КҮЛГҮНДӨЙ БИЗДИН ӨМҮРДӨ \ КҮМҮШТӨЙ БОЛГОН КҮНДӨР БАР…
Сүрөттө «Асабачылар»: Эрнис Асек уулу, анын далдасында Аида Исмаилова, Дамира Токтосунова, Төлөгөн Карыкеев, Аскер Сакыбаева.
(Эрнис Асек уулун эскерүү)
1999-жылдар. Интернет, чөнтөк телефон жок кез, пейджер деген чыгып калган. “Асаба” Акаев бийлигине оппозиция болуп турган учур. “Асабанын” редакциясы анда Турусбеков көчөсүндөгү беш кабат имараттын (бир кездеги “Тянь-Шань”, азыркы “Тюбетейка” ресторанынын үстүндө) төртүнчү кабатта жайгашкан. Ал жерге гезиттин редакциясы Мелис байке Эшимкановдун үйүнөн көчүп барган. Бир кездеги “Ленинчил жаш”, “Жаштык жарчысы”, “Асаба” гезити өмүр бою ээлеп келген Биринчи Май көчөсүндөгү учурунда Түгөлбай Сыдыкбеков, Алыкул Осмонов жана башка залкарлар иштеген тарыхый жайынан ошол кездеги бийлик редакцияны кууп чыккан.
Кадимкидей сыртта калып, тизеге китеп коюп, үстүнө барак төшөп макала жазып гезит чыгарган учурлар болгон. Ошон үчүн гезиттин бир дагы саны үзгүлтүккө учураган эмес. Айла кеткенде Мелис байке редакцияны толугу менен Токтогул көчөсүндөгү үйүнө көчүрүп барган. Мелис байке баарыбызга дух берип, гезит чыкпай калганды кой, өлгөндөн тирилген Феникстей болуп айбатыбыз катуулап чыга баштаган.
Ал үйдө эки жумадай гезит чыгарып, Айгүл жеңенин колунан далай тамак ичип калдык. Эки жумадан соң, Турусбеков көчөсүндөгү имараттан ончакты кабинетти ижарага алып, компьютер, кагаз-китеп, стол-стулдарды көтөрүп көчүп бардык. Редакцияда баш-аягы 40-50дөй адам иштейт. Штаттагылар, штаттан тышкаркылар да дайыма биз менен аралашып жүрө беришчү. “Асаба”, “Жунгли закону”, “Пайшамба” деген туруктуу чыккан гезиттерден тышкары айына бир жолу чыга турган “Ош пирим” сыяктуу дагы бир топ тиркемелерибиз бар эле (аталыштары эстен чыгып атат). Эгер адашпасам, Бермет Букашева да келип, “Асабанын” орусча вариантын бизден чыгара баштаган.
Андан тышкары Мелис байкенин “Бей-бечаралар” партиясынын топтолгон жери да биздин редакция. Кыргызстан боюнча партияга өткөн адамдар редакцияга келип партияга өтүшөт, ар биринде түрдүү көйгөй. Айтор, аарынын уюгундай эле кыжылдап кайнап жатчубуз. Күнүгө гезит чыгарабыз. Кээде бешинчи күн дегенде бир “өх” деп алып, Алым байке, Шайлообек байке, Түгөлбай байке, Жолдошбек байке, Төлөгөн байке, Эрнис Асек уулу, Кубат Оторбаев, Карамат Токтобаева, Дамира Токтосунова, Чолпон Орозобекова, Жылдыз Мусабекова мен болуп ээрчишип пивоканаларга барар элек. Аякта деле гезиттин ишин талкуулайбыз, “Кыргыз Туусу” менен кырдыбычак болуп турган кез, ар бир санында алар бизди жамандашат, биз кийинки санда аларга жооп беребиз.
Мындан башка улам жаңы темаларды таап, анекдотторду айтышып, Шайлообек байке сонун рубрикаларды чыгарып каткырып отурар элек. Алым байке менен Эрнис биздин акын-жазуучулардан баштап орустун, андан ары дүйнөлүк адабияттын алптарынан кеп салып, кээде талашып отуруп убакыт кандай өткөнү билинбей калчу. Кайра эле эртеси жумушка шашып келчүбүз.
