КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН
БИЛИМ БЕРҮҮ ЖАНА ИЛИМ МИНИСТРЛИГИ
Баткен областы
Сүлүктү шаары
И.Бектемиров атындагы
№8 орто мектеби
Сабактын темасы:
«Улуу инсан Исхак Раззаков ”.
5-классынын класс жетекчиси:
Мамытова Толгонай Мовлянкуловна
2015-жыл.
И.Бектемиров атындагы №8 орто мектеби
Мугалим: Мамытова Толгонай Мовлянкулвна
Сабактын темасы: “Улуу инса Исхак Раззаков”.
Сабактын максаты: а) Кыргыздын улуу инсаны Исхак Раззаковдун өмүр жолу менен бирге анын жасаган иштери жөнүндө окуучуларга кеңири түшүнүк берүү.
Б)Окуучуларды Исхак Раззаковдой акылдуулукка, ак ниеттүүлүккө, адамгерчиликке, боорукерликке, даанышмандыкка тарбияло. Исхак Раззаковдун балалык чагын ролдоштуруп аткаруу менен бирге окуучулардын актердук жөндөмдүүлүгүн өстүрүү.
В) Көп окуп, сөз байлыгын, билимин, ар бир окуучунун адамгерчилик сапатын өнүктүрүү.
Сабактын жабдылышы: Исхак Раззаковдун сүрөтү, учкул сөздөрү, жылдызчаларга жазылган тамгалар.
Сабактын жүрүшү: а) Уюштуруу иши.
(Саламдашуу, окуучуларды жоктоо, окуучулардын көңүлүн сабакка буруу.)
Балдар бүгүнкү сабагыбыз баарыбызга белгилүү, кыргыз элинин бул улуу инсаны Лейлек районунун кулуну Исхак Раззаковго арналмакчы. Анда азыр силер менен , силердин Исхак Раззаков жөнүндө 1-класстан берки алган билимиңерди бышыктоо максатында “Домино” оюнун ойноп көрөлүчү. Келгилечи балдар.
1. Исхак Раззаков.
2. Улуу инсан, коомдук ишмер быйыл канча жашта?
3. Кана балдар быйыл ______жашта болсо канчанчы жылы туулган?
4. Киндик кан тамган кичи мекени?
5. Балалык чагы кайсы жерлерде өткөн?
Демек Исхак Раззаков үч элдин уулу. Кыргызстанда туулуп, боордош Тажикстанда, Өзбекстанда чоңоюп билим алып, андан ары билимин Москвадан улантып кайра Өзбекстанга келип бир канча жооптуу кызматтарда иштеп, эмгекке такшалып андан кийин Кыргызстанга келген.
6. 1950-1961-жылдары Кыргызстанды ким жетектеген?
Балдар силер Исхак Раззаков жөнүндө маалыматыңар бар экен. Анда силердин билимиңерди тереңдетүү максатында бүгүн силер менен “Улуу инсан Исхак Раззаков” деген темада сабак өтөбүз.
Көрдүң ээ турмуш катаалын,
Жашадың жетпей ажалың
Ким билди жетим баланын
Ачаарын кыргыз ажарын.
демекчи Исхак Раззаков 3 жашында энесинен, 8 жашында атасынан ажырап томолой жетим калып, турмуштун ачуу-таттуусун оор күндөрүн башынан кечирип ата-энесиз чоңоюп эрезеге жетти.
Кана балдар! - Силер да Раззаков жөнүндө билген ырларыңардан айткылачы?
Билим алсын уул –кыз,
Өрнөк алсын урпактар.
Кылымга даңктап кыргыз эл,
Сыймыктанчу уулу бар.
Ал ким?
Хор: Исхак Раззаков
Угуп алсын уул-кыздар,
Үлгү алышсын урпактар.
Улуулардын ичинде,
Лейлектен чыккан уул бар.
Ал ким ?
Хор: Исхак Раззаков.
Мугалим: Туура айтасыңар балдар Лейлек эли өзүбүздүн кеменгер жетекчи, кулунубуз Исхак Раззаков менен сыймыктанабыз. Анткени бул киши кезегинде Орто Азияда жашаган элдердин катарында өтө оор турмушта жашап, ошол оор турмушту оңдоо үчүн, талыкпастан билим алып, жаңы заман куруу үчүн алга умтулуп тынымсыз эмгектенип окуган. Исхак Раззаков тубаса акылдуу , адамгерчиликтүү, сабакты мыкты өздөштүргөн жеткинчек болуп чоңойгон.
Балдар, Исхак Раззаковго таандык дагы кандай сапаттарды айта аласыңар.
ЭМГЕКЧИЛ; Исхак Раззаков бала кезинен эле өтө зээндүү, чыйрак жолдоштору менен дайыма ынтымакта жашаган, эмгектенүүнү сүйгөн, сапаттарга ээ болгон жана адамдарды таң калтырган сырлары болгон.
