СДЕЛАЙТЕ СВОИ УРОКИ ЕЩЁ ЭФФЕКТИВНЕЕ, А ЖИЗНЬ СВОБОДНЕЕ

Благодаря готовым учебным материалам для работы в классе и дистанционно

Скидки до 50 % на комплекты
только до

Готовые ключевые этапы урока всегда будут у вас под рукой

Организационный момент

Проверка знаний

Объяснение материала

Закрепление изученного

Итоги урока

Руханий кайра жаралуу жана "Куттуу билим" дастаны

Нажмите, чтобы узнать подробности

Просмотр содержимого документа
«Руханий кайра жаралуу жана "Куттуу билим" дастаны»



Улуу ойчул Жусуп Баласагындын 1000 жылдыгына карата

Сабактын темасы: Руханий кайра жаралуу жана “Куттуу билим” дастаны

Сабактын максаты:

Билим берүүчүлүк: Окуучулар улуу ойчул, илимпоз Жусуп Баласагындын өмүрүн, чыгармачылыгын, жашаган доорун жана “Куттуу билим” чыгармасынын маанисин билишет.

Өркүндөтүүчүлүк: Өз алдынча ой жүгүртүшөт, өз оюн мазмундуу баяндап айтууга, сөз байлыгын өстүрүүгө көнүгүшөт.

Тарбия берүүчүлүк: Чынчыл, адилет болууга, бардык нерсеге каниет кылууга,сөз өнөрүн баалоого, топто бири-биринин пикирин акылмандуулук менен угуп, сый мамиледе болууга үйрөнүшөт. Маданий мурастарды сыйлоого жана сактоого тарбияланышат.

Көрсөткүчтөр:

Жогоруда максаттар ишке ашат ,эгерде:

  • Чыгарманын мазмунун түшүнсө, чыгарманы өз сөзү менен айтып бере алса;

  • “Куттуу билим” дастаны -кыргыз элинин улуттук көркөм мурасы, улуттук сыймыгы экендигин билишсе;

  • Чыгармадан адилеттик мамиле аркылуу бакыт-таалай, дөөлөт алып келүү менен бирге чынчылдыкты ар дайым терең билим, акылмандык коштоп жүрөрүн , акылмандык болбосо байлык күтүү, аны туура бөлүштүрүү жана ошол байлыкка, бийликкке да каниет кыла билүүнү үйрөнүү маселесин түшүнө алса жана чыгарманы талдай алса;

  • Дастандан элдик даанышмандыктын, учкул сөздөрдүн маанисин чечмелей алса;

Сабактын тиби: жаңы материалды окуп үйрөнүү сабагы

Сабак аралык байланыш: Тарых, география, кыргыз тили,адеп

Сабактын жабдылышы: ”Куттуу билим” чыгармасы( Т.Козубековдун котормосу),”Акыйкат сабагы”(К.Артыкбаев), окуу китеби, буклеттер, ватманга жазылган “Куттуу билим” дастанын алынып жазылган учкул сөздөр, Кыргызстандын картасы караханидер мамлекети х-хII кылымда .

Сабактын жүрүшү: класска жагымдуу маанай түзүү менен сабакты баштоо. Окуучуларды Адилет, Дөөлөт, Акыл, Каниет деген төрт топко бөлүү.Бөлүүдө төрт түстөгү карточкалар столдун үстүндө турат аны окуучулар тандап алышат. Ак түстү тандаган окуучулар “Адилет”, жашыл түстү тандагандар “Дөөлөт”, кызыл түстү тандагандар “Акыл”, көк түстү тандагандар “Каниет” тобуна биригишет.

Мугалим: Саламатсыңарбы, уул-кыздарым. Бүгүнкү сабагыбызды баштаардан мурда силерге бир нече суроо менен кайрылгым келип турат.

1.Быйылкы 2016-жыл Президентибиз тарабынан кандай жыл деп жарыяланды?

Жооп:Тарых жана маданият жылы деп жарыяланды.

2. Кыргыз Республикасынын мамлекеттик эгемендүүлүгүнүн быйыл канча жылдыгын майрамдайбыз?

Жооп: Кыргыз Республикасынын мамлекеттик эгемендүүлүгүнүн 25жылдыгын.

3.Быйыл улуттук-боштондук көтөрүлүштүн же болбосо үркүн окуясынын болгондугуна канча жыл болот?

