СДЕЛАЙТЕ СВОИ УРОКИ ЕЩЁ ЭФФЕКТИВНЕЕ, А ЖИЗНЬ СВОБОДНЕЕ

Благодаря готовым учебным материалам для работы в классе и дистанционно

Скидки до 50 % на комплекты
только до

Готовые ключевые этапы урока всегда будут у вас под рукой

Организационный момент

Проверка знаний

Объяснение материала

Закрепление изученного

Итоги урока

Реферат на тему: Латвия

Категория: География

Нажмите, чтобы узнать подробности

Латвия тууралуу маалымат

Просмотр содержимого документа
«Реферат на тему: Латвия»


Талас облустук чет тилдер лицей-комплекс



Реферат

Тема : Латвия

Аткарган: Масалбеков Кылымбек

Текшерген: Жекшенбеков Арслан















2020



План:



  • Латвия

  • Мамлекеттик тузулушу

  • Табияты

  • Калкы

  • Чарбачылыгы









Латвия, Латвия Республикасы – Чыгыш  Европадагы мамлекет. Түндүгүнөн Эстония, чыгышынан Россия, түштүк-чыгышынан Беларуссия, түштүгүнөн Литва менен чектешет. Балтика деңизи жана анын Рига булуңу менен чулганат. Аянты 64,6 миң км2. Калкы 2,26 млн (2009). Борбору – Рига. Расмий тили – латыш тили. Акча бирдиги – лат. Төрт тарыхый облусту (регионду) камтыйт: Видземе (мурдагы Ливониянын түштүк бөлүгү, Лифляндия), Земгале (Земгалия, Семигалия), Курземе (Курляндия, Курония), Латгале (Латгалия). Административдик-аймактык жактан 109 крайга жана республикага баш ийген 9 шаарга бөлүнөт . Латвия – БУУнун (1991), Европа коопсуздугу жана кызматташтыгы уюмунун (1991), ЭВФтин (1992), Эл аралык реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын (1992), Балтика өлкөлөрүнүн кеңешинин (1992), Бүткүл дүйнөлүк соода уюмунун (1999), Европа Советинин (2004), НАТОнун (2004) мүчөсү.







Мамлекеттик тузулушу

Латвия – унитардык мамлекет. Конституциясы 1922-ж. 15-февралда кабыл алынган. Башкаруу формасы – парламенттик республика. Мамлекет башчысы – президент, аны парламент 4 жылга шайлайт. Мыйзам чыгаруу бийлигинин жогорку органы – бир палаталуу парламент (сейм). Пропорциялык система (партиялык тизме) менен 4 жылга шайланып, 100 депутаттан турат. Аткаруу бийлигин премьер-министр жетектеген министрлер кабинети ишке ашырат. Латвияда көп партиялуу саясий система орун алган. Негизги саясий партиялары: Элдик партия, «Жаңы мезгил», «Латвиялык жол», «Мекенге жана эркиндикке», «Адам укуктары жана бирдиктүү Латвия үчүн» жана башка.

















