СДЕЛАЙТЕ СВОИ УРОКИ ЕЩЁ ЭФФЕКТИВНЕЕ, А ЖИЗНЬ СВОБОДНЕЕ

Благодаря готовым учебным материалам для работы в классе и дистанционно

Скидки до 50 % на комплекты
только до

Готовые ключевые этапы урока всегда будут у вас под рукой

Организационный момент

Проверка знаний

Объяснение материала

Закрепление изученного

Итоги урока

Python программалоо тилин орнотуу

Категория: Информатика

Нажмите, чтобы узнать подробности

Просмотр содержимого документа
«Python программалоо тилин орнотуу»

Python программалоо тили. Python - бул интерпретацияланган, объектке-багытталган эӊ кеӊири чөйрөдөгү маселелерди чечүү үчүн иштелип чыккан - толук жогорку деңгээлдеги программалоо тили. Аны менен сандык жана тексттик маалыматтарды иштеп чыгууга, сүрөттөрдү чийүүгө, маалымат базалары менен иштөөгө, веб-сайттарды жана графикалык интерфейстерди түзүүгө болот. Python- кроссплатформалык тил, ал сизге бардык операциондук системаларда иштей турган программаларды түзүүгө мүмкүнчүлүк берет.

Расмий версиясына ылайык, бул тилдин аталышы жыландын атынан коюлган эмес. Бул тилдин жаратуучусу Гвидо ван Россум (Guido van Rossum), бул атты -британиялык комедиялык ВВС «Монти Пайтон’дун учуучу цирк» (Monty Python’s Flying Circus) телешоусундагы Пайтондун атынан койгон. Ошондуктан, ушул тилдин туура айтылышы - бул Пайтон.

Python тилин орнотуу. Алгач компьютерге Pythonдун интерпретаторун орнотуу керек. Кээде аны аткаруу чөйрөсү деп атап коёшат.

1. Python тилинин дистрибутивин көчүрүү үчүн https://www.python.org/downloads/ шилтемеси аркылуу интернет баракчаны ачып (сүрөт 1), андан соӊ гипершилтемеден Download Python 3.10.1 тандайбыз. (бул версия ушул китеп жазылып жатканда актуалдуу болчу).


Сүрөт 1.

Жыйынтыгында биздин компьютерге python-3.10.1.ехе файлы жүктөлөт, андан соӊ ал файлды эки жолу удаа басуу менен аткарабыз( сүрөт 2).

Сүрөт 2.

  1. Биздин учурда 64 разряддуу версиясы орнотулуп жатат. Сүрөт 1.2.де көрүнүп турган терезеден Install Now шилтемесин басып, кийинки терезеге өтөбүз (сүрөт 3).

Сүрөт 3.

  1. Андан Да командасын басып, Python 3.10.1 тилин комьютерге орнотууга уруксат беребиз.

  2. Акырында орнотулуп бүткөндүгү жөнүндө маалымат чыгат (сүрөт 4).

Сүрөт 4.

  1. Close ти басып, баракчаны жабабыз жана бул Python программалык тили менен иштөөгө боло тургандыгын билдирет.

Редакторду чакыруу үчүн Пуск | Программы (Все программы) | Python 3.10.1 басабыз. Жыйынтыгында IDLE Shell 3.10.1 (сүрөт 5) баракча терезеси чыгат, анда бардык функциялар интерактивдүү аткарылат. Бул китепти үйрөнүүдө ушул редактор менен иштөөнү колдонобуз. IDLE түшүнүгүнө кийинчерээк токтолобуз.


Сүрөт 5.

Терезедеги cимволы Python тилиндеги командаларды аткарууга чакырат. Эгерде ал символдордон кийин, мисалы , 8 + 9 жазып, клавишасын бассак, кийинки жолчодо жыйынтыгын алабыз, б.а 17 жана чакыруу символу кайрадан жаӊы жолчодо пайда болот. Ошентип, бул редакторду калькулятор катары да, ошондой эле тилди үйрөнүү үчүн да колдонсо болот( сүрөт 6)

Сүрөт 6.

Программанын структурасы. Жогоруда айтып өттүк, эгерде символунан кийин программалык код жазылса, ал командалык жолчодо клавишасын басуу менен дароо аткарылат, ал эми файлда жазылса, Run | Run Module менюдан пунктун же клавишасын басуу менен аткарылат. Python тилинде бир жолчого кодду жазганда, акырына үтүрлүү чекит коюу зарыл эмес, эгарде бир жолчого эки же андан көп код жазуу керек болсо гана, ар бир коддон кийин үтүрлүү чекит коюлат.

Комментарийлер программанын коддорунун аткарылышына түшүндүрмө берүү үчүн колдонулат. Комментарийлердин ичине калаагандай тексттерди, ошондой эле аткарылбай турган программалык коддорду жайланыштырууга болот. Комментарийлер бул колдонуучулар үчүн керектүү нерсе. Python тилинде бир жолчолуу комментарийлер гана колдонулат. # символу менен башталат :

# Бул комментарий

бир жолчолуу комментарийлер жолчонун башынан жазылуусу шарт эмес, алар коддордон кийин деле ошол жолчого жазса болот:

print("Баарына, салам!") # print() функциясынын жардамында тексти чыгаруу

Ыйгаруу операторлору.

```

a = 10

b = 3


кошуу = a + b

кемитүү = a - b

көбөйтүү = a * b

бөлүү = a / b

калдык = a % b

бүтүн_бөлүү = a // b

даража = a ** b

```

Салыштыруу операторлору

```

барабар = a == b

барабар_эмес = a != b

чоң = a b

кичине = a

чоң_же_барабар = a = b

кичине_же_барабар = a b

```