Жооп: 1916-жылы улуттук-боштондук көтөрүлүш болгон.Быйыл 100 жылдыгын белгилейбиз.

Мугалим: Азаматсыңар, уул-кыздарым. Мындан башка да быйыл бизде Кыргыз АССРинин түзүлгөндүгүнүн 90 жылдыгын, Кыргыз ССРинин түзүлгөндүгүнүн 80 жылдыгын, мекенибиздин көз карандысыздыгы үчүн күрөшкөнТайлак баатырдын 220 жылдыгын жана бүгүнкү сабагыбызда сөз кыла турган инсан, ойчул,философ Баласагындык Жусуптун 1000 жылдыгы белгиленет. Анда эмесе, сөз башынан болсун.(Төмөндөгү мугалим тарабынан айтылган текст ар бир окуучуга таратылып берилет)

Күн Чыгыш ренессансынын көрүнүктүү өкүлү Баласагындык Жусуп

ХI кылымдын маданияттуу ойчул инсаны, түрк сөзүнүн улуу устаты, Күн Чыгыш ренессансынын көрүнүктүү өкүлү Жусуп Баласагын Түркия илимпозу Решид Рахмети Араттын эсептөөсү боюнча1015-1016-жылдары туулган. Акындын жашаган жери Кыргызстандын Чүй өрөөнүндө, азыркы Токмок шаарынын түштүк тарабындагы тоо этегине жакын жерде, бир кезде чыгыш кагандыктын борбору аталган Баласагын шаары болгон. Баласагын калаасы ал кезде алдыңкы илим-билимдин, жогорку маданияттын очогу болгон. Жусуптун бала чагы, жигиттик курагы дал мына ушул калкы негизинен түрк жана фарс тилдеринде сүйлөгөн, рухий маданияты жогору, билими өнүккөн чөйрөдө өтөт.Ал кездеги араб, фарс тилдеринин ыкмасы боюнча адамдар өздөрүнүн ысымына туулган же жашаган жеринин атын кошуп айтышкан. Бул ошол адамдын кайсы жердик экендигин билгизип турган. Мына ошондуктан акынга “ал-Баласагуни”, арабча “Баласагындык” деген ат берилген.

Жусуп Баласагындын бизге жеткен мурасы “Куттуу билим” дастаны. Бул улуу чыгарма түрк тилинде араб жазуусу менен1069-1070-жылдары жазылып бүткөн. Жусуп өз эмгегин кайсы жылы, кайсы жерде канча убакыт ичинде жазганын, китебин жазган мезгилдеги өзүнүн курагын так белгилеп: “Тийгизди маган колун элүү жаш,эми алтымыш мени кел деп күтүп жатат.462-жылы баштап 18 айда акыркы сөзүн бүтүрдүм”,-деп эскерет. Дастанды жазуу Баласагын шаарында башталып, аны Кашкар шаарында толук аяктаган. Көчмөн уруулардын турмуш-тиричилиги, салт-санаасы, ички руханий жашоосу менен кеңири, жакындан тааныш болгондуктан акын бул дастанды он сегиз ай ичинде жазып, бүтүрүп ошол мезгилде Кашкарды башкарып турган Карахандар каганы Тавгач –Богра-Кара ханга тартуулаган..Хан Жусуп Баласагындын эмгегин жогору баалап, ага жогорку ордо кызматын-“улуу атайын хажиптикти”(улуу хандын атайын кеңешчиси)деген ардактуу наамды ыйгарган. Өз учурунун татыктуу атуулу, залкар инсаны Жусуп Баласагын ошол учурда үстөмдүк кылып турган араб, фарс тилдери менен катар, адабиятка түрк тилин биринчилерден болуп киргизген.Анын чыгармаларынан төмөнкүдөй саптарды жолуктурууга болот:

Билим үчүн кол создум тынбай өзүм,

Сөздү сөзгө кынадым, кошуп сезим.

Кийик эле түрк тоодо жүргөн,

Үйрөттүм, өнөр кылдым анын сөзүн.

