Талас облустук чет тилдер
лицей-комплекс
Реферат
Тема: «Тажикстан »
Аткарган: Кутболдиева Гүлзада
Текшерген: Жекшенбеков Арслан
2020-жыл
План:
Тажикстан
Мамлекеттик түзүлүшү
Табияты
Калкы
Чарбасы
Тажикстан, Тажик Республикасы – Орто Азиянын түштүк-чыгышындагы мамлекет. Батышынан жана түндүгүнөн Өзбекстан, Кыргызстан, чыгышынан Кытай, түштүгүнөн Афганстан менен чектешет. Аянты 143,1 миң км2. Калкы 8,0 млн (2013). Борбору- Душанбе шаары (өзгөчө административдик бирдик). Административдик-аймактык жактан бир автономия областына (Тоолуу-Бадакшан), 2 областка (Согд, Хатлон), 13 районго, 17 шаарга бөлүнөт. Акча бирдиги – сомони. Административдик-аймактык бөлүнүшү (2010) Тажикстан – КМШ өлкөлөрүнүн (1991), Коллективдүү коопсуздук келишим уюмунун (ОДКБ, 1992), БУУнун (1992; 1991-жылга чейин СССРдин курамында), Эл аралык реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын (1993), Евразия экономика коомунун (ЕврАзЭС, 2001), Шериктеш өлкөлөрдүн саммитинин (ШКУ, 2001) ИНТЕРПОЛдун (2004) мүчөсү.
Мамлекеттик түзүлүшү.
Тажикстан унитардык мамлекет. Конституциясы 1994-жылы кабыл алынган. Башкаруу формасы – президенттик республика. Мамлекет башчысы президент (1994-жылдан Эмомали Рахмон). Мыйзам чыгаруу бийлигинин жогорку органы – парламент (Мажлис Оли). Тажикстанда көп партиялуу саясий система орун алган. Негизги партиялары – Тажикстан элдик-демократиялык партиясы, Тажикстан коммунисттик партиясы, Тажикстан. Социалисттик партиясы, Тажикстан демократиялык партиясы, Тажикстан социал-демократиялык партиясы ж. б.
Табияты
Тажикстан – тоолуу өлкө. Аймагынын 93%ббшке Теңир-Тоо чокусу, Ысар-Алай, Памир системасына кирген тоолор ээлейт. Түндүгүндөгү курама кырка тоосу, Могол-Тоо менен Түркстан кырка тоосунун ортосунда Фергана өрөөнүнүн батыш чети жатат. Борбордук бөлүгүн Алай кырка тоосунун батышы, түндүк-батышын Түркстан (бийиктиги 5509 мге чейин, Пирамидальный чокусу), Заравшан (5489 м, Чимжарга чокусу), Ысар (4881) кырка тоолору ээлейт. Өлкөнүн түштүк-чыгышындагы Памир бийик тоо системасында О. Азиядагы эн бийик жер [бийиктиги 7495 м, Коммунизм (учурда Исмаил Самани) чокусу] жайгашкан. Түштүк-батышы жапыз (Вахш, Ысар ж. б. өрөөндөр). Климаты кескин континенттик. Өрөөндөр менен түздүктөрдөгү (500 м бийиктикке чейин) январдын орточо температурасы –1… –3°С (түштүгүндө), –20°С түндүгүндө, июлдуку түндүгүндө 27°С, түштүк-батышында 10–12°С, түштүгүндө 30°С. Жылдык жаан-чачыны 150–300 мм, түштүк-батышында 1200–2000 мм (500–1500 м бийиктикте).
Калкы
Элинин негизин тажиктер (79%) түзөт. Ошондой эле кыргыздар (19%тен ашык), памирлик кыргыздар, өзбектер, орустар, татарлар ж. б. улут өкүлдөрү да жашайт. Расмий тили – тажик тили. Мусулман динин (сүнөттөр) тутат. Орточо жыштыгы 1 км2 жерге 56,3 киши. Калкынын жашынын орточо узактыгы: эркектердики – 66 жаш, аялдардыкы – 72. Төрөлүүнүн деңгээли жогору (1000 кишиге 34,6), өлүм-житим төмөн (1000ге 6,6, ымыркайлардыкы жогору 1000ге 60,4). Шаар калкы 26,3%. Ири шаарлары: Дүйшөмбү, Кожент (Худжанд).
Чарбасы
Тажикстан – экономикасы жакыр өлкө. Чарбасын рыноктук ыкма менен жүргүзүүгө ыңгайлашууда. Экономикасында маанилүү орунду эмгек мигранттарынын которгон акчасы (негизинен Россиядан) ээлейт. ИДПнин көлөмү 13,8 млрд АКШ доллары (2009). Аны киши башына бөлүштүргөндө 950 доллардан туура келет. Андагы тейлөө чөйрөсүнүн үлүшү (% менен) 59,2, өнөр жайдыкы 21,9, айыл чарбаныкы 18,9. Ири өнөр жай тармактарын мамлекет көзөмөлдөйт. Коргошун, цинк, сейрек кездешүүчү металлдар, сымап, уран, алтын жана аз өлчөмдө күрөн көмүр, нефть, жаратылыш газы казылып алынат. Электр энергетика өнөр жайы өнүккөн. Вахш дарыясында жана каналында, Сыр-Дарыяда ГЭСтер курулган. Гидроэнергетика ресурстары боюнча дүйнөдө 8-, КМШда 2-орунда (Россиядан кийин). 2009-жылы 16,1 млрд кВт∙с электр энергиясы өндүрүлгөн (негизинен ГЭСтен). Ири өнөр жай тармактары: Тажик алюминий заводу (Турсунзаде шаарында), жылына 500 миң тонна өндүрөт; негизинен сырттан алынып келинген продукциянын негизинде, жеңил (пахта тазалоо, кебез жана жибек кездеме, тигүү), тамак-аш, химиялык (жер семирткич). Кол өнөрчүлүк (анын ичинде килем токуу), сугат дыйканчылыгы өнүккөн. Пахта, дан эгиндери, жашылча-жемиш, тамеки өстүрүлөт. Жүзүмчүлүк, бакчачылык (дарбыз, коон), жибекчилик өнүккөн. Мал чарбачылыгы эт-жүн, эт-сүт багытында. Автомобиль жолунун узундугу (миң км менен) 27,8, темир жолунуку 0,68. Экспортко алюминий, электр энергиясы, пахта, жемиш (анын ичинде кургатылганы), суу май (негизинен пахта майы), текстиль буюмдары чыгарылат. Негизги соода шериктештери: Россия, Нидерланд, Түркия, Кытай, Казакстан.