БООРУКЕР_; Кийин Өзбекстанда иштеп жүргөндө бул сапаттары кеңейип, өрчүп Исхак ар бир кишиге, улутуна карабастан мейли кыргыз болсун же Өзбек, орус же тажик болсун баарына бирдей мамиле жасаган чыныгы инсан экени көрүнөт.
КИЧИПЕЙИЛ; Өзбекстанда иштеп жүрүп бүткүл өзбек коомчулугунун терең урматтосуна жетишет.
______________; Мындай зор ишеничке Раззаков өзүнүн өтө аркетчил, ишмердиги, берилген тапшырманы так аткаргандыгы, өзбек элине жасаган таза адамгерчиликтүү мамилеси, кичи пейилдиги, жупунулугу менен ээ болгон.
Мугалим: Балдар мына жогоруда өзүңөр Исхак Раззаковдун мүнөзүнө таандык сапаттардан айттыңар.Исхак Раззаков акылман, зээндүү, чыйрак, эмгекчил, чыныгы мекенчил, интернационалист, көрөгөч даанышман, адамгерчиликтүү, кичи пейил, жупуну, чечен макал-лакаптарды кошуп сүйлөп, сөздүн көркүн чыгара билген, ар бир сөзү уккан адамды толкундантып, жүрөгүнүн түпкүрүнөн орун тапкан бир башкача инсан болгон.
____________; Аткарып заман талабын,
Талбай окуп сабагын.
Кыргызга кудай бериптир,
Зирегин тандап баланын.
__________; Жакырлыктан жабыркап,
Жылаңайлак кеттиңби.
Эч ким жетпес бийикке,
Жалгыз өзүң жеттиңби?
__________; Агача-Булак Майтоңбос,
Туулган жерин сурасаң.
Раззак уулу Исхак дейт,
Ата тегин сурасаң.
_________; Балалыгың зар ыйлап,
Коросондо калдыбы,
Тагдыр сага бак тилеп,
Улуу жолго салдыбы?
_________; Жетим болуп жетилген,
Жетим үйдө жетилген.
Таланты тоодой ташкыны,
Таандык ага теңирден.
Мугалим: Балдар Исхсак Раззаков коомдук ишмер болгон. Анын ысмы Кыргызстандын булуң-бурчтарына, жогорку окуу жайларына, мекеме ишканаларга, мектептерге, көчөлөргө коюлган.
Биздин Лейлек районубузда Исхак Раззаковдун музейи, эстелиги жана бюсту орнотулган.Ал эми биздин айылыбызда Исхак Раззаков атындагы көчө, мектепте болсо “Мыкты окуучуларга, мугалимдерге” Исхак Раззаков атындагы байге уюштурулган.
__________; Билим алып көп жерден,
Эмгек жолун баштаган.
Аткарган анын эмгегин,
Бүткүл калкы даңктаган.
__________; Душманыңдын ишине,
Күндүн көзү бүркөлөөр.
Сендей инсан кыргызга,
Сан кылымда бир келээр
_________; Улуу адам ысымын,
Унутпайбыз эч качан.
Айткан акыл сөздөрүн,
Туу тутабыз ар качан
__________; Уулу болдуң өзбек, кыргыз эки элдин,
Туусу болдуң каның тамган мекендин.
Ойлоп көрсөм, ооматың тоо көтөргүс,
Орошон ой, даана инсан экенсиң
Тумарча оюну ойнотулат.
а) Максаты: Окуучунун оюнда бирөөгө жакшылык кылуу, жардам берүү, жакшы сөз айтууга тарбиялоо. Аң сезимин ыймандуу болууга буруу.
Б) Убакыт 3 минута.
В) Техникасы: 3 жакшы сөз жазуу, аны тумарча түрүндө бүктөө.
Г) Материал : актай кагаз, ручка.
Д) Тапшырма: Окуучулар жазып берген, бүктөлгөн тумарчаларды кайра өздөрүнө таратуу .
Е) Эскертүү: Бул берилген тумарчаларды жоготпой тагып алуу керек.
Мугалим: Балдар Исхак Раззаков өрүк зарлуу Баткен дубанынан эмеспи. Азыр өрүк дарагынын мөмөсүндөгү тапшырмаларга жооп бергиле.Бул жерде Раззаковдун учкул сөздөрүн улайбыз.
Касташуудан кач... . 2) Намыстуу болсоң...
Иштен качкан адам... .4) Ак ийилет ...
Коом сени менен мен... 6) Ак иштеген адам...
Бирөөлөрдүн күчтүүлүгүнөн коркпо...
Мугалим: Балдар Исхак Раззаковдун накыл сөздөрү бүгүнкү күндүн талабына төп келгендей туюлат. Мен, өзүңөр айткан накыл сөздөрдү бекем тутуп, И.Рдой чынчыл, ак ниет адам болуп, кыргыз элине кызмат кылган инсандардан болосуңар деп ишенемин.