Дастан илим-билим, маданият гүлдөп өнүгүп турган орто кылымдагы чыгыштын эң жогорку деңгээлдеги насаатчылык чыгарма болгон. Жусуп Баласагын чыгармасын 54 жаш курагында бүтүргөн.Ал Кашкар шаарында каза болуп, ошол жерде коюлган. Улуу акын Жусуп терең билимдүү илимпоз, мамлекеттик ишмер, ойчул, философ, араб, фарс жана түрк поэзиясын жакшы билген, математика астрономияны, медицинаны мыкты түшүнгөн, шахматты жана элдик оюндарды сүйүп ойногон.Ал оюндардын айрымдарын жазып калтырган(м;Мүйүз-мүйүз оюну”).Ошентип, көркөм сөздүн устаты, адамдын жан дүйнөсү менен коомдук турмуштун соккон тамырын кармай билген билерман,энциклопедиялык билими бар илимпоз Жусуп Баласагын элибиздин миң жыл мурдагы байыркы тарыхы, маданияты, тили тууралуу кылымдар тереңинен кабар берет.


Куттуу билим” дастанынын сакталуу жана табылуу тарыхы

“Куттуу билим” дастанынын бүгүнкү күндө үч нускасы сакталуу. Бул үч кол жазманын бизге жеткен тарыхы тууралуу профессор Качкынбай Артыкбаев Акыйкат сабагы деген китебинин “дагы бир жолу орто кылымдагы адабий эстеликтерибиз жөнүндө” деген эмгегинде төмөнкүчө жазган: 1439-жылы Хасан Кара Саил Шамс деген адам Герат калаасында жазып алган кол жазма кандайдыр бир жол менен Түркиянын Токат деген шаарында алынып келинет да, андан 1474-жылы Стамбулга өтөт.1776-жылы бул колжазманы австриялык Иосиф фон Хаммер-Пургшаль деген окмуштуу адам букинисттин колунан сатып алат да (ал кезде ал Стамбулда дипломаттык кызматта жүргөн), анан аны Вена шаарындагы императордун китепканасына тапшырат. Бул кол жазма уйгур тамгалары менен жазылып, көчүрмөчү тарабынан көптөгөн каталарга жол берилген, бир катар ыр жолдору жок болуп, өтө эле начар сакталган. Венада сакталып турган бул нусканы веналык, же гераттык кол жазма деп атоо илимий адабияттарда кеңири колдонулуп келүүдө.

Экинчи араб тамгасы менен жазылган кол жазма Каир шаарындагы Хидив китепканасынан 1896-жылы немец окумуштуусу Б.Мориц тарабынан табылган.Кол жазманын көчүрмөсү академик В.В.Радловдун тапшырмасы боюнча 1898-жылы Петербург Илимдер академиясынан Азия музейине алынып келинген,азыр СССР Илимдер академиясынын Чыгыш таануу институтунун Ленинграддагы бөлүмүнүн кол жазмалар бөлүмүндө сакталып турат. Кол жазма толук эмес жана Каир кол жазмасы деген ат менен белгилүү.

Үчүнчү кол жазма 1913-жылы А.З.Валидов деген адам тарабынан Наманган шаарындагы Мухаммед кожо-эшен Лоляриштин өздүк китепканасынан табылган. Бирок андан кийин араб тамгасында жазылган бул кол жазма дайынсыз болуп кетип,1925-жылы өзбек окумуштуусу Фитрат тарабынан кайрадан оозго алына баштаган.1928-жылы Фитрат өзүнүн “Өзбек адабиятынын үлгүлөрү” деген китебине “Кутагду билигдин” үзүндүлөрүнөн жарыяланган. Текстинин толуктугу жана жакшы сакталгандыгы менен айырмаланган бул кол жазма азыр Өзбек Илимдер академиясынын Чыгыш таануу инситутунда сакталып турат.Кол жазманын фото көчүрмөсү 1934-жылы Түркиялык тил илими коомуна белек катары берилген. Ошентип “Куттуу билимдин” түп нускадан көчүрүлгөн үч кол жазмасы бизге ушундайча жетти. Өзбек филологу Каюм Каримов “Куттуу билимди” азыркы өзбек тилиндеги транскрипциясы менен котормосун 1971-жылы жарыялаган. Андан кийин дастандын толук поэтикалык котормосу 1983-жылы орус тилинде С.Н.Иванов тарабынан, 1984-жылы Пекинде уйгур тилинде,1986-жылы казак тилинде А.Егеубаев тарабынан,1988-жылы Т.Козубеков тарабынан кыргыз тилинде жарык көрдү. Бул дастанды изилдөө иштерин жүргүзгөн окмуштуулар болуп француз түркологу А.П.Жобер, академик В.В.Радлов, жана анын окуучусу окмуштуу С.Е.Малов, В.В.Бартольд, Р.Р.Арат, А.Дилачар, И.В Стеблева, Б.Х.Султанов, И.В.Баролина жана башка көптөгөн инсандарды айтууга болот.

