СДЕЛАЙТЕ СВОИ УРОКИ ЕЩЁ ЭФФЕКТИВНЕЕ, А ЖИЗНЬ СВОБОДНЕЕ

Благодаря готовым учебным материалам для работы в классе и дистанционно

Скидки до 50 % на комплекты
только до

Готовые ключевые этапы урока всегда будут у вас под рукой

Организационный момент

Проверка знаний

Объяснение материала

Закрепление изученного

Итоги урока

Румпельштильцхен

Нажмите, чтобы узнать подробности

Просмотр содержимого документа
«Румпельштильцхен»



5 сабактын планы.: Алфавитти билүү

Сабак учурунда пайдаланыла турган формалдык эмес баалоонун суроолору:

  • Балдар аӊгемеге көӊүл бөлүшөбү (угушат, суроо беришет жана жоопторду беришет)?

  • Көпчүлүк окуганга чейин, анын учурунда жана андан кийин суроолорго аӊгемени кунт коюп угуп жооп беришет деп айтууга болобу?

  • Балдар бардык көнүгүүлөр менен ийгиликтүү иштей алышабы?

  • Балдар «жаса – жана – алып кет» тапшырмасын ийгиликтүү аткара алышабы?

  • Балдар портфолио/папканы туура толтурушабы?



Жүгүртмө.

  1. Бош убакыт /каттоо. Сабак башталганга чейин келген балдар үчүн.

Сабак башталганга чейин келишкен балдар Китеп банкындагы буюмдар менен ойной алышат же каттоо процедурасына катышат. Каттоо учурунда балдар бардык жазгыч буюмдарды колдоно алышат, өз атын же айрым тамгаларды жазып,сүрөттөрдү тартып, тамгаларды окшоштуруп чиймелешет.



  1. Ырдоо үчүн убакыт. 10 мүнөт

Ырдоо үчүн убакыт сабак баштоого бардык балдарды чакырып алуу үчүн керек. Тарбиячы балдарга тааныш эки ырды ырдап берет. Биринчи ыр балдар үчүн жакындап келип класска топтоло баштоосу үчүн , а экинчиси командалык духту көтөрүү үчүн жана айрым кечигип жаткан балдар үчүн кошумча убакыт берет. Тарбиячы балдардын класска чогулуусуна жараша аларды чогуу ырдоого чакырат.



  1. Сабактын планы. 5 мүнөт

Ар бир сабак башталганга чейин тарбиячы сабактын структурасын схемалуу түрдө чагылдырган планды даярдоосу керек. Сабактын планы балдар аны дайыма көрүп тургандай орунга жайгаштырылат. Окуганды баштоодон мурда тарбиячы бүт класска сабактын планын кыскача баяндап бериши керек.

  1. Окуу үчүн убакыт. 20 мүнөт

Ар бир сабактын учурунда бүт класска бир аӊгеме окулат. Тарбиячы балдарга суроолорду аӊгемени окуп баштаганга чейин, окуп жаткан учурда жана окуп бүткөндөн кийин берет. Бүгүнкү сабактын учурунда балдарга «Румпельштильцхен» аӊгемеси окулат.

Окуганга чейин:

Биз бүгүн Румпельштильцхен жөнүндөгү тарыхты угабыз.

  1. Силер качандыр бир убакта Румпельштильцхен деген атты уктуӊар беле?

Мен ушул атты укканда мага абдан күлкүлүү адам элестеп кетет.

  1. Силер бул атты укканда эмне жөнүндө ойлодуӊар? (2-3 окуучуга кайрылыӊыз). Бул жакшы божомолдоолор. Келгиле, мен аӊгемени окуп берейин. Ошондо силердин божомолуӊар туурабы, билебиз.



Окуп жаткан учурда:

Мындан ары эмне болорун балдардан сураш үчүн бир нече тыным жасагыла. Балдарга бир нече жолу мындан ары эмне болот жана эмне үчүн экендигин айткыла. Балдарды жана алардын пикирин «Менин оюмча, сеники туура» же «Бул жакшы идея» деп жооп берүү менен дайыма колдоп турууӊар керек. «Жакшы, сен эмне үчүн мындай ойлойсуӊ?» деп балдардын кантип мындай ойго келгендигин сурагыла.



