Просмотр содержимого документа
«Риторика сөздөрдүн маанисин аныктоо»
Тема:Метонимия,Эпифора, Парантеза
Аткарган:Сүйүналиев Амангелди
Текшерген:Амантур уулу Чынгыз
СЭО-б-11-19
Метонимия (гр.— кайта атоо) — эки түшүнүктүн ортосундагы логикалык жакындыкка негизделген окшошпогон көчүрмө. Метафорада бири-бирине окшош предметтер жана алардын белгилери көчүрүлсө, метонимияда бир-бирине кандайдыр бир алакасы бар, бирок окшошпогон предметтин белгилери алмашылат. Метонимиянын төмөнкүдөй учурларын белгилөөгө болот.
1 )нерсенин же кишинин аты башка нерсе, же буюмдун ордуна колдонулат.
Мисалы: Бөтөлкөнү көрүп
Шилекейин жуткан
Нерсе ал жасалган материал менен алмашылат.
Куткарып ушул чоюн жалдыроодон,
Айтпагын, акын иним, чыкты черим... (Ж. Турусбеков «Иниме кат»)
Ал эми бирдей аякталыш, бир же бир нече сөздүн синтаксистик
параллель кайрыктардын ыр саптарынын аягында кайталанып айтылышы
эпифора деп аталып, көркөм чыгарманын тилине мүнөздүү болгон мындай
көрүнүштү соматизмдер катышкан компоненттерден да жолуктурууга болот .
Алсак: Алтын менен күмүштүн, ширөөсүнөн бүткөндөй, асман менен
жериңдин тирөөсүнөн бүткөндөй, көркү калча, көзү тик, көбүнө айтса
сөзү тик, бул дүйнөдө көзү ачык, оо дүйнөдө сөзү ачык ж.б. Эпостогу
эпифора кубулушу аркылуу компоненттери бирдей тыбыштар, сөздөр, сөз
айкаштары менен аякталып жаткан учурда да тыбыштык ээрчишүүлөрдүн
орун алгандыгы көрүнүп турат.
Парантеза
Негизги текстке киргизилген жана кошумча билдирүүнүн, түшүндүрмөнүн же автордук баа берүүнүн маанисине ээ болгон көз карандысыз, интонациялык жана графикалык өзгөчөлөнгөн билдирүү; илимий, публицистикалык, көркөм стилде колдонулат.
Бул үчүн мен (көрүнгөн - күч) / Сотко кымбат баарын берем, / Жаштык түбөлүккө сактасын / Тынчсыз жаштыгым (М. Цветаева)
Көнүл бурганыңыздарга рахмат!