СДЕЛАЙТЕ СВОИ УРОКИ ЕЩЁ ЭФФЕКТИВНЕЕ, А ЖИЗНЬ СВОБОДНЕЕ

Благодаря готовым учебным материалам для работы в классе и дистанционно

Скидки до 50 % на комплекты
только до

Готовые ключевые этапы урока всегда будут у вас под рукой

Организационный момент

Проверка знаний

Объяснение материала

Закрепление изученного

Итоги урока

РАФТ МАнас эпосу

Нажмите, чтобы узнать подробности

РАФТ "Манас" эпосу боюнча сабак

Просмотр содержимого документа
«РАФТ МАнас эпосу»

«Текшерилди»

ОРГ:_______А.Орозов

«____»___________


Сабактын темасы: «Адепсиздиктин акыры – кылмыш»

Сабактын максаты: А) Билим берүүчүлүк: Окуучулар адепсиздик, кылмыштуулук
боюнча түшүнүк алышат жана анын негизинде талкуу жургузушот.
Б) Өнүктүрүүчүлүк: Кылмыштуулуктун жана адепсиздиктин акыры жакшылыкка алып келбестигин билишет.
В) Тардия берүүчүлүк: Окуучулар бири-бирин уга билишет, ар дайым адептүү болууга аракеттенишет.
Сабактын тиби: Жаңы материалдар менен тааныштыруу
Сабактын усулу: Көрсөтмөлүү.
Сабактын жабдылышы: Батман, ноутбук, сүрөттөр, маркер, кылмыштуулук боюнча буклет, макал-лакаптар жазылган листтер
Сабактын жүрүшү: Адеп башаты – саламдашуу (ыр аркылуу окуучулар саламдашат)

Салам дештин кыргызча мааниси бар,

Саламдашуу жон эле эмес мааниси бар.

Ар адамга биринчи тынчтык каалап,

Жай сурашып. Андан сон таанышуу бар.


Эли - журтум баарынарга салам болсун,

Кыргызымдын учу-кыйры аман болсун.

Эл ичинде адептуулор онуп-осуп,

Жергемде бейпилчилик заман болсун.


Оо, кутман эл сурашалы амандык,

Бир бололу, алыс болсун жамандык.

Бугункудой майрам болгон кундордо,

Биз сиздерге жакшылыкты кааладык.

  1. – Саламатсыздарбы,урматтуу мектебибизге келген коноктор, мугалимдер жана окуучулар. Кутман кунунуздо менен! Жалпыныздарды 23-феврал – Ата Мекенди коргоо кунунуздор менен куттуктайм! Дайыма жакшылыкта бар болунуздар!

  2. Биздин коомдун алдында турган эң актуалдуу кыйынчылыктардын бири өспүрүмдүр арасындагы кылмыштуулук болуп жатат.
    Өз кезегинде белгилей кетчү нерсе жалпы эле жашы жете элек учур б.а өспүрүм курак-инсандын татаал өсүү мезгили. Ушул учур өтө тез өткөнүнө карабастан ар бир инсан андан аркы тагдырын чечет. Себеби өспүрүм куракта мүнөздүн эң оор негизги өзгөрүүлөрү жүрүп, айланадагылардын коомдун таасири астында инсан катарында калыптанат.
    Бүгүнкү күндө мына ушундай өспүрүмдөр арасындагы кылмыштуулукту баарыбыз үналгы, сыналгыдан көрүп, угуп гезит- журналдардан окуп, жада калса өзүбүз күбө болуп жатабыз. Кылмыштуулук ар түрдүү себептерден келип чыгат. Бул көйгөйдү чогулуп чечип , чогу жеңсек.
    Бүгүнкү тегерек столубузду ачык деп жарыялап , келген коноктор менен силерди таныштырып өтсөм.
    Соц педагог: _____________________
    ИДЕН:______________________ Ата-энелер комитети: А.Осмонкулова

Айыл башчы: Ч.Андашов жана класс жетекчилер жана мугалимдер

(Окуучуларга 1 стакан суу берем, жакшы ойду айтып, бири-бирине калоо айтышат)

-Балдар, биз эмне учун суу менен сабагыбызды баштадык?

-Жакшы каалоо-тилек айтуу силерге кандай таасир берди?

Улутумдун тагдырына балта чапкан,

Улуу ишке кедерги болуп жаткан.

Урпактардын келечегин кыйып жаткан,

Кол узсончу.оо, кыргызым ушул заттан.

-Бул ырда кайсы уулуу зат жонундо айтылды?

-Аракты эмне учун ичишет? Ден соолукка тийгизген пайдасы барбы?

- Арактын генофонго тийгизген таасири кандай?

- Анын уй-булого тийгизген таасиричи?

- Азыркы учурда жаш оспурумдор ушул затка тез берилип кетиши мумкунбу?

-Арактын курамында ден соолукка терс таасир беруучу кандай заттар бар?

-Ичкилик ичкен адам адепсиздикке барышы мумкунбу?