Румпельштильцхен.

Илгери-илгери бир кедей дыйкан болуптур, анын абдан сулуу кызы бар экен. Бир күнү ал Хандын өзүнө барып, мынтип айтат:

- Менин саманды алтын кылып эше турган кызым бар. Сен ага үйлөнүшүӊ керек.

Хан ага мынтип айтат:

-Мен аны өз көзүм менен көргүм келет. Эртеӊ аны мага алып кел.

Кыз келгенден кийин хан аны төбөсүнө чейин саман толтурулган бөлмөгө камап койду. Бөлмөдө самандан башка ийире турган ийик гана бар болчу. Хан кызга мынтип айтты:

-Эгерде сен эртен таӊ аткыча ушул самандын баарын алтын жип кылып ийирбесеӊ, анда дарга аскыла деп буюрамын.

Ошентип туруп бөлмөнү бекитип кетти. Ал эми кыз болсо ыйлай баштады, анткени ал саманды алтын жиптерге айлантып ийирген жөнүндө түшүнүгү дагы жок болчу.

Аӊгыча эшик ачылып, бөлмөгө кичинекей киши кирип келди дагы мындай деп сурады:

-Саламатсыӊбы, тегирменчинин кызы, сен эмне мынчалык ыйлап жатасыӊ?

Кыз ага мынтип жооп берди:

-Мына бул самандын бардыгын мен алтын жиптерге айлантып ийиришим керек, а мен болсо аны таптакыр билбеймин!

Кичинекей киши:

-Эгерде мен ушунун бардыгын ийирип берсем, сен мага эмне бересиӊ?

-Менин мойнумдагы шуруну, - деп жооп берди кыз. Кичинекей киши андан шуруну алды да, ийиктин жанына отуруп шур-шур, шур!-дедиртип, таӊ аткыча самандын бардыгын алтын жиптерге ийирип салды.

Эртеси Хан мынчалык алтынды көргөндө таӊ калды, аябай кубанып кетти. Бирок ал абдан ач көз эле. Ал дыйкандын кызын мындан дагы көп саман толтурулган бөлмөгө камап, эгерде ага жашоо кымбат болсо, эртеӊ мененкиге чейин бардыгын алтын жип кылып ийирип бүтүшүн буйрук кылды.

Кыз эмне кылаарын билбей кайрадан ыйлай баштады, кайрадан эшик ачылып, баягы кичинекей киши пайда болду жана мынтип сурады:

-Эгерде мен ушул самандын бардыгын алтын жип кылып ийирип берсем, сен мага эмне бересиӊ?

-Менин колумдагы шакекти, -деп айтты кыз.

Кичинекей киши шакекти алды дагы ийиктин дөӊгөлөгүн кайрадан чимирилтип, эртеӊ мененкиге чейин бардык саманды жалтылдаган алтын жип кылып ийирип салды.

Хан муну көрүп ого бетер кубанды жана ал мындан дагы көп алтынды каалагандыктан, дыйкандын кызын мындан дагы чоӊ саман толтурулган үчүнчү бөлмөгө киргизип салууну буюрду.

Хан: «Ушуну дагы сен бир түн ичинде ийиришиӊ керек, эгер сен ушуну аткара алсаӊ, мен сени аял кылып алам», - деди.

Кыз ушул бөлмөдө жалгыз калары менен баягы кичинекей киши дагы пайда болду.

-Эгерде ушул самандын бардыгын бир түн ичинде ийирип салсам, сен мага эмне бересиӊ? –деп сурады.

Кыз: -Менин сага бере турган эч нерсем жок, -деп жооп берди.

-Анда сен каныша болгондо, биринчи балаӊды мага беремин деп убада бер, -деди кичинекей киши.

