Россия тарыхы.
РФтин Сибирь, Түндүк Кавказ жана Кубань аймактарында алгачкы адамдар Шель дооруна чейин 3–2 млн жыл мурда эле жашаган. Воронеж, Калуга жана Туладан табылган (730–350 миң жыл мурда) адам сөөктөрү турпаты боюнча архантроп, палеантроп (неандерталга жакын) болгон. Бул археологиялык табылгалар – Костёнко-Стрелецкая (б. з. ч. 50–30 миң жыл мурда), Сунгирь (б. з .ч. 28–20 миң жыл) ж. б. маданияттарга таандык адамдардын генетикалык урпактары. Кийин алар мезолит доорунда Костенко-Авдеев маданиятын түзгөн. Липецк (б. з. ч. 22–21-миң жылдык), Москва (б. з. ч. 22–21-миң жылдык) жана Курск облусунан (б. з. ч. 14–13-миң жылдык) табылган адамдар антропологиялык түрү боюнча европеоиддер болгон. Б. з. ч. 6–4-кылымдарда Кара деңиз жээктеринде грек колонияларынан Скиф жана Боспор падышалыгы түзүлгөн. 552–747-жылдары Россиянын кыйла аймагын Кыргыз кагандыгы ээлеген. 7-кылымдын орто чени – 10-кылымда төмөнкү Волга бою жана Түндүк Кавказда Хазар кагандыгы жайгашкан. 9-кылымдын ортосунда Европа түндүгүндө Рюриковичтер династиясы түзүлүп, өзүнө чыгыш славян, финн-угор жана балтика урууларын багынткан. 882-ж. Новгород князы Олег Киевди басып алып, түндүк жана түштүк славяндарды кошуп, Байыркы орус мамлекети – Киев Русун (9–12-кылымдар) түзгөн. Киев Русу күч-кубаты боюнча Чыгыш Европа менен Кара деңиз боюнда Византия империясына теңтайлашып турган. 988-ж. Князь Владимирдин тушунда орустар христиан динин кабылдап, Ярослав Мудрый 1-орус мыйзамдар жыйнагын – «Русская правданы» чыгарган. 1132-ж. Киев князы Мономах Владимирович өлгөн соң, Рус мамлекети ыдырап, майда княздыктарга бөлүнүп кеткен. 13–15-кылымдарда орус, украин жана беларус эли калыптанып, Россия аймагында Владимир-Суздаль княздыгы, Новгород республикасы түзүлгөн. 13-кылымдын 40-жылдары орус жеринин көпчүлүгү Батыйдын чабуулуна туш болуп, моңгол-татарларга караган. Түндүк-Батыш Руска шведдер жана тевтон рыцарлары басып кирип, князь Александр Ярославович Невскийден жеңилген. 14-кылымдын ортосунда Рустун батыш жана түштүк жери Улуу Литва княздыгына, Галиция Польшага караган. 13-кылымдын аягы – 14-кылымдын башында Орус мамлекетинде чарба калыбына келип, 1362-жылдан Москва княздыгы чыңдала баштаган, өзгөчө Куликов салгылашынан кийин күчөгөн. Алтын Ордо акырындап ыдырап, 15-кылымдын орто ченинде Крым, Астрахань, Казан жана Сибирь (Кыргыз) хандыктарына бөлүнгөн. Иван IIIнүн тушунда 1480-ж. моңгол бийлиги биротоло кулап, 15-кылымдын аягы – 16-кылымдын башында бирдиктүү орус мамлекети түзүлгөн. 1497-ж. орус мамлекетинде дыйкандардын помещикке таандыктыгын далилдеген мыйзамдар жыйнагы (Судебник) чыгарылган. Орус жери үчүн Литва княздыгы жана Казан хандыгы менен согуш уланып, өлкө «Россия» атала баштаган. 