СДЕЛАЙТЕ СВОИ УРОКИ ЕЩЁ ЭФФЕКТИВНЕЕ, А ЖИЗНЬ СВОБОДНЕЕ

Благодаря готовым учебным материалам для работы в классе и дистанционно

Скидки до 50 % на комплекты
только до

Готовые ключевые этапы урока всегда будут у вас под рукой

Организационный момент

Проверка знаний

Объяснение материала

Закрепление изученного

Итоги урока

“Репрессия” курмандыктары

Категория: Внеурочка

Нажмите, чтобы узнать подробности

Сабактын максаты: Окуучуларга репрессия курмандыктары ,репрессия тууралуу маалымат берүү.Мекенди коргоо ар бир атуул үчүн ыйык экендигин түшүндүрү.Окуучуларды патриоттулукка, эр жүрөктүүлүккө тарбиялоо. Негизги компетенттүүлүк:    Көрсөткүчтөр : 1)Маалыматтык: Окуучулар репрессия тууралуу билишет.Өз оюн эркин айта алышат,тарбиялык маанисин түшүнүшөт. 2) Социалдык –комуникативдик: Тема аркылуу кабыл алуусу,эске сактоосу калыптанат. 3) Өз көйгөйүн өзү чечүү: Патриоттулукка,эр жүрөктүүлүккө,адептүүлүккө тарбияланышат.    1)Маалыматтык: Окуучулар репрессия тууралуу билишет.Өз оюн эркин айта алышат,тарбиялык маанисин түшүнүшсө. 2) Социалдык –комуникативдик: Тема аркылуу кабыл алуусу,эске сактоосу калыптанса. 3) Өз көйгөйүн өзү чечүү: Патриоттулукка,эр жүрөктүүлүккө,адептүүлүккө тарбияланышса.  

Просмотр содержимого документа
«“Репрессия” курмандыктары»

Класс _________Предмет:_________________мөөнөтү:

Сабактын темасы: “Репрессия” курмандыктары.

Сабактын максаты: Окуучуларга репрессия курмандыктары ,репрессия тууралуу маалымат берүү.Мекенди коргоо ар бир атуул үчүн ыйык экендигин түшүндүрү.Окуучуларды патриоттулукка, эр жүрөктүүлүккө тарбиялоо.

Негизги компетенттүүлүк:

Көрсөткүчтөр :

1)Маалыматтык: Окуучулар репрессия тууралуу билишет.Өз оюн эркин айта алышат,тарбиялык маанисин түшүнүшөт.

2) Социалдык –комуникативдик: Тема аркылуу кабыл алуусу,эске сактоосу калыптанат.

3) Өз көйгөйүн өзү чечүү: Патриоттулукка,эр жүрөктүүлүккө,адептүүлүккө тарбияланышат.

1)Маалыматтык: Окуучулар репрессия тууралуу билишет.Өз оюн эркин айта алышат,тарбиялык маанисин түшүнүшсө.

2) Социалдык –комуникативдик: Тема аркылуу кабыл алуусу,эске сактоосу калыптанса.

3) Өз көйгөйүн өзү чечүү: Патриоттулукка,эр жүрөктүүлүккө,адептүүлүккө тарбияланышса.



Сабактын тиби: Жаңы тема.

Сабактын ыкмасы: Сөздүк ыкма.

Сабактын жабдылышы: Сүрөттөр, интерактивдүү доска.

Сабактын жүрүшүү: а)Уюштуруу.

б) Үй тапшырмасы.

в) Жаңы тема.

1937-жыл кыргыз интелигенциясы кыйраган жыл, бүтүндөй кыргыз элинин келечегине балта чабылган мезгил. Кыргыз элинин келечеги үчүн жан үрөгөн кыраандар “эл душманы” деген жалаа менен “улутчул”деп айыпталып, канчалаган мыкты инсандар атылып кеткен. Кыргызстандын эгемен өлкө болушуна чоң салым кошкон чыгаан уулдары, эл келечеги үчүн жан аябаган калк каймактары каргыш баскан репрессиядан оо дүйнөгө мезгилсиз сапар алышкан. Эл –жерди алга сүрөй турган, интелигенттер Сталиндик репрессиянын айынан бул ааламдын асманынан жылт этип өчкөн жылдыздай, канкор бийликтин кан жыттанган мылтыгынан окко учушкан. Алар кыргыз мамлкекттүүлүгү үчүн өз өмүрүн тобокелдикке салган, кайталангыс инсандар эле.Алардын катарына жыйырманчы кылымдын башындагы элибиздин эркиндиги, мамлекеттүүлүгү үчүн жан аябай күрөшүп кызмат кылып, бирок көздөгөн ойлорунун өтөөсүнө чыкпай, каардуу репрессиянын курмандыктары болуп кеткен, кыргыз элинин белгилүү уулдарын кошсок калыстык болоор. Алардын көч башында эгемендүүлүк деп жан үрөгөн Баялы Исакеев, Жусуп Абдырахманов,Төрөкул Айтматов, Эркинбек Эсенаманов, Абдыкадыр Орозбеков, Данаке Иманов, Абдыкерим Сыдыков кыргыз алиппесин негиздеген Эшенаалы Арабаев,биринчи кыргыз профессору Касым Тыныстанов башка көптөгөн кыргыз интеллегнциясы бо



Кыргыздын алгачкы агартуучуларынын бири Ишенаалы Арабаев1882-жылы Кочкордун Күнбатыш айылында жарык дүйнөгө келген.Оренбург менен Уфадагы медреседе окуган. Анын демилгеси менен жер –жерлерде мектептер ачылып, алгачкы кыргыз китептери чыгарылган.Араб, латын тамгасында кат таануучулар үчүн “Алиппеден” баштап, ыкчам билим алууга арналган окуу китептерин жазган. 1933-жылы Ташкенттеги түрмөдө каза тапкан.

Касым Тыныстанов 1901-жылы 10- сентябрда касиеттүү Ысык-Көл кылассындагы Чырпыкты кыштагында кедейдин үй-бүлөсүндө төрөлгөн.

Атасы Тыныстан араб тамгасында анча- мынча окуп, кат сабаты жоюлган адам болгондуктан Касым 7 жашка чыкканча эле араб тамгасында окуу-жазууну үйрөтүп койгон.Чыгармалары: “Манастын күмбөзү”, Жаңыл Мырза”, поэмасы ж.б.







Ата –Бейит –саясий репрессиянын курмандыгы болгон адамдардын сөөгү коюлган жер.Бул жерде 1938-жылы 5-жана 8 –ноябрдын түнүндө 138 киши атылып, кыш бышыруучу чакан заводдун эски мешине көмүлгөн.Алардын белгисиз бейити тууралуу Төш –Төбөайылынын тургуну Бүбүра Кыдыралиева баяндаган.1991-жылы сөөктөрдү казуу башталып, июль айында аяктаган. 1991-жылы 30-августа Бишкекте аза күтүү митинги болуп андан соң Ч.Айтматовдун сунушу менен “Ата-Бейит”деп аталып калган.















Т.Темиров атындагы № 6- орто мектеби.

Тарбиялык саат

Темасы: “Репрессиянын курмандыктары”.

Мугалим: Кокумбаева А.О.