Сабактын максаттары: | Күтүлүүчү натыйжа |
Билим берүүчүлүк максаты: |
Окуучуларга рационалдык сандарды кемитүү жолдорун үйрөтүү, кемитүүгө көнүктүрүү | Окуучулар рационалдык сандарды кемитүү жолдорун билишет, кемитүүгө көнүгүшөт |
Ѳнүктүрүүчүлүк максаты: |
Турмушта колдонулушун мисалдарда чагыл дырып берүү менен рационалдык сандарды кемитүүнү кененирээк түшүндүрүү. | Рационалдык сандарды кемитүүнү турмуштук мисалдар аркылуу кененирээк түшүнүшөт. |
Практикалык максаты: |
Окуучулардын рационалдык сандарды кемитип билүүсүнѳ жетишүү. | Окуучулар рационалдык сандарды кемите билүүгѳ жетишишет |
Тарбия берүүчүлүк максаты: |
Математикага кызыктырып, логикалык ой жүгүр түүлөрүн өнүктүрүү, бири-биринин пикирин уга билүүгө, сыйлоого, өз оюн айта билүүгө тарбиялоо | Математикага кызыгышат, логикалык ой жүгүр түүлөрү өсөт, бири-биринин пикирин уга билүүгө, сыйлоого, өз оюн айта билүүгө тарбияланышат |
Сабактын жүрүшү: | Компетенттүүлүк |
№ | Сабактын этаптары | Мугалимдин иш аракеттери | Окуучунун иш аракеттери | Баалоо |
| Уюштуруу | Саламатсыңарбы окуучулар!Азыр биз сабакты баштоодон мурун жагымдуу маанай түзүп, бүгүнкү келген коноктор менен саламдашып алсак. | Мугалим менен саламдашат жана коноктор менен саламдашышат.Жагымдуу маанай түзүп окуучулар бири-бирине комплимент айтышат | |
| Үйгө берилген тапшырманы текшерүү | Кана балдар, өтүлгөн тема боюнча кайталоо ирээтинде берилген үйгө тапшырма боюнча суролорго жооп беребиз. Оң сандын модулу...барабар 20санына карама-каршы сан...болот Ар кандай терс сан 0дөн…болот Терс сандын модулу...барабар 0 саны ... Сан | Окуучулар алдыга коюлган милдеттерин аткаруу үчүн өтүлгөн тема боюнча суроолорго жооп беришет. | Эмоциянал- дык баалоо |
| Жаңы тема | Бүгүнкү өтүлө турган сабактын темасы: Рационалдык сандарды кемитүү. Сабактын максаты рационалдык сандарды кемитүүнун жолдорун үйрөнүшөт. Эрежелерди окуп үйрөнүшөт (Слайддын толук варианты сабактын планына тиркелген) | Окуучулар эрежелерди жазышат.Мисалдарды чыгаруу жолдорун үйрөнүшөт. | Эмоцианал-дык баалоо |
| Практика-тема боюнча көнүгүү иштөө | Эми балдар сабакты өнүктүрүү максатында алган билимибизди көнүгүү иштерин чыгаруу. №478 а,б,в,г. | Окуучулар доскага мисалдарды эрежелерди колдонуу менен мисалдарды чыгара алышат.Мисалдарды дептерлерине жазышат. | Калыптан дыруучу баалоо |
| Тапшырмаларды иштөө | Окуучулардын берилген тапшырманы иштөөсүн пландаштыруу менен окуучулардын билгичтиктерин,көндүмдөрүн ар кандай учурларда пайдалана билүүсүнө, жекече, жуп жана тобу менен иштөөсүндө аныктама, эреже, формулаларды туура колдонуусуна көңүл буруу менен аткарган иштерин текшерүү. (слайдда тапшырмалар көрсөтүлгөн) | Окуучулар жекече же топ менен иш аткарууда билгичтиктерин, көндүмдөрүн пайдалана билишет. Мисалдарды иштөөдө сөзсүз түрдө аныктама, эреже, формулаларга таянуу керектигин баамдашат,мисалдарды иштөөдө жекече, жуп жана тобу менен иштөөдө активдүүлүктөрүн көрсөтүшөт. Аткарган иштерин бири-бирине беришет. Предмет аралык байланышты аныкташат. | Өз алдынча жазуу түрүндөгү иштерин текшерүү. Мугалим- дин баалоосу. Бири-бирин баалоо |
| Теманы бышыктоо, | Тест менен оозеки иштөө | Тест иштөө менен өтүлгөн теманы бышыкташат. | Бири-бирин баалоо |
| Сабакты жыйынтыктоо | Мугалим иш учурунда текшерүү формасын,окуучулардын өзүн-өзү,бири-бирин текшерүү жолдорун белгилейт. Ар кандай белгидеги сандардын айырмасын кантип табабыз? Тапшырманы аткарып жатканда силерге эмне жакты? Эмне кыйынга турду? Силер команда менен кандай иштедиңер . | Суроолорго жооп беришет. | Өзүн-өзү баалоо |
| Үй тапшырмасы | Окуучуларга класста иштеген иштерин өз алдынча улантып, маселе иштеп келүүнү үйгө тапшырмага берип,кээ бир кошумча тапшырмаларга көрсөтмө берүү. | Тапшырманы күндөлүккө жазышат, көрсөтмөнү угушат | |
| Баалоо | Быйтыкчалардын жардамы менен | Окуучулар бири-бирин быйтыкчалар аркылуу баалашат. | |
.