1-орус падышасы Иван IV Грозныйдын тушунда мамлекетти борбордоштуруу реформасы жүрүп, Казан, Астрахань жана Сибирь (Кыргыз) хандыктары каратылган. Боярлар жери – поместьеси үчүн аскерде кызмат өтөөгө милдеттендирилген. Мылтык менен куралданган жөө аткычтар аскери түзүлгөн. Өзгөчө кырдаалда мамлекеттик маселелерди чечүү үчүн боярлар сословиеси катышкан Земский собор уюштурулган. 16-кылымдын аягы – 17-кылымдын орто ченинде крепостнойлук укук киргизилген. 1570-ж. Дон, 1571-ж. Урал, 1577-ж. Терек казак-орус аскер кошуундары түзүлгөн. 1581-ж. атаман Ермактын аскер кошууну Сибирди багынткан. 1571-ж. Крым ханы Девлет Грей түмөн аскери менен Москваны басып алып, өрттөп, калкын кырып, туткундап кеткен. 1572-ж. орус аскерлери Молодияхтын жанында (Москвадан 30–40 км алыс) Крым-түрк аскерин (120 миң) талкалап, Крымды биротоло алсыраткан соң, Россиянын түштүк чеги 100дөгөн кмге түштүккө жылган. Россияда 17-кылымдын башындагы баш аламандыктан элдик ополчение түзүлүп, поляк баскынчыларын талкалаган соң, 1613-ж. 21-февралда Михаил Фёдорович падыша шайланып, Романовдор династиясы орногон. Казак-орустар Чыгыш Сибирден Тынч океанга чейин тараган. 17-кылымдын орто ченинде Амур дарыясынын, Охота деңизинин боюнда, Чукоткада орус кыштактары пайда болгон. 1654-ж. Украина өз ыктыяры менен Россияга кошулган. Бирок Россия Европадан артта калып, деңиз жолуна, ийкемдүү башкаруу системасына, жаңы армияга муктаж болгон. Пётр 1нин бийликке келиши менен ички жана тышкы саясатта радикалдык өзгөрүү болуп, натыйжада Түндүк согушунда (1700–21) эң күчтүү швед армиясын талкалап, 16-кылымда шведдер басып алган орус жерлерин кайтарган. Невада Санкт-Петербург шаары курулуп, 1712-ж. ага Россиянын борбору Москвадан көчүрүлгөн. Мамлекеттик аппарат, билим берүү, армия кайрадан түзүлүп, Россияда император башкарган абсолюттук монархия орногон. Боярлар өз алдынчалыгын жоготуп, дворянга айланган. Екатерина II Кара деңиз үчүн Түркия менен бир нече жолу согушуп, ийгиликке жетишкен. 1812-ж. Россия Франция менен болгон согушта (1812-жылдагы Ата Мекендик согуш) жеңип, 1813-ж. орус армиясы Германияны француз оккупациядан бошотуп, 1814-ж. Парижди ээлеген. Согуштан кийин Россияда революциячыл идея таркап, 1825-ж. Декабристтер көтөрүлүшү чыккан. 19-кылымдын орто ченинде Россияга Түндүк Кавказ каратылып, Казак жүздөрү, кийин Түндүк Кыргызстан кошулуп, 1876-жылдан кийин Бухара жана Хива хандыктары караган. 19-кылымдын 2-жарымында Александр II тарабынан бир катар либералдык реформалар жүргүзүлүп, крепостнойлук укук жоюлган (1861). 1877–78-жылдары орус-түрк согушунда Балкан славяндары (Болгария, Сербия, Черногория) түрк башкаруусунан бошонгон. 19-кылымдын аягы – 20-кылымдын башында Россиянын экономикасы өсүп, өлкөдө реформачыл (кадеттер ж. б.) жана революциячыл саясий партиялар пайда болгон. 1904–05-жылдары Россия орус-япон согушунда жеңилип, Портсмут тынчтык келишимин түзүүгө аргасыз болгон. 1914-ж. Россия Антанта тарапта 1-дүйнөлүк согушка катышкан. 