«Дагы эмне болорун ким билет?» - деп фермердин кызы ойлоду дагы, кичинекей кишиге анын каалоосун аткара тургандыгын айтты.

Эртеӊ менен хан келгенде, ал бөлмөдөн толтура алтынды көрдү. Ал ошол эле күнү фермердин кызына үйлөндү. Бир жылдан кийин ханыша абдан татынакай бала төрөдү. Ханыша кичинекей киши жана ага берген убадасын таптакыр унутуп калган.

Бир күнү баягы кичинекей киши бөлмөдө пайда болду дагы, минтип айтты:

-Эми сен убадаӊды аткарып, биринчи балаӊды мага бер.

Ханыша ага алтын, байлыктарды сунуш кылса дагы кичинекей киши макул болгон жок. Ошондо ханыша токтобой ыйлай баштады. Кичинекей киши аягында минтип айтты: «Мен сага туптуура үч күн беремин, эгерде сен ушул мезгилдин ичинде менин атымды тапсаӊ, анда балаӊ өзүӊдө калат».

Ханыша түнү бою уктабай өзү уккан аттардын бардыгын эстеп жатты. Кичинекей киши эртеӊ менен келди дагы, жазылган аттарды окуй баштады.

«Лестер, Фрэнсис, Мпате, Мохаммед…» деп ар бир аталган аттан кийин кичинекей киши жылмайып, «бул менин атым эмес», деп айтып жатты.

Ханыша экинчи күнү дагы анын атын тапканга аракет кылды, бирок эчтеке чыккан жок.

Ошол эле түнү ханыша мүмкүн болушунча көбүрөөк ат чогултуу үчүн бүткүл өлкөгө чабарман жиберди. Чабарман токой менен кетип баратып, элдин аттарын сурап жүрүп, кичинекей кепени көрдү.

Эӊкейип, терезени карап, чабарман өзү менен өзү катуу үн чыгарып сүйлөшүп жаткан кичинекей кишини көрдү.

-Ах, кандай кубаныч! Эртеӊ бала меники болот. Ханыша менин атым Румпельштильцхен экенин эч качан таба албайт.

Чабарман ойлонбостон эле түз Ханышага барды дагы укканын айтып берди. Эртен менен кичинекей киши Ханышага келип, «Кана, Ханышам, менин атым ким, айтчы? – деп сурады.

Ханыша башында мынтип сурады:

- Балким, сен Джон болуп жүрбө?

-Жок.

-Же Гарри?

-Жок.

-Анда Румпельштильцхен болуп жүрбөгүн?

-О, муну сага шайтандын өзү айтты, шайтандын өзү!-деп кичинекей киши кыйкырып жиберди жана ачуусуна өйдө-ылдый секире баштап, жерди тешип түшүп кетти. Ошол бойдон ал экинчи эч качан көрүнгөн жок.

Окугандан кийин:

  1. Силер бул окуя жөнүндө эмне деп ойлойсуӊар?

  2. Силер Румпельштильцхендин кебетесин туура таптыӊарбы? (Ушул суроого аӊгемени окуганга чейин жооп берген балдардан сурагыла).

Келгиле, бул аӊгеме жөнүндө дагы бир аз сүйлөшөлү. Менде суроо бар.

  1. Кызга жардам бериш үчүн Румпельштильцхен эмне кылды?

  2. Румпельштильцхен абдан боорукер болгондугу үчүн кызга жардам бердиби? Кандай деп ойлойсуӊар? Эмне үчүн ооба, эмне үчүн жок7 Кызга жардам берүүдө анын максаты кандай эле?

  3. Саманды алтынга айланткандыгы үчүн кыздын Румпельштильцхенге бере турган эч нерсеси калбагандан кийин, эмнени убада кылууга туура келди?

  4. Качан хан үчүнчү жолу бөлмөгө кирип, толтура алтынды көргөндөн кийин эмне болду?

  5. Ханыша кантип Румпельштильцхендин атын таап алды?