- Адепсиздик менен кылмыштуулук кайдан келип чыгат?
Алгач адепсиздик менен кылмыштуулукту бири -биринен айырмалап, түшүнуп алалы:
-Адепсиздик деген эмне?
Бул коомдогу адеп ахлак нормаларын бузуу.
-Кандай сапаттар кирет? Адепсиздик, калпычылык .ушактоо мазактоо,ыймансыздык оройлук, ач көздук көрө албасттык.
-Кылмыштуулук деген эмне? Бирөөгө зыян келтирүү, Коомго туура эмес мамиледе болуу.
— Кандай сапаттар кирет?
Кылмыш,уурулук,рекетчилик,баңгилик,араккечтик
Чыгуу себептери ? Кылмыш жонокой нерседен келип чыгуусу мумкунбу?

Эгерде сиздин уулунуз же кызыныз мектептен же кочодон бироо менен урушуп кетти? Алгач кимди куноолойсуз?(окуучу, ата-эне)
Кылмыштуулук, бекерчилик, бээбаштык. Кароосуз калган балдардан, чыр — чатактуу үй- бүлөлөрдөн, интернет, убакытты туура эмес пайдалануудан келип чыгышы мумкунбу?

Ушак айтуу же бироону шылдын кылуу - бул кылмышпы?

Анда кезектеги созду ИИБно берели:Кылмыш жана жаза кодекстери,ата-эненин,окуучунун милдеттери жонундо тааныштырат.


5. Окуучулар ушул элерден талкууну токтотуп, келген коноктордон талкууну сурап көрөлү.

Себеби алар да ушундай өспүрүм курактан өтүшкөн.
— Сиздин оюңуз боюнча балдарыныз,кыздарыныз алгач тарбияны кайдан алган?(ата-эне)
- Сиздин оюңуз боюнча азыркы жаштардын адепсиздиги эмнеден?

-Учурда балдарды кылмыштуулуктан арылуу учун кандай создорду айтар элениз?(Соц.педагог)

-Адептүүлүккө балдарды мектеп тарбиялаш керекпи эле же ата- энеби?
-Сапаттуу билим алуу кылмыштуулукту азайта алабы? (ата-эне,мугалим)
— Кылмыштуулукту кандай жол менен азайтса болот? (Соц.педагог)
— Мектептеги рэкетчиликти түп тамыры менен жок кылуу мүмкүнбү? ИДЕН_____________
6. Мына ошентип тегерек столубуздун биринчи бөлүгү аяктады. Мындан жыйынтык чыгарсак кылмыштуулук: —Чыр- чатактуу үй- бүлөдөн, максатсыз көчөгө чыгуудан, бекерчиликтен, кароосуз калган балдардан, социалдык абалы начар үй- бүлөдөн, кол телефондон, ДВД, дисктерден келип чыгат.
7. Музыкалык тыныгуу: (Куу ойнотуу)
8. Тегерек столубуздун экинчи бөлүгү.
Баарыңыздардын көңүлүңүздөрдү доскадагы макал- лакаптарга бурмакчымын.
— Окуучулар кыска- нуска, кылып өз ойлоруңарды айтып чечмелеп кетесиңер.
Жакшы болгон баланын атасы жаман болсо да,
Төрдө туруп сый табар.
Жаман болгон баланын атасы жакшы болсо да,
Төө үстүнөн ит кабар.
Өсөрубуз да, өчөрүбуз да тарбиядан.
Балдарга мээримибиз,бактылуу келечегибиз.
Майда кылмышты жазаласаң, чон, кылмыштын алдын аласын, Кыргыз эли илгертен эле балдарды тарбиялоодо учкул сөздөрдү, макал- лакаптарды, кылымдарды карыткан акылдарды айтып келишкен.

Мына ошолорду силерден уксак.
1.Жакшы киши ачык сүйлөйт,
Сөз тамырын казып сүйлөйт.
Жаман киши сасык сүйлөйт,
Өзгөлөрдү басып сүйлөйт.
Амалкөй былык сүйлөйт,
Адептүү сылык сүйлөйт.
2.Улама менен бир жүрсөң,
Сөз кадырын билесин,.
Жакшы менен бир жүрсөң,
Эл кадырын билесин.
3.Жакшылыкка жакшылык- ар кишинин ишидир,
Жакшылыкка жамандык- көр кишинин ишидир.

Жамандыкка жакшылык- эр кишинин ишидир,

Жамандыкка жамандык- кем кишинин ишидир.
4.Жалтанат адам эмнеден?
Жаман сөз айткан пендеден.
Тартынат адам эмнеден?
Табалап күлгөн пендеден.
Талантка таамай сын берер,
Тараза болот эл деген.

Жыйынтык: Улуу адамыбыз И. Раззаков айткандай «Сен таза болсоң, мен таза болсом, коом да таза болот» деген сөздү өзүбүзгө ураан кылып, бир жакадан баш ,бир жеңден кол чыгарсак ошондо гана кылмыштуулукту, рэкетчиликти жеңебиз деген ойдомун. Ал эми коноктор силерге чоң рахмат. Келип катышып, акыл- насааттарыңыздарды айтып бергениңиздерге.
Каныкей: «Кыргызстан» ыры менен бүгүнкү маекти аяктайбыз.