1917-ж. Февраль революциясынын таасири менен Россияда монархия кулап, Николай II тактысын иниси Михаилге өткөргөн. Башында А. Керенский турган Убактылуу өкмөт түзүлүп, Россия империясы Республика деп жарыяланган. 1917-ж. 25-октябрда (7-ноябрь) В. И. Ленин жетектеген социалисттик революция ишке ашып, Советтердин Бүткүл Россиялык 2-съездинде Россия Советтик Республикасы же Россия Советтик Федеративдик Социалисттик Республикасы (РСФСР) жарыяланып, бийликтин жогорку органы – Жумушчу жана солдат депутаттарынын совети түзүлгөн. Аткаруу бийлигин Эл комиссарлар совети (ЭКС) башкарган. Совет өкмөтүнүн «Тынчтык жөнүндө декрети» жана «Жер жөнүндө декрети» жарыяланган, жеке менчик жоюлуп, жер-суу, завод-фабрика мамлекеттик менчикке өткөн. Республикасынын борбордук Петрограддан Москвага көчүрүлгөн. 1918–22-жылдары Жарандык согуш учурунда Польша Россиядан бөлүнүп, Батыш Украина менен Батыш Беларуссияны, Румыния Бессарабияны басып алган. Прибалтика (Литва, Латвия, Эстония) жана Финляндия өз алдынча бөлүнгөн. 1922-ж. 30-декабрда СССР түзүлүп, жаңы экономикалык саясат (НЭП) ишке аша баштаган. Пролетариат диктатурасы орноп, бийликке И. Ф. Сталин келген. 1929–39-жылдары өлкөдө индустриалаштыруу жүрүп, өнөр-жай өнүгүп, техникалык кубаты кыйла өскөн. Айыл чарбасы коллективдештиришип, колхоз, совхоздор түзүлгөн. Маданият, билим берүү өнүккөн. 1930-ж. И. Ф. Сталиндин партиялык аппаратты тазалоо саясатынан улам өлкөдө массалык репрессия башталып, түзөтүү эмгек лагерлери (ГУЛАГ) түзүлгөн. 1939–40-жылдары аскердик-саясий акциянын натыйжасында Батыш Украина, Батыш Беларуссия, Молдавия, Батыш Карелия жана Прибалтика республикалары СССРге кошулган. 1941-ж. 22-июнда Улуу Ата Мекендик согуш башталган. Германия көп аймакты басып алганы менен Ленинградды жана Москваны ала албай, Сталинград жана Курск салгылашында жеңилген соң, Советтик Армия стратегиялык чабуулга өтүп, немец армиясын талкалап, 1945-ж. майда Берлинди жана Праганы ээлеп, согушту жеңиш менен аяктаган. Японияга каршы согуштун натыйжасында Түштүк Сахалин жана Курил аралдары СССРге өткөн. Согушта СССР 26 млнго жакын адамынан ажыраган. Согуштан кийин СССР (социалисттик лагерь) менен АКШнын (Батыш Европа) ортосундагы тирешүү, 1950–53-жылдары Корея согушу бул эки державаны жарыша куралданууга түрткөн. 1962-ж. Кариб жаңжалы чыккан. Л. И. Брежнев башкарган учур «сенек мезгил» аталган менен 1970-ж. тышкы саясатта кыйла жылыш болуп, стратегиялык чабуул коюучу куралдарды чектөө жөнүндө советтик-америкалык келишимге кол коюлган. Бирок 1979-ж. советтик аскерлердин Афганстанга кириши менен советтик-америкалык мамиле кайрадан бузулган. 1985-ж. бийликке М. С. Горбачёв келип, кайра куруу саясатын алкоголго каршы кампания менен баштап, кризис күчөп, өлкөнүн кыйрашына алып келген. 1988–91-жылдары өлкөдөгү товардык дефициттен улам карточка системасы киргизилген (1947-жылдан кийин 1-жолу). СССР аймагында улут аралык чыр-чатак күчөгөн. 