  6. Эгерде силер Ханышанын ордунда болсоӊор, колуӊарда башка эч нерсе калбаган учурда Румпельштильцхенге өз балаӊарды берүүгө убада кылат белеӊер? Эмне үчүн ооба жана эмне үчүн жок?

  7. Эгерде ханыша Румпельштильцхендин атын таба албай калса, эмне болот эле? Кандай деп ойлойсуӊар? Анда бала менен эмне болмок?

Румпельштильцхен – абдан таӊ калыштуу, башкача ат. Ал абдан узун жана көптөгөн тамгалардан турат. Мен Румпельштильцхен деген атты тактага жазамын.

  1. Бул атта канча тамга бар? (жооп-17 тамга)

  2. Бул атта «Р» тамгасы канча жолу кезигет? (бир жолу)

  3. Бул атта канча үндүү тамга бар? (1-и, у, 2-е)

Бүгүн биз алфавиттеги тамгалар жөнүндө көбүрөөк билебиз. Келгиле, биз тамгаларды канчалык жакшы билээрибизди түшүнүү үчүн төмөнкү көнүгүүнү аткаралы.



  1. Көнүгүүлөр үчүн убакыт.



Көнүгүүнүн аталышы: «Өз тамгаӊды тап»

  • Баяндама: Тамга боюнча туура шерикти табуу үчүн балдар өзүнүн сезүү органдарын пайдалануусу керек.

  • Өнүктүрүлө турган көндүмдөр: Алфавитти билүү, фонеманы кабыл алуу.

  • Зарыл болгон материалдар: Ар кандай тамгалар менен кичинекей карточкалар; балдар карточкаларды алып чыга турган баштыкча;

  • Көнүгүүнүн баяндамасы: Балдарды айлампага туруусун сурангыла. Ар бир окуучу баштыкчага келип, башкаларга көрсөтпөстөн бир карточка алышы керек. Негизги милдет – тамганын тыбышы боюнча туура шерикти табуу, башкача айтканда, карточкасында так ошондой тамгасы бар баланы табуу болорун түшүндүргүлө. Мз тамгасынын тыбышын катуу айтып, өз шеригин табуусу үчүн башка балдардын айтып жаткан тыбыштарын кунт коюп угуусун талап кылгыла.

  • Мисалы, эгерде окуучу «М» тамгасын алып чыкса, ал «М-М-М» деп катуу үн чыгарып айтуусу керек. Ал өзүнүн шеригин табаар замат, карточкалардагы тамгаларды салыштыруу үчүн карточкаларын өйдө көтөрөт. 5 мүнөттөн кийин балдарды чогултуп, өз шеригин туура тапкан 5 жуп баланы өз карточкаларын көрсөтүп, тамгасын атоосун сурангыла. Мындан кийин сиз 1-2 жуп баланы өз карточкаларында көрсөтүлгөн тамгадан башталган өз сөзүн айтуусун сурангыла. Балдар алардын карточкаларындагы тамгаларды талкуулагандан кийин, сиз балдарды тамганы үн чыгарып айтып абада тартып берүүсүн сурангыла.

Тарбиячы: бул көнүгүү алфавитти калыбына келтирүү деп аталат. Бүгүн биз бирдей тамгалары бар балдардын бири-бирин табуусун көрөбүз. Силердин ар бириӊер ушул баштыктан бирден карточка алып чыгасыӊар. Карточканы эч кимге көрсөтпөгүлө. Силе ранда кандай тамга бар экендигин билер замат жана мен белги берер замат тыбышты катуу кыйкыра баштооӊор керек. Өз тамгаӊардын тыбышфн кыйкыруу менен силер ушул эле тыбышты кыйкырып жаткан башка окуучуну тапкыла. Мисалы, мен «Р» тамгасын сууруп чыксам, анда мен «Р-Р-Р» деп катуу айтышым керек. Эгерде сендеги тамга кандай тыбышты билдирерин билбесеӊ, мага кел, мен түшүндүрүп беремин. Силер шерикти табарыӊар менен жерге отура калып, карточкаларыӊарды өйдө көтөргүлө.

