Географиялык ресурс таануу. геоэкология
МАЖИТОВА А.
10t1
Дүйнө мамлекеттери өзүнүн аймагындагы жана андан тышкары жайгашкан жаратылыш ресурстарын пайдаланып экономикасын өнүктүрөт, алардын ресурстарына жараша улуттук экономиканын деңгээли, дүйнөлүк чарбада алган орду аныкталат. Кийинки жылдарда география илиминде жаратылыш ресурстарынын географиясы, геоэкология, рекреациялык география ж.б. жаңы тармактар өсүп чыкты.
Географиялык ресурс таануу - жаратылыш ресурстарынын, алардын түрлөрүнүн жайгашуусуна экономикалык баа берүү жана аларды комплекстүү жана сарамжалдуу пайдалануу, кайрадан калыбына келтирүү маселелерин иликтей турган илим.
Ресурс менен камсыз болуу , бул жаратылыш ресурстарынын жалпы коломуно жылыга иштетилип алынган ресурсуна катышы. ал канчага жете турганы жылдар менен, же адамдын киши башына туура келгени анын запасы менен туюнтулат .
Ресурс менен камсыз болуунун көрсөткүчү биринчи кезекте аймактын ресурстарга бай же кедей экендигин көрсөтөт. Ресурс менен камсыз болуу, аларды өндүрүп пайдалануунун масштабына жараша болгондуктан, ал табигый эмес, социалдык-экономикалык түшүнүк болуп саналат.
Мисалы, окумуштуулардын маалыматтарына таянсак, күйүүчү минералдык отундун дүйнөдөгү геологиялык жалпы запасы 12,5 трлн шарттуу тоннаны түзөт. Демек, учурдагы казып алуунун арымы сакталса, анын запасы 1000деген жылдарга жетет. Бирок, казып алуу мүмкүнчүлүгүнүн, жайгашуусунун жана жылдан-жылга казып алуу арымынын өсүшү эске алынса, ал мөөнөт бир нече эсе кыскарат.
Келечекте жаратылыш ресурстары менен камсыз болуунун деҢгээли ал ресурс кайсы класска, кайсы түргө туура келет
ТҮГӨНҮҮЧҮ
ТҮГӨНБӨӨЧҮ
Калыбына келүүчү Калыбына келбөөчү
Минералдык ресурстар жетиштҮҮБҮ?
Бул ресурстардын бир канчасын илгери эле адам баласы пайдаланууну үйрөнүп алган, ошондуктан адамзаттын цивилизациясынын өнүгүү мезгилдерин «таш доору», «коло доору», «темир доору» - деп атап келишкен. Бүгүнкү күндөрдө адам баласы 200дөн ашык минералдык ресурстардын түрлөрүн пайдаланат .
Академик А. Е. Ферсмандын (1883-1945) пикири боюнча Менделеевдин системасындагы химиялык элементтердин бардыгы адамдын алдына тартылган.
Отун-энергетикалык кен байлыктар
Жер шарында 3,6 миң көмүр бассейни жана көмүр чыккан жайлар бар, баары биригип кургактыктын 15% аянтын ээлейт. Көмүр ресурстарынын көбү Түндүк жарым шарда - Азиядагы, Түндүк Америкадагы жана Европадагы негизги он көмүр бассейнинде топтолгон.
Нефть чыккан жерлердин жалпы саны 50 миңден ашык. Негизги запастары Жер шарынын Түндук жарым шарында, мезозой заманында пайда болгон чөкмөлөрдүн арасында жайгашкан. Нефть-газ байлыктарынын запасынын көбү бир нече чоң бассейндерде топтолгон. Нефть чыгуучу ири-бассейндердин бири - Перс булуңунун тегереги, Батыш Сибирь, Волга бою, Мексика булуңу ж. б. жерлерде да нефтинин мол запасы бар.
Дүйнөдө нефть-газ бассейндеринин 600ү табылган, анын ичинен 450сү казылып алынат.
нефтиНИН ИРИ КЕН БАЙЛЫКТАРЫ :
Атом энергетикасында керектелчү уран жер кыртышында кеңири таралган. бирок, иштетүү үчүн 1 кг уранды алууга кеткен каражат 80 америкалык доллардан ашпаса гана пайдалуу. Дүйнөдө урандын табылып бааланганы 1,4 млн. тонна. Алардын ирилери Австралия, Канада, АКШ, ТАР, Нигер, Бразилия, Намибия, ошондой эле Россия Федерациясында жайгашкан.
УРАН
Айрым кен байлыктардын дүйнөлүк запасы
Кен
Байлыктардын
Көмүр
Өлчөм бирдиги
Геологиялык
турлөрү
Нефть
млрд тонна
Анын ичинен
Жаратылыш газы
жалпы запасы
5500
млрд тонна
чалгынданганы
Темир рудасы
1750
трлн м 3
500
млрд тонна
400
140
600
150
200
Руда эмес кен байлыктар платформаларда жана геологиялык бүктөлүш аймактарында кездешет.
Литосферанын ресурстарына Жердин түпкүрүнүн энергиясы же геотермикалык энергия да кирет. Ал энергиянын ресурсу 50 өлкөдө табылган. Ал жер титирөө жана жанар тоо активдүү болгон жерлерде жайгашкан. Өзгөчө келечектүү «геотермдүү аймактарга» АКШ (Калифорния), Жаңы Зеландия, Япония, Исландия, Камчатка, Италия, Мексика ж. б. кирет.
Жер ресурстары
элдин жашоосу жана чарбанын бардык түрлөрү үчүн өтө маанилүү ресурстардын бири
ГЕОЭКОЛОГИЯ
айлана чөйрөдөгү антропогендик аракеттердин натыйжасында жаратылышта байкалган тескери процесстерди жана кубулуштарды географиялык көз карашта иликтей турган илим. Геоэкологиялык концепцияга, мисалы, айлана чөйрөнүн мониторинг концепсиясы, экологиялык- географиялык экспертиза кирет.