон  касиеттерди  ажыратуу,  башкача  айтканда  субъектини  объектиден,  тескерисинче  объектинин  субъектиден  ажыратуу  керек.  Адам  башка  тирүү  жаныбарларга  караганда  өзүн – өзү  таанууга,  өзүн – өзү  изилдөөгө,  аң – сезимдүү  түрдө  өзүнүн  жүрүш – турушун  таразалоого,  баалоого  жөндөмдүү.

            Аң – сезимдин  структурасынын  үчүнчү  компоненти – адамдын  максаттуу,  ойлонулган  иш – аракети.  Адамда  коюлган  мүдөөгө  жараша  иш – аракеттин  максаты  калыптанып  такталат,  ишке  түрткү  берген  мотив  таразаланат,  эрктик  чечим  кабыл  алынат,  аракетти  аткаруу  жолдору  аныкталат,  ага  түзөтүүлөр,  оңдоолор  киргизилет.

         Аң – сезимдин  структурасынын  төртүнчү  элементи  катары  мамиле  саналат.  Аң – сезимдин  мазмунунда  адамдын  чөйрөгө  болгон  сезими,  эмоциясы  орун  алгандыктан,  белгилүү  бир  иш – аракетке,  адамга,  кубулушка  карата  мамиле  пайда  болот.  Ушул  мамилеге  жараша  адамда  активдүүлүк,  пассивдүүлүк  өкүм  сүрүп,  алдында  турган  максатты,  ага  тиешелүү  болгон  иш – аракетти  түрдүүчө  аткарат.

         Күндөлүк  аң – сезим.  Бул – чектелген  адам  топторунун  күндөлүк  тажрыйбалары  менен  түздөн – түз  байланыштан  стереотиптердин,  установкалардын,  маалыматтардын,  элестетүүлөрдүн,  ой  толгонуулардын  негизделбеген,  такталбаган  топтому.  Күндөлүк  аң – сезим  аң – сезимден  айырмаланат.  Ал  дүйнөнү,  коомду  таанууга  тоскоолдук  кылуучу  каталарга  мол,  эл  арасында  айың  кептердин,  пайдасыз  салттардын  сакталышына  жол  ачат.  Күндөлүк  аң – сезим  жеке  адамды  гана  туура  жолдон  бурбастан,  адам  топторунун  иш – аракеттерине  да  тескери  таасир  берет.  Ал  эми  аң – сезим  изилдөөгө,  байкоого,  жаратылыштын  мыйзам  ченемдерине  тачнган  такталган  маалыматтардын  жыйындысына  турат.

         Аң – сезимсиз  абал.  Аң – сезимсиз  абал  психикалык  процесс  катары  эсептелип,  объективдүү  чындыкты  чагылдыруунун  бир  формасы  катары  жашайт.  Бул  абалда  адам  өзү  жасаган  аракетке  эсеп  бербейт,  анын  убактысына  өтүп  жаткан  ордуна  карата  багыты  толук  жоголот  жана  ал  түгүл  аракетти  башкарган  речь  да  бузулат.  Аны  психология  илиминен  башка  медицина,  нейрофизиология  илимдери  иликтеп  келе  жатат.

         Аң – сезимсиз  абалдын табиятына,  маанисине  көңүлдүн  бурулушунда  З. Фрейддин  психо – аналитикалык  окуусу  түрткү  болгон.  Ал  мындай  абал  невроздун  пайда  болушуна,  личносттун  калыптанышына  жана  адамдын  жүрүш – турушуна  чоң  тааламдын  чыгалуу  мотивациясы  өз  учурунда  таасир  тийгизүүчү  фактор  экендигин  чечкиндүү  жактаган.  Эгер  канааттандырылбаса,  бул  процесс  аң – сезимдин  таасиринен  ажырап  байкоосуз  абалга  өтүп,  жашыруун  мүнөздө  личносттун  жүрүш – турушун  башкарып,  айрым  учурда  адамга  оор  түрүндө  таасир  этип,  нормалдуу  аң – сезимдин  белгисиз  жардамчысы,  каршысы,  конкуренти  катары  жашарын  белгилеген.

         Аң – сезимсиз  абалдын  жашашына  бүтпөгөн  аракеттердин  эске  сакталуу  феномен  мисал  болот.  Адам  бүтпөй  калган  информацияларды  дайыма  эсинде  бекем  сактайт.  Мисалы  көп  сериялдуу  кино  фильмдердин  бир  сериядан  экинчи  серияга  өткөн  окуялар  эсте  жакшы  калат.  Ата   Мекендик  согуш  учурунда  бир  солдат  өзүнө  тааныш  орус  офицерлерин  тамашалоо  үчүн   атты  шашылып,  каттуу  чаап  келет:  “Хайл  Гитлер!”  - деп  саламдашат,  офицерлердин  айрымдары  тамашага  түшүнбөй  солдатты  атып  салууга  аракеттенет.  Ал  эми  экөө  чын  ыкласы  менен  солдатка,  “Хайл  Гитлер!”  деп  жооп  беришкен.  Көрсө  алар  немецтик  чалгынчылар  экен.  Эсте  көптөгөн  информациялардын  сакталышы  жана  аларды  керек  учурда  пайдалануу  аң – сезимсиз  абалда  жүрөт.  Адамдар  көчөдө,  тепкичтерде  баратканда  керектүү  аракеттерди  кыйналбай  эле  аң – сезимсиз  жасай  берет.  Ошондой  эле  бул  абалды  галюцинация,  жөөлүү  учурунан  да  жолуктурабыз.  Аң – сезимсиз  абалдын  объективдүү  жашай  турган  бир  психикалык  процесс  экенин  көрсөтөт. 

Просмотр содержимого документа
«Психология предмети»

Скачать

Рекомендуем курсы ПК и ППК для учителей

Вебинар для учителей

Свидетельство об участии БЕСПЛАТНО!