Табияты

Латвия Чыгыш Европа түздүгүнүн түндүк- батыш бөлүгүндө жайгашкан. Жээк сызыгынын узундугу 500 кмдей. Жээги негизинен түздүктүү, дюна, пляждуу, начар тилмеленген, кургактыкка Рига булуңу гана кирип турат. Булуң Курземе (Курск) жарым аралы жана Моонзунд архипелагы аркылуу деңиз мейкиндигинен бөлүнүп турат. Өлкөнүн батыш бөлүгүндө Курземе дөңсөөсү (бийиктиги 182 мге чейин) жайгашкан. Байыркы муздуктун аракетинен пайда болгон өрөөндөр мүнөздүү, алардын эң тереңи аркылуу – Абава дарыясы агат. Борбордук абалды Видземе дөңсөөсү (эң бийик жери 311 м, Гайзинькалнс чокусу – Латвиянын эң бийик жери), чыгышын Латгале дөңсөөсү (289 м) ээлейт. Чым көңгө бай, ошондой эле гипс, курулуш доломити, акиташ теги, айнек жана формага түшүрүлчү кум, бардык жеринде чопо, кум-шагыл кендери бар. Акак, дары баткак, минералдуу суулары менен да белгилүү. Латвия мелүүн, деңиздиктен континенттикке өтмө климаттуу аймакта жайгашкан. Июлдун орточо температурасы 16–18ᵒС, январдыкы Балтика деңизинин жээгинде –2ᵒС, чыгышында –7ᵒС. Жылдык жаан-чачыны 500–800 мм. Эң күнөстүү жана кургакчыл айы – май . Узундугу 10 кмден ашкан, жалпы узундугу 38 миң кмге жеткен 777 дарыясы бар. Алардын бардыгы Балтика деңизинин алабына кирет. Ирилери: Даугава, Лиелупе, Вента, Гауя. Көлдөрү негизинен муздуктун аракетинен пайда болгон; ирилери: Лубанас, Разнас, Буртниеку, Усмас, Лиепаяс . Латвиянын аймагы ийне-жазы жалбырактуу токой зоначасында жайгашкан. Токой өлкөнүн 38% аймагын ээлейт Коргоого алынган аймак Латвиянын аянтынын 11%ин ээлеп, 3 улуттук паркты (Гауя, Кемери, Слитере), 5 табият коругун (Грини, Крусткалны, Морицсала, Тейчи, Энгурес көлү), 22 табият паркын, 211 корукчаны , 1 биосфералык резерватты, 91 бак-дарак парк искусство объектисин, эл аралык маанидеги 6 суу-саздуу жерди камтыйт.









Калкы

Өлкөдө латыштар 59,3% , орустар 27,8% , беларустар 3,6%, украиндер 2,5%, поляктар 2,4%, литвалыктар 1,3%, еврейлер 0,4%. 1960–90-жылдары СССРдин башка республикаларынан келгендер Латвиянын калкынын жылдык өсүүсүнүн жарымына жакынын түзгөн . 1990–2000-ж. иммигранттардын ичинен АКШ, Канада, Австралия, Швециядан келген этностук латыштар басымдуулук кылган. Өмүрдүн орточо узактыгы эркектердики 66,7, аялдардыкы 77,4 жаш. Калктын орточо жыштыгы: 1 км2 жерге 35,0 адам туура келет. Шаар калкы 68% (2009). Ири шаарлары: Рига, Даугавпилс, Лиепая, Елгава, Юрмала, Вентспилс, Резекне, Валмиера, Екабпилс. Өлкөнүн экономикасында калктын 1,12 млну эмгектенет (2009), анын 63%тен ашыгы тейлөө чөйрөсүнө, 29%ке жакыны өнөр жай менен курулушка, 8%и айыл чарбасына туура келет. Латвиянын калкынын 22,7%и католиктер, 20,3%и протестанттар, 16%тен ашыгы православныйлар.