Сабактын темасы: Жыйынтыктоо сабагы

Сабактын максаты: 
А) Билим берүүчүлүк: «Манас» эпосу 
боюнча билимдери жыйынтыкталат.
Б)Өнүктүрүүчүлүк: Жети санынын касиети боюнча билишет.
В)Тарбия берүүчүлүк: Манас кыргыз элин коргогондугун билишет.

Сабактын тиби: А) Бышыктоо сабагы
Колдонулган усул: Бышыктоо, кайталоо
Сабактын жабдылышы: Карточкалар

Сабактын жүрүшү: Уюштуруу

1. Эки топко бөлүү
2. Эки топ атын коргошот
3. Логикалык ойлоосуна суроолор:
1) Кыргыздын байлыгы эмне?
1) Кыргыздын ичкени эмне?
2) Кыргыздын канаты эмне?
2) Кыргыздын акылы эмне?
3) Кыргыздын пейили?
3)Кыргыздын ураны?
4) Мелдеште жеткендиги үчүн бериллүүчү сыйлык?
4)Орозодо бериллүүчү садага?
5) Ыйык жерге бару?
5)Кыздын аты менен аталган тоо?
6) Биринчи мугалим?
6)Эки адамдын сүйлөшүүсү?
7) 7 осуятты айтып бер?
7)Аптанын 7 күнүн ирети менен сана.

4. Адабият сабагынан суроолор:
Мында суроолор боз үйдү 4кө бөлүп, ар бир бөлүгүнө суроолор жазылган. Эки топ суроолорго жооп берип, боз үйдүн бөлүктөрүн кураштырат. Суроолорго ойлонуп, топ менен талкуулап кийин жооп бергенге аракеттенгиле.

1- бөлүгүндөгү суроолор.
1. манас айтуу.
2. С.Каралаевдин варианты боюнча «Манас» эпосу канча саптан турат?
3. Индия элинин «Махабкарат» эпосунан канна эссе чоң?
4. Кара кытайлар басып алганда Жакып каяка айдалат ?
5. Манаска атты ким койгон?

1. Манас айтуу
2. «Манас» эпосу канчанчы жылы ким тарабынан ЮНЕСКОнун тизмесине киргизилди?
3. Гректердин «Илиада» жана «Одисея» эпосунан канча эссе чоң?
4. Манастын атасы ким? Кандай адам болгон?
5. Манастын душмандары кимдер?

2- бөлүгүндөгү суроолор:
1) Макал айтуу
2) Култегин эстелигиндеги жазуулар канча бөлүктөн, кандай жазуулардан турат? 
3) Култегин дастанынын автору ким?
4) Эпикалык чыгармаларга эмнелер кирет?
5) Манас төрөлгөндө ким сүйүнчү айтат?

1. Макал айтуу.
2. Кичи жазуу, көлөмдүү жазуу канча бөлүмдөн турат?
3. Култери жазуулары канчанчы жылы жазылган?
4. Дидактикалык чыгармаларга эмнелер кирет?
5. Манасты кимге малайлыкка берет?

3- бөлүгүндөгү суроолор:
1) Жаңылмач айтуу
2) Кайсы манасчынын тою өткөрүлдү?
3) Эпостогу тулпарларды ата?
4) Келиндин кайнагадан качуусу эмнеден чыккан?
5) Алманбет ким?- Өз жерин эмнеге таштаган

1) Жаңылмач айтуу 
2) Манасчынын тою кайсыл жерде? Кандай өткөрүлдү?
3) Манастын курал-жарактары.
4) Көз каман ким эле? Кандай ниет менен келди?
5) Алманбет келерде манас кандай түш көрөт?

4- бөлүгүндөгү суроолор:
1) Калп айтуу
2) Манастын 1000 жылдык маарекеси качан, каерде өткөрүлгөн?
3) Чыйырдынын өз аты ким?
4) Жолой менен Кошой кайсыл жерде күрөшкө түшөт?
5) Манасты ким биринчи жаралайт.

1) Калп айтуу
2) Эпостогу буруттар кимдер?
3) Манастын атын алып жүргөн аталыштарды билесиң?
4) Бакайды эмнеге кол башчылыктан бошотот? Эмнеге Алманбетти дайындайт?
5) Экинчи жолу ким жаралайт?

Крассворд чечүү.
Топтордун алган баллдарын айтып, жыйынтыктоо.

Үйгө тапшырма: «Манас» эпосун кайталап окуп келүү.


План:

1."Aукцион" усулун өткөрүү тартиби.

2. Бышыктоо сабагында «Бул каарман ким?» усулун пайдалнуу жолдору.

3. “Манасты” окутууда “РАФТ” стратегиясын колдонуу.


Интерактивдик усулдардан төмөкү технологияларынан да пайдаланууга болот:

1."Aукцион" усулу

Окуучулар үч топко бөлүнөт. Таблицада көрсөтүлгөн темаларды ар бир топ тандап алат.