1990-ж. 12-июнунда РСФСР депутаттар съезди «Советтик Россия мамлекетинин өз алдынчалыгы жөнүндө» декларациясын кабыл алган. 1991-ж. 18-августта СССР жетекчилеринин бир тобу мамлекетти сактап калуу максатында Чукул кырдаал боюнча мамлекеттик комитет (тарыхта Август путчу аталат) түзүп, М. С. Горбачёвду кызматтан алып, өлкөнү кыйроодон сактоону көздөгөн. Бирок алардын аракети ишке ашпай, союздук республикалар өз алдынча бөлүнүүнү көздөй баштаган. 1991-ж. 8-декабрда РСФСР, Украина жана Белоруссия көз карандысыз мамлекеттердин кызматташтыгын түзүү жөнүндө макулдашууга кол коюп, СССР жоюлган. Россияда 1993-ж. 25-декабрга чейин СССР конституциясы колдонулганы менен ал жаңы мамлекеттик түзүлүшкө карама-каршы келген. 1992-ж. 1-январынан баштап Е. Гайдардын өкмөтүнүн баага карата мамлекеттик чектөөнү алып салуу менен коштолгон радикалдык экономикалык реформасынан өлкө гиперинфляцияга туш болуп, экономикалык өсүш кескин токтоп, калктын массалык жакырдануусу башталган. 1993-ж. 3-4-октябрда Москвада Ельциндин өкмөтү менен Жогорку Советтин ортосунда конституция боюнча келип чыккан карама-каршылыктан улам 9-октябрда Жогорку Совет таркатылып, декабрдан жаңы конституция күчүнө кирген. Россия жаңы саясий коомдук түзүлүшкө биротоло багыт алган. 1990-жылдардын 1-жарымында көпчүлүк ишканалар ваучердик менчиктештирүү жолу менен, ошондой эле мүлктү аукционго күрөөгө коюу аркылуу менчикке өткөн. Бирок, бул эбегейсиз мамлекеттик карызды жаба алган эмес. 1998-ж. августта рублдин курсунун дүйнөлүк валютага салыштырмалуу кескин төмөндөшү Россиянын экономикасынын конкуренцияга туруктуулугун күчөткөн. 1999-жылдан Россияда экономикалык өсүш байкалган. 2000-ж. марттан В. Путиндин бийликке келиши менен бир катар социалдык-экономикалык багыттагы салык, жер, пенсия, банк, электр энергетика жана темир жол, транспорт ж. б. тармактарды реформалоо жүргүзүлгөн. 2005-ж. сентябрда Россияда саламаттык сактоо, билим берүү, турак жай жана айыл-чарбаны өнүктүрүү боюнча улуттук долбоорлор иштелип чыккан. Бул программага 2006-ж. 161 млрд, 2007-ж. 206 млрд рубль жумшалган. 2000–08-жылдары Россияда экономикалык жогорулоо байкалып, калктын кирешеси өскөн, өлкөдө саясий туруктуулук орногон. 2000-жылдан өлкөдө борбордук (федералдык) бийлик чыңдалып, региондук бийликти бошоңдотуу жолу менен жогорку аткаруу бийлигин күчөтүү максатында айрым ишканалар улутташтырылып, федералдык бийликтин таасири арткан. Россиянын демилгеси менен КМШ, Евразия экономикалык шериктештиги (ЕврАзЭс), Жаматтык коопсуздук келишим уюму (ОДКБ), ШКУ түзүлгөн. Россия Беларуссия менен союздук мамиледе. Россия, Беларуссия жана Казакстан менен бирге бажы союзун түзгөн. Россия менен Кыргызстандын достук, кызматташтык мамилелери динамикалуу өнүгүүдө. 2013–14-жылдары Россия менен Кыргызстандын өкмөтү коопсуздук миграция, энергетика ж. б. тармактар боюнча бир катар маанилүү келишимдерге кол койгон.