Ошентип силерге шериктериӊерди табуу үчүн 5 мүнөт бар. Даярсыӊарбы? Оюн башталды. 5 мүнөт өткөндөн кийин балдардын бардыгын чоӊ айлампага чогулткула. Шериктерин тапкан балдардын 4-5 жубун тандап алгыла жана бүт класска алардын карточкаларын тамгалары менен көрсөтүүсүн жана тамга билдирген тыбышты айтуусун сурангыла.Ар бир жуп өз тыбыштарын айткандан кийин, бул жупка__тамгасы туш келди. Бул тамга ____________тыбышын чакырат. Бул тыбышты___сөзүнөн уккансыӊар. Ушул эле тыбыш болгон башка сөздөрдү атагыла. Келгиле, бул жуптун тамгасын бардыгыбыз айтабыз жана аны абада жазабыз. Даярсыӊарбы? Баштадык «Р,ррр, Р,ррр».



  • Оюндун кошумча ыкмалары: Эгерде сиз балдар баштыктан алып чыга турган карточкаларды таба/жасай албасаӊыз, сиз тамгалардын аталышын балдарга акырын айтышыӊыз керек. Бул жерде бир тамганы эки башка балага айтышыӊыз керек экендигин эстен чыгарбаӊыз.



  • Көӊүл бургула: Балдар тамганын аталышы жана ал билдирген тыбыштын ортосунда чаташып калышы ыктымал. Балдардын тамгалар менен тыбыштардын ортосундагы айырмачылыктарды туура түшүнөрүнө ынангыла жана түшүнбөй жаткан балдарга жардам бергиле.



  1. Жаса – жана – алып кет 15 мүнөт

Аты жазылган билерик

  • Сабакка даярдык: кагаздан же картондон кичине карточкаларды, жиптерди жана пластик пакеттерден тасмаларды, балдардын жазуусу үчүн карандаш менен маркерлерди даярдагыла.

  • Баяндама: Ар бир бала өз атын картон же кагаз карточкаларга жазып коюшу керек. Карандаш менен алар карточканы тешип, жипти же тасманы өткөрүп туруп, бардыгын чогуу байлайт. Алар аттары жазылган браслетти үйүнө алып кетишет. Эгерде балдарга силердин жардамыӊар керек болсо, аларга бардык карточкаларды браслет кылып байлоого жардам бергиле.

Тарбиячы: Келгиле, силердин алфавитти билээриӊерди текшерүү үчүн көнүгүү жасайбыз. Силердин атыӊарда канча тамга болсо, ошончо карточка алгыла. Атыӊардын ар бир тамгасын өз-өзүнчө карточкаларга жазгыла, андан кийин жеке браслет болуп калышы үчүн карточкалардын бардыгын бирге байлагыла.

Мен жасаган үлгү мына. Силер андан менин атымды көрүп турасыӊар.

Эми өз браслеттериӊерди жасоо силердин кезек. Тамгаларды жазуу үчүн маркер менен браслеттерди пайдалангыла. Эгерде атыӊарды жазууда же карточкаларды бириктирүүдө силерге менин жардамым керек болсо, мага кайрылсаӊар болот.



  1. Портфолио/папканы толтуруу

Портфолио /папканы толтуруу сабактын акыркы көнүгүүсү болуп эсептелет. Балдар өз портфолио /папкасына бүгүн кандай көнүгүүлөрдү жасагандыгы жөнүндө жазып же тартып коюшу керек. Мисал катары, балдар бүгүнкү уккан аӊгемеден сүрөттү же Окуу лагери менен байланышкан башка сүрөттү тарта алышат.

  • Портфолио/ папканы толтуруу үчүн болжолдуу тапшырма.

  1. Бул сабак үчүн балдарды портфолио/папкасына өзүнүн атындагы ар бир тамганы түстүү карандаштын бирден түсүн пайдалануу менен жазып коюсун сурангыла. Мисалы, Санира деген ат төмөнкүдөй болушу мүмкүн.

САНИРА