Балдарга таянып суроолор оордугун белгилеп алышат. Мугалим тандалган баллга ылайыктуу суроолорду уктурат. Берилген суроолорго окуучулар жооп беришсе ошол балл берилет. Эгер жооп бере алышпаса баллдан айрылып салынат. Же карыз жазылат.

Балл

Манас эпосун жыйноо, бастырып

чыгаруу, изилдөө иштери

Манасчылар

Эпостогу образдар системасы


25 балл

“Манастын” ыр түрүндөгү тексттин алгач кагаз бетине түшүргөн адам ким?

Манасчылык өнөрү деңгээлине жараша канча топко, кандай болуп бөлүнөт?

Эпостогу оң жана терс каармандарды санап бергиле.

50 балл

Ч.Валиханов жана В.В.Радловдун «Манас» эпосун жыйноо, бастырып чыгаруу, изилдөө иштерине кошкон салымы.

Сагынбай Орозбак уулунун манасчы болуп калышына эмне себеп болгон?

«Каныкей - идеал элес» экендигин далилдегиле.

70 балл

К.Мифтаков жана Ы. Адыракмановдор

дун эмгектери.

«Манастын» С.Орозбак айткан варианты.

Манас баатырга таандык негизги сапаттарды белгилегиле.


Мааниси: Алган билимин бекемдейт, көңүл коюп окууга, эсинде сактап калууга калыптандырат. Эркин пикирлөөгө үйрөтөт.



2. «Бул каарман ким?» усулу

Өткөрүү тартиби:

Бул усул бышыктоо сабагында өткөрүлөт. Усул төмөнкүдөй:

1. Бир окуучу доскага чыгып, класстагы балдарга карап турат.

2. Мугалим көркөм чыгармадагы бир каармандын (Коңурбайдын) атын жазып коёт. Окуучулар үн чыгарбай окуп алышат.

3. Окуучулар берилген каарманды доскадагы окуучуга сүрөттөп (мүнөздөп) беришет. Окуучу каарман ким экендигин канчалык тез жана туура тапса мугалим тарабынан сыймыктандырылат.

1-мүнөздөмө: Кытайлардын белгилүү кандарынын бири.

2-мүнөздөмө: Манаска тете, күч, кайрат жактан Манастан кем эмес баатыр.

3-мүнөздөмө: Митайымдык менен Манасты далай жолу алдап кетет.

4-мүнөздөмө: Эпосто баатырдын баатыр катары эмес арсыз, намыссыз адамдын иши катары бааланат.

5-мүнөздөмө: «Кыр мурундуу, кызыл көз,

Жоон билек, жолборс төш,

Кабагы бийик, каар сөз,

Капталы жазы, бою эңгер,

Кан … деген эр» - деп сүрөттөлөт.

Усулдун мааниси:

  1. Чыгарманы сын көз менен окуп чыгууга үйрөнүшөт.

  2. Эркин пикирлөөнү үйрөнүшөт.

  3. Каармандардын мүнөзүнө баа бере алышка көнүгүшөт.

  4. Эске тутуусу бекемделет.


1.3.“Манасты” окутууда “РАФТ” стратегиясын колдоо1



Р - роль

А- аудитория

Ф - форма

Т – тема

Мисалы:

Роль

Аудитория

Формасы

Темасы

Ким?

Кимге?

Кандай?

Эмне жөнүндө?

Сиз кимсиз?

Кимдин ролун аткарасыз?

Текст кимге таандык?

Сиз кимге айтасыз?

Сиздин сөзүңүз кимге багытталган?

Сиздин текстиңиз кандай аудиторияга ылайык?

Сиз тандаган аудиториянын өзгөчөлүгү эмнеде?

Сиз кантип сүйлөйсүз?

Кандай сөздөрдү, фразаларды колдоносуз?

Үнүңүздүн бийиктиги кандай болот?

Сиз эмне жөнүндө айтасыз?

Эмнелерди айткыңыз келет?












  1. Тема тандоо (же мугалим сунуштайт).

  2. Тийиштүү ролдорду табуу үчүн мээ чабуулу.

  3. Тийиштүү аудиторияны табуу үчүн мээ чабуулу.

  4. Тийиштүү форма.

  5. Тандалган роль, аудитория, форма боюнча теманы корректировкалоо.

  6. Эссе жазуу.

  7. Түшүнүү варианта толуктоо. Акыркы варианты бүтүрүү.

  8. Жарыялоо.

Сабактын жүрүшү: - Балдар, бүгүнкү өтө турган темабыз – кыргыздын улуу чыгармасы «Манас» эпосунун темасы жана идеясы. Дегинкиси, бул чыгарма менен алгач таанышуу ар бирибизге ар кандай таасирлерди калтырат.

Келгиле, РАФТ стратегиясы менен ушул чыгармага ар тараптуу ой жүгүртүп көрөлү. (Схеманы илем, тайпалар менен бирдикте роль, аудитория, формасын тандап, схеманы толтурабыз).