Руханий кайра жаралуу жана “Куттуу билим” дастаны

Бул чыгарманы окуганда жан дүйнөң тазарып , бул дүйнөгө эмне үчүн жашап жүргөнүңдү, кандай адам билимдүү , ар тараптуу инсан болорун ушул чыгарманы окуганда толук түшүнөсүң. Анткени бул дастандан автор адам өзүн таза кармап, ийменчү жерде ийменип, өзүн токтоо алып жүрүү, калыс болуу, шарап ичпөө, бош отурбоо, ач көз болбоо, калп сүйлөбө, ушак айтпа, какырынып-түкүрүнбө, шалпылдатып тамак ичпе, бүрүшпөй кенен отур, артыкбаш арсаңдап күлбө, улуулар сүйлөсө сөзүн тыңда, эгерде төргө отурган болсоң,урматтап киши келсе, туруп орун бер, бирөөнүн алдындагы тамакка кол созбо, тамакты оң колун менен ич, аскер башчы болсоң сак, кыраакы бол,эгерде бекке увазир болсоң ак иштеп, адилет бол, бектин кем-кетигин оңдоп, түзөп тур, хажиб(кенешчи) болсоң, пара жебей, жетим-жесир байкуштарга жардам кыл, казына башчысы болсоң чынчыл,ак иште, катчы болсоң ордо сырын сыртка чыгарба ... кыскасы ушул өңдүү жол-жоболорду поэтикалык тил менен акыл-насаат түрүндө бизге жеткирген. Ошону менен бирге балдар ата-энелерин сыйлап турса, кары адамдардын насаат сөздөрүн жаштар угуп аларды урматтап сыйласа,адамдар бири-бирине кичи пейил, сылык мамиле кылышса деген тилекти айтуу менен акын таалим –тарбиянын ак жолуна жетелейт.

Дастан өзү 85 бөлүмдөн, 13440 сап ырдан турат. Дастандын негизги окуялары башталардын алдында автор сөздүн маанисин билген адамдар гана дастанды туура баалай тургандыгын эскертип келип,тилекке каршы ошол заманда китепти окуп, түшүнүп баалай турган же баа бере турган сабаттуу адам жок экенине өкүнгөн. Окуя негизинен диалог түрүндө төрт адамдын ортосунда жүрөт. Автор бул каармандардын ар бирине адамзат коомуна мүнөздүү болгон эң зарыл асыл сапаттарды символдоштуруучу касиеттерди ыйгарат да, ошол сапаттардын өз ара карым-катнашта, диалектикалык биримдикте болушунун мыйзам ченемин көрсөтөт. Алсак, Күнтуудуга (адилетке) коомду башкаруу милдети жүктөлүп, андай адамдар эң биринчи кезекте адилеттик, акыйкаттык сапаттын болушун, бирок жалгыз эле адилеттик менен коомдун оңолушу да мүмкүн эмес деген ойду бекемдөө максатында автор эми башкаруучуга эң ишенимдүү жардамчы керек экендигин эске алып, Күнтуудунун жанына жардамчы (увазир) иретинде кызмат өтөй турган адамды- Айтолдуну (дөөлөттү) кошуп берет. Айтолду дөөлөт,байлык табуунун символу катары аракетке келип, ошол байлыкты орду орду менен ишетете турган, акылдуу ,жөндөмдүү жардамчыны чакырат. Ошон үчүн автор адилеттик менен дөөлөттүн жанына акыл-эсти коёт да,аны увазирдин уулу (Айтолдунун уулу) Акдилмишти(акылды) алып келет. Адилеттиктин, дөөлөт күтүүнүн, акыл-эсти жумшоонун да чеги,орду болуу керек экендигин эске алып төртүнчү каарманды Өткүрмүштү (каниетти) Айтолдунун инисин диалогго катыштырып, көбүнчө коомдогу каниет кылуу, напсини тыюу деген түшүнүктөрдү алып жүрүүчүнүн ролун аткарат.