Ошол кезде Жогорку Кеңеш эки палатадан – Эл өкүлдөр жыйыны анан Мыйзам чыгаруу палатасынан турчу. Мыйзам чыгаруу палатасынын депутаттары Данияр Үсөнов, Адахан Мадумаров, Алевтина Проненко, азыркы чекист-элчи Мирослав Ниязов “Бей-бечаралар” партиясынын мүчөлөрү болчу. Данияр менен Адахандан апта аралатып эле интервью алып, айына бир жолудан “Түз байланышка” чыгарып атып “Асаба” эле атактуу кылып жиберген десем аша чаппасмын. Анан дагы ошо кездин олигархы, көп тармактуу “Эридан” ишканасы күпүлдөп иштеп турган Данияр Үсөновду “Бей-бечаралар” партиясына кошуп алган Мелис байкенин кыйындыгын карабайсыңарбы! Жаңылбасам, ошол партиянын программасы да биздин редакцияда жазылган. Данияр Үсөновдун чарчабаган, иш десе баарын унуткан адам экенин ошондо көргөм.
Эрнисти эскерем деп атып, Алым байке айткандай, ала качтырып жибердим окшойт. Эрнисти эстегенде ушулардын баары эске түшүп атса, кантейин анан… Жайдын бир ошондой жума күнүндө баарыбыз айлык алдык. Мелис байке бул жагына калганда мыкты эле, чыгармачыл адамдарды багып да, коргой да билчү. Гезиттин ошол санын демейдегиден көп чыгардык. Себеби алтынчы күнү партиянын Түгөлбай Казаков, Мирослав Ниязов, Данияр Үсөнов, Адахан Мадумаров, Алевтина Проненко, Мелис Эшимканов сыяктуу лидерлери Нарын, Ысык-Көл облустарын кыдырып эл менен жолугушууга жөнөп кетишмек.
Акча көп, үйгө түз кеткибиз келбей бирдемени баштап ийгибиз келип турсак бирөө Киночулар үйүндө Акира Куросаванын киносу болуп жатат деп калды. Жолдошбек байке Зарлыкбеков, Эрнис, мен, Дамира, “Каалга” деп койчу Нурдин деген бала, гезитти жасалгалаган Канат Шаршенов дагы бир топтор болуп ошол жакка жүрүп кеттик. Куросаванын (аталышы эсте жок) психологиялык-драма киносу экен. Аны көрүп чыгып эле баарылап талкуулай берип тарай алчудай эмеспиз. Жолдошбек байке дагы башкалар кетип калышты. Эрнис, мен, Дамира, Нурдин, Канат болуп калдык. Совет-Токтогул көчөсүндөгү бир кафеге келдик. Көз байланып калган убак. Эрнис ал жерден кыздарга деп жети жүз сомдук кымбат вино алды, акча көп да чиркин! Арагын, тамак-ашын да алдык.
Кинону чечмелеп бүтө албай отурабыз, Куросаванын башка тасмаларына өттүк. Сөз бүтпөйт. Бир маалда кафени жабабыз дегенде андан чыгып, ЦУМдун алдындагы бир кафеге келдик. Ачык асман алдында отурабыз. Бир убакта алар да жабылышты. Биздин сөз аягына чыгаар эмес, шашкан киши жок. Баарыбыз ээрчишип “Миң түркүн” дүкөнү туштагы базарга жөнөдүк. Бир топ чоң базар эле, бышырылып жаткан шашлыктын түтүнү бургуйлап, манты жыттанып турган базарга келип, дагы бир топ майда-чүйдө алдык. Коюу караңгы кирген. Андан ары Набережный көчөсүндө Чолпондун жашай турганын эстеп ал жашаган үйгө бардык. Дарбазаны каккыласак, кожойкеси чыгып “Чолпон эжесиникине кеткен. Келсе эмне деп айтып коёюн?” десе Эрнис “Биринчи күнү жумушка кечикпей келсин деп коюңуз” дегенде баарыбыз күлүп жибердик.