(Стратегиянын болжолдуу таблицасын сунуш кылабыз. Бирок чектелүү эмес).

Роль

Аудитория (кимге)

Формасы

Темасы

Окуучу

Актириса

Журналист

Сүрөтчү…


Досуна

Элге

Элге

Көргөзмөгө



Кат

Көркөм окуу

Интервью

Сүрөт

«Манас» эпосун окугандан соң…


1-окуучу (Анвар): Мен окуучунун ролун тандап, досума арнап кат жаздым.

Кат.

Саламатсыңбы, Самат! Менин сага кат менен кайрылуумдун өзүнчө бир себеби бар. Жакында биз улуу эпосубуз «Манас» чыгармасын өттүк. Анда Алтайдагы сан жылкылуу бай Жакып моминтип арман кылып турат:

Жаш күнүмдөн мал жыйдым,

Бала менен ишим жок,

Жүргөнүм менин чала экен.

Дүйнө ээси бала экен.

Артыңда бала жок болсо,

Дүйнөсү курусун,

Бузулуп калган калаа экен.

Тутунарга туяк жок,

Тууганынан айрылган,

Журтта мендей чунак жок,

Карманарга туяк жок,

Канатынан айрылган,

Калкта мендей чунак жок.

Долоно саптуу айбалта,

Муну толгонтуп ийбей ким аштайт?

Бу тозуп жүргөн көп журтту,

Томсортпой муну ким баштайт?

Кара жаак айбалта,

Муну кайкалатпай ким айтайт?

Камоодо жүргөң калың журт,

Муну капа бир кылбай ким баштайт?

Капырай, Жакып байдын арманын көркөм шөкөттөгөн бул эпикалык саптарда дегеле бала жөнүндө өзүнчө философия чөгүп жатат. Бул конкреттүү бир адамдын арманы болгону менен, ал арман аркылуу бүтүндөй бир доордун, жамаатты дүйнөгө көз карашы чагылдырылып отурат. Улуу табият-эне башкасын айтпаган күндө да, бул жарыкчылыкта киши пендесине биологиялык жактан өзүнө окшогон жанды өндүрүү, тукум улоо шыбагасын тартуулаган экен. Түрк калктарынын дүйнө кабылдоосунда табият-эне же улуу жараткан ыроологон мындай шыбагадан куру калган адам дүйнөдөгү эң бактысыз жан.

Экинчи жагынан абай салып карасаң, ар качан тынымсыз кагылыш-кармаштар, согуштар жүрүп турган жоокердик замандарда үй-бүлөдө эркек баланын төрөлүшү – бул зор кубаныч, чоң жакшылык2. Ал үй-бүлөнүн тиреги жана ошондой эле, жамааттын коопсуздугунун сакчылыгында тура турган жоокер, арка-бел болчу эрен, журтту калкалоочулардын катарына келип кошулуучу чоро турбайбы.

Самат, биздин да перзенттердин, коомдо ордубуз бийик турбайбы. Мен мындай сезимди бүгүн тереңрээк сезип турам. Апаман үй-бүлөдө перзент туулбаса деле акчасы болсо, үй-жайы, жумушу, ден-соолугу чың болсо деле бактылуу жашай берсе болбойбу адамзат деп Жакыпты да мисал кылып айтсам, мага төмөнкү окуяны айтып берди:

Түрк фольклорунда баласыз, «туяксыз» атанын тегерегилер тарабынан кодуланып, өгөйлөнүп кордолгон, тебелеп-тепселген учурлары да аз эмес. Мисалы, «Коркут ата» эпосунда Байындар хан аттуу огуз уруусунун ханы ала-тоодой эт кылып, ала-көлдөй чык кылып, чоң той берет. Байындар тойго үч түрлүү өргөө тиктирип, уулдууну ак өргөөгө, кыздууну кызыл өргөөгө, баласыз «куу баштарды» кара үйгө түшүргүлө - деп буйрук кылат.

Самат, Жакыпты да туура түшүнүү керек. Анткени ал алакандай кыргызды жыйнап, аны башкарып, жоодон аларды сактарга тукмун уланткан эр керек эле да...

Самат, шашып жаздым, саламата бол. «Манасты» таап окуу, ушу жөнүндө сүйлөшөбүз.

Анвар: Мен сын пикирди угууга даярмын.

Асел: Менимче, Анвар катты жакшы жазган, бирок Самат спортко кызыгат, адабиятка, айрыкча акындардын чыгармасына көп кызыкпайт. Кызыккан кишиге жазыш керек эле...

Мугалим: Айткан сын пикирди туура кабыл аласыңбы? Сенин катыңда стилистикалык ката жок. Чыгарманын жанры да туура тандалган. Эмгегиңди «беш» деген баага сунуш кылам.

Мугалим: Кезек Акмаралда.

Актриса: (Акмарал). Эжей, мен жакында адабият суйүүчүлөрдүн конкурсунда дал ушул «Манастан» үзүндү айттым эле. Ошону көркөм окуп берейин. (окуйт).