Адамзат коомундагы саясий-экономикалык, социалдык-турмуштук, маданий-этикалык, философиялык-укуктук, илимий мамилелердин туура түзүлүшүн автор дастандын башынан аягына чейин диалог түрүндө маектешип пикирлешкен төрт элементтин (адилеттик, дөөлөт, акыл, каниеттин) өз ара туура карым-катышта болушунан көргөн. Мына ошол төрт түшүнүк адилеттик, дөөлөт, акылмандык, каниеттик автордун поэтикалык турмуштук идеалы катары анын “Куттуу билим” дастанынын негизги композициясын сюжеттик өзөгүн түзгөн. Ушул төрт адамдын суроо-жооптору аркылуу, пикир алмашууларын автор коомдук турмуштун бардык көрүнүштөрүнүн өзгөчөлүктөрүн: падышанын, увазирдин, аскер башчысынын, казына ээсинин, падыша кеңешчисинин, элчинин милдеттери тууралуу, илимпоздор,акындар, кол өнөрчүлөр, дарыгерлер, соодагерлер, дыйкандар, малчылар, сыяктуу ар түрдүү кесиптеги адамдардын өзгөчөлүктөрү жана аларга кандай мамиле кылуу керек экендиги тууралуу, билим алуу,таалим-тарбия алуу, үйлөнүү, үй-бүлө күтүү, балдарды тарбиялоо,конокко чакыруу, конокко баруунун этикасы, адеп-ахлактын ар бир тамырын ,үлгүсү өңдүү ар бир үй-бүлөгө керектүү мамилелерди жайгаштыруу тууралуу өзүнүн эң керектүү жана баалуу көз караштарын айткан. Мындан сырткары автор илимдин түрлөрүнүн өзгөчөлүктөрү (астрономия, алгебра ,геометрия) тууралуу да баяндап берген.

Сабакты бышыктоо: кластер түзүү, суроо-жооптор аркылуу

Мугалим: Мына уул-кыздарым биз ХI кылымдын ойчул акыны атабыз Жусуптун өмүр-таржымалына жана анын “ Кутту билим” дастаны жөнүндө аздыр-көптүр сөз кылдык.Бул чыгарманы бир эле саатта сөз кылып бүтө албайсын. Ар бир топ колуңардагы таркатылган тексттен карап Жусуп Баласагын акыныбызга кластер түзөбүз. Адегенде колунардагы (А-4) баракка күндү тартып ошол күндү нур чачкан сыяктуу кылып ар бир таралган нуруна тексттен тапкан сөздөрдү жайгаштырасыңар. Күндүн так ортосуна Жусуп Баласагын деп жазасыңар.(5 минут убакыт берилет) Төрт топко бөлүнгөн окуучулар берилген тапшырманын жыйынтыгында төмөндөгүдөй сөздөрдү табышты.


Терең билимдүү илимпоз , Мамлекеттик ишмер, Ойчул акын атабыз

Араб, фарс жана түрк поэзиясын жакшы билген, Математика астрономияны, медицинаны мыкты түшүнгөн, Шахматты жана элдик оюндарды сүйүп ойногон, Улуу акын, ХI кылымдын маданияттуу ойчул инсаны, Түрк сөзүнүн улуу устаты, Күн Чыгыш ренессансынын көрүнүктүү өкүлү, Философ, Көркөм сөздүн устаты, Адамдын жан дүйнөсү менен коомдук турмуштун соккон тамырын кармай билген билерман, Энциклопедиялык билими бар илимпоз.

Мугалим: Азаматсыңар. Эми биз дастандын өзөгүн түзгөн төрт каарманга кайрылалы. Күнтууду, Айтолду, Акдилмиш жана Өткүрмүш чыгармада эмненин символу катары каралат ? Ар бир топ өзүңөрдүн атыңардан коюлган каарманга токтолуп, маанисин чечмелеп айтып бересиңер.

1-топ “Адилет” тобу- Бул поэмадан биз Күнтууду Элик –бийликти ак өтөөгө милдетүү, адил өкүмдар ысымы экенин билдик. Адилет-бул бийликтин символу. Элдин жыргалчылыгын баарынан жогору коюп, Мекенине ак кызмат өтөөнү алдына максат кылгандыктан , ал бийликте турган жылдары өлкөдө элдин жашоо деңгээли жакшырып, бактылуу турмуш орнойт.”Жалгыз эле тытына берсем, шаам жетер эмес”деп, өзүндөй элге ак кызмат кылган жакшы бир жардамчыны жар салып чакырат. Ал увазир Айтолду болчу.