Чарбачылыгы

Олконун бюджетинин көлөмү 38,9 млрд доллар (2008); аны киши башына бөлүштүргөндө 17,3 миң доллардан туура келет. Адамзат өнүгүүсүнүн индекси 0,866 (дүйнөдөгү 182 өлкөнүн ичинен 48-орунда). ИДПде тейлөө чөйрөсүнүн үлүшү 74,3%, өнөр жай менен курулуштуку 22,6%, айыл жана балык чарбаларыныкы 3,1%. Эркин экономикалык зоналары уюшулган, алар: Рига, Вентспилс эркин порттору, Лиепая, Резекне атайын экономикалык зоналары. Тамак-аш, жыгач иштетүү, химия-фармацевтика, ошондой эле экспортко багытталган жеңил өнөр жай өнүккөн. Отун ресурстары (чым көңдөн башка) дээрлик жокко эсе; рапстан биоотун өндүрөт. Отун-энергетика ресурстарын (анын ичинде табигый газ, нефть жана күйүүчү-майлоочу материалдарды) бүт Россиядан алат. Шамалдан энергия алуучу курулмалары да бар. Лиепая металлургия заводу импорттук чоюндан жана металл сыныктарынан болот жана прокат даярдайт; машина куруу өнөр жай мурда электр поездин, электржана радиотехникалык продукцияларын чыгарса, алар кескин кыскарып, азыр Рига кеме куруу, Даугавпилс туташтыргыч чынжыр жана Резекне электр аспап заводдору, Ригадагы байланыш техникаларын жана каражаттарын, электр жабдууларын чыгаруучу ишканалар иштейт. Химия өнөр жайынын башкы ишканасы – «Dzintars» парфюмерия-косметика фабрикасы (Рига). Башка өнөр жай ишканалары: дары-дармек өндүрүүчү жана таңуучу (Рига, Олайне), айнек-була заводдору (Валмиера), курулуш материалдары ишканалары (цемент, темир-бетон, кыш, карапа тактасы, черепица), жыгач иштетүү (жыгач даярдоодон даяр продукцияларды – фанера, кагаз, эмерек жана башка чыгарууга чейин). Жеңил өнөр жай продукциясынын 80%ке жакыны (кездеме, кийим, бут кийим) экспортко чыгарылат. Тамак-аш өнөр жай негизинен сүт, эт, балыкты кайра иштетүүгө адистешкен. Алкоголь ичимдиктерин (анын ичинде «Рига бальзамы»), пиво чыгаруу илгертен өнүккөн; ошондой эле шире, лимонад, минералдуу суу, кондитер продуктулары даярдалат. Айыл чарбага жарактуу жери 2,4 млн га (2007), анын 73%и айдоо, 17%и жайыт, 9%и чабынды, 1%и бак-дарак жана огород. Өсүмдүк өстүрүүчүлүк агр. продукциянын 57,9%ин камсыз кылат. Негизги айыл чарба өсүмдүктөрү: буудай, арпа. Техникалык өсүмдүктөрдөн рапстын мааниси зор, ошондой эле картөшкө, жашылча, гүл өстүрүлөт. Мал чарбасынын негизги тармактары – сүт багытындагы мал жана чочко чарбалары. Балык уулоо өнүккөн.Токой чарбасы өнүгүүдө (токой Латвиянын аймагынын 60%ке жакын аянтын ээлейт); жыгач ресурсунун жалпы көлөмү 546 млн м3. Тейлөө чөйрөсү – өлкөнүн экономикасынын тез өнүгүп жаткан сектору. Алардын ичинен эң маанилүүлөрү: транспорттук тейлөө, банк-финансы иштери. Латвиянын аймагы аркылуу Россия жана башка КМШ өлкөлөрүн Батыш Европа өлкөлөрү менен байланыштырган транзиттик транспорт коридору өтөт. Темир жолунун узундугу 2230 км, анын 257 кми электрлештирилген. Автомобиль жолунуку 69,7 миң км; Куур транспорту өнүккөн. Газ куурунун узундугу 1237 км, нефть куурунун 82 км, нефть продукту кууру 417 км. Сырткы соода жана транзиттик жүктөрдүн басымдуу бөлүгү деңиз транспорту аркылуу ташылат. Деңиз соода флоту 22 кемени камтыйт; 118 кемеси башка өлкөлөрдүн желеги менен жүрөт. Он деңиз порту бар, алардын эң маанилүүлөрү: Рига, Вентспилс, Лиепая, ошондой эле 7 чакан порту иштейт. Ички суу жолунун узундугу 300 км; Лиелупе, Даугава, Вента дарыясы аркылуу кеме жүрөт. Рига менен Юрмаланы байланыштыруучу (Лиелупе дарыясы жана Рига булуңу аркылуу) жүргүнчү ташуучу туруктуу кеме катнашы бар. Эл аралык аэропорттору – Рига менен Лиепаяда. Экспортко жыгач жана андан жасалган продукцияларын (сомо жыгач, таарынды материалдарын, фанера, картон, кагаз), текстиль, металлургия, машина куруу өнөр жай продукцияларын, ошондой эле азык түлүк чыгарып, сырттан машина жана жабдууларды, нефть жана анын продуктуларын, химия, металлургия өнөр жай продукцияларын, транспорт каражаттарын жана башка алат. Сырткы соодасынын жалпы көлөмүнүн 75%ке жакыны Европа союзуна, 15%тен ашыгы КМШ өлкөлөрүнө туура келет (2008). Эң ири соода шериктештери: Литва, Эстония, Россия, Германия, ошондой эле Польша, Швеция, Дания, Финляндия, Улуу Британия.