Ал жерден кетип, Чыгыш бештеги менин бир таанышымдын квартирасына бардык. Түн ортосунда барып, чай-пай ичип дагы бир топко отурдук. Эми Эрнис менен Нурдин адабиятты талаша башташты. Эстеген акындардын ырларынан окуп коюшат. Жайдын күнү таң куланөөк салып калганда ал жерден чыктык. Сыртка чыксак Эрнис: “Төкөнүкүнө баралы” деп калды. Анын үйүн ким билет десек, Канат “мен билем” деп чыкты. Батыш автовокзалы тарапка барыш үчүн жетинчи автобуска отурдук. Таң эрте жумушка бараткан адамдар бизди таңгала карап, кызуу-соосу билинбеген жигиттер, анан Дамира экөөбүз. Автовокзал туштан түшүп калып, Төлөгөн Карыкеев байкенин үйүн издей баштадык.
Канат баарыбызды тамтаңдатып атып эптеп таптык, ал тосмодон ичкери секирип түштү. Биз ыргалып сыртта турабыз. Бир маалда Төлөгөн байке дарбазасын ачты. Сырттагы столду тегеректей отурдук. Төлөгөн байке муздаткычтан шам-шум эткидей оокаттарды алып чыкты. Стакандар да шыңгырады… Күн шашке болоюн деп калганда оюбузга Кубат Оторбаев келди, аныкына баралы деп калдык. Ал кезде Кубат Военно-Антоновкада жашачу. 44-автобустун арт жагына баарыбыз тизилип отурдук. Куш уйку салгыча келчү жерге жетиппиз. Канат Кубатты чакырып келгени кетти. Бир маалда Кубат келди, кебетебизди көрүп таңгалды. Баарыбызды үйүнө ээрчитип жөнөдү. Ошол кезде Кубаттын келинчеги Нурипа ана-мына көз жарам деп турган экен. Анын абалын көрүп Дамира экөөбүз уялдык.
Эстүү асылзат экенине ошондо баа бердим эле, бизди көрүп эле дасторконун жайнатып, ачуу шорпо жасап жиберди. Дамира экөөбүз бир бөлмөдө эс алып жатып калдык. Бир маалда сыртка чыксак, бир кошунасы тушоо кесүү тоюн өткөрүп жаткан экен, экөөбүз аларга кошулуп кеттик… Биз антип кетсек Канат “Прощайте, господа!” деп туруп буудай талааны аралап кеткен экен, калгандары ал бирдеме болбосун деп аны издешип, кечке маал беттери кыпкызыл күйүп, араң таап келишти. Ошондон кийин ар кимибиз үйлөргө тарадык.
Биринчи күнү жумушка барсак, баары эле бизди карашат. Көрсө, жума күнү кечтен тарта алтынчы күнү кечке чейин Мелис байке Бишкектин төрт районунун болгон милийсасын чуулдатып бизди издетиптир. Мукай, Бакыт деген редакцияда иштеген балдар таң аткыча биздин даректерден издешип, укташпаптыр. Мелис өзү оппозицияда жүрсө, бир тууган инисинин бир суткадан бери дайыны чыкпаса… Бийлик бир нерсе кылып койдубу деп, болгон РОВД бөлүмдөрүнөн, ооруканалардан бери издешип, айла кеткенде биздин туугандардын үйлөрүнө чейин барышып, аларды да чуулдатышкан экен… А биздин Куросаванын киносун андан ары кууп кеткенибизди билбейт да.
Ошондо бир Мелис байкенин чоң ачуусунан аман калдык, кудай жалгап партиянын иши менен бир айча эл кыдырууга кетишип, кайра келишкенде биздин жорук унутулуп калып, жаныбыз калган. Жаш кезде ушундайлар болот тура, жаш кезге жарашат да экен. Азыр ушул окуяны эстеген сайын күлөбүз.