2-топ “Дөөлөт” тобу- Айтолду -бийлик ээсине ырыс, дөөлөт, байлык апкелчү башкы увазир ысымы; ырыс, дөөлөттүн символу. Айтолду увазир болуп келгенден тарта падышанын жүгү жеңилдеп,иши илгерилей баштайт.Эл турмушу жакшырат. Айтолду-дөөлөт, байлык деген түшүнүктү алып жүрүүчү символикалык каарман. Анын түшүнүгүндө дөөлөт менен байлык бир эле күндө, өзүнөн өзү келе калбайт. Ал кичинеден чогулат, абайлап күтө албасаң, андан тез эле ажырап калууң мүмкүн. Айтолду аталышы да бекеринен эмес. Байлыктын топтолушун автор жаңырган айдын акырындап толуп отуруусуна салыштырат.

3-топ “Акыл” тобу- Акдилмиш- ак-караны айра билген, акылман увазирдин ысымы, Айтолдунун уулу, акылмандуулуктун символу. Айтолду катуу оорудан кийин дүйнө салат, бирок керээзин жазып өкүмдарга уулун табыштайт.

“Эгерде мени сыйлап, көңүл бөлсөң, Уулумду тарбиялап, камын көрсөң. Колго алып, жакшылыктын жолуна сал, Үйрөнсө элге таяныч болуп калар.” –деген өтүнүчүн билдирет.Ошентип Акдилмиш кызматка алынып, анын кадыр –баркы өсүп, даңазасы алыска кетет. Ал атасынын айткан акыл-насаатын туура пайдаланат. Ал дайыма атасы айткандай калыс, кызматын так аткарган, атасы жыйып калтыран оокатын сарамжалдуу пайдаланган, адамга акылмандуулук менен мамиле кылган,элдин байлыгын даанышмандык менен туура бөлүштүргөн, адилет , акылман чыгып падышанын ишеничинактап,атасынан да мыкты кызмат аткарууга жетишти.

4-топ “Каниет” тобу- Өткүрмүш-Болгонго каниет кылган такыба адамдын ысымы, Айтолдунун иниси; каниет кылуунун символу. Күндөрдүн биринде Күнтууду Акдилмишке өзүнө окшон бир жардамчы табууну сунуш кылат. Акдилмиш атасынын иниси Өткүрмүш бар экенин айтат. Бирок Өткүрмүш өкүмдардын үчүнчү жолу чакырганында да келбей коёт эгер келбесе дидарлашууга өзү бара турганын айтканда гана өкүмдар менен жолугушууга келет.Өткүрмүш Күнтууду менен ак пейилден маектешип, пикир алышып, дүйнөнүн бардык өйдө-ылдый жагдайларын миң калчап сүйлөшүшөт. Бирок Күнтуудунун ордого келип кызмат кыл деген сунушуна макул болбойт. Анын туткан,карманган турмуштук принциби-бул дүйнө эмес,тиги дүйнөнүн камын көрүү эле. Муну менен ал байлык, дөөлөт, бийлик, мансап күтүүнүн да кандайдыр бир чеги болууга тийиш, ар бир адам өз турмушунун ченемине каниет кылса гана коомдо, өлкөдө тартип болуп, тынчтык турмуш өкүм сүрөт деген ойду бийик туткан.

Окуучуларды баалоо жана үйө тапшырма берүү

Мугалим: Дастандын бүткүл турпаты, анын ар бир бөлүгү бүтүндөй билимдүү болуунун маанисин улам жаңы турмуштук мисалдардын негизинде ачып берүүгө арналган. Бирок Жусуп акын билим алууну адамдын акылдуу болушунун бирден бир жалгыз шарты деп эсептебейт Анткени автор адамдагы мыкты сапаттардын бири анын акыл-эстүүлүгү деп эсептейт. Тубаса акыл –эси бар адам билим алып ар тараптан , руханий жактан өзүн байытса, кол жеткис мыкты сапаттарга ээ болот деп баса белгилейт. Анын сыңарындай үйгө тапшырма ”Жакшылыкты бир гана акыл берет, Билимден урмат,атак кошо келет”,же “Окуу-түндө алдыңдагы шам чырак, билим алсаң маңдай ачык жаркырап” деген темада дил баян жазып келесиңер.




Скачать

Рекомендуем курсы ПК и ППК для учителей

Вебинар для учителей

Свидетельство об участии БЕСПЛАТНО!