Жакып биринчи көргөндөгү Каныкейдин сырткы көрүнүшү бул:

«Санирабига кыз экен,

Сап сулуунун өзү экен,

Жыла сүйлөп, шыңк этип,

Акыл толгон кези экен.

Он алты жарым жашы бар,

Олоңдой кара чачы бар,

Сары алтындан түймөдөн

Келишкен кара кашы бар,

Боростой кийим кийинип,

Ботодой бели ийилип,

Чийдей кашы чийилип,

Жазык маңдай, кара көз,

Жатык тилдүү, ширин сөз,

Аркасы кайкы, аркар төш,

Ай чырайлуу бото көз,

Кызыл жүзү нурданган,

Кымча бели буралган»…

Мугалим: Абдан жакшы, Акмарал. Баарыбыз ырды дал ушул Акмаралдай жатка билүүгө жана ийине жеткизе көркөм окуй алууга жетишүүбүз керек. «Беш» деп баалайлы ээ, балдар.

Мугалим: Анда кезек журналист кызыбыз Жылдызда.

Журналист (Жылдыз): Саламатсыздарбы, мен – Жылдыз Болотова, улуттук радионун «Кыргыз көчү» берүүсүнүн журналисткасы. Кыргыз элинин улуу мурасы болгон «Манас» эпосу жөнүндө ой пикирлерин билүү максатында бул атактуу Барскон шаркыратмасында эс алууга келген 8 «в» - классынын окуучуларынан интерью алмакчымын.

-Кечиресиз, өзүңүздү тааныштыра кетсеңиз жана «Манас» эпосу – кыргыз турмушунун узак мезгилин чагылдырган күзү экендиги тууралуу эмне айталасыз?

-Саламатсызбы, сиз да өзүңүздү тааныштырып «Манастын» кыргыздар арасында кадыр-баркы кандай деп ойлойсуз? Көркөм чыгарма катары «Манастын» өзгөчө белгилери деп эмнени түшүнөсүз? …

-Кечиресиз, Кубан окууларыңыз жакшыбы? Бир мүнөткө убактыңызды бөлүп мага айтынызчы, «Манас» эпосун жазып алуу жыйноо иштери, бул багытта көрүнүктүү эмгек кылган кандай адамдарды билесиңер? …Рахмат.

Ошентип 8 «в» классынын «Манас»эпосу боюнча ой пикирин уктук, маегиңиздерге чоң ырыкмат, саламата болуңуздар.

Мугалим: Кезек Адилетте.

Сүрөтчү (Адилет): Мен Манастын сүрөтүн тартуу менен эпосто чагылдырылгандай кылып образын ачып берүүгө аракет кылдым. Өзү Манас төрөлгөндө эле Жакып байкап көрсө:

«Маңдайы жазы, башы кууш,

Бар боюнда турат туш.

Кочкор тумшук, кош кирпик,

Көркү калча, көзү тик,

Жалаяк ооз, жар кабак,

Жаагы жазы, эги узун,

Эрди калың, көзү үңкүр –

Эр мүнөзү көрүнөт…» деп сүрөттөйт. Манас чоңойуп, эр жетип, баатыр аттангандан кийин, баатырдын батыр болушунда минген атынын, кийген кийиминин, алган курал-жарагынын эбегейсиз чоң мааниси бар.

Деги эле Манас баатырдын минген аты Аккуласыз, жоо кийими Аколпоксуз көз алдыга келтирүү мүмкүн эмес. Бир гана жанында байланган сыр найзаны төмөнкүдөй сүрөттөйт:

«Түн ичинде суурса

Өрт өңдөнүп кызарган,

Уруштуу күндө узарган.

Заарын тарткан мунардан,

Учун кайкы чыгарган,

Тоого чапса таш кескен,

Белге чапса баш кескен,

Шиберге койсо өрт кеткен,

Шилтегени мүрт кеткен» …

Баатырдын айбалтасы, күрсүсү, жада калса булдурсун камчысы да өзгөчө, өзүнө ылайык. Сүрөттө мына ушул образды ачып берүүгө аракет кылдым.

Мугалим: Азаматсың, жакшы тартыпсың.

Акыл: Келечекте мыкты сүрөтчү чыгат деп ойлойбуз, чыгарманын мазмунун толук камтыган бул сүрөт 3 мунөттүн ичиндеги сүрөт болсо дагы баатырдын келбети таасын жана идеялуу берилиптир… мен Адилеттин чыгармасын «беш» деген баага сунуш кылам.

Мугалим: Бүгүнкү сабагыбызды жыйынтыктайлы. Эки тайпанын лидерлерине 2 минутадан убакыт берилет, кезек сиздерде.