Эрнис мага өзү менен тең катардагыларга караганда эрте чоңоюп, бардыгын небак билип алып, эрте картайгандай таасир калтырчу. Себеби ал көп нерсени абдан жакшы билчү, аны менен талашуу болбогон иш эле. Илгерки ойчулдардын, философтордун, атактуу жазуучулардын чыгармаларын чечмелеп айтканда алар менен бирге жашагандай, кошо жазышкандай маңыздуу сүйлөп берер эле. Элден башкача көп окуп, окуп тим болбой ар бир чыгарманын түбүнө чейин аңтарып, эмне данеги бар-жогун айтып салчу. Мелис байке да Эрнисти жөн жерден “Старик” дебесе керек.
Эрнис окуганын, көргөн-билгенин ичинде уютуп жатса, агасы Мелис байке бардык көргөн-билгенин сыртка чыгарууга, адамдарга таратууга ашыккандай таасир калтырат эле. Анткен менен экөө руханий жактан бири-бирин толуктап турушчу. Бир ата, бир энеден төрөлгөндүгү үчүн эле эмес, руханий жакындыгы терең, бири-бирине жан дүйнөлөрү менен жөлөк-таяк болуп келген мындай бир туугандарды башка кезиктирген жокмун. Экөө тең дүйнөлүк адабиятты казып окуган, жакшы түшүнүшкөн. Кээде экөөнүн ортосунда адабий талаш болгонун Мелис байкенин жазганынан түшүнчү элек.
“Асабада” далай кыйындар иштеди, далай кыйындар баш редактор болушту. Эрнис бир нече жолу баш редактор болду, бирок ал Мелистин бир тууганы болгондугу үчүн баш редактор болду деген ой келчү эмес. Ал так ошо Эрнис Асек болгону үчүн баш редактор болууга татыктуу деп түшүнчүбүз. Себеби мыкты редактор экенин баарыбыз билчүбүз. Алым байке айтмакчы, “ал башкача бала” эле. Эрнистин адабиятты, котормону мыкты билип, ырды аз бирок саз жазганынан уламбы, же адам катары жылдыздары келишчү беле, Алым байке Эрнисти бөтөнчө жакшы көрчү. Эрнис баш редактор, Алым байке орунбасары, мен жооптуу катчы болуп далай жылдар көз караштан түшүнүп иштешип, көңүлүбүздү аяп турар элек.
Гезитти басмаканага жибергенден кийин Эрнис айткандай, “чыпалак тийсе урап түшчүдөй” болуп түн бир оокумда үйлөргө кайтчубуз.
Мелис байке мыкты саясатчы, мыкты журналист, мыкты уюштуруучу эле, анын харизмасы менен далай менменсинген саясатчылар аргасыз эсептешчү, өзү ар кандай авантюраларга баргандан кайра тартчу эмес. Өзүнөн жогору бийликтегилерден өлөрчө корккон, кошоматчы, акылы тайыз, мурдунан алысты көрө албаган чиновниктерди чүкө ойногондой калчап, чоңго жыгып койчу. Эрнис мыкты акын, котормочу, журналист, баш редактор эле, саясатты жакшы билген менен саясатчы эмес эле. Жан дүйнөсү көр турмушка караганда чыгармачылыкка жакын болчу. Көрүнгөн эле адамга ачыла берчү эмес.
Акыркы кездерде көрүшө алганыбыз жок. Мурдагыдай бир редакцияда иштебеген соң, алыстадык. Ар ким өз жолу менен кетти. Назира кээде чалып, “Эрнис сени жакшы көрөт, аябай сыйлайт” деп калат. Мен да аны жакшы көрөрүмдү, сыйлаарымды айтам. Бир топ жолу үйгө кел деп чакырды, бара алганым жок.
Эрнисти эстегенде кантип Мелис байкени, Алым байкени, Жолдошбек байкени эстебей коём… эсил кайрандар десе… Эрнис балким тиги дүйнөдөн Мелис байкеге жолугуп, бул жактан чарчаганын, сагынычын, анын ордун эч ким толтура албагандыгын айткандыр, элүүгө чыкпай кеткен эки азамат арууланып көрүшкөндүр…
Көкүрөк толо арман менен кеткендей болдуң, маанилүү нерсени айтайын деп айтпай кеткендей болдуң, Эрнис. Аттиң ай, Эрнис…
Аскер САКЫБАЕВА, журналист