1-лидер: Атаандаш тайпанын окуучусу, журналисти жана философу өз аудиторияларына кайрылып «Аккан суунун» маанисин жеткиликтүү чечмелөөгө аракет жасашты, 3 минуталык убакытта өтө шашылышта иштерибиздин кээ жерлери чийки калып калыптыр. Философ (учкул сөздөрдөн колдонсо болмок) бирок канаттандырарлык жыйынтык чыгарды, окуучу досуна жаңылык кабар айтты, ал эми журналистибиз болсо негизги максаттан четтеп кеңири масштабды камтып, интервью максатына толук жетпей калды да, өзү жыйынтыктабай калды. Рахмат.

2-лидер: актириса, сүрөтчүлөр абдан аракет кылышты. Депутат маселени кабыргасынан коё алса да, конкреттүү негизин, проблемасын чечүү жолдорун сунуш кыла алган жок деп баамдадым. Актириса менен сүрөтчүнүн чыгармачылыктарына жогорку бааны туура көрмөкпүз, себеби шык ар кимде эле боло бербейт. Рахмат.

Мугалим: Ошентип, балдар кыргыз элинин улуу эпосу «Манас» чыгармасы менен тааныштык. Менимче, ар бирибиздин жан дүйнөбүзгө көптөгөн суроолор да, маанилүү ойлор да келди деп ойлойм. Ошол оюңарды үйдөн эссе жазып түшүрүп келгиле.


































“Текшерилди”

ОББ:__________А.Качикеев Кыргыз адабияты

______”___________2019-жыл 5-класс


Сабактын темасы: “Өнөрлүү бала»

Сабактын максаты:

Билим берүүчү лүк: Окуучулар жомоктун негизги сюжети тууралуу маалымат алышат.

Өнүктүрүүчүлүк: Алар жомокто айтылып жаткан ойдун негизинде өз алдынча ой жүгүртүшүп, өнөр аркылуу көп жакшы ийгиликтерди жаралары боюнча талкуу жарата алышат.

Тарбиялоочулук: топтордо иштөөдө бири-биринин оюн угуп, өз ара сыйлашууга жана келечекте сөзсүз бир кесиптин ээси болууга тарбияланышат.

Жогорудагы максаттарга жетти деп эсептейбиз, эгерде окуучу ...

а) жомок тууралуу маалымат алса;

б) жомокткн негизинде өз ойлорун ачык-даана айтышып, өз алдынча жомок аркылуу суроо түзө алса;

в) топтордо иштөөдө бири-биринин оюн угуп, өз ара сыйлашса.

Предметтик компетенттүүлүктөр:

Тилдик компетенттүүлүк:

- жомоктун маанисин жана андагы негизги ойду талдап түшүнөт;

- жомок менен турмуштун карым-катышын билет;

Кептик компетенттүүлүк:

- теориялык билимдерин жомокту талкуулоодо пайдаланат;

- туура жана адабий тилде так сүйлөй алышат;

Маданий компетенттүүлүк:

- улуттук сөз өнөрүн баалайт;

- тил аркылуу өз оюн кенен, түшүнүктүү айтып берүүнү үйрөнөт.

Сабактын тиби: жаңы билимди берүү сабагы.

Колдонулуучу ресурстар: таблица, методикалык колдонмо, түстүү сүрөттөр.

Сабактын методу: айтып берүүчүлүк-түшүндүрүүчүлүк метод.

Сабактын жүрүшү:

  1. Уюштуруу: Кыргыз тилинин гимни ырдалат.

Кыргызда сөздүн чебери,

Кыргыздын күмүш кемери.

Кадырлуу калкым сиздерге,

Кыргызча салам берели: “Арбаңыздар! Ассалоому алейкум!”

Адабият - сөз өнөрү,

Аңдап бүгүн көлөлү.

Окуучунун билимине,

Азыр көңүл бөлөлү. (Минуталык поэзия) 2 мин

-Балдар, силерге бүгүн “Билим” казынасынан кат келиптир,ачып көрөлү?

ТАБЫШМАК: Казып алууга,сатып алууга, мураска калтырууга, белекке берууго,талап кылууга, кармап алууга болбойт? Бул эмне?

-Ой, балдар, табышмактан да өтө кызыктуу бир окуя бар экен?

Баардык банктын ээлери бүгүн ушул жерде олтургандардын баарынын чөнтөк телефонуна 86400 сом акча которушуптур,бул эмнеси? Кызык? Ал акчаны бүгун иштеткиле дептир. Болбосо түгөнүп калат.

Кана балдар ал акчаны кайда жумшагыңар келет?

Мугалимдер сиздер да айтсаңыздар? Акчаны кайда жумшагыңыздар келет?

Дайыма таңды эртеңки күнгө алмаштырууга же которууга болбогон 86400 секундага ар бир инсан ээ болобузю ошондуктан убакыттын кардарыбыз. Бакыт, ден соолук жана ийгилик үчүн убакыт зымырып өтүп жататю андыктан ар бир убактыбызды пайдалуу эмгекке жумшайлы. Кана эмесе, убакыт кетти. Туура пайдаланалы!

-Балдар, өзүңөргө жаккан фигураларды тандап алгыла.

Төрт бурчтук-төрт тарабы төп келген, сөздү ойлоп, сөздү казып, ийинине жеткире сүйлөгөн, акылдуу адамдар “ИЗ КУБАРЛАР” тобу ЖЕМИШ чогу.

(Берилген сүйлөмдөрдү издеп таап толукташат”

Үч бурчтук- баардык ишке так, кылган иши ак, келечекке туура багыт алган, чечкиндүү адам. “ҮНӨМЧҮЛ” тобу ТРАНСПОРТ ЧОГУЛТАТ

(Жомоктун башталышы.өнугүшү, аякташын далилдешет)

Айлана- түбөлүк чексиздикти билдирет. Баардыгы биргеликте чечим чыгарышат. Ыймындуу жана бирдиктүү адамдар “УЛУТМАН”ЖАШЫЛЧА

(Жомоктогу макал-лакаптарды,учул сөздөрдү, жаңы сөздөрдү табышат)

Ромбик-баардыгынын ойлорун угабыз, бирок оз оюбузду тыңдайбыз, күнүгө жаңы чечим чыгарууга аракет жасайбыз. Дайыма башкалардан өзгөчө болууну каалайбыз. Айтканынан кайтпаган адамдар “ЧЫГАРМАЧЫЛ” ( Жомоктон үзүндү аткарышат) КИЙИМ ЧОГУЛТАТ.

  1. Үйгө тапшырма: “Акылдуу дыйкан” жомогу

  2. “Акылдуу дыйкан” жомогу боюнча суроо-жооп: топтор бири-бирине экиден кем эмес суроо беришет.

Жаңы тема: “САНДАР СҮЙЛӨЙТ” (2019, 1989,23, 26,4,5,30) табышат

  1. Кыргыз тили жөнүндө ырлардан көркөм айткылачы;

  2. Өнөр-деген сөзгө кандай түшунөсүңөр?

  3. “Акылдуу дыйкан” жомогунда өнөрлүү адамдар бар бекен?

  4. Силердин кандай өнөрлөрүңөр бар? Тил жөнүндө ыр ырдашат.

“Өнөрлүү өлбөйт” – Ө

“Нан - тангыс тамак” – н

“Өнөрүң болсо, өргө чап, кор кылбай асыл жанды бак” – ө

“Рахмат айтуу-ар бир адамдын парзы” - р

“Үнөмдүү адам-кадырлуу адам” – үү

“Бул кайсы арал, каргалы арал.Камыш башын кайрып, каргалар уялар”-б

“Аппак ак ыргай, ак ыргай, агын ай”

Алсам дейм, акыйкат,аска таш алдырбай” - а

“Лайка аттуу итимдин, абдан узун жүнү бар,

Кыркып алып күзундө, лама тигем өзүмө” - л

“ӨНӨРЛҮҮ БАЛА” жомогун түшүндүрөм.

Сабакты бышыктоо:

-Жомок эмне үчүн “Өнөрлүү бала” деп аталып калган?

-Кан балага кандай тапшырмаларды берди?

-Баланын акылмандыгы?

-Өнөр үйрөнүү үчун баланын аракети

-Бала ийгиликке кантип жетти?

2-топ:

  • “Сен балаңды эмнеге эле тилдеп жатасын”-деп сурайт.

  • Чарчап-чаалыгып да,аябай арып-ачып да бүтөт.

  • Энеке, мен азыр чон кара ат боломун

  • “Ии, буга өнөрдү менин кызым үйрөткөн экен

3-топ: макалдарды табышат

4-топ: Ата менен баланын диалогун аткарышат

Сабакты жыйынтыктоодо окуучулар төмөнкү суроолорго комментарий беришет:

1. Бүгүнкү сабакта үйрөнгөндөрдүн кайсынысы силер үчүн кызыктуу болду?

2. Бул багытта дагы эмнелерди билгиңер келет?

Окуучулардын билимин баалоо: “Адабият-сөз өнөрү” менен баалашат.

ТАБЫШМАК:

Билгенин жашырып катпайт,

Билимге умтулсаң мактайт.

Бул кандай мээримдуу адам?

Бир бала табат. Бир бала таппайт? Бул –ким?

Мээрим төгуп балдарга,

Билим берген мугалим. Дайыма сыймыктуу ишиңиздерде көп ийгиликтер жаралсын. Майрамыңыздар менен!

Үй тапшырма: дил баянга даярдануу




















-Жомок эмне үчүн “Өнөрлүү бала” деп аталып калган?

-Кан балага кандай тапшырмаларды берди?

-Баланын акылмандыгы?

-Өнөр үйрөнүү үчун баланын аракети

-Бала ийгиликке кантип жетти?


_____________________________________________________________




  • “Сен балаңды эмнеге эле тилдеп жатасын”-деп сурайт.


  • Чарчап-чаалыгып да,аябай арып-ачып да бүтөт.



  • Энеке, мен азыр чон кара ат боломун


  • “Ии, буга өнөрдү менин кызым үйрөткөн экен






































А

Д

А

Б

И

Я

Т

-

С

Ө

З

Ө

Н

Ө

Р

Ү












1

2